КР эмгек сиңирген мугалими Карамат ОРОЗОВА: “ФИЗИКА АГАЙЫМ МЕНИН МУГАЛИМ БОЛУШУМА ТҮРТКҮ БОЛДУ”

  • 29.09.2022
  • 0

“Эгерде кайра да кесип тандоо керек болсо, мен кайра эле мугалимдик кесипти тандамакмын” – дейт, жарым кылымга жакын мугалимдик кесипти аркалап келаткан Бишкек шаарындагы №50 орто мектептин усулдук-методикалык кабинетинин жетекчиси, КР эмгек сиңирген мугалими Карамат Орозова.

Атактуу Атабекованын колунан жолдомо алган

Карамат Масиралиевна 1954-жылы Ош облусунун Базар-Коргон районундагы Көк-Алма айылында жарык дүйнөгө келген. Азыр ал Талды-Булак айыл аймагы аталып калды. 1956-жылы башка конушка көчүрүшкөндө, үй-бүлөсү менен Өзбекстан менен чектеш Фрунзе ковхозуна көчүп барган.

Ал кезде Фрунзе атындагы колхоздо Социалисттик Эмгектин Баатыры Өлмөсхан Атабекова башкарма болуп турган экен. Кийинки жаштарга маалымат үчүн анын эмгектерин айта кетпесек болбос. Атабекованын колхозу түштүк жергесиндеги экономикалык жактан эң алдыңкы чарбага айланып, айдоо жери эки эсе, малдын саны 78 пайызга, сүт саап алуу беш эсе, жүн кыркып алуу эки эсеге көбөйүп, ар гектардан 24,6 центнерден пахта жыйналганын али күнчө аңыз кылып айтышат. Карапайым эмгегинин натыйжасында көптөгөн сыйлыктарга татып, жогорку кызматтарды ээлеген Атабекова, 1958-1962-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты, 1959-84-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланса, 1971-75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орунбасары кызматын аркалаган.

— Өлмөсхан Атабекова ошол мезгилдин талабына жараша 1970-жылы мектепти аяктап жаткан классташ кыздарымды чогултуп, комсомол жаштардын бригадасын түзгөнү эсимде. Акындар ырга кошуп ырдаган кадимки эле “Пахтачы 16 кыз” аталган кыздар — менин классташтарым. Өлмөсхан эжекебиз окууга идиректүү сегиз кызга жогорку окуу жайына атайын жолдомо даярдап бергенин да унутпайм. Ошол сегиз кыздын арасында мен да бар элем. Мен бала кезден догдур болсом деп кыялданчумун. Атам мени алыска чыгаргысы келбеди окшойт, Оштогу педагогикалык институтуна жиберди. Кайсы предметти тандасам деп көпкө деле ойлонгон жокмун, биздин мектепке жаңы барган физика мугалими Максүтов Турат агайыбыздын таасири менен физика факультетин тандадым. Институтта алдыңкы студенттердин катарында жакшы окуп, группада комсорг болуп жүрдүм. Окууну аяктаганда Аксыга бөлүнгөн элем, бирок, ошол кезде турмушка чыгып калдым. Себеби Түштүк жергесинин салтына ылайык, мени кудалап коюшкан эле. Мен: “Азыр эски салт боюнча кудалап бере турган мезгил эмес” — деп каршы чыкканымда, атам: “Кызым, сен Фрунзеге барып Усубалиев менен кошуна болосуң, отун жагып, суу ташыбай турган кабат-кабат заңгыраган үйдө жашайсың” деп мени аябай көндүрдү (күлүп). Жолдошум Украинадан фармфакты аяктап, Илимдер Академиясында иштеп жүргөн кези экен, атам айткандай эле Фрунзеде жашап калдым. Бирок кабат үйлөргө эмес, жолдошумдун Чоң-Арыктагы жер үйүнө келгенде, менин кыялымдагыдай көп кабаттуу үй болбоду деп капаланганым эсимде. Кийин байкасам, ал үй азыркы резиденциянын короосуна жакын салынган Луговая деген көчөдө жайгашкан экен. 1984-жылы жолдошумдун иштеген жеринен үй алууга кезеги келип, көп кабаттуу үйдө жашап калдым. Ошентип, атамдын айтканы кайсы бир деңгээлде дал келди окшойт, — дейт жылмайып.

КР эмгек сиңирген мугалими Карамат ОРОЗОВА: “ФИЗИКА АГАЙЫМ МЕНИН МУГАЛИМ БОЛУШУМА ТҮРТКҮ БОЛДУ”

Кыргыз мектеп издеп кыйналганда

Карамат Масиралиевна Оштогу педагогикалык институтту аяктап, атасы айткандай борборго келгенде, башка жагынан кыйналбаса да, иш табуу жагынан кыйынчылыктар болду. Тааныштар аркылуу иликтеп отуруп, Воронцовка айылындагы бир мектепке барса, ал орунду эбак ээлеп коюшуптур. Маанайы чөгүп, көзүнөн жаш кылгырып келатканда, алдынан тосуп чыккан жолдошу аны сооротуп, ошол тегеректен иш издөөнү улантууну сунуштайт. Себеби шаардын айланасындагы айылдардан гана кыргыз тилдүү мектеп чыкпаса, шаар ичинде №5 мектептен башка кыргыз тилинде окуткан мектеп жок эле.

— Ошентип менин алгачкы эмгек жолум 1974-жылы Аламүдүн районунун Воронцовка айылындагы мектептен башталды. Жолдошум Илимдер академиясында иштегендиктен, барып-келип иштөөгө туура келди. Эгерде ошол 1982-жылы автобус каттамы токтоп, жол көйгөйү жаралып калбаганда, дагы деле каттап иштеп жүрмөк белем, ким билет. Бир жылдай самосвал, жүк ташуучу чоң унаалар менен жол тосуп иштедим. Акыры кыйналганда, арга жок ал жумуштан чыгууга туура келди. Кайрадан жумуш издеп жүрүп, 1982-жылы №50 мектепке ишке орношуп калдым. Ошол бойдон ушул жерде байыр алып иштеп калганыма мына быйыл туура 40 жыл болду, — дейт Карамат Орозова.

Жогоруда айтылгандай, борбор калаада кыргыз тилинде окуткан мектептер дээрлик жоктугунан жана орус тилдүүлөр басымдуулук кылгандыктан, Түштүктөн келген жаш мугалим үчүн адегенде орус тилин өздөштүрүү кыйын эле болду.

— Мага көптү үйрөткөн устаттарым, тарых мугалими, ушул мектеп жаңы ачылганда директор болуп иштеген Сейимгүл Жумагулова, башталгыч класстардын китебин жазган Саткын Шайилдаева ж.б. кыйын-кыйын эжейлеримден жеке эле мугалимдик кесиптин сырын өздөштүрбөстөн, таалим-тарбия да алдым десем болот. Ошол устаттарым мени такшалтты, тартипке көндүрдү. Өз кезегинде мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары, мектептин профсоюз уюмунун төрайымы ж.б. милдеттерди аткарып жүрдүм. Эмгегим бааланып, билим берүүнүн мыктысы төш белгиси жана башка көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйландым. Эмгек жамаатым менин көп жылдык тажрыйбамды сыйлап “КР эмгек сиңирген мугалими” наамына көргөзгөн экен, жакында эле ал сыйлыкты алган соң, дагы бир жооптуу милдет жүктөлгөндөй сездим. Менимче, эмки биздин жооптуу милдет – жаштарга насаатчы болуу милдети. Кийинки жаштарга, мугалимдик кесиптин каалгасын жаңы ачкан жаш адистерге өзүмдүн билгенимди үйрөтө алган болсом, демек, аз болсо да артымда айтылып калар эмгек калтырганым ошол, — дейт.

Карамат Орозова иштеген мектептен билим алып, турмушта ийгиликтерге жетишкен бүтүрүүчүлөрү арбын. Алардын бир ЖК депутаты Дастан Жумабеков, белгилүү журналист Мелис Эшимканов бир туугандары менен, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, каржы тармагында эмгектенген Мирлан Байгончоков, Кубан Ташматов, өзүнүн кесибин жолдогон мугалим Сурия Иманалиева жана башка бир топтору мектептин, мугалимдердин сыймыгы.

Неберем тоолуу Нарында окуганына сыймыктанат

Карамат Масиралиевна жолдошу Мамат Орозов экөө эки уул, бир кызга татыктуу билим тарбия берип чоңойтту. Кызы Ажар гана атасынын жолдоп фармацевт тармагын тандады. Улуу баласынын өмүрү кыска экен, 44 жашында оорудан каза болгон. Экинчи баласы учурда үй-бүлөсү менен Чикагодо жашайт.

КР эмгек сиңирген мугалими Карамат ОРОЗОВА: “ФИЗИКА АГАЙЫМ МЕНИН МУГАЛИМ БОЛУШУМА ТҮРТКҮ БОЛДУ”

— Жолдошум Илимдер академиясында, медакадемияда иштеп жүрүп, бизнеске өткөн эле. 2010-жылы бийлик тарабынан туура эмес иштер болуп кысымга кабылгандан кийин, ден соолугунан жабыркап, 2014-жылы ошол каза болуп калды.

— Улуу неберем Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин психология факультетинде окуйт. Кийинкиси Борбор Азия университетинин Нарындагы кампусунда бюджетте IT адистигинде окуйт. Кызым Нарындан келген сайын: “Апа, Нарындын абасы, асманы чайыттай ачык, көпкөк, тоолуу аймактын артыкчылыгы кандай сонун!” — деп суктанып бүтпөйт, каникулга келгенде кайра кеткенге шашат, — дейт күлүп.

Карамат эжейден чыныгы мугалимдин портретин көрөбүз

Ар бир адамдын жашоосунда биринчи кадамы, биринчи сүйлөмү, биринчи класска барганы, биринчи мугалими сыяктуу биринчи орунда турган ыйык адамы болот эмеспи. Чындыгында турмушта кездешкен адамдардын баарын эле эстеп кала албайсың, керек болсо, сен үчүн чоң жакшылык кылган адамды да унутта калтырып коюшуң мүмкүн. А бирок сен кайсы бир учурда жакындан тааныш болуп, бирок кийин тап-такыр кездешпесең да, кез-кезде кылт этип эсиңе түшүп, ошол кездеги элеси менен кыт куйгандай уюп калган адамдар болору да ырас. Мына ошондой адамдардын бири – физика мугалими Карамат Масиралиевна дешет, ал окуткан мурдагы окуучулары.

— Ушул жазда бир кыйла адамдар баалуу сыйлыктарды албадыбы. Телевизордон кабарларды көрүп отуруп, көзүмө биздин Карамат эжейибиз чалдыгып калды. Дароо тааныдым. Эжейимдин элеси менен бирге мындан 40 жыл мурдагы окуучулук күндөрүм көз алдыма тартылды. Кара көз, кара каштуу, баскан-турганы зымга тизгендей сымбаттуу, коюу кара чачтарын желкесине түйүп койгон, ар дайым ууртунан жылмаюу кетпеген, ошол эле учурда абдан сүрдүү, өзүнүн предметин мыкты деңгээлде билген эжейимди эстегенде, чыныгы мугалимдин портрети так мына ушундай болуш керек деп, кийин да башка мугалимдерден ушундай сапаттарды издеп, салыштыра берер элем, — дейт, Карамат эжейдин мурдагы окуучуларынын бири, врач-стоматолог Замира Бекботоева.

— 1976-1977-окуу жылында Аламүдүн районунун Воронцовка айылындагы мектепте бир жыл Карамат эжейдин колунда окуп калдым. Ал абдан жөнөкөй, ошол эле учурда талапты катуу койгон, ар бирибизге энелик мээрими төгүлүп турган аялзаты эле. Көрсө, анда эженин тал чыбыктай жаш кези экен. Өзүбүз барактаган ак барактай таза окуучулук куракта жакшы-жаманды айырмалаганга чамаң жетпеген боз улан кезиң болсо да, жакшыны көкүрөгүң менен сезип, туя билген, жасалма мүнөз күтө элек кезиң болот экен. Мен Карамат Масиралиевнаны мыкты аялзаты, мыкты педагог, төрт тарабы төп келишкен мыкты адам катары ар дайым эстейм, — дейт, Карамат Орозованын мурдагы окуучуларынын дагы бири, учурда Баткен районунун Кара-Токой айылында жашаган Кабылтай Файзуллаев.

Мына, мугалимдик чыйырдан башталган өмүр сересинде өзү окутуп, тарбиялаган окуучуларынын берген баасы. Мугалим үчүн мындан артык сыйлык, мындан артык кадыр-барк болбосо керек, менимче.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер