КЫРГЫЗ БАЛЕТИНИН УЛУУ УСТАТЫ ЭЛЕ

  • 31.01.2024
  • 0

Бүбүсара Бейшеналиева, Чолпонбек Базарбаев, Игорь Шаповалов, Мелис Асылбашев… Кыргыз балет өнөрүнүн бүтүндөй бир плеядасын тарбиялап өстүргөн чыгаан педагог Гүлбара Даниярованын 40 жылга чукул педагогикалык ишмердүүлүгүндө ал тарбиялап, таптап өстүргөн балет чеберлеринин ысымын атай берсек, тизме узара берет. Улуу устат жөнүндө сөз болгондо, анын өмүрү мына ушул  тарбиялануучулары менен тыгыз байланышта өткөнүн билебиз.

Фрунзеден — Ленинградга

Даниярова Гүлбара Бакировна (1923-1991) Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылында көп балалуу үй-бүлөдө туулуп өскөн. 1931-жылы атасы Бакир Сибирге репрессияланып, ошол жактан кайтыш болгон. 1934-жылы 11 жаштагы Гүлбара кыргыздын өзгөчө жөндөмдүү балдарынын катарында Ленинграддагы академиялык хореографиялык училищеге (1950-жылы ал окуу жайга А.Я.Ваганованын ысымы ыйгарылган) окууга жөнөйт. Анын катарында Ж.Арзыгулова, Н.Тугелов, С.Жокобаева, бир тууган Байбатыровдор, С.Шергазиева, Р.Айдаралиева ж.б. классика балетин окуп-үйрөнүп, кыргыз балетине чыйыр салууга аттанышкан.КЫРГЫЗ БАЛЕТИНИН УЛУУ УСТАТЫ ЭЛЕ

Ал Ленинграддагы окуусун аяктаган соң, белгилүү окумуштуу, сынчы, котормочу Тазабек Саманчинге (1909-1978) турмушка чыгып, экөө Бермет, Бекташ, Гүлсана деген үч балалуу болушкан. Кыргыз тилинин жана адабиятынын башатында турган Тазабек Саманчин жана анын санаалаштары Ташим Байджиев, Зияш Бектенов 1949-жылы улутчулдук деген жалаа менен негизсиз репрессияга кабылып, кийин толук акталганы маалым.

КЫРГЫЗ БАЛЕТИНИН УЛУУ УСТАТЫ ЭЛЕ

Гүлбара Бакировнаны замандаштары, жакындары көп окуган, мүнөзү жумшак, боорукер, кызыктуу маектеш жана насаатчы катары жогору баалаган. “Согуштан кийинки ошол жылдарда интеллигенциянын, балет искусствосунун жана адабиятынын өкүлдөрү Н.Тугелов, Г.Т.Худайбергенова, М.Эсамбаев, Б.Бейшеналиева, Г.Тулина, А.Токомбаев, X.Карасаев, Т.Абдумомунов, К.Маликов, О.Жакишев, К.Акаев ж.б. биздин үйдө тез-тез чогулуп, искусство менен адабияттын учур маселелерин кызуу талкуулап, талашып-тартышып олтурчу” — деп эскерет анын бир тууганы Кутпа Орузбаева-Даниярова. Айтмакчы, Кутпа Бакировна э.и.д., КР УИА мүчө корреспонденти, Россия жана Казак айыл чарба академиясынын академиги, КР илиминин эмгек сиңирген ишмери Асангалий Орузбаевдин өмүрлүк жары болгон.

Ленинграддан — Фрунзеге

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, Ленинградда билим алып жаткан студенттер эвакуацияланып, өз мекенине кайтып келүүгө аргасыз болгон, бирок Гүлбара Даниярова ошол жылы окуусун аяктап калган эле. Башка студенттер кийинки окуусун Гүлбара Бакировна түзгөн музыкалык театр студиясында улантышкан.

А.Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Г.Даниярова жаңы түптөлгөн жаш кыргыз музыкалык театрынын балет бийчиси катары өзүнүн аткаруучулук ишмердүүлүгү менен бир мезгилде эле Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын хореографиялык бөлүмүндө педагог, андан кийин анын көркөм жетекчиси болуп иштеген. Ошол иштеп жүргөн мезгил аралыгында канчалаган таланттуу өспүрүмдөрдү тарбиялап өстүрдү. Гүлбара Даниярованын замандаштары, жакындан билгендер анын нукура таланттарды айырмалай алган тубаса көрөгөчтүгүн көп айтышар эле, эгерде ал табиятынан жөндөмдүү балдарды айырмалап биле албаса, балким кыргыз балетинин чолпон жылдызы Чолпонбек Базарбаевдин таланты ачылбай көмүскөдө кала бермек беле, ким билет. Чолпонбек Базарбаевдин өмүрлүк жары Надежда Базарбаева массалык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде: “Ал кезде педагогдор республиканы түрө кыдырып, бийге шыктуу улан-кыздарды тандап алып турушкан. Борбордон барган мугалимдер көп балдардын арасынан жалгыз Чолпонбекти тандап алат. Ал балдар Ленинграддагы окуу жайга тандалып жаткандыктан, атасы үйүнөн алыс чыгып көрбөгөн баласы куса болорун ойлоп, жибербей коет. Бир жылдан кийин Нарындын бир айылындагы бийге жөндөмдүү баланы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык училищенин мугалими Гүлбара Бакировна атайын издеп барып, анын атасы менен сүйлөшүп, балет театрына окутууга макулдугун алат. Көрсө, анын атасы да согушка чейин драма театрынын кыргыз труппасында ойногон өнөрлүү адам болгон экен. Ошондон уламбы, айтор, баласын Фрунзе шаарына окууга жибериптир…” деп эскерип жазганы бар.

Бишкек хореографиялык окуу жайын негиздөөнүн башатында турган Гүлбара Данияровага көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүүгө туура келди, анткени кадрлар, программалар, окуу-методикалык адабияттар, атайын жабдуулар, жада калса окуу класстары жетишсиз эле. Окуучуларды экиге: жалпы билим берүүчү жана өздүк балет мектебинде окутуу бөлүмүнө бөлүп окуткан. Аларга концерттик иш-чараларды, сахна практикасын уюштуруу, жөндөмүнө жараша Москва, Ленинграддагы хореографиялык училищеге окууга жиберүү жана ошондой эле Тувадан жана Советтер союзунун башка шаарларынан окуучуларды кабыл алуу сыяктуу көптөгөн өтө олуттуу жана жогорку жоопкерчиликтүү иш-чаралар андан көркөмдүк жана уюштуруучулук бийик дараметти, ар тараптуу терең билимди, күжүрмөндүктү, өз кесибине баш оту менен берилип сүйүүнү талап кылганы талашсыз.

Устатка таазим

Гүлбара Даниярованын окуучусу Бахтияр Токтосунов устатын эскерип олтуруп, бий өнөрүн үйрөнүү өтө татаал экендигин, кыйынчылыктарга туруштук бере албай төрт жолу үйүнө кетип калганда, төрт жолу тең өзү барып кайра алып келгенин айтып берди.

– Мен 1970-1978-жылдары хореографиялык училищеден билим алдым. Ал кезде Гүлбара Бакировна биздин бөлүм башчыбыз болчу. Адегенде 30 окуучу элек, аягында сегиз кыз, төрт бала окууну аяктадык. Бийде эркектер аз, көбүнчө кыздар болот. Хореографиялык училищеде сегиз жыл окуган өтө татаал, көбү чыдабай кетип калат. Мисалы, эртең менен саат сегизде сабак башталганга чейин Спартак стадионун айланып чуркап, тепкичтерге бир буттап чыгып, кайра түшүп машыкчубуз. Сабактар да бир жарым саат болот, маселен, “поддержкада” — эркектерге кыздарды өйдө көтөрүүнүн ыкмаларын, кыздарга жогору көтөргөндө өзүн кармоо ыкмаларын үйрөтөт. “Чолпон” балетинде Нурдин Тугелов Бүбүсара Бейшеналиеваны бир колу менен көтөрүп жүргөнүн көрсөңүздөр керек. Бул чоң чеберчиликти талап кылат. Ал сабакты Бактыбек Арунов деген агай окутчу. Агай Гүлбара Бакировнанын окуучусу эле, аны да өзү атайын Кеминден алып келип окуткан, — дейт окуп жүргөн күндөрүн эскерип.

КЫРГЫЗ БАЛЕТИНИН УЛУУ УСТАТЫ ЭЛЕ

Ошол кездеги 16 республиканын ар биринде жыл сайын окуучу балдарды кызыктыруучу конкурстар уюштурулуп, мыктылары аныкталып турган. 1972-жылы ал да Киевге “Комузчу” деген бий менен барып келген.

— Биз билимге суусап турчу элек, күнү кечке китепканаларда олтурсак, жатаканага келгенде түн ичинде тарбиячылардан дааратканаларга жашырынып окучубуз. Гүлбара Бакировна өзгөчө педагог эле, ал ар бир баланын тилин таба билчү, балдарды үнүн бийик чыгарбай эле тарбиялап койчу. Келерки жылы дагы бир жакка барарыбызды айтып, бизди шыктандырып турар эле.

1974-жылы эл алдына балдардын бийин бийлеп чыга баштадык. Опера жана балет театрында “Танец гномов” бийи менен чоң сахнага чыкканыбыз эсимде. Бизди окуткан мугалимдерге магниттей жабышып, жанынан чыкпай аларды ээрчип жүрчүбүз. Менин алгачкы бий мугалимим Бүбүсара Бейшеналиева болчу, ал каза болгондон кийин Чолпонбек Базарбаев келди. Кийин уксак, алардын баары бир гана Гүлбара Бакировнанын жеке өтүнүчү менен келип, бизди окутуп жүрчү экен. Чынында эле союздук маанидеги эл артисттерге арзыбаган акча үчүн кичинекей балдарды окутуу зарыл беле, — дейт Бахтияр Токтосунов.

КЫРГЫЗ БАЛЕТИНИН УЛУУ УСТАТЫ ЭЛЕ

Гүлбара Даниярова өзүнүн 40 жылдан ашык өмүрүн Кыргызстандын балет артисттерин тарбиялоого жана окутууга арнаган. Анын шакирттеринин бири, СССРдин эл артисти, Москва муз балетинин башкы балетмейстери Игорь Шаповалов туңгуч мугалимине карата терең урматын, ыраазычылыгын куш тилиндей кат аркылуу билдирип, өзүнүн сүрөтү менен кошо салып жиберген. Ал сүрөт Г.Бакированын үй-бүлөлүк альбомунда аздектелип сакталып турат. Анда: “Урматтуу Гүлбара Бакировнага! Менин биринчи мугалимиме. Сиздин колуңуздан окуп алган билимим менин турмушумда өчпөс из калтырды. Фрунзеден сиз тууралуу жазылган макаланы мага жиберишиптир. Мен Сиздин эбегейсиз эмгегиңиз жөнүндө китептерди жазуу керек деп ойлойм” деп жазылган.

Кыргыз балетинин өнүгүп-өсүүсүнө, келечектүү окуу жай болушуна кам көргөн өзүнүн замандаштары, кесиптештери менен бирге ал бардык окуу циклдери бир бүтүнгө бириктирилген окуу жай түзүү идеясын ишке ашырууга көп күч-аракет жумшаган, бирок ал кыялы ишке ашкан учурда, ден соолугуна байланыштуу иштебей калган эле. Гүлбара Бакировна узакка созулган оорудан кийин 1991-жылы көз жумган.

Өз кесибинин улуу устаты Гүлбара Даниярованын ак эмгеги бааланып, “Ардак Белгиси” ордени жана көптөгөн медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Мындан эки жыл мурун Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайына Гүлбара Даниярованын мемориалдык тактасы орнотулган. Анын 100 жылдык юбилейин республикалык деңгээлде белгилөө боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мерчемдеген бир катар иш-чаралар ушул жылы уюштурулмакчы. Устаттын шакирттери жогоруда баса белгилегендей, кыргыз балетин түптөөгө жана дүйнөгө таанытууга кошкон зор салымы, эмгеги унутулбай, кийинки муун өкүлдөрү татыктуу уланта берет деп ишенгибиз келет.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер