КЫРГЫЗСТАНДА ПАНДЕМИЯ БАЛДАРДЫН ОКУУ ПРОЦЕССИНЕН КАЛЫП КАЛУУ МАСЕЛЕСИН ОГО БЕТЕР КУРЧУТТУ — ЭКСПЕРТТЕР

  • 01.03.2021
  • 0
КЫРГЫЗСТАНДА ПАНДЕМИЯ БАЛДАРДЫН ОКУУ ПРОЦЕССИНЕН КАЛЫП КАЛУУ МАСЕЛЕСИН ОГО БЕТЕР КУРЧУТТУ — ЭКСПЕРТТЕР

Билим берүү жаатындагы адистер балдардын мектепке барууларын анализдөө процессинде кыйынчылыктар болуп жатканын белгилешүүдө. Сезондук жумуштарга тартылган же базарда иштеген балдар окуу процессинен маал-маалы менен калып калууда. Мындан тышкары, никеге турганына байланыштуу кыздар окубай калып жатса, балдар материалдык жактан оор абалдагы үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында окубай калышат.

«Билим алуу экинчи планда калып жатат. Бул маданий өзгөчөлүктөргө байланыштуу», — деп эсептейт билим берүү жаатындагы көз карандысыз эксперт Кенешбек Сайназаров. Анын айтымында, пандемия убагында мектепке барбаган балдардын саны дагы өстү. Кырдаалды курчуткан дагы бир факт, алыскы райондор менен айылдарда балдарга кенже класстар үчүн мектептер гана жеткиликтүү.

Натыйжада, өспүрүмдөрдүн эмгеги өсүмдүк өстүрүүдө, мал багууда жана соода жаатында кеңири колдонулат. «Айыл жерлеринде биз бул маселе туурасында ойлонуп да койбойбуз. Анткени, эгер [бала] сезондо иштебесе, бүт үй-бүлө ачка калат», — деп кошумчалайт Сайназаров.

Сезондук сабак калтыруулардан тышкары, эксперттер балдардын таптакыр окуу процессинен сырт калганына көңүл бурушат. ЮНИСЕФ  уюмунун иликтөөлөрү боюнча, 2013-2014-жылдары таптакыр мектепке барбаган (30 күндөн ашуун) балдардын саны 80 миңди түзгөн. Расмий статистика боюнча, мындай балдардын саны 20 минден бир аз ашат. Эксперттердин маалыматы боюнча, акыркы жылдары мектепке барбаган балдардын саны өсүүдө, анын үстүнө миграцияга да байланыштуу болууда.
КЫРГЫЗСТАНДА ПАНДЕМИЯ БАЛДАРДЫН ОКУУ ПРОЦЕССИНЕН КАЛЫП КАЛУУ МАСЕЛЕСИН ОГО БЕТЕР КУРЧУТТУ — ЭКСПЕРТТЕР

Инклюзивдик билим берүү жаатындагы адистер өз кезегинде, психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын — кандайдыр бир диагнозу бар баланын жалпы билим берүү мектептеринде билим алууга даярдыгын баалоочу органдын критерийлери эскирип калганын белгилешет. Эксперттердин айтымында, комиссия өзгөчө шарт түзүп берүүгө муктаждыгы жок балдарга деле (көрүүсү жагынан анча олуттуу эмес кемчиликтери бар балдарга, мисалы)  дароо эле атайын билим берүү керек деп көрсөтмө бере беришет.

Мындан тышкары, өзгөчө билим берүүгө муктаж болгон балдарга карата диагностика алардын жаш өзгөчөлүгүнө, тилине, этникалык контекстине ыңгайлаштырылган эмес. Адистер орус тилдүү инструменттер кыргыз тилдүү балдарга колдонулган учурларды эскертишет.

Эксперттик интервьюлар 2020-2021-жылы кышында «PaperLab» КФ менен кызматташкан иликтөөчүлөр тарабынан  «Борбор Азия мамлекеттеринин билим берүү жаатындагы теңсиздиктин жаңы кырлары: көйгөйдү өлчөгөндөн баштап, саясатты өзгөртүүгө чейин» долбоорунун алкагында алынган. Долбоор  Сорос-Казахстан Фонду тарабынан ишке ашырылууда. Иликтөө иштеринин мазмуну авторлордун көз карашын чагылдырат жана ал Фонддун көз карашы менен дал келбеши да мүмкүн. Долбоордун медиаөнөктөшү MediaNet Эл аралык журналистика борбору.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер