КЫЛЫМ БАСКАН КУТТУУ БИЛИМ БАШАТЫ

  • 19.03.2024
  • 0

КЫЛЫМ БАСКАН КУТТУУ БИЛИМ БАШАТЫ

Элибиздин өткөн таржымалына кайрылуу – өчкөн күлгө табынуу эмес, болумушка чок салып, келечекке от берүү! Бул өткөндөн сабак ал да, өз келечегиңе ишенимдүү кара деген эле кеп. Атактуу жазуучу Жордж Оруэлл айтмакчы, ким өтүмүштү көзөмөлдөй алса – ал болумушту көзөмөлдөйт, ким болумушту көзөмөлдөй алса – ал болочокту көзөмөлдөйт! Мына ушунтип бири-бирине өтө тыгыз байланып, жармакташ жаралган айланкөчөк замана!.. Ошентип, 2024-жылдын 14-октябрында соңку кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө туптуура бир кылым толот. Ошону менен бирге, өлкөнүн эл агартуу тармагы да өзүнүн түптөлгөнүнүн 100 жылдык маарекесин белгилегени турат. Ошондо улам, улуттук эл агартуу тармагынын жаралуу жана калыптануу таржымалына кайрадан бир баам салып көрөлү…

Молдокелер мектебинин таржымалынан учкай сөз

Биз азыр чачкын, чаржайыт, арабөк абалда калган улуттук нарк-насилибизди калыбына келтирүү аракетин жасап жатабыз. Бул өтө олуттуу, тагдыр чечер маселе. Ал өзүнө биринчи кезекте илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак жаӊы муундун өкүлдөрүн өстүрүү чараларын камтып турганы айтпаса деле түшүнүктүү чыгар. Мындай олуттуу маселелер кечээ же бүгүн эле чыга калган жок, тээ болочок Кыргызстандын пайдубалы түптөлө баштагандан бери келаткан нерсе. Демек, кай мезгил, кайсы доор, кандай заман болбосун, кыргыз башынан эле илим-билимге ыктаган, ар дайым жаңычылдыкка умтулган журт экени таасын байкалат.

Маселен, тарых жолу татаал дагы катаал да, кыргыздар болжол менен тээ VI кылымдарда эле кеңири колдоно баштаган 27 тамгалуу Орхон-Енисей руникалык жазмасын (эми, бул анын илимий аталышы) кандайдыр бир себептерден улам жоготуп алыптыр. Ошол ташжазмалар алыскы Оркон менен Эне-Сайдан тартып береги Теңир-Тоого чейинки аймактан табылууда. Басымдуу бөлүгү Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөн доорго туш келет. Азыр андай жазмалардын көбү топтолуп, такталып, окулган, кыйла дурус чечмеленген. Академик Малов рун жазуулары байыркы кыргыздарга таандык экенин айтат. Мындай пикирди башка окумуштуулар деле колдойт.

Андан кийинки арап таасири өкүм сүрө баштаган доордо деле чыгаан акындар, чыныгы агартуучулар Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Багыш, Темир молдо сындуу көптөгөн агартуучулар чыгып, жергиликтүү калктын колдоосу менен балдардын кат-сабатын ачуу аракетин жасаган. Мисалы, Жети-Өгүздүн Чырак айылында Байболот уулу Талып молдо арап, түрк, фарс, франсуз, немис, англис, орус, латын тилдеринде эркин сүйлөгөн жана жаза билген. Алтургай, кийинчерээк жапон жана кытай тилдерин да өздөштүрүптүр. Өз айылында мектеп ачып, зирек балдарды алыскы илим-билим борборлоруна жөнөтүп турган.

Албетте, молдолор мектеби негизинен балдардын кат-сабатын жоюу менен чектелген. Окуу куралы катары арап ариби менен жазылган чагатай тилиндеги китептер колдонулган. Тарыхта “молдо” атыккан адамдардын баарын эле ислам динин таркатуучулар катары кабылдоо менен, алардын аракетине бир жактуу баа берүү туура эмес. Мен билгенден, ал кезде кат-сабаты жоюлган, окумал, балдарды окуткан адамдар жалпысынан «молдо» атыккан. Азыр деле андай адамдарга “молдокелеп” кайрылмай адатыбыз калган жок. Чын-чынына келгенде, алар кандайдыр бир деңгээлде чыныгы агартуучулар болгон. Тарыхый чындык ушундай.

Молдокелер өз жергесинде чакан мектептерди ачып, көчмө бозүйлөрдү тигип, жергиликтүү калк арасынан идиректүү балдарды иргеп алып, аларды окутуп, жеке дареметине жараша илим-билим жана таалим-тарбия берип, көп ичинен суурулуп чыккан зээндүү балдардын андан ары окуусун улантуусуна шарт түзгөн, көмөк көрсөткөн. Алардын арасында Верный, Оренбург, Казан, Баку, Уфа, Станбул, Кашгар, Ташкент, Бухара, Самарканд сындуу борборлордо билимин өркүндөткөн, алтургай Санкт-Петербург университетин бүтүрүп, Россия Географиялык коомунда иштеген жаштар да чыккан. Буга көлдүк Усуп уулу Темир молдонун таржымалы таасын далил.

Ырас, XIX кылымда эле Кыргызстандын аймагында бир топ медреселер, пансиондор, жаңы усулдагы татар мектептери деле иштеп, анда жазуу жана окуу, география, грамматика, арифметика, табият таануу, ислам тарыхы өңдүү бир катар сабактар окутулган. Алардын окуу куралдары Казан жана Уфа шааларында басыла турган. Бирок, мындай мектептерде орус тили окутулбагандыктан, оторчулук бийликке анчалык жаккан жок. Ошондон улам, XIX кылымдын аягында Түркстан аткаминерлери мындай мектептерди жабуу чечимин кабыл алат, бирок аларды толук жабууга чама-чаркы жеткен эмес, кийин деле өз иштерин уланта беришти.

Кыргызстандын аймагында орус-тузем мектептеринин ачыла башташы жергиликтүү калк тарабынан колдоо тапкан. Мындай мектептердин чыгымын толугу менен жергиликтүү калк көтөрөт. Ошентип, 1916-жылы Кыргызстанда ачылган 16 орус-тузем мектебинде 750 бала окуган. Алардын арасынан келечекте Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов баш болгон бир топ мамлекеттик ишмерлер жана эл агартуу тармагында иштеген интеллигенция өкүлдөрү өсүп чыккан.

Ошону менен бирге, орус-тузем мектептери бүтүрүүчү жаштардын билимин андан ары өз алдынча өркүндөтүүсүнө өбөлгө түзгөнү менен айырмалана алды десек жаңылбайбыз. Мындай билим берүү мекемелеринин окуу программасы менен окутуу усулу бирдей жатак мектеп болгону да оң таасирин тийгизгени көрүнүп турат.

Кыргыздар тарыхтын тар жол, тайгак кечүүсүндө…

Кыргыз журту үчүн ХХ кылым деле кыйла трагедиялуу окуялар менен коштолду. Айрыкча 1916-жылдагы элдик-боштондук кыймылы Орус падышалыгы тарабынан аёосуз басылып, калкыбыздын негизги бөлүгү кытай жергесине качууга аргасыз болду. Жүз миңдеген эр-бүлө, катын-калач, бала-бакыра октон кырылып, андан аман калганы ач бел, ала жондо, көк муз, ара жолдо, агыны катуу дарыяларда мал-мүлкү менен кошо жапырт ажал тапты.

Жусуп Абдрахманов Үркүндөгү кызыл кыргын, козголоңдун келип чыгуу себептерин, элдик-боштондук кыймылынын табиятын, андагы Орус падышалыгынын мыкаачылыгын, Керенский башында турган Убактылуу Өкмөттүн жергиликтүү калкты тоолуу аймактарга көчүрүү чечиминин кесепети жөнүндө ташка тамга баскандай жазып калтырган. Ал маалымат ушул кезге чейин өз маанисин жоготкон жок.

Үркүндө каза тапкандардын так саны жок. Окумуштуулар 130 миңден 250 миңге чейинки сандарды айтышат. Чын-чынына келгенде, кыргыз кыргыны муну менен бүткөн эмес. Эгер биз солдаттардын огунан ажал тапкандарды, жолдо кырылгандарды, ачкадан өлгөндөрдү, кулчулукка сатылып кеткендерди, кайра кайтып келатканда набыт болгондорду, кытай жеринде калып калгандарды, кийин орустардын өч алуусунан өлгөндөрдү эске алсак, алардын эсеби дагы кыйла көбөйөт. Кыскасы, Үркүндөн үркөрдөй эле адам тобу аман калган десек да жаңылбайбыз.

Үркүн кыргыз журтунун жашоо-турмушун түптамырынан өзгөрттү. Илим-билим алууну мындай кой, аламааттан алапайын таппаган калкыбыз күнүмдүк жашоосу үчүн жандалбас урду. Баштагы жергиликтүү бийликтин ишине аралашуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жүрүмүнө катышуу, көчмөн калкты отурукташтыруу, берекелүү жер үлүштөрүнө ээлик кылуу, калктын кат-сабатын жоюу демилгелеринин деми басырылган. Муну эчким таналбас. Мындай арабөк абал соңку кыргыз мамлекетин түптөө демилгесинин башаты – РФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөн 1924-жылга чейин уланды.

Ал кезде коңшу Казакстандын аймагында Кыргыз АССРи (ал кийинчерээк кайра Казак АССРи болуп өзгөртүлгөн) түзүлүп калгандыктан, анын аталышын Кара-Кыргыз автоном облусу (кара – ири, накта, нукура) деп өзгөртүүгө туура келген. Жаңы админстативдик түзүмгө адегенде негизинен Кыргызстандын түндүк аймагындагы 14 болуштук кирген. Анын жалпы аянты 171 миң чарчы чакырымды түзүп, калкы 737 миң адам чамалуу болгон. Айрым маалыматтар боюнча калктын 5-6 пайызы гана сабаттуу болуптур.

Тунгуч мамлекеттин пайдубалын түптөө кырчылдашкан кармаштын аркасында келди. Демилгечил топ башында Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сындуу эр-азаматтар башында турган. Алардын мындай аракетин жамы жарды-жалчылардын терисин жамынып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн жандалбас урган айтылуу кудайкуловчулар тарабынан дароо жокко чыгартылып турду. Эми, ал кезде деле куру дымак, чала сабат немелер көп болгон. Алардын ассимиляция-диссимиляция сындуу “таш капкандардын” катылуу жатканына акылы жеткен эмес. “Кудайкулов кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес” деген ылакап ат мына ошондон калган дешет.

Мына ошол каршыккан топтун артында астыртан айдактаган дагы башка толгон-токой бузуку күчтөр менен кызыкдар тараптар турганын тарых өзү тастыктап койду. Алар Кыргызстанда алашчыл жана пантюркисттик маанайдагы бай-манаптардын тукумдары бийликке умтулуп жатканын, алардын анабашылары Ташкендеги Түркстан жана Алматыдагы Жети-Суу аткаруу комитеттеринде жетекчилик кызматтарда отурганын Москвага байма-бай жазып дагы, айтып дагы, какшап дагы турушту. Албетте, андай маалыматтардын баары бурмаланып жеткирилген.

Тилекке жараша, борбордо Кыргызстандын өз алдынчалуулугун колдогон, алтургай жакындан жантарткан жактар да жок эмес экен. Мына ушундай көп тараптуу каршыккан каршылыктарга карабастан, интеллектуалдык деңгээли боюнча, илим-билими, сыпаалыгы жана ынсаптуулугу жагынан кудайкуловчулардан айырмаланып турган, кырчылдашкан кырдыбычак кармаштарда мол тажрыйба топтоп, кыйла такшалып калган демилгечил топтун аракети менен 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлөт.

Оң жагына чечилген тарыхый тагдыр тамашасы

Революциялык комитеттин 1924-жылдын 10-декабрындагы №5 токтомунун негизинде Кара-Кыргыз автоном облустук аткаруу комитетинин элге билим берүү бөлүмү уюшулуп, башчылыгына Турдалы Токбаев дайындалган. Ал бөлүм 1927-жылдын 17-мартынан тартып Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариаты болуп өзгөртүлүп, комиссарлыгына 26 жаштагы Касым Тыныстанов дайындалган.

Кыргыздын тунгуч кызыл профессору Касым Тыныстанов ага чейин эле кыргыз мамлекетинин демилгечилеринин бири, жазуучу, адабиятчы, лингвист, агартуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер катары кеңири белгилүү болгон. Кийин ал «Кыргыз тилинин морфологиясы», «Кыргыз тилинин синтаксиси» аттуу окуу китептердин автору болуу менен бирге, “Манас” эпосу баштаган элдик оозеки чыгармаларды жыйноо, топтоо, которуу, чыгаруу, жайылтуу, кыргыз тилинин жаңы грамматикасын иштеп чыгуу, кыргыз жазмасын латын тамгасына өткөрүү демилгелеринин башында турду.

Ошондой эле, мамлекеттик ишмер, окумуштуу Ишеналы Арабаевдин “Кыргыз алиппесинин” чыгышы жана колдонула башташы улуттук эл агартуу тармагын жалпы нукка салды деп эле тартынбай айтсак жарашат. Көрсө, ал кишинин ага чейин эле жетиштүү илимий тажрыйбасы болгон экен. Окумуштуу казак калкы үчүн “Жазу өрнектери” сындуу бир катар окуу китептерин жазып, Ташкенттеги Орто Азия университетинде казакча сабак берип жүргөн тура. Башкасын мындай кой, азыр кыргызда агатуучунун “Ата, атка така как” деген айтылуу аксиомасын жатка билбеген жан чанда чыгар. Кыргыздын далай мууну мына ошол китеп менен тарбияланды.

Ал эми 1937-жылдын 23-мартында алгачкы Кыргыз ССР Конституциясынын негизинде Эл агартуу комиссариаты түзүлүп, анын ички түзүмү 11 бөлүмдөн турган: Иш башкармалыгы, Чоңдор мектептери башкармалыгы, Башталгыч мектептер башкармалыгы, Орто мектептер башкармалыгы, Курулуш башкармалыгы, Балдар үйү башкармалыгы, Жабдуу бөлүмү, Мектепке чейинки бөлүм, Саясий агартуу башкармалыгы, Атайын бөлүм. Ал түзүмдөрдүн ар бири өз алдынча иш алпарган.

Албетте, заман талабына жараша, андан кийин деле эл агартуу мекемесинин аталышы көп жолу өзгөртүлүп, ички түзүмдөрү бөлүнүп-жарылып, кайра кошулуп, жетекчилери дагы алмашылып турду.

Кайсы заманда кандай аталбасын, улуттук агартуу тармагыбызга Аскар Турсунов, Мукаш Базаркулов, Абдылда Каниметов, Болот Юнусалиев, ТаштанбекТургунов, Султан Токтогонов, Анарбек Бакаев, Чынара Жакыпова, Аскар Какеев, Советбек Токтомушев, Камиля Шаршекеева, Турсунбек Бекболотов, Ишенгул Болжурова, Мустафа Кидибаев сындуу көптөгөн тажрыйбалуу адамдар өз дараметине жараша жетекчилик кызматта жигердүү иштеп келишти.

Бул жерде дагы ирет тактай кетчү жагдай бар

Тарыхый маалыматтарга караганда, Ишеналы Арабаев башында турган демилгечил топ Ташкент шаарындагы Түркстан АССРинин катчылыгынан 1924-жылдын апрель айында Билим берүү боюнча илимий-усулдук комиссия түзүү жөнүндө токтом чыгартууга жетишет. Ал эми РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономдуу облусу 1924-жылдын 14-октябрында түзүлүп жатпайбы. Тарыхый чындык ушундай!

Демек, Билим берүү боюнча илимий-усулдук комиссия РФСРдин курамындагы жаңы Кара-Кыргыз автоном облусунан жарым жыл мурда түзүлгөн болуп жатпайбы. Ошондуктан, кыргыз элинин бакубат келечеги үчүн акылын азык, каруусун казык кылган демилгечи топтун эл агартуу маселесине өзгөчө көңүл бурганын боолголосок болот. Алар чала сабат калк менен көзкарандысыз мамлекетти куруу мүмкүн эмес экенин жетик түшүнүшкөн. Ал кезде карапайым калкыбыздын калың катмарынын сабаттуулук деңгээли 5-6 пайыздан ашкан эмес.

Азыркы Билим берүү жана илим министрлиги менен көптөгөн илимий мекемелердин түзүлүшү кайсы бир деңгээлде мына ошол Билим берүү боюнча илимий-усулдук комиссиясын түзүү жөнүндө токтомдун туундусу, мезгилдин күрөө тамырын кармай билген чыгаан уул-кыздарыбыздан калган алдыңкы идеялардын улантуучулары болуп саналат.

Байыркы грек ойчулу Папандреу мырза айтыптыр: «Өлкөң бай болуп, элиң билимсиз болсо – жаман. Өлкөң бай болуп, элиң билимдүү болсо – жакшы. Өлкөң жарды болуп, элиң билимдүү болсо – ага деле чыдоого болот. Ал эми өлкөң жарды болуп, элиң да билимсиз болсо – андан өткөн кордук жок!». Кыргызстан социалдык баалуулуктарды карманган өлкө экенин, билим берүү тармагына ар дайым артыкчылык берилип келгенин эгерим эстен чыгарбашыбыз керек. Билим берүү менен таалим-тарбия иши – ар адамдын кош канаты. Алар биздин эң башкы байлыгыбыз. Ансыз адамзат болочогун элестетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, эл агартуу тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды ата-бабаларыбыз баштап кеткен изги иштин уландысы катары карасак болот. Эгемен Кыргызстандын жаңы шартта жаңы нукта өнүгүү жолуна түшүүсү көптөгөн мүмкүнчүлүктөр берилүү менен бирге, алардын алдына бир катар жаңы милдеттер, жооптуу талаптар коюлууда. Өлкөдөгү өзгөрүүлөр менен кайра курумдардын жүрүшүнө өз үлүшүн кошп, жалпы журттун алкышына арзуу – чоң сыймык да, зор милдет.

Кемел Белек,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер