КУРУЛТАЙ: НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮ

  • 30.04.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин колдоосу менен уюштурган республикадагы билим берүү уюмдарынын немис тили мугалимдеринин XIV съезди борбор калаадагы белгилүү “Креатив-Таалим” ББКсынын базасында өттү. Бул маанилүү иш-чара немис тилин жайылтууга жана тереңдетүүгө арналып, билим берүү тармагындагы адистердин башын бириктирди. Курултайга республикадан 205 немис тилчи мугалимдерден сырткары Германия, Өзбекстан жана Казакстандан да адистер катышты.

КУРУЛТАЙ: НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮ

Иш-чаранын ачылышына  билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Константин Селенти, Казакстандагы  Гёте институтунун тил бөлүмүнүн жетекчиси Марек Грыглевич катышты.

М.Касымалиев өз сөзүндө министрлик немис тилин окутууну колдой тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту менен Казакстандагы Гёте институтунун ортосундагы немис тили мугалимдерин окутуу жана кайра даярдоо, кесиптик билим берүү системасын жакшыртуу, окутуунун инновациялык технологияларын жана методдорун киргизүү, насаатчылык системасын өнүктүрүү, методикалык колдонмолорду жарыялоо, биргелешкен окуу программаларын жана иш-чараларды уюштуруу үчүн кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.

КУРУЛТАЙ: НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮ

Съездде мугалимдер окутуунун заманбап усулдарын талкуулап, жаңы окуу китептери, автономдуу окутууда жасалма интеллектти колдонуу, мектепке чейинки окутууда санариптик куралдар, оюндардын жардамы менен грамматиканы үйрөнүү боюнча баяндамаларды угушту.

— Курултайдын башкы максаты — немис тилин ийгиликтүү окутууга көмөктөшүүчү заманбап окутуу ыкмаларын талкуулоо жана алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү,   немис  тилин окутуунун сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү профессионалдык өнүгүү жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү. Иш-чарада билим берүү тармагынан чакырылган адистердин презентациялары, эл аралык программалардын алдыңкы сабактары абдан кызыктуу өттү. Курултайга  Германия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн ар кайсы аймактарынан келген немис тили мугалимдери жана лингвистикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар адистер катышты, — дейт Казакстандагы Гёте институтунун кызматкери Анна Мельник.

Курултайдан кийинки ойлор

Динара ДАЙЫРБЕКОВА, “Креатив-Таалим” ББКнын алдындагы Кыргыз-Герман инновациялык борборунун мугалими:

КУРУЛТАЙ: НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮ

 

— “Креатив-Таалим” ББКнын алдында ачылган Кыргыз-Герман инновациялык борборунун максаты — мектепте немис тилин жайылтууну көздөйт. Ал жерде бир нече мугалимдер эмгектенебиз. Мектепте немис тили окутулат, абдан көп жакшы долбоорлор тартыла баштады. Немис тили мугалимдеринин XIV съезди дагы мектепте немис тили бар болгондуктан ушул жерде уюштурулду. Бул курултай эл аралык деңгээлде өттү. Негизи курултай 14-жолу  Кыргызстанда өтүп жатат. Андан тышкары немис тилчилерди чогулткан форум дагы бар. Ал форум өткөн жылы Казакстандын Тараз шаарында өтсө, жакында эле Ташкентте өттү. Кийинки форум, буюрса, Кыргызстанда өтөт. Эң негизгиси курултайды “Креатив-Таалим” ББКсы менен Казакстандагы Гёте институту биргелешип уюштурушту. Буларга өнөктөш болуп  Кыргызстандагы Германия Федеративдик Республикасынын элчилиги, Кыргызстандагы Гёте институтунун филиалы, Кыргызстандагы немис тилчи мугалимдердин ассоциациясы ж.б. колдошту.

КУРУЛТАЙ: НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮ

Курултайдын башкы темасы: “Кесиптик билим берүүнү жайылтуу”. Анткени бүгүнкү күндө изилдөөгө көз чаптырсак, Орто Азия мамлекеттеринде жогорку билим берүүгө көңүл бөлүнүп эле, кесиптик-техникалык билим берүү артта калыптыр. Бирок өнүккөн мамлекеттердин тарыхын карай келсек, эң биринчи мамлекет кесиптик билим берүү окуу жайларына өзгөчө көңүл бөлөт экен. Мейли мектепте болобу, мейли кесиптик-техникалык училищаларда болобу, немис тилин окутуу методикасы кандай негизде жүргүзүлүп жатканын талкууладык, тажрыйба алмаштык. Чындыгында Кыргызстанда  акыркы кездерде немис тилине көп көңүл бурулбай калды. Ата-энелер көбүнчө балдарын англис тилине окутууга басымдуулук кылышат. Эгер балдары англис тилин билсе эле, дүйнө жүзүн кыдырууга мүмкүнчүлүк көп экендей сезишет. Бүгүнкү күндө Германия мамлекетине эшик ачылып жатат. Мейли билим алуу боюнча, мейли миграцияга чыккандар болсун, баары эле Германияга кете башташты.

Германия билим берүү, техникалык жагынан абдан өнүккөн мамлекеттердин бири. Ошондуктан биздин немис тилчилер  кайсы бир деңгээлде ушул шарттан, мүмкүнчүлүктөн пайдаланышыбыз керек. Анткени жөнөкөй жарандарыбыз жумушка орношконго деле тил керек,  балдарыбыз барып билим алып келгенге деле тил керек экенин унутпасак.

Азыркы күндө “Креатив-Таалим” ББК бир нече этаптардан өтүп жатабыз. ПАШ программасынын бир нече критерийлери бар, ошого жооп беришибиз керек. Ириде немис тилин окуган балдардын жетиштүү саны болушу керек, ар бири А1, А2 деңгээлдерин өтүшү зарыл, т.а. бир деңгээлде белгилүү бир окуучуларыбыз экзамен тапшырып,  сертификаттуу болушу керек  ж.б.у.с. Ушул критерийлерден өтсөк ПАШ программасына өтүнмө берет элек. Ал программа биздин балдарга жылына бир-эки жолу Германия мамлекетинин колдоосу менен  мамлекеттик мектептерине 15 күнгө же 1, 2 чейрек барып,  билим алып келгенге балдар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот. Мектепте иштеген  немис тилчилер эле эмес, бардык предметтер боюнча мугалимдер барып, он күндүк же он беш күндүк курстардан өтүп, билимдерин жогорулатып келгенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алар тараптан дагы бизге келип, тажрыйба алмашат.

 Анна МЕЛЬНИК, Казакстандагы Гёте институтунун  кызматкери:

КУРУЛТАЙ: НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮ

—  Гёте институтунда  немис тилине тиешелүү тил долбоорлору,  ошондой эле Германия менен байланыштуу маданий иш-чараларды өткөрүү менен иш алып барабыз. Белгилүү болгондой, пандемиядан кийин көп убакыттан соң немис тилчилердин 14-съездин өткөрдүк. Эң акыркы жолу Бишкек шаарында 2017-жылдары өткөн элек. Эмне үчүн Кыргызстанда өтөт деген суроо жаралат болуш керек, себеби Кыргызстанда немис тилчи мугалимдердин саны арбын, экинчиден, мугалимдер өтө активдүү. Бул жолку съездге 205 мугалим келди.

КУРУЛТАЙ: НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮ

Эң башкы максат – мугалимдер бири-бири менен байланышып, тажрыйба алмашып турууну көздөйт. Ошондой эле жаңы ыкмаларды үйрөтүү менен, Германиядагы белгилүү басма үйүнөн чыккан окуу китептери, жаңыча усулдук иштелмелер менен тааныштырылды. Мугалим жөн эле сабак берип койбостон, мейли окуучу болобу, мейли студент болобу аларды тилге үйрөтүүдө  жаңыча ыкмалар менен кызыктырып, мотивация берип туруу зарыл.

“Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” демекчи, англис тили керек, бирок немис тили дагы баланын келечегине, т.а. билим алуусуна, ишке орношконго керек. Маселен, Кыргызстанда көптөгөн немис фирмалары иштейт. Экинчиден, Германияда билим алуу бекер. Биздин балдар немис тилин окуп, Германияда окушат, анткени алар эң жогорку, сапаттуу, бекер билим алып, кайрадан мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу үчүн кайтып келишет.

КУРУЛТАЙ: НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮ

“Креатив-Таалим” ББКде немис тили абдан жогорку деңгээлде окутулат экен. Съезддин ачылышында балдар тил билүү деңгээлин көрсөтүштү, аларга мугалимдер жакшы мотивация берип тураарын көрдүк.

Кыргызстанда немис тили мугалимдеринин ассоциациясы да өтө жакшы иштейт. Курултайда көп семинарлар, мастер-класстар жалаң немис тилинде өттү.  Дегеле немис тилин окутуу төрт көндүмдөн турат: угуу, айтуу, окуу жана түшүнүү.

Фатима АЛДАШОВА, доцент:

— Курултай немис тилчилер үчүн абдан чоң майрам. Биз, биринчиден, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашабыз. Ар бирибиздин семинарларыбызга катышып, сабактарыбызга барып, алган тажрыйбаны кийинки сабактарга колдонгонго аракет кылабыз. Тилчилердин форуму ар бир жылы же эки жылда бир болуп турат. Уюштурганга чоң уюмдар жардам берет.

Немис тилчи мугалимдер, чындап айтканда, жетишпей да баратат. Немис тилине кызыккан студенттердин саны да арбыды. Анткени Германияга илимий жактан көп программалар бар, конкурстарга да катышып турушат. Студенттер сынактан сыйлык утуп алып, Германияга жайкы жумушка барып, өздөрүнүн контрагын төлөп алганга жетишти.

Замира МАМБЕТОВА, немис тили мугалимдеринин ассоциациясынын төрайымы:

КУРУЛТАЙ: НЕМИС ТИЛИН ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТҮҮ

— Кыргызстанда немис тилчи мугалимдеринин коому бар. Ал коом 1994-жылдан бери уюштурулуп келет. Коомдук башталышта эмгектенебиз. Жылына взнос эки жүз сомду түзөт. Бирок ал жакка өзү каалоосу менен гана мүчө боло алат. Бүгүнкү күндө бизде элүү адам ушул коомдун мүчөсү. Мындан сырткары чет өлкөдө дагы эл аралык немис тилчилердин коому бар. Биз ал коомго жыл сайын 150 евродон төлөйбүз, алар менен кызматашуубуз абдан керек, анткени аларга 2005-жылдан бери мүчөбүз. Кызматташканыбыздын себеби, төрт жылда бир немис тилин сүйлөгөн мамлекеттерде эл аралык конгресс болуп турат. Ушул конгресске мүчө катары чакырышат. Докладдарды окуп, семинарларды өткөрөбүз. Алар жол киребизди төлөп беришет.

Негизи буга чейин курултай И.Арабаев атындагы КМУ, Эл аралык университетинде жана башка окуу жайларда өтүп эле жүргөн. Быйыл шартка ылайык, жаңы,  заманбап технологиялардын пайда болушу, кабинеттердин семинарга ылайыктуулугу каралып, Казакстандагы Гёте институту курултайды “Креатив-Таалим” ББКнын базасында өткөрүү маселесин чечкен.  Гёте институту бизди каржылап турат.

Эң биринчи съезд 2000-жылы Бишкек шаарында өткөн. 2019-жылдан кийин пандемияга байланыштуу токтоп турду эле, эми кайра жандана баштады. Гёте институту семинарларга керектүү материалдардан баштап мугалимдердин тамак-ашына чейин каржылап келет.

Акыркы 15 жылдын ичинде немис тилчи мугалимдердин сааты кыскартылган. Анткени ата-энелер дагы “менин балам немис тилин окубайт, англис тилин окуйт”  десе,  тайпаларда бала аз калып, мугалимдердин сааты кыскарып кетти. Мисалы, Бишкектеги №38 мектепте, №19 жана №16 мектепте база бар болчу. Тилекке каршы, 20-50 бала калды. Ал эми кыскарып кетүүнүн себеби, биринчиден, китеп жок, экинчиден, ата-эне каалабайт. Алсак, Бишкек шаарындагы Көлмө жаңы конушундагы №78 мектепте азыркы күндө 900 бала немис тилин окуйт. Ата-энелери дагы каршы болгон жок. Окуу китеби жетишпей калган учурда  №69 мектеп, Германия тараптан каржыланган мектептер эски китептерин беришет.

30 жылдын ичинде Германия мамлекети Кыргызстандагы немис тили адистигине окуткан окуу жайларындагы окутуучуларды колдоп, стипендияларды беришет. Мугалимдерге бул мотивация болот экен жана Германия мамлекетинде бир, үч ай же бир жумага барып, билимдерин өркүндөтүп келишет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер