КЫРГЫЗ ТИЛИ ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТЫНДАГЫ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР КАЙСЫ?
- 14.02.2023
- 0
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун демилгеси менен 7-февралдан тарта предметтик стандарттардын мазмунун жаңылатуу боюнча онлайн форматта талкуу жүрүп жатат. Кыргыз билим берүү академиясынын адистери предметтик стандарттардын мазмунун мугалимдерге түшүндүрүп, онлайн-конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришүүдө. Кыргыз билим берүү академиясынын филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери, п.и.д., профессор Сулайман РЫСБАЕВди кепке тарттык.
— Сулайман агай, предметтик стандарт Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын мектептик билим берүүнүн баскычтарына ылайык ишке ашырат жана конкреттештирет эмеспи. Сиздер талкууга койгон кыргыз тили жана адабияты предметинин стандартында эмне өзгөчөлүктөр бар? Эмне деген моделдерди сунуштап жатасыздар?
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы токтому менен бекитилген жалпы орто билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан башталгыч, негизги, орто жалпы билим берүү уюмдары үчүн предметтик стандарттардын долбоорлору иштелип чыкты. Башталгыч жалпы билим берүү баскычтары үчүн он предметтик стандарт, ал эми негизги жана орто жалпы билим берүү баскычтары, башкача айтканда, 5-11-класстары үчүн 21 предметтик стандарт өркүндөтүлүп иштелип чыкты. Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 7-февралынан 20-февралына чейин вебинар уюштуруп, коомдун талкуусуна коюлду.
Мен беш стандартка катышып жатам. Баары тең жаңы идеялар менен толукталып жатат. Мисалы, кыргыз мектебинин кыргыз тили боюнча стандарт 2014-2016-жылдары түзүлүп, бир-эки класстын окуу китеби жазылып, ошол боюнча калып калган. Программа дагы айрым өзгөртүүлөр менен бир сыйра жазылган, өзгөртүүлөргө, толуктоолорго муктаж болчу. 5-6-класстын окуу китебине конкурс жарыяланып, китептер жазылып, ал дагы ошол боюнча кийинки класстарга улантылбай калды. Ошол стандарттар менен программалар жаңыланууга мезгили келди. Кыргыз тилинин жаңы стандартын түзүүгө чейин мурдагы кыргыз тилин окутуунун концепциясын жаңыладык. Өткөн-кеткен кемчиликтерди эске алып, “Адам, коом, тил, маданият” деген моделди киргизип жатам. Анткени адам коомдо тили менен жашайт, тил – бул маданият. Бала маданиятты тил аркылуу үйрөнүп, аны алып жүрүүчү, кийин таратуучу инсан болушу керек. Ошон үчүн мурда таанып-билүүчүлүк компетенттүүлүк десек, азыр этномаданий компетенттүүлүк дегенди киргиздик. Бала тил аркылуу, эл өзүнүн маданиятын, тарыхын таанып, жан дүйнөсүнө тил аркылуу сиңириш керек. Бул башталгыч класстан эле түптөлөт.
— Башталгыч класстын дагы стандарты жаңыланып жатабы?
— Ооба, башталгыч класстын дагы стандарты жаңыланды. Мисалы, мурда сабат ачуу, кеп өстүрүү деп келдик. Сабат ачуудан мурда балага кеп үйрөтүш керек да. Кебин өстүрүп, чөйрөнү таанытып, анан окуу-таануу чөйрөсүнүн тилине үйрөтүш керек. Бала үйдөн үй-тиричиликтин тилин үйрөнөт. Мектепке киргенде балдар билим, маданият чөйрөсүнө, т.а. социалдашуу тилине өтүшү керек, ошону менен кебин байытуу жолго коюу уланат. Баланын үйрөнгөн тилин билимдин тилине айландыруу менен анын кебин өстүрүүнү максат кылып, аны биринчи компетенттүүлүк катары чыгардык.
Башталгыч класста тил, адабият деген түшүнүк эртерээк. Эне тили деп түшүндүрүш керек. Ошондо бала эне тилим – кыргыз тили деп жашайт, өнүгөт, өсөт, жан дүйнөсү калыптанат. Демек, башталгыч класста эне тилинин биринчи бөлүгү – тил, экинчи бөлүгү – адабият деп түшүнүшүбүз туура.
Жогорку класстарда дагы бир өзгөчөлүк бар. Муну көптөн бери эле айтып келатканбыз, бирок жасай албай келгенбиз. 1988-жылдары мен анда Академияга жаңы келгем, жогорку окуу жайда иштеген доцент С.Давлетов деген агайды чакырып, бүгүнкү күндөгү программаны жаздырганбыз. Ошондо Россиянын программаларынан дагы жаңылыктарды алып, байланыштуу кеп, текст, кептин түрлөрү, стилдер дегенди ошондо биринчи киргизген элек. Орустардын программалары деле ушундай болчу, байланыштуу кеп, текст, стилдер ар бир класстын башында 20 сааттан кем эмес кирген. Анан грамматика кеткен. Текстти үйрөнүп алып, анан грамматикага өтүп, анан баягы грамматиканын мисалдарын текстке айкалыштыралы деген идея болгон. Бирок андай болбой койду. Кепти деле, текстти деле мугалимдер теория кылып алды. Ошол боюнча ал дагы кала берген.
1999-жылы доцент А.Сапарбаевди чакырып, программаны дагы өркүндөттүргөнбүз. Анда кеп маданияты дегенди киргизгенбиз. Ал деле ишке ашпай койду.
2010-жылы мен кайрадан программаны карап чыгып, кеп маданиятын ар бир грамматикалык тема менен байладым. Синтаксис жана кеп маданияты, морфология жана кеп маданияты дегендей. Себеби грамматиканы үйрөтүү – бул кеп маданиятына үйрөтүү сабагы болуш керек. Туура сүйлөп, туура жазып, так сүйлөп, таза сүйлөп, бай сүйлөп, анан калса адептүү сүйлөөгө бала кыргыз тили сабактарында үйрөнүшү керек. Ушунун бардыгы дагы эле ишке ашпай келген. Өткөн жылы баарын башкача кылдык, негизги мектептин программасынын (5-9-класс) концепциясын жазгам. Негизги мектепте грамматика менен байланыштуу кеп жана кеп маданиятын айкалыштыралы дедим, антпесек экөө эки башка болуп, балдардын же кеби өспөйт, же грамматиканы дурус билбейт. Тактап айтканда, грамматикалык теманы өтүп жатканда балдардын кебин жана кеп маданиятын өстүрүүнү комплекстүү ишке ашыруу маселесин койдук. Бала сүйлөмдү өтүп жатканда эле сүйлөмдөн текст түзүлөөрүн үйрөнүш керек. Мисалы, баяндоо түрүндөгү сүйлөмдөрдүн топтомун айтып жатып, кантип окуучу баяндоо түрүндөгү текстке өтүп кеткенин байкабай калат. Сүрөттөө тибиндеги сүйлөмдү алсак, табиятты сүрөттөп жатып эле сүрөттөө текстине өтүп кетет деген жолун таптык. Алсак, этишти, баяндоочту баяндоо текстине байланыштырсак, чакчыл түрмөктөрдү, тактоочторду ой жүгүртүү кебине байланыштырдык. Ой жүгүртүү кебин көркөм ой жүгүртүүгө, илимий ой жүгүртүүгө, көркөм баяндоону илимий баяндоого, көркөм адабиятка, ошондой эле, баяндоону иш кагазынын стилине айландырса болот экен. Ошентип, 5-9-класска чейинкини “грамматикадан — кепке” деген моделди киргиздик. Ал эми 10-11-класста, негизинен, кайталоо болуп келет. Мында, тескерисинче, “кептен — грамматикага” өтүү идеясын сунуштап жатабыз. Окуучу текст жазып жатып, анда кандай грамматикалык формулалар бар, кандай сөз түркүмү, кандай сүйлөм катышты, сүйлөм канча сөздөн турду, ал зат атоочпу, сын атоочпу ж.б.у.с. талдайт. Стандарттын өзгөчөлүгү ушуларда.
Дагы бир өзгөчөлүк – балдардын билимин өлчөөгө мүмкүн болгон технологияны киргизип жатабыз. Бул – “деңгээлдик билим берүү” технологиясы. Мен бул боюнча китеп жазып, чыгардым, ал “Деңгээлдик билим берүү технологиясы” деп аталат. Негизинен, ал — балдарга калыптандыруучу билим берүү кезиндеги чыгармачылык ишмердикке негизденген таксономия”. Бүгүн бала окуганын, укканын кайталап айтып берсе деле “5” коё беришет мугалимдер. Баланын билимин өстүрүү зарыл. Балдар, албетте, билгенин, окуганын айтып бериш керек. Бул биринчи эле деңгээл – билүү деңгээли, экинчи – колдонуу, үчүнчү – проблеманы чечүү, төртүнчү – чыгармачылык деңгээл деп сунуштадым. Болбосо бүгүнкү күнгө чейинки тесттерди карап көрөлү, жөнөкөй тест, орто жана татаал тест деген бар. Эмне үчүн жөнөкөй? Оор темаларды деле жөнөкөй түшүнсө болот. Жөнөкөй теманы дагы татаалдаштырып, проблемалуу суроо коюп, чыгармачылыгы менен үйрөтүп, ишмердикке багыттасак болот. Ал татаал тема же татаал суроодон эмес, ал ой жүгүртүүдөн. Кыргыз мектебинин стандарты ушундай.
— Окутуу орус тилдүү мектептердечи? 11 жыл окуп, балдар кыргыз тилин билбей эле чыгып жатышпайбы?
— Орус мектебинде коммуникативдик компеттенттүүлүккө басым жасадык. Тил билүүнүн деңгээлдерин киргизип жатабыз, т.а. “А”, “Б”, “В”,“С” деңгээли дегендей.
Тил үйрөнүүнүн теориясы деп айтат, анда биринчи интенция деп коет, тил үйрөнүүгө болгон ички муктаждык. Бул бизде барбы? Муктаждык экиге бөлүнөт. Сырткы муктаждык – мамлекеттик, коом, а ички муктаждык – тил үйрөнүүгө болгон ички зарылдык. Анан кийин экинчи — мотивация. Мисалы, бир кырдаалда сүйлөөгө туура келет. Болбосо, андай кырдаал түзүлбөсө, адамдын сүйлөөгө муктаждыгы жаралбайт. Үчүнчү — программа, ал стандарт, концепция, программа, окуу китеби эске алынат. Төртүнчүсү — практика, бул такай күндөлүк сүйлөшүү практикасы. Ал үчүн чөйрө болуш керек. Ошондой чөйрө барбы бизде же жокпу? Болбосо класста жасалма кырдаал түзүш керек болот. Шарттуу сүйлөөчү кырдаалы деп айтабыз (Условно-речевая ситуация). Эгер ошондой кырдаал түзө алсак, балдар мугалим менен такай класста кыргызча сүйлөшүшсө кандай жакшы болмок. Же ошондой “тилди түздөн-түз үйрөтүү” сыяктуу метод болбосо, дагы эле тил үйрөнбөйт балдар. Ушундай идеялардын негизинде жакында “Кыргыз тилин үйрөтүүнүн технологиялары” деген китепти жазып, басууга даярдадым.
— Предметтик стандарт боюнча талкууга мугалимдер канчалык активдүү катышып жатышат? Алар тараптан сунуштар түштүбү?
— Мугалимдердин суроолору абдан көп. ZOOMга болгону 100 мугалим катыша алат, андан ашык кире албайт экен. Кыргыз тили жана адабияты боюнча республикадагы мугалимдер 15 минден кем эмес, башталгыч класстын мугалимдери 25 миңдей. Анан 100 мугалим эмнени чечет? Ошондуктан ZOOM аркылуу көп нерсе чечилбей калат экен. Менин сунушум — жер-жерлерге барып, түздөн-түз мугалимдер менен жолугуп, талкуулап, идеяларды жеткирүү керек. Же методикалык көрсөтмөлөрдү даярдап туруп, анан республикага таратуу керек. WhatsAppтан башталгыч класстын, кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалимдердин тайпаларын түзүүгө туура келип жатат. Ошол аркылуу дагы жеткирип жатабыз.
— Жаңы стандарт боюнча окуу китептери басылып чыгыш керек да. Ал жагдай кантип чечилет? Мурдагы жылдары басма үйлөрү окуу китептерин ката менен чыгарып, нааразычылыктар көп болду эле. Ал кайталанбайт деген кепилдик барбы?
— Министрлик 1995-жылдан бери бир дагы методикалык эмгектерди чыгара элек. Себеби окуу-усулдук топтомдордон башканы чыгарууга каржы жок. Мугалимдер көбүнчө практикалык жардамдарга муктаж. Стандартты мугалимдер дээрлик көбү окубагандыктан, анын ичиндеги идеялар аларга жетпейт. Стандарттын негизинде окуу планы түзүлөт, анын негизинде программа түзүлөт, программанын негизинде окуу китеби жазылат. Ошондо гана мугалимге жетет. Ал эми мугалим предметтин концепциясын билбесе, окубаса, предметтин философиясына, компетенттүүлүккө көңүл койбосо, күтүлүүчү натыйжалар жөнүндө ойлонбосо, натыйжалардын индикаторлорун эсине алышпаса, ички мазмундук линиялар менен иши жок болсо, зат атооч менен этишти окутуп жүрө берет. Ошон үчүн мугалимдер ойлонууга туура келет. Стандарттын статусу – “авторлорго тиешелүү, окуу план, окуу китептерин жазганга тиешелүү, бизге тиешеси жок” деп ойлобогула, урматтуу кесиптештер, ичиндеги идеяны билсеңер гана методикалык жактан ойлоносуңар. Анткени ал идеяларды практика жүзүндө ким аткарат? Албетте, мугалим аткарат.
20-февралда Билим берүү академиясына предметтик стандартты толуктоосу менен тапшырабыз. Ал сайттарга жайгаштырылат. Коллегияда бекисе, окуу планын түзүп, окуу программасын жазып бүтсөк, министрлик окуу китебине конкурс жарыялайт. Анан авторлор китеп жазышат. Министрлик мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашы керек. Мисалы, тиги басма, бул басмага берип, ошолордун конкурсуна коюп койсок, алар каалаган кишисине жаздырып, начар китеп кайра келет. Министрлик советтик мезгилдегидей ачык конкурс жарыялашы керек. Мисалы, 2012-жылдан бери чыккан кыргыз тили китептеринин көбү, анын ичинде, “Алиппе” баш болуп, илимий-методикалык талапка толук жооп бербейт. Он жыл болду, ошону менен окутуп жатабыз. Мугалимдер дагы чарчап бүтүштү. Окуу китебин илимпоз, методист жана практик-мугалим үчөө бириккен топ жазышы керек. Ушундай үч адамдын колунан чыккан китеп жакшы чыгат.
— Бизде сапаттуу окуу китебин жазчу авторлор барбы?
— Авторлорду даярдап, үйрөтүш керек. И.Бекбоевдин кезегинде окуу китепти түзүүчүлөргө атайын эскерткич китеп жазган. Мен дагы “Кыргыз тили окуу китептерине коюлуучу дидактикалык жана методикалык талаптар” аттуу китепче чыгардым. Башка предметтер боюнча дагы кандай дидактикалык, методикалык талаптар коюлат, ошонун негизинде талаптарды иштеп чыгып, ага жараша келечектин авторлорун окутуу зарыл. Окуу китеп мугалимдики эмес, окуучунуку. Ал эми мугалим методикалык китеп жоктугунан окуу китепке байланып калат.
— Предметтик стандарттын түшүндүрмөсүн айтып, мугалимдерге түшүнүктүү болуу үчүн дагы бир жолу стандартка кирген жаңы моделдерди жыйынтыктап койсоңуз?
— Предметтик стандарт – предметтин алкагында окуучулардын билим алуу натыйжаларын, аларга жетишүү ыкмаларын жана ченөө жолдорун жөнгө салган (регламенттөөчү) документ. Учурда иштелип чыккан ар бир предметтик стандарттар негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү өз ара байланышта калыптандырууга багытталат.
Кыргыз тили жана адабияты боюнча предметтик стандарттарынын жаӊылыгына, өзгөчөлүктөрүнө дагы бир жолу токтоло кетсем:
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын 5-11- класстарында кыргыз тилин эне тили катары окутуунун предметтик стандартында окуучуларды кыргыз тилинин лексикалык-грамматикалык байлыгын оозеки жана жазуу кебинде активдүү колдоно билүүгө, кеп ишмердүүлүктөрүнүн бардык түрлөрүнө ээ болууга, кеп маданиятынын чен-өлчөмдөрүн кебинде туура сактоого үйрөтүү, ал учурда ээ болуучу компетенттүүлүктөр жана жетишилүүчү натыйжалар, аларды баалоо, окутуу методдору ж.б. маселелер камтылган. Стандартта Кыргыз тилин окутуунун методологиясы өркүндөтүлүп берилди, анда тилдин коомдогу орду, анын маданиятты түзүүдөгү жана аны алып жүрүүдөгү кызматы айрыкча ачылып берилди. Тилди окутуудагы ишмердик, анын мааниси, ишмердикти жүзөгө ашыруу технологиясы тууралуу айтылды. Кыргыз тили сабактарын практикалык багытта жүргүзүү, грамматикалык материалдар менен кептин материалдарын байланышта өтүү маселеси каралды. Ал учурда жетекчиликке алуучу “грамматикадан — кепке” жана “ кептен – грамматикага” аттуу модель сунушталды;
— Кыргыз тилин окутууну ишмердиктин негизинде жүргүзүү идеясы киргизилди. Анда кыргыз тилинен калыптандыруучу билим берүү мезгилинде окуучулардын маалыматтык билимин, аны практикада колдонуу, проблемалуу жагдайларды чечүү жана чыгармачылыгын көрсөтүү сыяктуу деӊгээлдик технологиялар эске алынган;
— Окутуудан күтүлүүчү натыйжаларда кеп маданиятынын бардык компоненттерин практикалык негизде үйрөнүү жана практикалык багытта өздөштүрүү көӊүлгө алынды.
- Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун предметтик стандартында грамматикалык мамилени функционалдуу-коммуникативдик мамилеге өзгөртүү жана 5-11-класстардын окуучуларынын кеп ишмердүүлүгүнүн негизги түрлөрүндө: угуу, сүйлөө, окуу жана жазууда коммуникативдик компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга маани берилди.
- Кыргыз адабиятын окутуунун максаты — 5-11-класстардын окуучуларынын дүйнөнү кабылдоодогу эстетикалык табитин ойготуп, өнүктүрүп, атуулдук, адеп-ахлактык позициясын бекемдөө үчүн окурмандык, эмоционалдык-баалуулук, адабий чыгармачылык компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу болуп саналат.
- Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары үчүн Кыргыз жана дүйнө адабиятынын предметтик стандарты иштелип чыкты. Стандарттын жаңылыгы — окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 5-11-класстары үчүн мурда “Кыргыз адабияты” предметтик стандарты болсо, учурда “Кыргыз жана дүйнө адабияты” деп аталуу менен кыргыз жана дүйнө адабияты предмети орус мектептеринде кыргыз тилинде окутулуп, предмет боюнча окуучуларды окутуунун, тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт, бул предметтин каражаттары менен предметтик компетенттүүлүктү калыптандыруунун бирдей шарттарын камсыз кылат. Бул стандарт билим берүүнүн филологиялык тармагынын максаттарына ылайык «Кыргыз жана дүйнө адабияты» окуу предметинин каражаттары менен окуучуларды окутуунун, тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясын аныктайт, предметти өздөштүрүүгө талаптардын жыйындысын камтыйт.
Аталган предметтик стандарттар Кыргыз Республикасында билим берүү системасында окуу процессин камсыздоочу мазмунду, жаңы педагогикалык шарттарды регламенттеген окуу программалары менен окуу китептерин түзүүчүлөргө багыт болуп кызмат кылат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер