КУМТӨРДӨГҮ КЫЛЫМ КАРМАШЫ: САДЫР ЖАПАРОВДУН ЖЕҢИШИ – ЭЛДИН ЖЕҢИШИ

  • 06.04.2022
  • 0

Өлкөбүз 30 жылдан бери карай тамырлап кеткен жемкорлуктан, экономикалык кризистин сазынан бутун биротоло сууруп кете албай  очорулуп  турган кезде,  тышкы карыздарды төлөөнүн мөөнөтү жакындап, «какаганга муштаган» дегендей, кымбатчылык да алка жакадан алып турган чакта, дүйнөдөгү  геосаясий кырдаал да оорлошуп турганда, ак калпак кыргыздын арманына айланган «Кумтөр» алтын кенинин Кыргызстандын менчигине өтүшү өзүнчө бир төңкөрүшкө тете, айран калтырган, «Тебетейди көккө ыргыттырган» кубанычтуу окуя болду. Мындай улуттук масштабдагы жеңишти жана эрдикти буга чейин ким жасады эле, кайсы Ажонун колунан келди эле? Колунан келмек түгүл Абыке-Көбөштөрүбүз, ишенген кожолорубуз тескерисинче, чет өлкөлүк жору – кузгундарга кошулуп, «Кумтөрдү» кошо талап – тоношподубу.

Садыр Жапаров ушундай айла кеткен кыйын заманда колуна ар намыстын кылычын кармап, бороонго көкүрөгүн тосуп, жалгыз чыгып, «Кумтөрдүн» алтынына жомоктогу ажыдаардай оролуп жаткан жети баштуу желмогузду беттеп чыккан. Атаганат, желмогуздун жети башынын бир эки башы кыргыз көзкамандарынын баштары болучу. Ушунун айынан Садыр жапаровду Кумтөрдүн ажыдаары куйругу менен чаап жыгып, темир тордун артына түртүп салганы баарыбыздын эсибизде турат го. Тагдырдын буйругу жана элдин колдоосу менен Президенттик бийликти колго алганда, Садыр Жапаров мамлекеттик бийликтин күч – кубатына жана элдин эңсөөсүнө таянып, мыйзамдуу негизде «Кумтөрдүн» чет өлкөлүк жана жергиликтүү жору –кузгундарына каршы акыйкаттын ачуу жебелерин агытты.

Адабиятташтырып, образдуу айтканда, акыры кендеги алиги ажыдаардын башы кыя чабылды. Прзеидент Садыр Жапаров өзүнүн жалтанбас эрдиги менен улутубуздун эңсеген мүдөөсүн ишке ашырып, элдин байлыгын элге кайра кайтарып берди. Экономикалык жактан стратегиялык мааниге ээ «Кумтөрдүн» Африка менен  Азиянын байлыктарын талап-тоноп көнгөн кечөөкү колонизаторлордун урпактарынын ач тырмактарынын алдынан сууруп чыгарылышы, кыргызстандын менчигине өтүшү – бул Президентибиздин жана анын чоролорунун  баатырлыгы эмей эмне?

Бул атуулдук – патриоттук эрдик эгемендүү  өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калчу зор окуя. Кумтөрдө кылым кармашы болуп өттү. Акыйкат жеңди.

Чындыгында мурдагы башчылардын тушунда эл «Кумтөрдөн» түңүлүп, социалдык апатияга тушугуп турган. Болуп өткөн элдик революциялардан күткөн үмүттөр акталбай, ишенген кожолор «сууга агып», ар кимибиз «алды алдыбыздан тал кармап», коомубузду  моралдык кризис басып, мындан улам төмөндөгүдөй ыр саптары жаралып эл арасын аралаган:

 

Ашып-ташып байлык, бийлик кумары,

Тебеленди асылдыктын тумары.

Ыйман калып ыргытылган буюмдай,

Идеалдар чөп өңдөнүп куурады.

 

«Акча», «акча» деп көрчү обон созгонун

Жемкор деген жетеси жок «чочконун».

Карагын эй, капчыктары дем берип,

Каргалардын бүркүттөрдөн озгонун!

 

Шайлоолордо түлкүлөргө алданды,

Акыйкаттан адашышкан жарандар.

Тулпарларды тизеге чаап жыгышып,

Эшектерге жол ачышты кайрандар.

 

Калк башкарса каркылдаган каргалар,

О жараткан, мындай кайгы кайда бар.

Алтын такка ээлик кылса майдалар,

Бу заманга айтчы кандай айла бар?

 

«Кумтөрүңдү» ач көз чөөлөр талкалап,

Ажолоруң ал жуттарды калкалап.

Кара жемсөө жеке менчик кумарлар

Чынарыңды кыйып жатат балталап.

 

О алп Манас, качанкыга уктайсың,

Качан сенин албуут күчүң ойгонот?

Журттун канын соруп жаткан кесепке

Алп кубатың качан каршы козголот?

Кай убакта Сырбараңың октолот —

Качан сенин милтелерин чоктолот?

Жети баштуу желмогузду жайлаган-

Кайда бая кыныңдагы Жойболот?

Салтанаттап «Чоң Казаттын» жеңишин,

Качан биздин ата журтта той болот?

 

Кыргызстандын али тоңу жакшы эрибеген кыртышында Парламенттик башкаруу формасы өзүн актабай, Жогорку Кеңеш «чыр дөбөгө» айланып туруп алды. Бийликтин үч бутагы бири-бири менен талашып, жоопкерчиликти бири-бирине шылтап, маселелер чапчаң чечилбеди. «Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» күч алды.

Жергебизде, эмнесин жашыралы, башаламандык, анархия куйругун чагарактатып, даң салды. Кыргызстан Президенттик бийликке муктаж  болуп турган эле. Абактагы темир тор кыйрап, Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен саясий реформа башталып, башкаруунун  Президенттик формасы тандалып алынды. Президенттик бийликтин  орношу жогорудагы ыр саптарында  айтылгандай, Манастын күчү мамлекет кейпинде ойгонгондой, жамандыктарга каршы Сырбараңдын, Аккелтенин милтелери чоктолгондой болду. Мыйзамдын күчүнө  жана  элдин эркине, калк кызыкчылыгына таянган күчтүү президенттик бийлик. кыргыз коомундагы тартипке, стабилдүүлүккө, мыйзамдуулукка гарант болуп турушу керек болучу. Күчтүү мамлекет жетиле элек гражданиндин мамлекеттин негизин кыйрата турган эгоизмин жана анархизмин, соттордун беймыйзамчылыгын, чиновниктердин бюрократиясын, коррупциясын, криминалдуу дүйнөнү, мафиялык топтордун араанын ооздуктоо, коомдогу социалдык жана экономикалык процесстерди регулировкалоо үчүн, улуттук турмушту тыштан жана ичтен бүлүндүрүүчү факторлорго каршы туруу үчүн зарыл эле.

Бизде президенттик бийлик мурда да болгон. бирок президенттик бийликти мамлекет башында тургандар образдуу айтканда, жамааттын кызыкчылыгы  үчүн эмес, жакындардын, жанжөкөрлөрдүн кызыкчылыгы үчүн, коомдун кызыкчылыгы  үчүн эмес, коктунун кызыкчылыгы үчүн, калктын кызыкчылыгы үчүн эмес, казынаны тоноо үчүн пайдаланышкан. албетте, жакшы иштер да болгон,  бирок көлөкөлүү иштер аларды жууп кетип жатты.

Садыр Жапаров Президенттик бийликти элдин байлыгын соргондорду ооздуктоо үчүн иштетти. «Кумтөрдөгү» карышкырларды кемээчтеди эле, өткөн 20 жылда Кыргызстан  85 000 000 доллардын тегерегинде дивиденд алса, 2021-жылдын 7 айында эле 323 млн доллар киреше алды. Эсептөө боюнча  2022-жылы «Кумтөрдөн» 500 млн доллар киреше казынага түшмөкчү. Бир сөз менен айтканда президенттик бийликти  Садыр Жапаров эл кызыкчылыгы үчүн иштетти  эле, мындай чечкиндүү кадам эл — журтка жакшылык болуп кайтып келип жатат. Жаңы бийликтин иш — аракеттери менен бажы баш болгон бардык тармактарда жемкорлордун бети улам ачылып, алар жеп – ичкендерин эл алдында «кусуп», көмүскө экономика көрүнөөгө чыгып, казынага  чегерилген байлык кайра калкка кайтарылып отурат. Мурда казынага чогулган  байлык башчылар, атка минер жемкорлор тарабынан жеке чөнтөктөргө салынып, чет өлкөлүк банктарга которулуп, хан сарайларга жумшалып элдин ырыскысы  элден жашырылып, таланып – тонолгон.

Бүгүн кубана турган нерсе, топтолгон акча каражаттарын  (2021-жылы республикалык бюджет 311 млрд сомго жеткен) элдин бакыбатчылыгына, чоң-чоң долбоорлорго жумшалып жаткандыгында. 30 жыл бою 7-8 миң сом айлык менен итке минген кедейликте жашап келген маданият кызматкерлеринин, врачтардын, мугалимдердин, социалдык кызматкерлердин айлык акысы 50-80 -100 пайызга көтөрүлүп отурат. Буга байланыштуу телекөрсөтүү, басма сөз аркылуу Садыр Жапаровго элдин алкышы, ыраазычлыгы жамгырдай жаап жатканына күбөбүз. кыскасы, «Кумтөрдөгү» алтын мафиясына, экологиянын талкаланышына, коррупцияга, Кыргызстанда канатын жайган  анархияга каршы башталган «Чоң казаттын» алгачкы жемиштерин татып, «Элдин көчөсүндө» майрам болуп жатат.

Төмөндөгүдөй ойду айтпай кое албайбыз. Сөз менен иштин биримдиги кыргыз элинде  ар дайым адамды  баалоонун критерийи катары жашап келген. «Эрдин сөзү эки эмес»,  «Эрдин мыктысы ишинен билинет» дегендей, Садыр Жапаровдун эл алдында  берген ант-шертине бекем туруп, жарыя кылган убадаларынын өтөөсүнө чыгып жатышы үмүт чырагын жандырып отурат. Бүгүнкү күндө адамдардын адеп — ахлагында сөз менен иштин ажырымдыгы күчөп, жоопкерчилик деген нерсе дефицит болуп, эки жүздүүлүк, жүрүм-турумдун кош стандарттулуугу активдешип турганда, кооз сөздөрдөн, кургак убада-ураандардан маска кийген шылуундар жаандан кийинки козу карындай көбөйүп жатканда, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарган, сөзү менен иши айкалышып турган. Садыр Жапаровдун рейтинги эл арасында күн санап өсүп жатат. «Башчы бирөө болот, калганы ага тирөө болот»  дегендей, Президентибиз ушул элим, жерим деген наркынан, каадасынан жазбай иштесе, жалпы элибиз сүрөөгө алып, колдоо көрсөтүп турса, буюрса алдыдагы улуу максаттарыбызга жетээрибизге ишенебиз.

Миталип Мамытов

Кыргыз Республикасынын баатыры,

КРнин Улуттук илимдер академиясынын академиги

 

Советбек Байгазиев

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу,

Филология илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер