КЫРГЫЗДАР ЛЕНИНГЕ 100 ЖЫЛ МУРУН КАТ ЖАЗГАН

  • 21.12.2020
  • 0

Редакциядан: Кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхындагы маанилүү окуя боюнча баа жеткис маалыматтарды бергени үчүн С. Данияров ат. коомдук фонддун деректири Асел Данияровага жана аны менен бирге 1916-жылдагы Үркүнгө байланышкан өтө орчундуу документтерди иликтеп жүргөн жубайы, кыргыз элинин эң жакын досу Владимир Шварцка терең ыраазылык билдиребиз.

КЫРГЫЗДАР ЛЕНИНГЕ 100 ЖЫЛ МУРУН КАТ ЖАЗГАН

Октябрь революциясынан кийин Совет өкмөтүнүн негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленинге кыргыз элинин атынан кат жиберилгенинен бери 100 жыл өтүптүр. Ушул тарыхый окуя жөнүндө Санжарбек Данияров ат. фонддун директору, атактуу акын Жусуп Турусбековдун небереси Асель ДАНИЯРОВАнын изилдөөсүнөн үзүндүнү жарыялайбыз.

1916-жылдагы Үркүндө Кытайга сүрүлгөн эл Россияда падыша тактан кулап, Убактылуу Өкмөт түзүлгөндөн кийин алыскы жолдун азап-тозогуна кайыл болуп, өз жерине кайтып келе баштаган. 1916-жылы декабрда Керенский Мамлекеттик Думада ушул окуялар үчүн падышалык өкмөттү айыптап сүйлөгөн. Бирок элдин жери, мүлкү бүт бойдон аларды туулуп өскөн жеринен кууп чыккан адамдардын колунда болгон. Кайтып келгендердин коопсуздугу эч кандай камсыз кылынган эмес. Кырдаал 1917-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин гана, тагыраак айтсак, 1920-жылы гана өзгөрө баштаган. Албетте, баары дароо эле ордуна келе калган жок – намыстуу, кат-сабаты бар азаматтардын тынымсыз аракетинин натыйжасында адилеттүүлүккө жол ачылган. Айрыкча В.И.Ленинге жазылган каттын тарыхый мааниси өтө зор.ктябрь революциясынан кийин Совет өкмөтүнүн негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленинге кыргыз элинин атынан кат жиберилгенинен бери 100 жыл өтүптүр. Ушул тарыхый окуя жөнүндө Санжарбек Данияров ат. фонддун директору, атактуу акын Жусуп Турусбековдун небереси Асель ДАНИЯРОВАнын изилдөөсүнөн үзүндүнү жарыялайбыз.

Үркүндүн себептерин, элдин кырылып-сүрүлүшүнө тикелей күнөөлүү падыша өкмөтүнүн иш-аракеттерин изилдеген Г.Бройдого кайрылып, ага жазылган катка Лениндин өзү окусун деп жазган арыз-арманын тиркешкен тура, кайран элдин уулдары! Бул кат – биздин оюбузча, эпистолярдык жанрдын жаркын үлгүсү, кыска, нуска, оор басырыктуу, бүтүндөй адамдардын өлүмүнүн коркунучу жөнүндө чындыкты чагылдырган, ошол эле учурда, улуттук жана жеке ар-намыс сезимдерине толгон өзгөчө текст. Каттар орус тилинде жазылган.

Катты ага кол койгондордун кимиси жазганын азырынча билбейбиз. Кыргыз элинин үч өкүлү Ысак Шайбеков, Эшеналы Арабаев жана Исаметдин Шабданов менен дунган улутунан Лагир Янсанчин кол койгон катты бүгүн сиздерге тааныштырып коёлу.

Биз Жунус Байжанов, Дауткул Шигаев, Атахан Тезекбаев, Султангазы Сраилов, Кашымбек Тумебаев, Гайбылда Алматаев, Лагир Янсанчин  жана башка авторлор тууралуу СИЗДЕН маалымат алсак, кубанычта болор элек, урматтуу окурман!

КЫРГЫЗДАР ЛЕНИНГЕ 100 ЖЫЛ МУРУН КАТ ЖАЗГАН

Орус революциясынын лидери,
жолдош Ленинге

Семиреченск облусунун Пржевальск, Нарын, Токмок жана Пишпек уездеринин жарандарынан: Жунус Байжанов, Эшенали Арабаев, Исак Шайбеков, Исаметдин Шабданов, Дауткул Шигаев, Атахан Тезекбаев, Султангазы Сраилов, Кашымбек Тумебаев, Гайбылда Алматаев жана Лагир Янсанчинден.

КАЙРЫЛУУ

Кымбаттуу жолдош Ленин!

-1-

Эгер кимдир бирөө бизден Семиреченск облусунун кыргыздары тап революциясынын [жетишкендиги катары] эркиндикти пайдаланып жатабы деп сураса, анда биз жок деп жооп беребиз, анткени ал бизде жок. …

-2-

Семиреченск облусунун, айрыкча Пржевальск жана Пишпек уездеринин кыргыздары, 1895-жылдан бери жер боюнча өтө катуу кысымга алынган, анткени биздин кара топурактуу, түшүмдүү сугат жерлерибизди келгиндер башкармалыгы накта жырткычтык менен тартып алып, … Россиядан атайын көчүрүлгөн дыйкандарды отурукташтырган. Ушундан улам, Өкмөткө жана Башчыларга өз нааразычылыгын билдирүү менен, 1910- жана 1911-жылдары биздин кыргыздар Кытай чек араларына көчүп кете башташкан. Ошол мезгилдеги бийликтегилер биздин кыргыздарга волостто мектеп ачууга уруксат бербегендигине … нааразычылыгын билдиришкен, анткени ошол убакта бийлик атайылап элди караңгылыкта жана сабатсыздыкта кармоого, кордоп, кысымга алууга күч аябастан аракет кылышкан.

-3-

… 1916-жылы кыргыздар согуш үчүн аттар, боз үйлөр, каптар жана башка зарыл каражаттар менен жардам беришсе дагы фронттогу жумушка жөнөтүү үчүн 19-43 курактагы кыргыздар мобилизацияланган. Кыргыздарды жумушка кой катары айдашканда, алар муну көтөрө алышкан жок, натыйжада жумушчу козголоңдор болуп, алардын көпчүлүгү Кытайдын чек арасына качып, жерлерин жана үйлөрүн таштап кетишкен. Кытай чек арасында алардын малдары калбай калгандыктан, өз балдары менен аялдарын сатууга аргасыз болушкан. Алардын көпчүлүгү Россияда эркиндик жарыялагандан кийин жөө-жалаң кайтып келишкен. Жолдо аларды орус дыйкандары тосуп алып, көпчүлүгүн өлтүрүшкөн, бирок биздин кыргыздар ошого да карабастан, өз Мекенине кайтып келүүгө аракет кылышкан.

-4-

… Убактылуу өкмөт бизге анча деле кам көрүп жардам берген жок. Ушунун натыйжасында, бизде кыргыздар ачарчылыктан кырыла баштаган, ал эми дыйкандар болсо тааныш кыргыздарга кол салып, оңтою келген учурларда өлтүрүп турушкан. Ошентип, биз дүйнөдөгү эң оор кырсыкка кабылдык.

-5-

… Дал ошол мезгилде Совет бийлиги пайда болду. Бирок мындан дагы биздин кыргыздар жеңилдей алган жок… аларга каршы мурункудан да жаман куугунтук башталды. … Кызыл Армиянын башчылары кыргыздардын эң акылдуу жана кадыр-барктуу адамдарын өлтүрүштү. Ошентип, 1918-жылы Токмокто Павлов деген бир адам тарабынан Дүр Сооронбаев жана Хамра Исраилов жетектеген 11 кыргыз өлтүрүлгөн. … 1919-жылы августта Кочкор жергесинде жана Токмоктун тегерегинде жашаган 15 жаштан 60 жашка чейинки кыргыздарды чогултуп, буудай оруп-жыйноого мажбур кылышканда, кыргыздардын өзүлөрүнүн чөбү чабылбай куурап, буудайы орулбай төгүлүп калган. Бирок ушул кезге чейин сансыз киши өлтүрүүлөр уланып жатат, алардын бардыгын тизмектеп берүү мүмкүн эмес.

-6-

… биз бардыгыбыз мал-мүлкүбүзгө кам көргөн жокпуз, башкалар менен бирдей жашоону эмес, эптеп жан сактоону гана ойлоп калдык эле. …..

-9-

Жогоруда айтылгандардын негизинде Сизден, улуу урматтуу жолдош Ленин, төмөнкүлөрдү суранабыз:

  1. Мектеп курагындагы кыргыз балдарынын милдеттүү жалпы билим алуусу тууралуу буйрук чыгаруу. (Бул өлкөдө ачарчылык жана жакырчылык өкүм сүрүп турган кезде жазылган! — А.Д.).
  2. Адамзаттын маданияты менен таанышуу үчүн зарыл болгон учурда мектептер жана училищелер үчүн имараттарды кура баштоо.
  3. Ушул 1920-жылы, адегенде түпкүлүктүү элдерге, ал эми калган жерлерди, мүмкүн болушунча жана акырындык менен калгандарга бөлүп берүү үчүн инженерлерди дароо иш сапарга жиберүү.
  4. Аскер кызматына жарактуу кыргыз эркек балдарды аскерге, аскер кызматына кабыл алуу; аларды эне тилинде окутуу, аларга мугалимдер жана инструкторлорду Ташкенттеги аскердик курстарды аяктаган кыргыздардан дайындоо.
  5. Биздин кыргыздарды отурукташтыруу.
  6. 1920-жылдан баштап, кыргыздардын мал чарбасында жана айыл чарба эмгектеринде өндүрүмдүүлүктүн деңгээлин жогорулатууга жардам берүү жана көмөктөшүү. …
  7. Жер айдоо үчүн бизге ар кандай айыл-чарба шаймандары керек, атап айтканда: соко, кетмен, күрөк, тырмоо, орок, үрөн сепкич … ж.б.
  8. Баардык окуу куралдары ушул айдын сентябрына чейин тапшырылгандай болушу керек, алиппе, химия, жаратылыш таануу ж.б.у.с. биздин эне тилибизде даярдалышы керек. (Эне тилибизде! – А.Д.)
  9. Өзгөчө кырдаалдар боюнча атайын күч жана ыйгарым укук берүү жана ушул убакка чейин Кытай чөлдөрүндө жашаган жана жакырчылыгынан улам Мекенине кайтып келе албаган кыргыз качкындарын жайгаштыруу үчүн Өзгөчө Комиссияга жетиштүү акча каражатын берүү.
  10. Пекин жана Үрүмчү шаарларындагы Кытай Өкмөтүнө телеграмма жөнөтүү, Өзгөчө Комиссияга ар тараптуу жардам көрсөтүү керек, анткени эгер бул маселе боюнча Кытай өкмөтү толук жардам берүүдөн жана көңүл буруудан баш тартса, анда биздин [үчүнчү жактарга] сатылган кыргыздарды табуу кыйынга турат.
  11. Семиреченск облусундагы жергиликтүү тургундардан – орустардан турган Кызыл армияны башка жерлерге которуу, аларды жергиликтүү тургундардын тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн туура эмес аракеттенген дыйкандарга байкоо жүргүзүү, аларга каршы мыйзамдуу чараларды көрүү үчүн борбордук кызыл аскерлер менен
    алмаштыруу.
  12. Эми, бардык дыйкандарды куралсыздандыруу зарыл, [антпесе], ансыз кыргыздарга каршы бой көтөрүү, текебердик жана ачуулануу сезими эч качан жоголбойт, анткени таянган адамы жок болгондуктан, алар каалагандай кордукка кабыла бериши ыктымал.
  13. 1916-жылдан [тартып] азыркыга чейин дыйкандардын кыргыздарга карата жек көрүүсү, кастыгы өтө күчөп кеткен, кекчил маанай муундан муунга өтүп кетиши мүмкүн. …
  14. Өлтүрүлгөн кыргыздардын бардык мүлкү биздин кыргыздарды өлтүргөн орустар тарабынан менчиктештирилген, тонолгон, ошондуктан Сизден алардын мүлкүн кимге тиешелүү болсо, ошолорго кайтарып берүүңүздү суранабыз.
  15. Азыр көптөгөн Кытайдын чек араларынан кыргыз качкындары кайтып келишүүдө: жылаңач жана ачка; бирок аларды кийиндире турган эч кандай буюмдарыбыз жок. Ошондуктан биз качкындарга таратуу үчүн арзан баа менен товар сатып алууга жана Кытайдын чек араларына сапарга баруу үчүн качкындардын арасынан ыйгарым укуктуу адамды шайлап алышын суранабыз.
  16. Кытайдын чек араларынан келген качкын кыргыздар менен дунгандарды 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшүнө чейин жашаган эски жерлеринде гана уюштуруу.

Жогоруда айтылгандардын бардыгы Сизге, Россия Социалисттик Республикасынын жогорку бийлигин жетектеген адамы катары, улуу урматтуу жолдош Ленин, … угулуп, биз үчүн эркиндик жана өнүгүү жолу ачылат деп бекем ишенебиз жана ушул кезге чейин кыйналып турган кыргыз пролетариаты акыры, кичүү, бирок тең бир тууган катары революциялык Россиянын улуу үй-бүлөсүнө кирет деп ойлойбуз.

Өкүлдөр кол коюп жатабыз.

И. ШАЙБЕКОВ жана (тогуз кол коюлган) (кыргыз, араб арибинде).

Авторлору

Джунус Баиджанов, Эшенали Арабаев, Исак Шайбеков, Исаметдин Шабданов, Дауткул Шигаев, Атахан Тезекбаев, Султангазы Сраилов, Кашимбек Тумебаев, Гайбылда Алматаев и Лагир Янсанчин

(Бул текст адегенде «Казак улт-азаттык козгалысы. 2-китап», (495-506-бет) басылмасындагы макала боюнча сунушталган. #157 жана 158-документтер. АПРК. Ф.666. On. 1. Д. 114. Л. 2 – 12. Көчүрмөсү. Бактыга жараша, биз түп нускасын РГАСПИден таптык, бул эки документтин сканерленген көчүрмөсүн жарыялайбыз. Тексттин толук версиясын биздин сайттан окусаңыздар болот http://daniyarov.kg/2017/11/09/pismo-ot-1-maya-1920-goda-vozhdyu-rossiyskoy-r/?lang=ky – Асель Даниярова).

Бөлүшүү

Комментарийлер