КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КАГЫЛГАН КОҢГУРОО

  • 06.07.2022
  • 0

Учурда билим берүү мекемелерин жетектеген жетекчилерде лидерлик кризис оркоюп көрүнүп, ал заман талабына шайкеш жүргүзүү ишин тушап турганын коомчулук коңгуроо кагууда. Анткени мектеп директорлору педагогикалык эле эмес, менеджерлик мыкты сапаттарга ээ болуу менен бирге, каржы-чарба маселелерин чемичкедей чагууга тийиш. Министрлик ошол максатта жетекчилерди сынак, тестирлөө сыяктуу эл аралык баалоо процедураларынан өткөрүп, туура тандоо механизмин ишке ашыруу алдында турат.

Лидерлер кризиси

Баарыбызга белгилүү болгондой, билим берүү тармагындагы жетекчилер жалпы билим берүү мекемелери жөнүндөгү типтүү жободо көрсөтүлгөн үч критерийдин негизинде тандалып келген. Тактап айтканда, мектеп жетекчилигине педагогикалык жогорку билими бар, пенсиялык курактагы эмес, педагогикалык стажы жети жылдан кем болбогон Кыргыз Республикасынын жараны тандалып алынган (2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 Жобо). Анын талапкерлиги райондук/шаардык билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери тарабынан бекитилген.

Ошол эле учурда кадрларды дайындоо жана тандоо системасы акырындап өзгөрүлүп жүрүп отуруп, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер сынактык процедуралардан өтүп, тестирлөөгө катышып, андан тышкары, ТЖК системасы боюнча баалана баштады. Бир гана билим берүү тармагында, б.а. мектептерде эч кандай өзгөрүү болгон жок. Анын натыйжасын мектеп окуучуларынын көрсөткүчтөрү төмөндөп, балдардын билим сапаты такыр эле начарлап кеткендигинен айкын көрүүгө болот. Ошондон улам коомчулук коңгуроо кагып, сабатсыз балдардын көйгөйүн көзгө сайып көргөзө баштады.

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КАГЫЛГАН КОҢГУРОО

Кыргызстан 2006-жылы функционалдык сабаттуулук боюнча PISA эл аралык изилдөөсүнө катышканда, биздин окуучулардын жыйынтыгы жалпы өлкөлөрдүн ичинен эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгону эсибизде. Бул көрсөткүч 2009-жылы дагы кайталанган эле. Эл аралык изилдөөлөр Кыргызстандын мектеп программасын өздөштүрүү даражасын аныктабайт деп моюн толгоюн десек, 2007, 2009, 2014, 2017 жана 2021-жылдары көз карандысыз тестирлөө агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн окуучулардын билим берүү жетишкендиктерине улуттук баа берүү (ОБЖУБ) PISAнын негизги жыйынтыктарын дагы бир жолу тастыктап отурат.

Акыркы, 2021-жылы жүргүзүлгөн окуучулардын жетишкендиктерине улуттук баа берүүнүн алдын-ала жыйынтыгында борбор калаабыздагы мектептердеги билим сапаты терс төмөндөп баратканын көрсөттү. Ушулардын баары бул тармак кескин реформага муктаж экендигин, реформанын жеңишине жетекчилерди туура тандоо аркылуу гана жетүү мүмкүн экендигин көзгө сайып көргөзүп отурат.

Министрлик замандын күрөө тамырын кармай билген жетик жетекчини, тагыраак айтканда, мектеп директорлорун сынак аркылуу тандап алуу механизмин киргизгени жатканы, тилекке каршы, бардыгына эле жага бербеген көрүнүш экендиги да таң калычтуу эмес. Бул айрыкча нечен жылдап бир кабинетте “эки чылбыр бир тизгинди кармап” келаткандарга “катуу тийип” жатканын социалдык тармактардан окуп жатабыз. Ошол эле учурда аны колдоп, эң адилет чечилсе деген изги тилекте болуп жаткандар арбын.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Рахат Сулайманова директорлорду тандоо үчүн өткөрүлгөн конкурстардын жүрүшү ачык айкын болсо, түпкү максатына жетмек деп эсептейт.

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КАГЫЛГАН КОҢГУРОО

— Билим уясы деп эсептелген мектептерде өз ишине компетенттүү жетекчилерди көмүскөдө калтырып, “ийкемдүү” жетекчилерди иштетип келишкени эч кимге жашыруун эмес. Мен бардык жетекчилердин деңгээли төмөн деген ойдон алысмын. Албетте, ишине жан дили менен берилип, мектеп турмушун өзүнүн жеке турмушунан жогору койгон жетекчилер да жок эмес. Бул жерде кеп билим берүү тармагына киргизилип жаткан реформалар тууралуу болуп жаткандан кийин, айрыкча, жетекчилерди конкурс аркылуу тандап иштетүү максатка ылайык экени талашсыз. Менин жеке оюмда сынактар онлайн тестирлөө менен жүрүшү керек деп ойлойм, ал үчүн эң оболу анын критерийлерин иштеп чыгуу зарыл. Анан эң маанилүүсү конкурстун жыйынтыгы дароо ачык көрүнүп турса, эч кимде бүдөмүк ой пайда болбойт. Азыр гугл тест, гугл соболдомо жүргүзүү деген жакшы программалар бар эмеспи, анын жардамы менен онлайн конкурстарын айкын жүргүзсө болот. Биздин практикада ушул программалардын жардамы менен онлайн конкурстарын өткөрүп жүрөбүз. Конкурстун ар бир этабынын жыйынтыгы мүнөт сайын көрүнүп ачык жарыяланып турат. Натыйжада эч ким нааразы болбойт жана татыктуулар тандалаарында шек жок. Анткени, конкурс өткөрүүнүн түпкү максаты – чыныгы кесипкөй адисти жаңылбай тандоо эмеспи. Конкурстун жыйынтыгы туура эмес болуп калганда, талаш-тартыштар, нааразычылыктар, ишенбөөчүлүктөрдүн баары пайда болот, — деп, бизге өзүнүн практикасында колдонгон ыкмалары менен бөлүштү.

“Алтын тамганын” көрсөткүчү

Мектептеги билим берүүнүн сапатындагы кризис жылдан-жылга курчуп бараткандыгы өзгөчө үлгүдөгү «Алтын Тамга» аттестатына талапкерлерди – бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөнүн жыйынтыгында да айкын көрүнөт. Алсак, 2022-жылы 2232 талапкердин ичинен 80 адам же 3,7% гана алган билимин тастыктай алды. Буга албетте, баарыбызга белгилүү пандемия да терс таасирин тийгизди.

Облустар боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын программалык материалдарды өздөштүрүү деңгээли өтө төмөндүгүн көрсөттү. Жылына бир упайдан аздыр-көптүр туруктуу өсүп турган ЖРТнын орточо упайы 2021-жылы дистанттык окутуунун төрттөн биринде бүтүрүүчүлөр үч жылдын ичинде көрсөткүчтөрүн жоготконун көрсөткөн. Эгерде 2019-жылы ЖРТнын орточо упайы 123 болсо, 2021 жана 2022-жылдары 120 гана упай болгон.

Абийир алып келбеген рейтинг

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын февралында өткөн жыйынтыктоочу коллегиясында биринчи жолу республиканын райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн рейтинги каралды. Рейтингдин жыйынтыгы боюнча райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү эң начар көрсөткүчтөргө ээ болгон. Бул көрсөткүч окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктеринин эң төмөн көрсөткүчтөрү менен дал келген.

Мектептеги билим берүүнүн сапаты көптөгөн факторлорго көз каранды экендиги талашсыз. Мугалим бүтүндөй билим берүү тутумунун өзөгү болсо, директор мектептин өзөгү болуп саналат. Биринчи орунда анын ишинин натыйжасы турат. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси жөн гана педагог эмес, ал — башкаруучу, кадрдык, финансы-чарбалык жана уюштуруу маселелеринин менеджери.  Жетекчинин ролу жамааттагы психологиялык кырдаалдарды жөнгө салуу жана кам көрүүнү да камтыйт.

Тандоо өзгөчөлүктөрү

Адистердин эсебинде эгерде 10-20 жылдан ашык кызмат ордун ээлеген директорлорду алмаштыруу маселеси көтөрүлсө, анда конкурстук дайындоодо директорлордун 6,3% гана кайрадан дайындалмак. Мисалы, 2177 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп директорлорунун ичинен директорлордун 55,7% акыркы беш жылдан бери иштеп келишет.

Мектеп директорлорун тандоонун жаңы критерийлери жана жол-жоболору республиканын мамлекет башкарган бардык мамлекеттик жана муниципалдык мектептерине тиешелүү болушу керек. Каалаган адам, анын ичинде иштеп жаткан директор республикадагы каалаган мектептин директорлук кызматына конкурс аркылуу катышууга укуктуу.

Жаңы механизм абдан жеткиликтүү жана жөнөкөй, аны  коррупцияга каршы күрөшүүнүн эң негизги ыкмасы катары баалоого болот.

Жаңы механизмдин биринчи айырмалоочу өзгөчөлүгү — директор кызматына талапкер конкурска катышуу үчүн документтердин топтомун КР ББИМ сайтына өз алдынча жүктөйт. Бул учурда талапкер билим берүү органдарына, жергиликтүү бийлик органдарына көз каранды эмес. Ал эч жакка барбашы керек, кимдир бирөө менен сүйлөшүп, байланышпашы керек. Документтердин топтомуна мектепти өнүктүрүү тууралуу жазылган беш жылдык стратегиялык план эссе да кирет. Жеңишке жеткен учурда талапкер өзүнүн стратегиясын ишке ашырат.

Экинчи айырмалоочу өзгөчөлүк — бул талапкерлер облустук мамлекеттик университеттердин базасында тапшыра турган толук автоматташтырылган тестирлөө. Көрүүчүлөр видеобайкоо режими менен жабдылып, реалдуу убакыт режими (ошондой эле жазуу) берилет, тесттин жыйынтыгы талапкерлердин колуна берилет.

Тесттерде башкаруу менеджменти, педагогика, психология, колдонуучу деңгээлиндеги технология, конфликтология жана билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар сыяктуу темалар камтылган. Расмий тестке чейин ар бир конкурска катышуучу адам КР ББИМ сайтында сыноо тесттерин тапшыра алат.

Максималдуу упай топтогон талапкер мектептин директору болуп дайындалат. Чектик упайдан жогору упай алган талапкерлер ошол райондун же шаардын кадрлар резервине киргизилет.

Учурда тесттер апробациядан өткөрүлүп жатат, жарактуу жана ишенимдүү деп эсептелген ал тесттер, жетишерлик билим жана тажрыйбасы бар ар бир талапкердин сыноодон ийгиликтүү өтүшүнө ылайыкталып түзүлгөн.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер