КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ: “АМЕРИКАДАН АЛЧУ ӨРНӨК КӨП ЭКЕН”  

  • 19.05.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев май айынын башында республикадагы он жогорку окуу жайдын ректору жана көз карандысыз эскперттер менен биргеликте Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып, жогорку билим берүүгө инновацияларды киргизүү жана билим берүү стартаптарын ишке ашыруу тажрыйбасы менен таанышып келди. Делегациянын курамындагы Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков  иш сапар жана андан алган тажрыйбалар тууралуу “Кут Билимге” берген маегинде айтып берди.

  • Кудайберди Гапаралиевич, алгач сөздү сапардын максаты жана Американын окуу жайларындагы өзгөчөлүктөрдөн баштасак.   
  • Өзүңүздөр билесиздер, ушул жылдын апрель айынын башында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ЖОЖдордун жетекчилери менен жыйын өткөрүп, окуу жайларда студенттик стартап мамлекеттик программасы ишке кире турганын, ал үчүн университеттердин алдында бизнес-инкубаторлор, коворкинг (coworking – биргелешип иштеген) борборлор, технопарктар ачылуусу керектигин айтып, жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берген. Ошондо бул демилгени ишке ашыруу үчүн тажрыйба топтоп келүү максатында өзгөчө статус бериле турган беш жана аймактардагы беш окуу жайдын ректорун АКШга алып бара тургандыгын жар салган. Ошол демилгенин алкагында 30-апрелден 8-майга чейин Америкада болуп, бир катар окуу жайлар, ири компаниялар менен таанышып келдик.

Алгач Калифорния штатында жайгашкан Саннивейлдеги Plug and Play компаниясында болдук.  Бул компания дүйнөдөгү эң ири платформалардын бири болуп саналат. Ал дүйнө жүзүндөгү ири корпорацияларды белгилүү стартаптар менен байланыштыруучу жана стимулдаштыруучу технологиялык прогресстерди ишке ашырат экен. Биз ушул компания менен таанышып,  жетекчилери менен жолугушуп, компаниянын жаралуу тарыхы жана негизги ишмердүүлүктөрү тууралуу маалымат алдык.

Plug and Play ар бир адамга каалаган жерде инновацияларды жасоого мүмкүндүк түзүп берген Силикон өрөөнү менен дүйнө жүзүндөгү 35тен ашык точканы байланыштырып турган көпүрө болуп саналат экен. Компаниянын ишмердүүлүгү инноваторлорду жана алдыңкы уюмдарды, компанияларды бириктирген уникалдуу экосистеманы өнүктүрүү аркылуу акылдуу келечекти курууга багытталыптыр. Дүйнөдөгү 500дөн ашуун алдыңкы корпорациялар жана жүздөгөн венчурдук фирмалардын капиталынан, университеттер жана ар кандай тармактардагы мамлекеттик агенттиктердин 30 000ден ашуун стартаптарынан туруп, өнөктөштөр менен бирге келечектеги технологияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга арналган уникалдуу экосистеманы түзөт экен. Экосистемага ар дайым өз тармагында инновациялардын алдыңкы сабында болууну каалаган дүйнөлүк корпорациялар, Plug and Playдин эксперттери тарабынан кылдат тандалып алынган 30 000ден ашуун стартаптар тармагы, инвесторлор, Өкмөт, университеттер жана менторлор  кирет.

Ушул эле күнү Стэнфорд университетинде да болуп, Россияны, Чыгыш Европаны жана Евразияны изилдөө борборунун жетекчилиги менен жолугуштук. Борбордун максаттары жана милдеттери, ошондой эле ЖОЖдор менен келечектүү кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү (студенттерди жана профессорлорду алмашуу, PhD программаларына биргелешип жетекчилик кылуу, биргелешкен программаларды түзүү ж.б.у.с.) тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Андан сырткары  Apple жана Google сыяктуу алдыңкы IT-компаниялардын кеңселери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алдык.

Андан кийинки эки күндө DevXSchoolдун негиздөөчүлөрү менен жолугушуп, алар Кыргыз Республикасындагы Маалыматтык технологиялар институтун түзүү жана өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу презентация жасашты.

  • Америкада иштеп жүргөн биздин мекендештер менен дагы жолугуштуңарбы?
  • Ооба, Чикагодогу маданий борбордо Чикагодо жашаган мекендештер менен жолугуштук. Аларга биздин делегация мекендештердин бизнести түзүү жана жүргүзүүдөгү, окутуудагы жетишкендиктери, мигрант балдардын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү, аларды кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаттары менен тааныштыруу, кыргыз тилиндеги сөз чеберчилигин өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Онлайн билим берүүчү курстар жана иш-чаралар, жайкы лагерлер аркылуу  мигранттардын балдарын өнүктүрүү боюнча мекендештердин пикирлерин да уктук.

Сэм Хьюстон университетинин профессорунун ассистенти Улан Дакеев менен да жолугуп, университеттеги окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарын уктук. Ал окутуучуларды даярдоо, кесипке эрте багыт алуу, стажировкалар, кооперативдик билим алуу, изилдөөлөр/гранттар, чет өлкөдөн билим алуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Андан кийин Чикаго университетинин медициналык борбору, Kellogg окуу башкармалыгынын  кампусу жана Түндүк-Батыш университетинде болуп, бул жактарда жасалып жаткан алгылыктуу иштер менен тааныштык.

  • Стартаптарды ишке ашыруу боюнча кандай тажрыйбалар менен тааныштыңыздар?
  • Сапардын алкагында жогорку технологияны интеграциялоо, окутуу жана ишкердик/бизнести өнүктүрүү менен инновациялык иш-аракеттерди ишке ашырган Капитал фабрикасында (Capital Factory) жана Остин жамааттык колледжинде (Austin Community College) болдук. Капитал фабрикасы Техастагы ишкерлер үчүн 81 000 чарчы фут коворкинг аянтында  технологияга багытталган 900 иш-чаранын, Техастагы 150дөн ашык алдыңкы  техникалык насаатчылардын, виртуалдык реалдуулук лабораториясын чейрек сайын уюштуруучу академиянын негиздөөчүлөрүнүн борбору болуп саналып, стартаптардын бардык этаптарында кызмат көрсөтөтөт экен, башкача айтканда, жаңы баштаган ишкерлерден тартып, акыркы баскычтагы технологиялык компанияларга чейин камтыйт. Кыскасы, Capital Factory жаңы баскычка чыгууга жардам берет экен. Биз ушул Капитал фабрикасынан стартаптарды өнүктүрүүнүн инфраструктурасы жана жеке лабораториялар (тигүү буюмдарын долбоорлоо жана моделдөө ж.б.) менен да тааныштык.

Остин жамааттык колледжинин окуу үчүн ачык мейкиндиги бар инновациялык окуу борборунда да болдук. Бул ачык окутуу инфраструктурасы жаңы технологиялар менен  инновациялык ачык мейкиндиктеги окуу чөйрөсүн камсыз кылып, окутуунун өзүнчө зоналары, стартаптар, насаатчылар жана акселераторлор үчүн зоналары бар экен. Мындай ачык мейкиндик бардык иш-аракеттерди визуалдаштырууга жана стартаптарды өнүктүрүүгө, келечектүү долбоорлорду тездетүү үчүн физикалык жана убактылуу тоскоолдуктарды алып салууга,  келечектеги компанияларды каржылоо үчүн инвесторлорду табууга мүмкүндүк берет экен.

  • Иш сапардын жыйынтыгы кандай болду, кандайдыр бир макулдашууларга жетиштиңиздерби?
  • Иш сапардын акыркы күнүндө Global Partners hip for Education уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн каржылык колдоо алуу боюнча глобалдык өнөктөштүктүн негизги багыттарын талкуулап, каржылоо үчүн билим берүүнүн артыкчылыктуу аспектилерин макулдаштык.

Бул иш сапары биз үчүн абдан баалуу жана пайдалуу болду. Эң башкысы стартаптардын негизги мазмуну, аны ишке ашыруунун жолдорун, аларды колдоо жана өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугун, ар кандай этаптарда катышкан өнөктөштүк тармагын түзүүнү реалдуу көрүп, өзүбүзгө багыт тандоого жакшы мүмкүнчүлүк алдык. Булардын тажрыйбаларын колдонуу менен стартаптарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана өлкөнүн инновациялык өнүгүүсү үчүн университеттер, Билим берүү жана илим министрлиги, Өкмөт тарабынан аткарылышы керек болгон маанилүү жана приоритеттүү иш-аракеттерди аныктай алдык. Биз келечекте стартаптарды өнүктүрүү үчүн келечектүү идеяларды аныктоо (негизги миссия, стартап стратегиялары), кеп-кеңеш берүү, колдоо көрсөтүү  (менторлук), акселерация программалары, ачык инновациялык экосистемага кошулуу жана инвестициялар аркылуу стартаптардын өсүшүн тездетүү, инвестицияларды тартуу жана камсыз кылуу, инновациялар, интернационалдаштыруу жана ишкердикти колдоо аркылуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн эл аралык уюмдардын ишин кеңейтүү, студенттерди венчурдук капитал процессине катышуу тажрыйбасын үйрөтүү, презентациялоо иш-чараларын каржылоо жана ЖОЖдордун ишкердик ишмердигине колдоо көрсөтүү, тандалган стартаптарга бизнес-коучинг жана кеңештери менен жардам бере турган дүйнөлүк деңгээлдеги насаатчылар менен байланышып, бирге иштешине мүмкүнчүлүк берүү жагын колго алсак, бизге өз жемишин берчүдөй.

Остин жамааттык колледжинен Кыргызстандын окуу жайлары үчүн ала турган көп жакшы иштери бар экен. Мисалы, инновациялык окутууну өнүктүрүү (мазмуну, технологиясы, окутуу ыкмалары), ачык инновациялык окутууну камсыз кылуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү, колледждин коомдун өнүгүшүнө кошкон салымынын мааниси, окутуу үчүн симуляциялык системаларды (программалык камсыздоону) иштеп чыгуу, виртуалдык лабораторияларды өнүктүрүү, насаатчылыкты/менторлукту, виртуалдык сертификацияны, таланттар программасын өнүктүрүү жагын өздөштүрүү биз үчүн ыңгайлуу экен.

DevXSchool стартабынын негиздөөчүлөрү бизден институтту түзүү боюнча сунуштарды, мүмкүн болуучу тобокелдиктер тууралуу маалыматтарды алышып, кызматташуу боюнча сунуштарды (онлайн курстарды өткөрүү ж.б.) алышты. Кесиптик багыт берүү иш-чараларын жакшыртуу үчүн Түндүк-Батыш университетинин борбору өткөргөн иш-чаралар дагы бизге жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

Кыскасы, биз стартаптарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн инфраструктураны, ченемдик-укуктук жана методологиялык базаны түзүп, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча инновациялык программаларды иштеп чыгып, насаатчыларды даярдоо боюнча окуу иш-чараларын жүргүзүшүбүз керек экен. Андан сырткары ишкердик боюнча модулдарды ишке ашыруу, стартаптарды түзүү процессине маалыматтык колдоо көрсөтүү, студенттерге, ишкерлерге жана мамлекеттик кызматкерлерге жаңы ачылган бизнес боюнча кеңештерди берүүчү структураларды түзүү зарылдыгын байкадык.

  • Сиздердин окуу жай кандай багытта иш алып барганы жатат?
  • Биз азыр Америкада көргөн стартап борборлорундай кылып борбор ачуу үчүн атайын чоң залды даярдап, ичин жасалгалап койдук. Буюрса, келечекте дагы чоң-чоң залдарды уюштурабыз деген пландардын үстүндө иштеп баштадык.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер