КООРДИНАТОРЛУКТАГЫ  ИШМЕРДҮҮЛҮК

  • 24.03.2022
  • 0

Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1995-жылы эки өлкөнүн арасында түзүлгөн келишимдин негизинде 1998-жылдан бери иштеп келе жатат. Жогорку окуу жайда билим берүү университеттин уставына ылайык түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлүп келүүдө.

Кыргыз тили координаторлугу Кыргыз-Түрк «Манас» университети түзүлгөн алгачкы мезгилден баштап иштеп келе жаткан бөлүм.

Чет элдиктерге жана орус тилдүүлөргө кыргыз тилин үйрөтүүдө университеттин окутуучулары тарабынан чыгарылган окуу китептеринин ролу зор.  Замандын талабына ылайык, 24 жыл аралыгында кыргыз тилин үйрөтүү боюнча окуу топтомдорунун бир нече мууну алмашып, бул себептен окутуучуларыбыз окуу процессин натыйжалуу, кызыктуу, жеӊил  жүргүзүү максатында дайыма изденип, улам жаңыртылган окуу материалдарын жаратуунун үстүндө иштеп келүүдө.

КООРДИНАТОРЛУКТАГЫ  ИШМЕРДҮҮЛҮК

Филология илимдеринин кандидаты, доцент Калия Кулалиева университеттин Кыргыз тили координаторлугуна 1999-жылы окутуучу катары кабыл алынган. Ошол убакта чет элдик студенттерге кыргыз тилин үйрөтүү максатында координаторлуктун жамааты “Тил башат” тунгуч окуу китептеринин башталгыч, орто, жогорку деңгээлдерин иштеп чыгып,  2002-жылы бул окуу китептери университет тарабынан басылып чыккан. Анткени ал жылдары кыргыз тилин үйрөтүүнүн жаңычыл усулдук-ыкмалык окуу каражаттары жокко эсе эле.

КООРДИНАТОРЛУКТАГЫ  ИШМЕРДҮҮЛҮК2004-жылдан баштап Кыргыз тили координаторлугун Калия Кулалиева  жетектеди.

К. Кулалиеванын негизги максаты болуп, кыргыз тилин окутууда жаңы усул-ыкмаларды киргизүү, дүйнөлүк ыкмалардын тажрыйбасына таянуу менен бирге, окутууну жеңилдетүү, ылайыктуу деп табылган тажрыйбаларды колдонуу эле.

КООРДИНАТОРЛУКТАГЫ  ИШМЕРДҮҮЛҮК

Калия Кулалиева координаторлукту жетектеген убакта, т.а. 2006-жылы “Тил башат” окуу китебинин көнүгүүлөр китеби, мугалимдер китеби жарык көрдү. Ошол эле жылы “Кыргыз тилин окутуунун жаңыча усул-ыкмалары” аттуу усулдук колдонмо басылып чыкты. Бул көнүгүү китептеринде деңгээлдер боюнча «Окуп түшүнүү», «Угуп түшүнүү», «Грамматика», «Обондуу угуп түшүнүү» окуу колдонмолору жарык көрдү. Бул окуу топтомдору Кыргызстанда алгачкы жолу заманбап жаңычыл усул-ыкмаларда жаралган окуу топтомдору катары бааланып, КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын окуу китептерине  2006-жылы жарыялаган «Мамлекеттик тилди окутуунун мыкты усулу» кароо-сынагына катышып, баш байгени жеңип алып, Дипломго арзыды. Кыргыз тилин чет тилдүүлөргө окутуп-үйрөтүүнүн усул-ыкмаларын топтогон «Кыргыз тилин окутуунун жаңыча усул-ыкмалары» аттуу биринчи усулдук колдонмо да ушул жылы координаторлуктун окутуучулары тарабынан иштелип чыгып, жарык көрдү.

КООРДИНАТОРЛУКТАГЫ  ИШМЕРДҮҮЛҮК2006-жылы чыккан “Тил башат” көнүгүү китептери

Калия Кулалиеванын жетекчилигинде координаторлуктун жамааты 2004-жылдан баштап кыргыз тилин чет тил катары окутуу методикасын теориялык жана практикалык жактан өнүктүрүү үчүн республиканын көптөгөн региондоруна жана Бишкек, Ош, Кант, Талас, Нарын ж.б. шаарларда семинар, конференцияларды өткөрүп, кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүнүн ар кандай маселелери боюнча мектеп, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучу, мугалимдерине практикалык да, теориялык да жактан жаңычыл заманбап усул-ыкмаларды  жайылтып келишти.

2009-жылы бир канча жылдардын методикалык-педагогикалык иштеринин жыйынтыгы катары координаторлуктун окуу топтомдорунун 2-муундагы окуу китептери «Кыргыз тил 1. Башталгыч», «Кыргыз тил 2. Орто» жана «Кыргыз тил 3. Жогорку» деңгээлдик үчилтик жарык көрдү жана ушул мезгилдерге чейин окуу китеби катары даярдоо бөлүмүнүн кыргыз тилин окуп-үйрөнүүчү студенттерин окутуп-үйрөтүүдө кошумча материал катары колдонулуп келүүдө. Бул топтомду чыгаруу максаты – окуу китептерди, жазма жана аудиовизуалдык материалдарды колдонуу аркылуу тил үйрөнүүчүнү кыргыз маданияты, тарыхы, каада-салты менен тааныштырып, алардын тил үйрөнүү жөндөмдөрүн, сүйлөө жана жазуусун калыптандыруу аркылуу өз оюн айтууга, пикир алышууга үйрөтүү болуп саналган. Аны менен бирге студенттердин сөз байлыгын байытуу да максатка ылайык.

КООРДИНАТОРЛУКТАГЫ  ИШМЕРДҮҮЛҮК 2009-жылы чыккан “Кыргыз тили” окуу топтому

Ушул окуу китебине жардамчы окуу топтомдору катары «Хрестоматия», «Диалогдор. Обондуу угуп түшүнүү»,  «Көрмө фильмдер боюнча көнүгүүлөр» аттуу кошумча окуу каражаттары иштелип чыгып, жарык көрдү. Мындан сырткары угуп түшүнүү тексттери үндөштүрүлүп, дисктерге жаздырылды. Бул окуу топтомдорунун методикалык-теориялык түшүндүрмөсү катары «Кыргыз тилин окутуунун жаңыча усул-ыкмалары 2» усулдук колдонмо иштелип чыккан.

КООРДИНАТОРЛУКТАГЫ  ИШМЕРДҮҮЛҮККалия Кулалиева 2013-жылы КТМУнун Адабият факультетинин Синхрондук котормо бөлүмүнө   которулуп, учурда бөлүмдө ишин улантууда.

Жыйынтыктап айтканда, ф.и.к., доцент Калия Кулалиева Кыргыз тили координаторлугун жетектеп турган убакыт ичинде жогоркудай окуу каражаттарын чыгарууга жетишип, аларды шаардагы жана элеттеги кесиптештерге жайылтуу, тажрыйба менен бөлүшүү иштеринде чоң ийгиликтерди жарата алган.

Калия Кулалиеванын кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы арбын жана өрнөктүү!!!

 Кыял Токтоналиева

Бөлүшүү

Комментарийлер