ГУЛНАРА ИБРАИМОВА: “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОРГООГО ЭМЕС, КОЛДОНУУГА МУКТАЖ”
- 19.11.2021
- 0
Мамлекеттик тил канткенде өнүгөт, ага кедерги болгон эмне деген чиеленишкен суроолор коомчулукта козголуп, кабыргасынан коюлуп келет. Бул багытта кандай иш-аракеттер жүргүзүлүүдө, анын натыйжасы эмне берди, мамлекеттик кызматкерден баштап мектеп, бала бакчага чейинки абал, Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө байланышкан иш-чаралар туурасында КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимовага айрым суроолор менен кайрылдык.
– Урматтуу Гүлнара Үмөтбековна, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы катары көп жылдан бери эмгектенип келесиз. Сиз жетектеген бөлүмдө тилди өнүктүрүү багытында кийинки мезгилде кандай таасирдүү иш-аракеттер болууда. Деги эле мамлекеттик тил канткенде кеңири колдонуу чөйрөсүнө ээ болот деп ойлойсуз?
– Мамлекеттик тил – тигил же бул мамлекетте жашаган ар түрдүү этностордун башын бириктирүүчү пикир алышуунун негизги куралы. Эгерде мамлекеттик тил мамлекеттер арасында эл аралык катнаштын кызматын аткара албаса, анда ал мамлекеттик тил болуудан калат. Бул – айныксыз чындык. «Жамандын төрүн коногу бийлейт» сыңары, ал тилдин кадыры болбойт, кадыры болбогон соң колдонуудан калат.
Албетте, тилди байытуу, анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил үйрөтүү жаатында тиешелүү шарттарды түзүү максатында мамлекет тарабынан атайын программалар иштелип чыгып, Өкмөттүн токтому менен бекитилип, каражаттар бөлүнүп келе жатат. Жыйынтыгында эмне болду? Мамлекеттик тил эл аралык тил боло алдыбы, тилдин күзгүсү болгон көрнөк-жарнактарыбыз кыргыз тилинде жаркырай алдыбы, иш кагаздарыбыз мамлекеттик тилде сүйлөй алдыбы, ал пикир алышуунун негизги куралы боло алдыбы? Тилекке каршы, суроо түмөн, жооп чектелүү, же таптакыр жок.
– Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү бир катар маселелерди удаалаш чечүүнү талап кылат эмеспи. Ага кайсыларды кошуп кетет элеңиз?
– Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү – маанилүү иш. Биринчиден, кыргыз тилин үйрөтүү жана окутуунун сапатына терең аналитикалык-фактологиялык талдоо жүргүзүү жана жыйынтыгында анын айкын багыттарын аныктоо зарыл. Бир катар программалар, концепциялар, стандарттар бекитилгенине карабастан, тилекке каршы, аларды кабыл алууга негиз болгон атайын изилдөөлөр болбой жаткандыгы өкүндүрөт. Айтайын дегеним, берген билимибиздин жыйынтыгы заманбап муундун кызыкчылыктары жана каалоолорунан да көз каранды экендигин эске алууга мезгил жетти. Кандай гана мыкты программалар кабыл алынбасын, эгерде ал жаштардын муктаждыгын чечип, кызыгуусун арттырып, жан дүйнөсүн байыта албаса, ал өз милдетин эч качан татыктуу аткара албайт.
– Ошондой мыкты программалар жөнүндө айта кетсеңиз?
– Мыкты программаны мыкты мугалим гана балдарга жеткире алат, анын натыйжасын көрө билет. Бул – өтө маанилүү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы Мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кадрларды кайрадан даярдоо боюнча республикалык институттун алдында ачылган тилчилерди окутуу борборунда эмгектенген чыгаан окутуучулар тарабынан тилди окутуу жаатында бир катар алгылыктуу иштер жасалып келе жатат. Аталган эмгек жамаатынын талыкпаган иштеринин натыйжасында көптөгөн программалар иштелип чыгып, мугалимдердин жаңы мууну тарбияланып келет. Тилекке каршы, штаттын аздыгы, бардык мугалимдерди камтууга кедергисин тийгизүүдө. Сабаттуу мугалим гана сабаттуу баланы тарбиялай алат.
Үчүнчүдөн, билим берүүнүн бир баскычынан экинчи баскычына өтүп жаткан мектеп окуучулары жана жаштар сабаттуу сүйлөй жана жаза билүүнүн кайсы стадиясынан кайсы стадиясына өтүп жаткандыгын так билгенде гана өсүү болоорун түшүнүшү зарыл. Ошондо гана «мен ким элем, ким болдумга» жооп берээр эле. Ал эми биз мындай шартты түзүп бере алдыкпы, бул башка маселе. Ушундай шартта билим берүүнүн бардык баскычтарында кыргыз тилин окутуунун уланмалуулук принцибин сактаган комплекстүү стандарттын иштелип чыгышы заман талабы деп эсептейбиз.
Төртүнчүдөн, мамлекеттик кызматкер атайын талаптарга ылайык мамлекеттик тилде В2, С1 деңгээлинде сабаттуу сүйлөй да, жаза да билиши керек. Буга карабастан жогорку деңгээлдеги күбөлүктөргө ээ болгон айрым мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилде эркин жана сабаттуу сүйлөй да, жаза да албай жатышы көп суроону жаратат. Демек, бул көйгөйдү чечүүнү башка өңүттөн кароо зарылчылыгы келип чыгууда.
Бешинчиден, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн дагы бир негизги шарттарынын бири – мамлекеттик тилде жазылган окуу басылмаларын басып чыгаруу. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программаны ишке ашыруу максатында министрлик тарабынан 250гө жакын окуу басылмалары жарык көрдү. Азыр бул китептер мезгил сынагына коюлду. Айрым китептер талашка түшүп, колдон-колго өтүп, кызыгуу менен окулса, айрым китептер окурмандарын күтүп жаткандыр. Алардын мазмундук сапатына жана актуалдуулугуна мезгил өзү тараза.
Биз санап өткөн маселелер өз ара бири-бири менен тыгыз байланышкан. Аларды бөлүп кароо эч мүмкүн эмес. Демек, булардын башын бириктирген комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу – мезгил талабы.
– Ал эми сиз жетектеген бөлүм тилди өнүктүрүү багытында кандай иш-аракеттерди жасоодо?
– КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору жыл сайын Мамлекеттик тил күнүнө карата атайын иш планга ылайык бир катар актуалдуу кароо-сынактарды, иш-чараларды жарыялап, өткөрүп келет. Анын негизгилеринин бири – акыркы 3 жылдан бери министрликтин мамлекеттик кызматкерлери арасында үзгүлтүксүз өткөрүлүп, салтка айланып калган «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзгөн мыкты адис» сынагы. Бир жылы тесттик суроолорго жооп беришсе, бир жылы баяндама жазышып, бир жылы оозеки сынактан өтүштү. Ал эми быйылкы жылы жат жазуу чеберчилигин баалоо пландалган. Мамлекеттик тилде сабаттуулугун арттыруу максатында кызматкерлер үчүн окуу курстары пландалган. Документтер менен иштөөнү камсыздоо бөлүмү тарабынан кириш, чыгыш каттарынын мамлекеттик тилде таризделишине өзгөчө көзөмөл жүргүзүлүп турат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында жетекчилик тарабынан да тиешелүү чечимдер кабыл алынууда.
Тилге болгон мамиле, ага болгон сүйүүнү жаратуу бала-бакчадан башталат эмеспи. Быйылкы жылдын иш-планына ылайык бала-бакчанын тарбиялануучулары арасында «Кыргыз тилин сүйөмүн» аталышында республикалык сынак жарыяланды. Аталган сынак тегин жерден жарыяланган жок. Акыркы мезгилдерде балдар арасында көркөм окууга тарбиялоо маселеси солгундап кеткендей. Текстти механикалык түрдө жаттаган бала сөздүн маанисин түшүнбөй, үнүн бийик чыгаруу менен чектелип келет. Ал эми сөздүн маанисин түшүнбөгөн бала эч качан жан дүйнөсүнө батырып айта албайт, рухий канааттануу ала албайт. Жыйынтыгында, сабатсыздыкка багыт алат. Буга майда деп, маани бербей коюу туура эмес.
Экинчи «Мыкты баяндамачы» республикалык сынагы мектепке чейинки билим берүүдөн тартып, жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки билим берүү уюмдарынын окутуучулары арасында жарыяланды. Аталган сынактын жарыяланышы да бекеринен болгон жок. Калкыбыздын каймагы болуп эсептелген интеллигенция чөйрөсүндө өз оюн жеткиликтүү айта албаган, сабаттуу жаза албаган, кагазы жок баяндама жасай албаган кызматкерлердин жоон тобу өсүп чыккандыгы эч кимге жашыруун эмес. Окутуучулар арасынан бардык талаптарга жооп берген мыктылардын мыктысын аныктап чыгуу негизги максаттардын бири болду. Үч баскычтан турган бул сынакта катышуучулардын жазуу жана оозеки сабаттуулугу, сабаттуу жана сапаттуу сүйлөй билүү чеберчилиги бааланып, алдыңкылары аныкталат.
– Мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилде текстти түзө да, жаза да, окуй да, сүйлөй да билиши керек. Иш жүзүндө кандай?
– Сабаттуу сүйлөй да, жаза да билүү – чоң чеберчилик. Мамлекеттик кызматкер мына ушундай сапаттарга ээ болушу керек. Ал эми мыкты мамлекеттик кызматкер кичинекей кезинен калыптанат. Мекенге болгон сүйүү Манастан башталат. Быйылкы жылы алгачкы ирет бала бакчадан тартып, кесиптик окуу жайларга чейинки окуу жайлар учүн республикалык «Манас таануу» телетаймашы өтүп жатат. Муну жаштардын сөз байлыгын кеңейтүү, сабаттуулугун арттыруу жаатында жасалган дагы бир кадамдардын бири катары кароого болот.
Аталган сынактар Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын алкагында өткөрүлүп, буюрса, декабрь айында жыйынтыкталат.
Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө мамлекеттик деңгээлдеги мамиле керек. Жөн гана сөз менен өнүктүрүп коюу мүмкүн эмес. Азыркы тапта Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия мамлекеттик мекемелерге чыгууларды уюштуруп, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө мониторинг жасоодо. Текшерүү менен катар усулдук жардамдар берилет деген ишеничтебиз. Мамлекеттик деңгээлде колдонулбаган тил мамлекеттик тил болуудан калат. Тилин сыйлабаган кызматкер, мекенин сыйлабайт, элин кадырлабайт. Анткени, тил коргоого эмес, колдонууга
муктаж.
– Маегиңизге ракмат!
Аңгемелешкен
Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер