КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ КУПЕШЕВ БОЛОТБЕКТИН 2021-2024-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ПРОГРАММАСЫ

  • 01.10.2021
  • 0

Заманбап талаптарга ылайык, Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү максатында бир катар ченемдик укуктук документтер иштелип чыккан жана кабыл алынган: “2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы”, “2012-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы”, “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы” ж.б. Бул документтерде билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, анын ичинде окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруу, инсанга багытталган окутууну ишке ашыруу, жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу менен билим берүү системасын түзүү, башкаруунун, билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун заманбап ыкмаларын ж.б. колдонуу маселелери аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Б.Д.Купешевдин 2021-2024-жылдарга карата сунушталып жаткан программасы КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын жана жогоруда көрсөтүлгөн документтердин негизинде түзүлгөн.

Программанын максаты: бүтүн, ийкемдүү, ачык жана динамикалуу өнүгүүчү улуттук билим берүү системасын өнүктүрүү жолдорун аныктоо, ал төмөнкүлөрдү камсыздайт:

Кыргызстандын элдеринин руханий жана маданий баалуулуктарын, алардын улуттук окшоштугун жана өзгөчөлүгүн сактоону жана трансляциялоону;

ички жана тышкы чакырыктарга ийкемдүү жооп берген башкаруунун натыйжалуу механизмдерин түзүүнү;

көп маданияттуу коомдун билим алуудагы талаптарын жана керектөөлөрүн сапаттуу канааттандырууну;

Кыргызстандын экономикасынын ийгиликтүү өнүгүүсүн жана жарандардын жашоо-турмушунун сапатын жогорулатууну камсыздайт.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ КУПЕШЕВ БОЛОТБЕК ДУШЕКОВИЧТИН 2021-2024-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ПРОГРАММАСЫ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер