КЫРГЫЗДЫН КӨӨНӨРБӨС ДӨӨЛӨТҮН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАГА АЛЫП ЧЫККАН МАНАСЧЫЛАР

  • 23.12.2020
  • 0

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү, улуу эпосубуз “Манас” тууралуу кенен маалымат алуу, аны жан дүйнөсүнө сиңирүү максатында жыл сайын улуу манасчылар менен ар кандай жолугушуу кечелерин уюштуруп келет.

Азыркы пандемиялык оор кырдаалга карабастан, 2020-жылдын 15-декабрында Кыргыз экономикалык университетинин Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы тарабынан жылдагыдай эле “Манас күнүнө” карата салтка айланып калган манасчылар менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү.

КЫРГЫЗДЫН КӨӨНӨРБӨС ДӨӨЛӨТҮН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАГА АЛЫП ЧЫККАН МАНАСЧЫЛАР

Экинчиден, азыркы орто муундагы манасчылардын өкүлү катары кыргыз элине аттын кашкасындай таанылып калган белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннестин китебине кирүү талаптарын так аткарып, 14 сааттан ашык убакытка эч тыным албастан, Бишкек шаарынын борбордук аянтында манас айткандыгы жалпы кыргыз элине гана эмес, дүйнө жүзүнө белгилүү болду десек болот. Мына ушундай намыска жараган манасчыбыз менен жолугушуу окуу жайдын жалпы жамааты үчүн да алардын жакшылыктан үмүт артып күткөн, самаган нерсеси, аруу сезимдери эле. Ушундай жакшы ой тилектин негизинде жолугушуу уюштурулду. Жолугушуу азыркы оор кырдаалды эске алуу шарты менен тартипти сактап онлайн, оффлайн форматында өткөрүлдү.

Иш-чаранын аталышы “Көөнөрбөс дөөлөттү сактоочулар” деп аталып, көп жылдан бери үзгүлтүксүз, тыгыз байланышта биргелешип, иштеп келишкен манасчылар: Дөөлөтбек Сыдыковго, Замирбек Баялиевге М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен (30.11.2020-жылдын №3 протоколу) Ардак грамота жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул иш-чарада манасчылар студенттерге өздөрүнүн кеп-кеңештерин айтып, кандайча Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирип кеткендиктерин узун сабак кылып айтып берүү жана студенттердин руханий, адеп-ахлактык аң сезимдерин өстүрүү үчүн белгилүү манасчыларыбыз Дөөлөтбек Сыдыков жана Замирбек
Баялиевдердин жооптору абдан кызыктуу, маңыздуу болгондуктан, онлайн жана оффлайн суроолор абдан көп болду.

КЫРГЫЗДЫН КӨӨНӨРБӨС ДӨӨЛӨТҮН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАГА АЛЫП ЧЫККАН МАНАСЧЫЛАР

Бул жылы пандемияга байланыштуу студенттер менен тийиштүү өлчөмдө салттуу түрдө (60ка жакын), көпчүлүк бөлүгүнө онлайн форматта (100дөй катышуучу) жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунун студенттери, Н.Исанов атындагы мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин С.Жусуев атындагы Мамлекеттик тил борборунун жетекчиси ф.и.к., доцент
Карлыгач Жумакадырова, КМЮАнын окутуучулук жамааты ж.б. катышты. Алгачкы сөздү КЭУнун Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, профессор Жапаралиева Назира ачып, куттуктоо сөздү университеттин ректору Алмаз Токтобековичке узатты, Манастын кыргыз элине тийгизген таасири, аны жайылтуучулар манасчылар экендигин баса белгиледи.

Андан тышкары оффлайн катышып жаткан т.и.д., профессор Кеңешбек Алымбековго берилип, манасчылардын эмгектерине токтоло кетти.

Манастын касиети менен дүйнө жүзүн кыдырып, “Манас” эпосун даңазалап келе жаткан Замирбек
Баялиев сөз алып, Манаска болгон мамиле ушу окуу жайда өтө жогору баалангандыгынын себебинен, бул окуу жай дайыма алдыңкы орундарда болуп жүргөндүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, Чыңгыз
Айтматов атабыз да Манасты дайыма биринчи орунга коюп, дайыма даңазалап келген. Манастын ыйыктыгын ушу университеттин студенттери да жогору баалагандыгын жакшы биле тургандыгын айтып өттү. Мына ушундай белгилүү манасчыга студенттер жана өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Студенттер абдан кызыгуу менен суроолорду берип жатышты. Эки сааттан ашык убакыт кантип өтүп кеткендигин да байкабай
калышты.

Кеңешбек Асанкожоевич өз кесибине байланыштуу «Манас» эпосундагы тамак-аштар тууралуу эмне айтылгандыгын сураганда,
Замирбек мырза “гүлазык” деген эмне экендигин, “мээр чөп” тууралуу маалыматтарды «Манастын» саптары менен далилдеп айтып өттү.

Иш-чаранын катышуучулары «Манаска» байланыштуу өздөрүнүн кызыккан суроолорун манасчыларга узатышып, манасчылардан ынанымдуу, кызыктуу жоопторду ала алышты. Жеке эле суроо жооп менен чектелбестен, манасчы Замирбек Баялиев манаста экономикалык чарба түшүнүгүндө жаныбардан жылкы баласынын орду чоң экендигин белгилеп, эпостогу “Жылкы тийүү көрүнүшүнөн жылкычы башы Карагулга байланышкан окуядан” үзүндү айтса, ал эми экинчи манасчы Дөөлөтбек
Сыдыков “Манас эпосундагы жаш баатыр эр Сыргактын окуясынан” кыскача үзүндүлөрдү айтып беришти.

2015-жылдан бери 4-декабрь «Манас эпосунун күнү» деп белгиленип келет. Мында «Манас» эпосун сактоо, жайылтуу орто жана жогорку окуу жайларында Манас таануу сабактарын жайылтуу, манасчыларга моралдык, материалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган. Бул жылы да бардык манасчылар Талас жергесине барып 24 саат бою манас айтышты. Ошол жөрөлгөнү биздин окуу жай да кубаттап, студенттерге терең жеткирүү максатында жандуу манасчылар менен жолугушууларды уюштурууну салтка айлантып алганбыз. Биринчи курстун студенттери үчүн өзгөчө күн болду, өтө кызыгуу менен суроолорду берип жатышты, алардын бири – Дөөлөт агайга «манас айтпай калсанар кайсы спорт менен машыгат элениз?» деген суроону узаткан, демек, спорт жаатына өтө ынтызар студенттер болсо керек деген ой калтырат экен. Дөөлөт мырза – жөө күлүккө же күрөшкө кызыккандыгын белгилеп өттү.

КЭУда салтка айланган манасчылар менен жолугушууда ар жыл сайын манас айткан студенттердин тушоосу кесилип, бата алышат. Быйылкы жылы финансы жана насыя багытынын 2-курсунун студенти Толкунбеков Кутман “Каныкейдин Тайторуну чапканы” окуясынан манас айтып берип, алкоого арзыды. Ал эми бизнес информатика багытынын студенти Кочоров Сыймык өзүнүн калемине таандык болгон, эне тили, Манас бабабызга тиешелүү ыр саптары менен келген конокторду таң калтырды.

Чындыгында кыргыз эли үчүн Манас дүйнөсү улуу да, ыйык да нерсе. Элибиз кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылганда ушул улуу дүйнө манасыбызга кайрылып, кыйынчылыктан жол таап келген. Манас айтылганда ылаңдаган мал айыгып, байланган жинди соо болгон. Манасты айттыруу менен кыргыз эли арууланып тазаланып келген эмеспи. 14-ноябрдагы Дөөлөт манасчыбыздын узак убакыт тыным албай, 14 сааттан ашык токтолбостон манас айтып жаткан учурунда да, кара булутка чулганып турган асмандан аяк жагында жаан жаап, андан карга айланганын ар бирибиз көрүп күбө болдук. Ошол жаап жаткан ак кар менен кыргыз элине кут жаады деп жакшы жышаананы көңүлүбүзгө алып, көкүрөгүбүзгө уюталы.

Ал эми андан көп узабай 4-декабрь Манас күнүндө жыйырмадай манасчыларыбыздын улуу бабабыз Манас атабыз жердеген Талас жергесиндеги “Манас ордодо” 24 саат күнү-түнү тынбай манас айтышы, Талас облустук театрдын актерлорунун “Семетейдин Таласка келиши” бөлүмүнөн театрлаштырып үзүндү коюшу да жакшылыктын жышааны катары сезилип, чындыгында эле азыркы акыбал учурубузга дал келип жаткандай көрүнүш болду. Бүгүнкү кыйынчылык шартта турган кыргыз элиндей, өз учурунда да
Семетейдин Таласка келишинен жакшылык күтсө, бүгүн да биз элибизге ак жолтой, элди каатчылыктан чыгарып кеткидей эл башы келсе экен деп, ниет тилек кылуудабыз. Манас ордодогу манасчылардын улуу баяндан кеп козгогону да ушундай жакшылык нерсенин келишине элдин көңүлүн буруп, келечекте чоң нерселерден үмүттөндүрдү десек жаңылышпайбыз. Ооба, манас дүйнөсү, манас ааламы ушундай ыйык, аруу, таза нерсе. Кыргыз элине белгилүү эки манасчынын окуу жайыбызга келиши менен да, биздин окуу жайыбызда, жалпы жамаатыбызда дагы келечекте жакшы ийгиликтер болот деген чоң ишеним үмүттөбүз. Ылайым ошондой болсун! Кылымдар бою кыргыз элинин сыймыгы болгон манасчылык өнөр, улуу касиет урпактан урпакка уланып жашай берсин!

Н.Жапаралиева,
М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, профессордун м.а. 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер