Кыргыз тилин окутуудагы жаңы мамилелер

  • 07.06.2024
  • 0

Ушу тапта билим берүү жана илим тармагында реформалар жүрүүдө. Биз анын алкагында мамлекеттик тилди жетик үйрөнүү, мыкты өздөштүрүү, сапаттуу окутуу чараларын иш жүзүндө жүзөгө ашырууга тийишпиз. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарында өтүп жаткан “Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңы мамилелер жана анын келечеги” темасындагы республикалык форумдун жүрүшүндө билдирди.

Кыргыз тилин окутуудагы жаңы мамилелер

«Кыргыз тили күндөлүк турмуш-тиричилик тилинен маалымат алуунун жана маалымат берүүнүн предметтүү тилине айланып, курулай мактануу менен суктануудан арылышы керек. Ансыз болбойт. Биз балдарды бала бакчадан эле маалыматты талдай билүүгө үйрөтүшүбүз керек. Мисалы, бала бакчада кыргыз тили сабагы жумасына бир жолу бир сааттан окутулат экен, бул жетишсиз, көбөйтөбүз. Азыркы учурда мамлекеттик “Алтын казык” программасы иштеп жатат. Анын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлиги чыныгы Алтын казыктай кагылып, ал эми калган тармактар аны айланып турушу зарыл”, — дейт Элдил Байсалов.

Ал келерки жылдан тартып орто билим берүү мекемелери 12 жылдык окутууга өтөрүн, учурда эки этаптуу даярдыктар көрүлүп жатканын эске салды.

Кыргыз тилин окутуудагы жаңы мамилелер

“Жакында Сингапур мамлекети менен басмакана куруу боюнча келишимге кол коюлду. Биз мазмуну жагынан да, полграфиялык жактан да сапаттуу окуу китептерин чыгарабыз. Мында кыргыз тилиндеги окуу куралдарына өзгөчө көңүл бурулат деген ойдомун. Маселен, Францияда француз тилин же Россияда орус тилин билбеген бүтүрүүчүгө аттестат тапшырылабы? Албетте, берилбейт! Биз дагы бара-бара дал ошондой болушубуз керек. Мамлекеттик тил саясаты ушундай”, — деп кошумчалады Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары.

Кыргыз тилин окутуудагы жаңы мамилелер

Форумдун жүрүшүндө бул иш-чаранын башкы максаты кыргыз тилин мектепке чейинки, мектепте жана жогорку окуу жайларында окутуунун көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо, практик мугалимдердин алдыңкы тажрыйбалары менен таанышуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жаатында ой-пикирлерди бөлүшүү, алгылыктуу сунуштамаларды берүү менен бирге, билим берүү мекемелеринин ортосундагы ырааттуу байланышты өркүндөтүү болуп санала турганы белгилүү болду.

Кыргыз тилин окутуудагы жаңы мамилелер

Форумдун катышуучулары өлкөнүн ар тарабынан келген тажрыйбалуу мугалимдердин кыргыз тилиндеги сабактарды окутуу боюнча мастер-класстары менен таанышышты. Буга чейин ЮНИСЕФтин колдоосу менен Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан “Функционалдык сабаттуулуктун компетенцияларын калыптандыруу жана баалоо” электрондук курсу аркылуу Кыргызстан аймагындагы 460 мектептин 10 миңден ашуун мугалими окутуудан өткөн.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагындагы “Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңы мамилелер жана анын келечеги” темасындагы форум Билим берүү жана илим министрлиги, анын Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган. Форумга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, өлкө аймагынан келген мугалимдер, коомдук уюмдар менен ЖМК өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер