КУРУЛТАЙ – ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИКТИ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КӨПҮРӨ

  • 07.12.2022
  • 0

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылынын тургуну, учурда ардактуу эс алуудагы ардагер мугалим, Эл агартуунун отличниги Айдан Абдраимова Үч-Терек айыл аймагынан шайланган эки делегаттын бири. Ал 40 жылга чукул мектепте мугалим, мектеп директору болуп иштеген тажрыйбалуу адис катары жердештеринин ишенимине арзып, делегат мандатына ээ болгон. Төмөндө алыскы аймактардагы мектеп көйгөйлөрү менен бөлүшкөн делегаттардын ой-сунуштары.

КУРУЛТАЙ – ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИКТИ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КӨПҮРӨ

— Кимге кандай таасир калтырды билбейм, мен үчүн жогорку деңгээлде болду. Бул – карапайым элдин мүдөөсүн бийликке жеткирген трибуна, эки тарапты байланыштырган көпүрө болуп калды деп эсептейм. Анда жогору жактарга жетпей элдин ичинде көптөн бери бугуп келген маселелер айтылды.

Айыл аймагында билим берүү тармагында көйгөй көп. Алыскы жана жакынкы айылдардагы мектептерде компьютерлер жетишсиз, ар бир окуучуга бирден компьютер болсо эң сонун болмок.  Ошондой эле мугалимдер кесипкөй жетишпейт. Анын ичинен өзгөчө эркек мугалимдер дээрлик жок. Эң көп дегенде, ар бир мектепте 3-4 эле мугалим бар. Аял мугалимдер табиятынан назик, жумшак келгендиктен, тартипти катуураак талап кылууга дарамети жетпейт. Балдар колундагы телефонго байланып, үйдө ата-энесин, мектепте мугалимди тоотпой, сабакка көңүл бөлүүсү солгундап калган.

Мен жетекчи болуп жүргөндө диктатор мугалим, кесипкөй мугалим жана орто заар мугалим деп үч категорияга бөлүп карачумун. Өзүнүн жеке авторитардык режимин үстөмдүк кылып, окуучуларды басмырлап коркутуп-үркүткөн мугалимдер болот. Кесипкөй мугалимдер аты айтып тургандай эле өз кесибин сүйгөн, өз предметин өзүнөн артык көргөн, өз билгенин окуучусуна жеткирейин деп жанын сабап эмгектенгендер. Ал эми ортозаар мугалимдер айлыктан айлыкка эптеп күн өткөрүп, изденип иштебеген мугалимдер. Демек, эң оболу мугалимдер өздөрү билим деңгээлин жогорулатып, балдарга жугумдуу билим берүү жолдорун табууга умтулушу керек.

Биз кантип изденип иштеген мугалимдер армиясын түзө алабыз? Анын жолу көп эле. Мен бир гана жолун айтайын, мурдагыдай мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнү киргизүү керек. Ошондо мугалимдин чыныгы жүзү ачылып, билимдүү экени көрүнөт. Анан мугалимдердин кесиптик чеберчилигин тынбай жогорулатып туруу керек. Заманбап технология өнүккөн азыркы шартта ага жетишүү оңой эле.

Курултай жөнүндө да пикиримди айта кетпесем болбос. Менимче, биринчи жолу өткөн курултай ушундай эле болмоктур. Мындан кийин жыл сайын өткөрүлүп турса, бара-бара бир тартипке келеринде шек жок. Менин жеке пикиримде, адегенде жалпы чогулушта президенттин сөзүн уккан соң, тармактарды чакан топторго бөлсө, максатка ылайыктуу болмок. Мисалы, билим берүү, айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо деген сыяктуу топторго бөлгөн соң “арай көз чарай” олтуруп, ар бир тармактагы суроолор өз-өзүнчө талкууланса, көбүрөөк маселелер камтылып, каралмак жана бири-биринин убактысын алмак эмес. Ушуну келеркиде эске алса деген изги тилегим бар. Жер-жерлерден келген делегаттардын баары элдин мүдөө-талабын жазуу түрүндө тиешелүү тармактарга жеткирдик. Жообу жакынкы арада берилет деген ишенимдебиз, — дейт ардагер мугалим Айдан Абдраимова.

Депозит аркылуу эркек мугалимдерди мектепке тартуу керек

Ардагер мугалимдин мектептерге эркек мугалимдерди тартуу жөнүндөгү оюн улаган Кызыл-Ураан айылындагы мектептин директору, курултай делегаты Апсатар Үтүров, айыл-шаарлардагы мектептерге эркек мугалимдерди депозит берүү жолу менен мугалимдикке кызыктыруу керек деп эсептейт.

КУРУЛТАЙ – ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИКТИ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КӨПҮРӨ

— Айылдабы, шаардабы, мектептеги эң негизги көйгөй – балдардын билим сапатын көтөрүү, татыктуу муун тарбиялап өстүрүү. Биз акыркы жылдары балдарды тарбиялоону аялдарга гана оодарып салганбыз. Аялзатынын түйшүгү ансыз деле көп. Алар үчүн билимдүү, ыймандуу, тартиптүү, патриот балдарды тарбиялоо көптүк кылып аткан жокпу? Балким ошондон улам балдардын тарбиясы солгундап жатпасын? Биз ушул маселенин үстүндө да терең ойлонушубуз керек. Мектептерде эркек мугалимдерди жок дегенде 50 пайызга көтөрүү керек. Алардын энергиясы да көбүрөөк, тарбиясы да таасирдүү болот. Азыр балдарды тарбиялоодо аялзаты басымдуу болуп жаткандыктан, балдардын духу башкача болуп баратат. Бардыгы күбө, курултайда Баткен көйгөйү жөнүндө сөз болгондо баарыбыздын көзүбүздөн жаш айланып, башка маселелердин баары бери жакта эле калды.

Эркек мугалимдерди мектепке кантип тарта алабыз? Менин сунушум: аларга 100 миңден 300 миң сомго чейин депозит бериш керек. Биз мурда “Жаш мугалим депозитин” киргизип, айылдардагы жетишпей жаткан мугалимдердин катарын толуктадык эле. Материалдык бакубаттуулукту арттыруу үчүн жаш, жигердүү, билимдүү жаштарыбыз чет өлкөлөргө кетип жатат. Баткен окуясынан улам мени мекенди коргогон, үй-бүлөнү баккан патриот муунду, эркектерди тарбиялоого басым жасашыбыз керек деген ой бекем чулгап алды, — дейт Апсатар Биримкулович.

КУРУЛТАЙ – ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИКТИ БАЙЛАНЫШТЫРГАН КӨПҮРӨ

Аскерге чейинки даярдоо сабагын көбөйтөлү

— Мекенди коргой турган жаштарды тарбиялоо үчүн мурдагыдай аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча штат бирдиктерин кайра калыбына келтирүү керек. Мисалы, азыр 10-11-класстар үчүн экиден гана саат бөлүнгөн. Ошондуктан штат бирдигин ачып, 9-класстан баштап окутуу талапка ылайык келет. Балдарга катарга тизилгенди, курал кармаганды, ант бергенди ж.б. үйрөтүп, анан гана аскерге жөнөтүү керек.

Бойго жеткен балдарды аскерге кызмат өтөөгө жөнөтүү да көптөгөн талаш-тартыштуу маселелердин ана башы болуп келүүдө. Адатта, аскерге карапайым адамдардын балдары алынат. Мындай теңсиздикти жоюп, баарын бирдей жөнөтүү керек. Мейли ал министрдин баласы болобу, президенттин баласы болобу, баары жарандык парзын аткарууга милдеттүү. Азыр баам салсак, 11-классты аяктаган балдардын ичинен 3-4 бала гана барып, калганы контракт боюнча жазылат, а бирок контракт деген бекер кеп экен, анын эч кандай жоопкерчилиги жок.

Жаш адис ардагер мугалимдин ордун баса алабы?

Мектептеги чоң көйгөйдүн дагы бири – жаш адистерди тандоо, үйрөтүү экени талашсыз. Эгерде кээ бир аймактарда, айрыкча, борборлордо жана аларга жакын жайгашкан аймактарда адистерди тандап ишке алууга мүмкүн болсо, алыскы райондордо мугалимдин тартыштыгын жоюу чоң маселелердин бири. Муну Апсатар Биримкулович да белгилеп кетти.

— Албетте, мугалимди мектепке кабыл алууда биринчи кезекте кесибин карап, билимин баалайбыз. Арийне, жаш адистерди тандоо да чоң маселе экенин моюнга алуу керек. Азыр ардагер мугалимдер заман талабына шайкеш билим бере алабы деген суроолор пайда болуп калып жатат. Эмгек жамаатымда азыр 10 пайыз ардагер мугалим иштейт. Мен 2010-жылы жаңы директор болуп келгенде, реформа жасайм деп, эки билекти түрүп жакшы эле киришкем. Пенсия жашындагыларды кетирип, 7-8 жаш адис кыздарды алып келгем. Алар бир-эки жыл жакшы эле иштеди да, турмушка чыгып кетти. Айла жок, баягы кетирген мугалимдерди кайра алууга туура келди. Себеби, айылда кадр жетишпейт, эркек жаш мугалимдерди эмес, деги эле жаш мугалимдерди табуу кыйын. Мисалы, азыр менде кээ бир предметтен мугалим жетишпегендиктен, сырттан окуган, даярдыгы талаптагыдай эмес адистерди алып, окутууга туура келет, ал ортодо бир топ убакыт өтүп кетип атпайбы. Кандай деген күндө да, жаш курагы улуу мугалимдер — принципиалдуу, жоопкерчиликтүү келет, ал эми жаш адистердин жоопкерчилиги аз, жеңил эле алдап коет.

Мен ушул жерден жаш курагы улуу адистер технологияларды жакшы өздөштүрө алабы же жокпу деген дагы бир орчундуу маселеге токтоло кетейин. Технологияларды үйрөнүү жаш куракка карабайт. Эгерде кызыкдар болсо, үйрөнүп кете алат. Мен 2011-жылы Бишкектеги техникалык университет аркылуу Кельн шаары менен байланышып, проект жазып, мектебиме компьютер алып келгем. Жогорку Кеңештин экс депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жардамы менен мектепти интернетке туташтырып мектептин сайтын ачып, ошол жылдары эле мугалимдердин баарына компьютер менен иштөөнүн ыкмаларын үйрөткөнбүз. Ийгиликтерибиз жаман эмес, кыргыз тили, математика сабагынан республикалык олимпиадага чыгып, байгелүү үчүнчү орунга жетишкен окуучуларыбыз бар. Андан тышкары, жаш спортчу балдарыбыз жеңил атлетика боюнча спартакиададан район, облус, республикада байгелүү орундарга чыгып жатканы бизди да, окуучуларыбызды да шыктандырууда, — дейт, директорлорду тандоо сынагында жеңип, экинчи мөөнөткө иштөөгө жаңы киришкен Апсатар Үтүров.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер