КЫЛЫМ КАРЫТКАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕПКЕ  100 ЖЫЛ

  • 15.10.2024
  • 0

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана билим берүү тармагынын түптөөлүсүнүн  100 жылдыгына тушташ  аскасы асман тиреген, алтын чөйчөк Ат-Башы районундагы Ача-Кайынды айылында жайгашкан  Ой-Терскен орто мектебине да 100 жыл толду.

КЫЛЫМ КАРЫТКАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕПКЕ  100 ЖЫЛ

   Чөптүн түрү — терискендер ыргалып,

   Өскөн дешет ойдун жерде буралып,

   Алгач мектеп ошол жерде ачылып,

   Аты калган Ой-Терскен деп аталып.

Сабатсыздыкты жоюу Чаргын байдын мечитинен башталган

Айылдын кадырлуу ак сакалдарынын бири Асаналиев Садыбакас атанын айтымында, “Ой-Терскен деп аталып калганынын себеби, “Кара-Ой”  деп аталып калган жерде терскен гүлдөрү (бадал чөп) өскөн. Жоондугу айрым жерлерде билектей болуп, согуш мезгилинде отун катары пайдаланып жок болду. (Азыркы учурда терискен өсүмдүгү Памир жана афган кыргыздары тарабынан пайдаланылып келинет).

Кылымга тете мектеп айылдын жаштарына билим, тарбия берип талыкпай өзүнүн уясынан билимдүү-илимдүү,  мекенине кызмат кылган инсандарды жылдап уясынан учурат. Анын тарыхына көз чаптырсак.

Ой-Терскен орто мектеби алгач  1924-жылы Жаанбай деген оокаттуу адамдын үйүндө негизделип, араб ариби менен алгач 5 (беш) баланы, т.а. Нурманбетов Касый, Мырзакелдиев Керималы, Бокчиев Токтакун, Нурманбетов Кадыр, Иманалиев Бейшебай деген балдарды Алымбай уулу Чаргын (менин чоң-чоң таятам, авт.) окутуп   баштаган.  Андан соң Алымбай уулу Чаргын бай өзү курдурган мечиттен окутат. 12 окуучу билим сабатсыздыгын жоюу боюнча Ача-Кайынды, Ой-Терскен жана Жаңы-Талап  кантондорунан (айыл аймагынан) келип, окушкан.  Ал окуучулар: Тойтоев Боко, Бараканов Мамек, Нурманбетов Ормотой, Иманалиев Бейшебай, Жумабаев Осмонаалы, Дыйканбаев Кубатаалы.

Мектеп директору Мирбек Муталиповдун айтымында,  бул окуучулардын биринчи мугалимдери Жутабаев Осмонаалы менен Нурманбетов Сөлпү болгон. Бул медреседе окуу 1928-жылдан-1939-жылга чейин жүргүзүлгөн. 1929-жылы 1-класска кабыл алуу башталып,  окуучулардын саны 35ке жеткен. 1934-1937-жылдары 1-4-класстар уюштурулуп, башталгыч мектеп болгон. Бул учурда окуучулардын саны 47ге жетип, мектептин алгачкы жетекчиси Токешов Токо агай жетектеген экен. 1938-1945-жылдары 7 жылдык мектепке айланып, окуучулардын саны 129га жеткен. 1945-жылы 8 жылдык, 1964-1965-жылдары 9 жылдык , 1965-1966-жылы толук орто билим берүүчү мектепке айланган. 10 жылдык орто мектепти 19 гана окуучу бүтүргөн.

Мектеп директорлору эмне дейт?

Мектеп директору болуп иштеген Асек Дөөлөтов төмөндөгүдөй эскерет: “Мен 1963-1972-жылдын май айына чейин Ой-Терскен орто мектебинде директор болуп иштедим, анда мектеп 8 жылдык эле. 1964-1965-окуу жылында орто мектепке айланганда  27 окуучу орто билимге ээ болду.  Ал кезде 1932-жылы курулган эски мектепте окучубуз. Мектепти жылытуу үчүн мешти отун, кийинчерээк таш көмүр менен жылытканга өттүк. Мен жетекчилик кылган мезгилде мектептерде өз ара текшерүү, тажрыйба алмашуу, көрсөтмөлүү сабак, таяныч мектеп, педагогикалык окуу ж.б. бар эле. Союз тарагандан кийин мугалимдерге шарт түзүлбөй калды, ал кезде мугалимдерге коммуналдык кызматка акы төлөнүп, 45 сотых жер берилип, 25 жыл иштегендер “Эмгек Кызыл Туу“ ордени, 30 жыл иштегендерге “Ленин” ордени  ыйгарылчу.  Азыркы убакта мектептер жаңыланып, жасалгаланып компьютер менен толукталып жатат. Мен иштеген мезгилде 10-классты ийгиликтүү бүтүргөн окуучулардан: физика-математика илимдеринин кандидаты Кенжебаев Шаршен, география илимдери боюнча Чодураев Темирбек, мал чарбасы боюнча Жантемиров Мукаш чыгышса, “КРнын эмгек сиңирген дарыгери”  Асекова Клара ж.б. бүтүрүшкөн”.

1992-жылдан 2007-жылга чейин мектеп директору болуп иштеген Тоюнбүбү Аманованын маалыматы боюнча,  ал жетекчиликке союз тарап,  билим берүү системасында кыйынчылык болуп турган кезде келген экен. Ал мезгилде мамлекет  баардык эле тармакты каржылай албай турган мезгил болгон.

КЫЛЫМ КАРЫТКАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕПКЕ  100 ЖЫЛ

— Мугалимдердин айлык акылары өз убагында берилбей, кээ бир учурда натуралай төлөнгөн мезгилдерди баштан өткөрдүк. Бирок ошого карабастан, өз кесибин сүйгөн мугалимдер алгылыктуу иштерди жүргүзүштү. Окуу китептери жетишсиз эле. Окуучулардын жөндөмүнө, кызыгуусуна жараша багыттуу (профиль, уклон) класстар уюштурулган.   2002-жылы мектептин тарбиялык системасынын моделин иштеп чыгып, тарых мугалими Айдаракунов Асан агай менен бирдикте мектепте өзүн-өзү башкаруу уюму тузүлгөн. Мектеп гимни кабыл алынды.  Мектеп гимнинин сөзүн Айдаракунов Асан агай жазып, обонун Наматбеков Сагынбек, Абылгазиев Жангулу агайлар жазган.  Окуучуларды тарбиялоодо “Манас” эпосунун жети осуятынын негизинде мектеп чоролуктары түптөлүп, мектеп парламентине негиз салынган. Мектептин түптөлгөнүнүн  70 жылдык юбилейин өткөрүү демилгесин көтөрүп, жалпы эмгек жамааты менен бул саамалыкты татыктуу өткөргөнбүз, — дейт ардаргер.

100 инновациялык мектептин бири

— Осмонов Эшимбек агай мектепти жетектеп турган жылдары класс-кабинеттер евроремонттон өткөрүлүп, ардагер агай-эжейлердин балдары, бүтүрүүчү класстын окуучуларынын демөөрчүлүгү менен ишке ашкан. Мектептин өзүн-өзү каржылоо максатында өздүк чарба уюштурулуп, башталгыч класстын окуучуларына түрлүү ысык тамак берилген. Ой-Терскен орто мектеби республикадагы 100 инновациялык мектептин бири болгон. ЖРТда жогорку балл алып, “Алтын сертификат”, “Алтын тамга” алган окуучулар болгон, — дейт мектеп жетекчиси М.Муталипов.

КЫЛЫМ КАРЫТКАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕПКЕ  100 ЖЫЛ

Мектеп тарыхында биринчи жолу окуу завучу Муталипов Мирбектин демилгеси, директор Осмонов Эшимбек агайдын колдоосу, Россия Федерациясынын элчилиги астындагы “Орус дүйнөсү (Русский мир)” фондунун жардамы менен 2011-2012-окуу жылында орус класс ачылып, биринчи мугалими Садырова Чынар Кубанычбековна болгон.

Өз учурунда келечек муунга  билим-тарбия берип, өмүрүн, ден соолугун окуучулардын билимдүү болушуна арнаган агай-эжейлердин айрымдары учурда ак сакал ата, ак элечек байбиче болгон. Мектептен татыктуу билим алып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон айылдын кадырлуу инсандары: Социалисттик эмгектин баатырлары Орозакун Мамбетакунов, Жумабек Курманбеков, спорттун ардагери Туюкбай Кочкорбаев , “Эл агартуунун мыктылары ” Абдыралы Керимбаев, Өмөр Мамбетакунов, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев ж.б. көптөгөн инсандар чыккан.

Мектептин атын чыгарган мыкты окуучулар

Күчтүү агай-эжейлердин колунан билим алган окуучулар райондук, облустук, республикалык сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келишет. 1988-жылдан 2024-жылга чейин облустук, республикалык олимпиаданын женүүчүлөрү: 1-орунду багындырган  —  20 окуучу, 2-орун — 2 окуучу, 3-орун — 5 окуучу. Алтын медаль менен — 5, күмүш медаль – 4, Кызыл аттестат ээлери – 25, “Алтын тамга” артыкчылык аттестат ээлери (2010-2011-окуу жылдарынан бери) – 4 окуучу алса, ЖРТнын жыйынтыгы менен “Алтын сертификатка” Жеткинбекова Толкун ээ болгон. Мындан сырткары, мектептин атын чыгарган алдыңкы бүтүрүүчүлөрдүн атын  атап кетпесек болбостур. Алар:  Жеткинбек кызы Толкун  — Certificate of achievement issued by UN Women Kyrgyz Republic  сертификаты (2016), АКМОнун республикалык турунда 1-2-орун, 10-класста англис тилинде үч темада эссе жазып, Америкада билим алуунун жолдору боюнча бекер окууга жана он күндүк лагерге эс алууга жолдомо алып, сертификат менен сыйланган. Төлөнбай кызы Элназ – “ООН Женщины” уюмунун долбоорунун негизинде тренингге катышып,  күмүш сертификат алган. 9-класста “Саякбай” фондусунан диплом алган. Орозбекова Сайкал — облустук конкурска катышып, Улуттук Банктын медалына татыктуу болгон. Замирбек кызы Хадича  —  “Билим кербени” долбоору тарабынан уюшулган  китеп окуу конкурсунун жеңүүчүсү. Токтобаева Гүлсүнай —  “Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына” карата уюштурулган иш-чарада өзгөчө чыгармачылык мамилеси үчүн (Ч.Айтматовдун сайма менен сайылган портрети) мактоо грамотасынын ээси (2018-жыл),   “Билим кербени” долбоору тарабынан уюштурулган  китеп окуу конкурсунда  (2020-жыл) II орундун  (1-тур), I орун (2-тур), 2020-жыл — “Жылдын таланттуу окуучусу” номинациясынын ээси, “Кыргызстандын мыкты 100 окуучусу — 2021”, “Кыргызтандын мыкты окуучусу — 2022”.  Токтобаева Айтурган  — “Кыргызстандын мыкты окуучусу — 2023”, “Жылдын мыкты окуучусу — 2024”.  Ишенбекова Зейнеп — “Кыргызстандын мыкты окуучусу — 2024”, 2023-жылы  Дубайда өткөн “DREAM FASHION SHOW”  эл аралык сүрөт көргөзмөсүндө сертификат алып, Араб Эмиратындагы  окуу жайга жолдомо алган. 2023-жылы Санкт-Петербургда өткөн “Живая Классика” жаш окурман эл аралык конкурста  диплом менен сыйланган. Таалайбеков Актан — АКМОнун, Билимкананын республикалык турунун катышуучусу (2021-2022-окуу жылы).

КЫЛЫМ КАРЫТКАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕПКЕ  100 ЖЫЛ

Ой-Терскен орто мектебин ийгиликтүү аяктаган окуучуларга, кийинки окуусуна шыктандыруу  үчүн айылдын мекенчил уулу, жеке ишкер “Бакыбай” сыйлыгынын уюштуруучусу Жаныбеков  Бактыбек тарабынан акчалай сыйлык 2005-жылдан бери 13 окуучуга берилген.

Эл аралык уюмдар менен иш алып баруу

2016-жылы айыл өкмөтүнүн жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен  спорт залына пластикалык терезелер салынган. 2017-жылы мектептин аракети менен Мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү грантка имараттын эшик-терезелерин алмаштыруу боюнча долбоор өткөрүлүп, жыйынтыгы менен 3 236 000 сомго мектептин негизги окуу корпусунун сырткы эшиктери темир эшиктерге, ушул эле корпустун эски терезелери жаңы үч кабат айнектүү терезелерге алмаштырылды.

КЫЛЫМ КАРЫТКАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕПКЕ  100 ЖЫЛ

Мындан сырткары, Ой-Терскен орто мектеби мамлекеттик эмес ар кандай коомдук уюмдарга долбоорлорду жазуу менен балдарды патриоттуулукка  тарбиялоо, элдик, улуттук, салттык билимдерди жайылтуу максатында да бир катар иштерди аткарды. Мектеп жамааты акыркы жылдардан бери ИСУР, Кемп Ала-Тоо, “Көөнөрбөс-Мурас”, “Аманат-Өмүр”, Эл аралык өнүктүрүү банкы, МерсиКО, Улуттук жарым ай коому, ЮНИСЕФ эл аралык уюму менен кызматташып келет. Мисалы, “Көөнөрбөс -Мурасы” фонду ИСУР фондунун каржылоосу менен мектепте “Чыны Карагат” долбоорун ишке ашырып, тоо карагатын мектепте отургузуп, багып, өстүрүп окуучуларга үйрөтүп жатат. “Кыргыз асман астында” долбоору менен “Жаш астрономдор” ийриминде окуучулар көп ийгиликке жетти. 2018-2019-окуу жылы мектептин медиа борбору ачылып, мектептеги жана айылдагы болуп жаткан актуалдуу окуяларды интернет баракчаларында жарыялап келет. 2023-2024-окуу жылында “Илимдеги кыздар” долбоору менен мектептен беш окуучу кыз теңдеш тренер болуп 7-, 8-, 9-,10-класстарга сабак өтүп келишүүдө. Татарстан Республикасындагы “Алабуга”  өзгөчө экономикалык зонасынын “Прогрессивдүү мектеп (Прогрессивная школа)” долбоору менен иштеп жатат.

КЫЛЫМ КАРЫТКАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕПКЕ  100 ЖЫЛ

Билим  берүү жана илим  министрлигинин “Жылдын мыкты мугалими” конкурсун өткөрүү буйругунун негизинде ар кандай предметтер боюнча Ой-Терскен орто мектебинен беш мугалим катышып, анын ичинен Турганбаева Гүлүмкан Абыталыповна облустук турга өтүп, мектептин, райондук билим берүү бөлүмүнүн, облустук усулдук борбордун, айыл өкмөттүн Ардак грамотасына ээ болду.

КЫЛЫМ КАРЫТКАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕПКЕ  100 ЖЫЛ

— Биздин мектеп Ат-Башы районундагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектеби жана Балдардын билим берүү борбору менен келишимдик негизде Ой-Терскен орто мектебинде филиалы ачылып, иш жүргүзүп келет. Ой-Терскен орто мектебинин таланттуу окуучулары искусство мектебинин окуучулары менен бирдикте ар кандай маданий иш-чараларга активдүү катышып, облустук, республикалык, эл аралык кароо-сынактарга катышып келүүдө. Мисалы, 2022-2023-окуу жылында бийчилер тобу Алматага барып келишкен. Ал эми Балдарга билим берүү борборунда биздин окуучулар  кошумча англис тили, сүрөт ж.б. ийримдерге барып билим алышууда.  Биздин мектептен сүрөт боюнча 2023-жылы  Дубайда өткөн “DREAM FASHION SHOW”,  эл аралык сүрөт көргөзмөсүндө  Ишенбекова Зейнеп катышып,  сертификат менен сыйланып,  Араб Эмиратындагы окуу жайга жолдомо алган, — дейт директор.

Изденген жамаат

Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо мектеп бүтүрүүчүлөрү, демөөрчүлөр чоң салым кошуп келишүүдө. Мисалга алсак, 2003-2004-окуу жылында орто мектепти аяктаган 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн демилгеси менен мектептин кире бериши  заманбап чатырланды.  2023-2024-окуу жылындагы чоң жетишкендиктердин бири — мектеп азыркы учурда республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон  өтүүдө, анын чатыры жаңыланып, мектептин  алдына таманташтар (брусчатка) жаткырылды. Ошентип, изденген жамаат 2024-2025-окуу жылына карата мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча билим-тарбия берүүдөгү инновациялык алдыңкы иш тажрыйбаларды, ата-бабаларыбыздан келе жаткан акыл-насааттарды,  элдик педагогиканы кенири пайдаланууну көздөп, билим берүү тармагындагы  болуп жаткан реформаларга ылайык сабак өтүү боюнча “Алтын Казык” мамлекеттик программанын негизинде иш жүргүзүлүп, жалпы жамаат  “жеңилин жерден, оорун колдон” алып, бир кишидей эмгектенип жаткан кези.

КЫЛЫМ КАРЫТКАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕПКЕ  100 ЖЫЛ

Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаеванын жүргүзүп жаткан  реформасынын негизинде “Алтын казык” программасын ишке ашыруу алдында тургандарын жашырышкан жок.  Окуучуларга мамлекеттик стандартта сапаттуу билим берүү боюнча мектеп акыркы үлгүдөгү техникалык каражаттар менен камсыз болгон. Мисалы, интерактивдүү (сенсордук) доскалар,  интернет туташтырылган ТВлар, ноутбуктар жана кабелдүү Skynet интернет желеси менен толук жабдылган. Бул каражаттар келечек муундун ар  тараптуу билим алуусуна чоң жардамын берет.  Мугалимдер заманбап технологияны өздөштүрүп, изденүүчүлүк менен билимин  жогорулатуу максатында атайын курстардан өтүп келип, билим тарбия берип жатат.  Учурда мектепте жалпы 72 мугалим, 950 окуучу, 23 техкызматкер эмгектенүүдө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим

Маалымат үчүн:

Ой-Терскен орто мектебинин жетекчилери, директорлору: Ой-Терскен орто мектебинин негиздөөчүсү:  Алымбай уулу  Чаргын (бай)   1924-ж., Токешов Токо, Жаналиев Абдырахман , Кудайбергенов Эсенбек, Аалиев Асылбек, Салбаев Аалы, Ажыбаев Абдырай, Шадыбеков Чоробай, Мааткабылов Асыкбай, Чолбаев Мырзажан, Энтериева Жумабүбү,     Сатыбалдиева Сейилкан, Түлөбердиева Алдаке, Өмүралиев Арпачы, Токтогонов Боогачы,      Өмүралиев Дөөлөт, Сатыбеков Керимкул 1957-63, Дөөлөтов Асек 1963-1972, Байсейитова Акзыйнат   1972-1980, Бектурганов Мамбетимин   1981-1987, Сатаров Бейшенаалы    1987-1992, Аманова Тоюнбүбү      1992-2007,  Осмонов Эшимбек      2007-2018,  Абдылдаев Руслан      2018-2023, Муталипов Мирбек    2023

 Ой-Терскен орто мектебинде ушул жылдар аралыгында

  1. Башталгыч класстарынын мугалимдери – 49
  2. Кыргыз тили сабагынын мугалимдери – 23
  3. Орус тили сабагынын мугалимдери — 37
  4. Чет тилдери сабагынын мугалимдери — 14
  5. Математика сабагынын мугалимдери — 19
  6. Информатика сабагынын мугалимдери — 6
  7. Физика сабагынын мугалимдери  — 8
  8. География сабагынын мугалимдери — 8
  9. Химия сабагынын  мугалимдери — 3
  10. Биология сабагынын мугалимдери  — 8
  11. Тарых сабагынын мугалимдери — 14
  12. Дене тарбия, кол эмгек, сүрөт сабактарынын мугалимдери — 3
  13. АЧД сабагынын мугалимдери — 6 эмгектенишкен.                        

Спорт тармагындагы жетишкендиктер:

Волейбол оюну боюнча спартакиадада балдар командасы облуста: 2009-жыл, 2010-жыл, 2011-жыл, 2014-жыл, 2016-жыл 1-орун. Республикада 2011-жылы 3-орун,  2014-жылы 1-орун.  Кыздар командасы облуста: 2014-ж., 2015-ж., 2016-ж. — 1-орун, республикада 2016-жылы 5-орунду камсыз кылышкан.

Эркин күрөш боюнча:

4-класстын окуучусу Карымшаков Хамза — 2015-2016-окуу жылында  Кыргызстандын чемпиону болгон; 4-класстын окуучусу   Жыргалбек кызы Фатима — 2017-2018-о.ж. Орто Азия чемпионатында 2-орун; 5-класстын окуучусу   Жыргалбек кызы Фатима — 2018-2019-о.ж. Орто Азия чемпионатында 3-орун; 7-класстын окуучусу Бейшеналиева Сюзанна — 2022-2023-о.ж. республикалык спартакиадада 3-орун; 5-класстын окуучусу Макелеңова Сымбат — 2021-2022-окуу жылында Орто Азия чемпиону. Мектепти бүтүргөндөр алган билимдерин ар тармактарда көрсөтө алышты.

Илимий кызматкерлер:

  1. Кенжебаев Шаршен — физика-математика илимдеринин доктору (1994)
  2. Жантемиров Шаршенбек – экономика илимдеринин доктору
  3. Чодураев Темирбек — георафия илимдеринин доктору
  4. Асекова Клара — КРнын Эмгек сиңирген дарыгери
  5. Мамбеталиева Назгүл – Саламаттыкты сактоонун отличниги
  6. Бокоева Элегия – экология илимдеринин доктору
  7. Турдумамбетов Бакыт — экономика илимдерин доктору, доцент
  8. Ормонова Сабира – филология илимдеринин кандидаты
  9. Бокоева Жамийла – филология илимдеринин кандидаты, доцент

Полковниктер:

  1. Касиев Астапа (1957-ж.), ИИМ
  2. Субанов Жолдошбек(1959-ж.), ИИМ
  3. Сатиев Кыясбек (1963-ж.), ИИМ
  4. Омурзаков Жаныбек (1963-ж.), ИИМ
  5. Калназаров Таштанбек (1965-ж.), ОКМ
  6. Энтериев Орозбек (1966-ж.), ИИМ
  7. Кожомгелдев Эрнис(1968-ж.), Аскер кызматкери
  8. Субанов Жолдошбек (1959-ж.)

Журналистика кызматындагылар:

  1. Дыйканбаева Бурулсун (1957-ж.) Теңир-Тоо газетасы
  2. Абылгазиев Сайыр (1953-ж.) Ат-Башы жаңылыктары газетасы
  3. Абылгазиев Бегимкул (1962-ж.), КТР
  4. Турсуналиева Элмара (1975-ж.), КТР
  5. Жумагулова Айгул (1975-ж.), КТР
  6. Жангулу кызы Айгерим (1990-ж.), 5-канал

Искусство адамдары:

  1. АсаналиевТоктобек, КРнын Эмгек сиңирген артисти
  2. Нааматбеков Сагынбек, обончу
  3. Абылгазиев Жангулу, обончу

Спорт чеберлери:

  1. Омуракунов Болотбек, СССРдин Эркин күрөш боюнча спорттун чебери
  2. Мамаев Майрамбек, тогуз-коргоол  (Нарын курама командасы боюнча  республиканын үч жолку жеңүүчүсү)
  3. Токтонаалы уулу Жекшен, гиря көтөрүү, эр эңиш, самбо, кыргыз күрөшү.
  4. Муса уулу Темир, Орто Азия чемпиону (волейбол).

Революция каарманы:

Кыргызстандын соңку тарыхындагы окуялардын бири мамлекеттик башкаруусуна өз таасирин тийгизген тарыхый окуялар болду. 2010-жылдын 7-апрели кыргыз тарыхында кандуу окуя катары калды. Анда 100дөн ашык адамдын өмүрүн алды. Алар дайыма кыргыз элинин жүрөгүндө сакталат. Алардын ичинде айылыбыздын тургуну, Ой-Терскен орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Чыңгышов Канатбек да болгон. Элинин мекенчил уулу катары  “Эл баатыры ” наамы берилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер