“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

  • 21.04.2022
  • 0

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов өз кезегинде: “Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат” деп таамай айтканы бекеринен эмес.  Биз учурда ушунчалык тез өнүккөн, заманбап технологиялар күн санап жаңыланып, бизди да кошо өзгөрүүгө түрткү берген коомдо жашап жаткандыгыбыз анык. Анын сыңары, мугалимдер балдарды мурдагыдай окута албай, ал эми балдар мурдагыдай окугусу келбегени да мыйзамченемдүү көрүнүш.  Мындай шартта креативдүү кадамдар, изденүүлөр менен табылгалар гана билим берүүнүн мазмунун байытып, балдарды терең билим алууга, чыгармачылыкка шыктандырат.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

Мына ушундай шартта  “Креатив-Таалим” комплекси  билим берүү айдыңында креативдүү кадамдарга барып, бир кылымга чукул убакыттан бери постсоветтик өлкөлөрдүн бардыгында “Алиппе майрамы” деп салттуу түрдө өткөрүлүп келген майрамдын ордуна масштабы боюнча да, мазмуну боюнча да таптакыр айырмаланган иш-чараны сунуш кылды.  Натыйжада заты менен кошо аты да өзгөргөн “Билимдер фестивалы”, “Билимдер -жомоктор дүйнөсүндө” деп аталган иш-чара 2020-2021-жылдан баштап старт алды. Анын натыйжасы, баарыбыз күткөндөй жыйынтыкты берди. Тактап айтканда, окутулган предметтердин бир жомоктун алкагында интеграцияланышы, окуучулардын таанып билүүсүн, логикасын өстүргөн, улуттук баалуулуктарга негизделген, прикладдуулукка багытталган тапшырмалардын орун алышы, ошондой эле ар бир окуучунун байкоочу эмес, жандуу катышуучу боло алуусу иш-чаранын өзгөчөлүгүн түздү.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

Ар бир иш-чаранын сценарийи дыкат иштелип чыгып, толукталып, тиешелүү маалыматтык материалдар: видео, анимация, музыка менен коштолуп, балдардын сүйлөө чеберчилиги, формасы жомокко ылайык даярдалган.  Мунун өзү мугалимдердин чоң командасынын жигердүү иштөөсүнө түрткү берип, чыгармачылык изденүүсүн шыктандырганы да бекеринен эмес.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“Билимдер фестивалы” — бул ар бир класстын өзгөчөлүгүн эске алуу менен көптөгөн  изденүү жана  чыгармачылыктан жаралган бир бүтүн продукция. Анын максаты — окуучунун бир жыл ичинде алган билимдерин ата-энелерге демонстрациялоо.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“Билимдер фестивалы” өзүнөн-өзү келип чыккан иш-чара болгон жок. Анын дагы өзүнчө жаралуу тарыхы бар.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

2019-2020-окуу жылы “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин башкы директору Гүлнара Дайырбекова тарабынан “Алиппе майрамын” өткөрүүнүн жаңы форматы болгон “Билимдер фестивалын” өткөрүү сунуш кылынат. Мында 1-класска тамга таанып келген балдар үчүн “Алиппе майрамын” өткөрүү актуалдуулугун жоготконун эске алып, андан да масштабдуу маалыматтарды камтыган майрамдык иш-чаранын сценарийи түзүлөт. Анда окуу китебинен тышкаркы маалыматтар камтылып, балдар ата-энелерине өздөрү үйрөнгөн билимдери менен бөлүшкөн. Маселен, кыргыздын улуттук чен бирдиктери, жаныбарлардын балдарынын аталышы, мекен таануу предметиндеги кызыктуу эксперименттер, кыргыз, орус,  чет тилдери боюнча алган билимдери демонстрацияланат.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

Бул саамалык быйылкы окуу жылында “Билимдер фестивалы” жана “Билимдер — жомоктор дүйнөсүндө” деген ат менен эки багытта 1-7-класстарында өткөрүлдү. Айта кетчу нерсе, учурда бул фестивалдын  билим берүү айдыңында аналогунун жоктугу. Ал -“Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин табылгасы.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

“Билимди бөлүшсөң — көбөйөт” демекчи, биз ар дайым жакшы табылгаларыбыз менен бөлүшүп, билим берүүнүн мазмунунун  жаңыланышына салымыбызды кошууга даярбыз. Анткени баарыбыздын максатыбыз бир. Ал келечекте Кыргызстандын терең билим жана татыктуу тарбияга ээ болгон уул-кыздарын тарбиялоо болуп саналат.

“КРЕАТИВ-ТААЛИМ”: БИЛИМДЕР ФЕСТИВАЛЫ – ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

Учурда  «Креатив-Таалим» билим берүү комплекси тарабынан өткөрүлгөн «Билимдер фестивалы» кулач жайып, борбор калаабыздагы айрым мектептерде да өткөрүлө баштады. Алардын бири катары Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейин атай алабыз. “Миң уккандан бир көргөн” демекчи, учурда ал мектептин башталгыч класстарын жетектеген Гүлайым Майрыкеева “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде аз убакыт болсо да эмгектенип, өзү үйрөнгөндөрүн башка кесиптештерибизге бөлүшүп жатканы бизди кубандырат.  Фестиваль жакынкы аралыкта шаардагы гана эмес, республиканын булуң-бурчундагы мектептерге да жайылтылат деп ишенебиз.

Жыйынтыгында, ар дайым Кыргызстан деп аталган ыйык Мекенибиз, келечек муундарыбыз үчүн адал эмгек жана ак кызматыбызды аткарууга даярбыз демекчибиз.

Салкын Карипова, “Креатив-Таалим” ББКнын директору

Бөлүшүү

Комментарийлер