НАРЫНДАГЫ НААДАНДЫК ЖАНА АЙБАНДЫК

  • 03.05.2023
  • 0

Балдардын өмүрү баарынан кымбат. Кайсы гана мектепте болбосун  коопсуздук маселеси биринчи планда турат. Ар бир мектепте алдын ала көп иш-аракеттер жүргүзүлөт.  Тилекке каршы, балдардын коопсуздугуна ириде ата-эне жоопкерчиликтүү экенин айрымдар кине албагандыктан, балдар чоңдордун зордук-зомбулугуна дуушар болуп жатат. Жакында эле жүрөктүн үшүн алган окуя Нарын районунда катталды. Бейшеналы Бекжанов атындагы орто мектебинин окуучусу Арууке Жанышованын сөөгү айылдагы ээн үйдүн ичинен табылган.

НАРЫНДАГЫ НААДАНДЫК ЖАНА АЙБАНДЫК

Каргашалуу окуя

2023-жылдын 28-апрелинде Бейшеналы Бекжанов атындагы орто мектебинин директору Эсенкелди Токтобаев Нарын райондук билим берүү бөлүмүнө билдирүү  жөнөткөн. Анда 2016-жылдын  7-августунда  туулган даярдоо классынын 480 “а”-классынын окуучусу Арууке Жанышова сабактан чыгып, ошол бойдон үйгө келбей жаткандыгы тууралуу маалымат берилген.

— Айылдын элдери чогулуп, издөө иштерин уюштуруп болжол менен кечки саат ондор чамасында Орто-Нура айылында жайгашкан киши жашабаган үйдө анын жансыз денеси табылган. Атасы Алиев Жаныш 1988-жылы туулган,  энеси Азимбек кызы Нестан 1990-жылы туулган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү эле. Үй-бүлөлүк жашоо шарты орто. Азыркы учурда укук коргоо  кызматкерлери тарабынанан тергөө иштери жүргүзүлүүдө, — дейт Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова.

Директор Э.Токтобаевдин айтымында, кызды өлтүрүүгө шектелип жергиликтүү тургун кармалган. Азырынча тергөө ишинин кызыкчылыгы үчүн толук маалыматты жарыялоого  болбойт экен. Бирок жалпыга белгилүү болгондой, кыздын өмүрүнө кол салган зөөкүр, айбан  Орто-Нура айылынын 64 жаштагы тургуну  болуп чыкты. Анын үй-бүлөсүн туугандары ошол замат эле башка жакка көчүрүп кетишкен.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын таркаткан билдирүүсү боюнча,  окуучу кыз Орто-Нура айылынын чыгыш тарабында жайгашкан сарайдагы үйүнөн айылдагы орто мектепке жөө барып келип, окуп жүргөн.  28-апрель күнү саат 12.00  чамасында өзү жалгыз мектепке окуганы кетип, кайра саат 15.30да сабактан чыккан бойдон үйүнө келбей калган. Кыздын апасы бул тууралуу милицияга жана айылдыктардын WhatsApp группасына кабарлаган.

— Кароо учурунда кыздын денесинен кыйноо белгилери байкалган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делип Нарын районунун Орто-Нура айылынын 64 жаштагы тургуну мас абалында кармалган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө уланууда, — деп жазылган билдирүүдө.

Окуучунун класс жетекчиси Н.Жумакалыр кызынын айтуусу боюнча, Арууке тың, аракетчил, жоопкерчиликтүү, акылдуу кыз эле.

— Мектеп менен Аруукенин ата-энесинин үйүнүн аралыгы болжол 1км 500 м түзөт. Мектепте  Аруукеден башка  дагы  5 “б”-класста эжеси, 3 “в”-класста байкеси окуйт. Арууке  2023-жылы  1-сентябрда ата-энесинин арызы менен 480 «а» -классына  кабыл алынган. Аруукенин атасы машинасы менен күнүгө  мектепке алып келип, кайра алып кетчү. Күн жылып, жаз мезгили келгенден бери ал өзү келип, өзү кетчү. Мен дайыма ата-энелердин группасына “балдар тарашты, тосуп алыңыздар” деп жазып жүрчүмүн.  28-апрель күнү  Арууке сабакка келген. Аруукенин ал  күнү  маанайы  абдан жакшы эле, бардык сабактарга активдүү  катышкан. Сабак бүткөндөн кийин мектептен окуучулар узап кеткичекти карап турдум.  Андан соң мектепке кирип, кагаз иштери менен отуруп, үйгө кеттим. Үйгө келгенден кийин кечинде Аруукенин апасы Нестан чалды, “кызым үйгө келе элек, көргөн жоксузбу?” деп. Мен дароо эле ата-энелер группасына жаздым, ар бир ата-энеге чала баштадым. Бардык балдар үйүндө экенин билип, жолдошумдун машинасын айдатып алып, издөөгө чыктым. Жолдошум экөөбүз  Аруукенин үйү жагындагы аймактардан издеп жүрдүк. Бир кезде Аруукенин атасы тоо жактан ыйлап түштү. Элдер айылды көздөй машиналарын айдап жөнөштү, артынан биз дагы айылга түштүк. Айылдагы эч ким жашабаган үйдүн жанына элдер чогулуп калыптыр. Ал жерге барсак элдер кызды өлтүрүп, үйгө таштап кетиптир деп жатышты. Азыркы учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, — дейт класс жетекчи.

Аталган мектепте  жалпы 472 окуучу билим алат. Окуучулар бир эле нөөмөттө окушат.

— 2022-2023-окуу жылынын башталышы менен  жалпы ата-энелер менен жыйналыш өткөрүлүп, үч тараптуу келишимдер түзүлгөн.  Ар бир окуучунун  социалдык паспорту   такталып,  мектептин жалпы  базасына киргизилген.  Окуучулардын коопсуздугун алдын алуу үчүн  ар бир класс жетекчи  жолдо жүрүү, техникалык коопсуздук эрежелери боюнча сабактары өтүлөт.  Учурда  мектептин  480 саат  даярдоо классында   жалпы 40 окуучу билим алат.  480 сааттын   «б» группасы саат 9-00дөн 11-30гө чейин, «а» группасы саат 13-00дөн 15-30гө чейин окушат. Ар бир ата-эне балдарынын мектептен тараган мезгили боюнча  маалыматтары бар. Класс жетекчилери телефон аркылуу  ата-энелерге    балдардын  мектептен тараган убактысын   айтып, билдирип турушат, — дейт мектеп директору Э.Токтобаев.

Мындай окуя биринчи эле жолу болуп жаткан жок. Өткөн жылы Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган болчу.

— Коомубуздун алсыз катмарына, айрыкча, эрезеге жетелек балдарга карата жасалган, нарк-насилге жатпаган, салт-санаага сыйбаган зордук-зомбулук кылмыштарынын кескин өсүп жатышы кооптондурбай койбойт. Күн сайын балдарды зордуктоо, алакачуу, мажбурлап никеге туруу, ур-токмокко алуу, оор жумушка салуу, кордоо, кодулоо, кемсинтүү, басмырлоо сындуу жосунсуз жоруктарга күбө болуп жатабыз. Кароосуз калган балдар дагы көбөйдү. Демек, тынчсызданууга толук негиз бар. Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын келечегине кам көрүү мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындан жалпы коомчулуктун да четте калууга акысы жок. Кыргызстан ООН, ЮНИСЕФ, УВКПЧ сындуу бир катар ири эл аралык уюмдардын алдында өзүнө балдарды коргоо жана колдоо жаатында бир топ милдеттенмелерди алган. Аларды аткарыш керек. Өткөн жарым жылдын жыйынтыгында балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 500 фактысы катталды, анын ичинде 55 учур сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болуп саналат. Мындай оор кылмыштардын 80 пайызы тууганчылыгы бар адамдар тарабынан жасалат. Алардын арасында ошол балдардын өз ата сөрөйлөрү да бар экен. А көрсө, көртурмуштун айынан аңги-деңги аласалып отуруп ушуга жетип калыппыз… Дегеле, алсыз балага зордук-зомбулук көрсөткөн немени эч аёосуз жазалаш керек. Андай немени адам деп айтууга да ооз барбайт. Ошондой оор кылмыштарды жашырып-жапкан, жаш баланын тагдырына балта чапкан кишилер, айрыкча укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигинен тышкары калбашы керек. Алтурсун, педофилдерди ашынган кылмыш дүйнөсү да кечирбейт. Мына ушундай жагымсыз жагдайларды эске алуу менен, азыр 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын долбоору иштелип чыкты. Бул программанын негизги максаты балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны өркүндөтүү болуп саналат. Программада камтылган иштиктүү жоболор менен бирдиктүү чаралардын тутуму эми колго алынат деген ойдомун, — деген кайрылуусунда.

Баса, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 8-августунда «Балдар жөнүндө кодекске” кол койгон. Ал 23-августтан тартып күчүнө кирген. Жаңы кодекстин жоболоруна ылайык, балдарды зордуктаган жактарга карата кылмыштын өтүү мөөнөтү алынып салынган. Андай кылмыш жасаган адамдар мурда 11-15 жылга жазаланса, азыр 15 жылдан тарта өмүр бою камалуу жазасына тартылат. Андан тышкары, балдарга карата оор кылмыш жасаган адамдарга ырайым берилбейт, психиатриялык ооруканада дарылануусу жаза мөөнөтүн толук өтөөдөн бошотпойт. Ал эми баланын руханий-нравалык саламаттыгына доо келтирген кылмышкерлер дагы жаза мөөнөтүнөн мурда чыгарылбайт. Кыскасы, мындан ары мындай кылмышкерлердин ар кандай жолдор менен жоопкерчиликтен кутулуусунун купуя эшиктери менен тешиктери биротоло жабылды деп билдирген мамкатчы.

Демек, пайгамбар жашына келген зөөкүрдү эми эч ким актай да, жактай да албайт. Дагы бир көйгөй, зордук-зомбулукка кабылган кыздар же алардын ата-энелери укук коргоо органдарына кайрылышканда, милиция өкүлдөрү шылдыңдашкан учурлар кездешкени коомчулукта айтылып жүрөт. Ал тургай белгилүү фактыга таянсак, өткөн жылы Бишкекте 12 жашар кызды милиция кызматкерлери өздөрү аралашып, зордуктап жүрүшкөн.

Учурда өспүрүмдөрдү жана жаштарды зордук-зомбулуктан жана психикалык травмалардан коргоо максатында Teens.kg долбоору иштейт. Демилге ЮНЕСКОнун жардамы менен ишке киргизилген. Долбоордун алкагында атайын инстаграмм, ФБ баракчасы да бар. Ага күнүнө 10-20 сексуалдык жактан ар кандай ыдык көргөн кыздар жашыруун түрдө кайрылып, онлайн кат жөнөтүшөт экен. Алар өздөрүнүн эле  атасы, байкеси, жездеси, чоң атасы кичинекей кезинде зордуктап койгон фактылар болгонун жазышат экен.

Жол коопсуздугу                  

Жакында «Манас» аэропорту жолунда маршрутка дагы бир кичи автобус менен кагышып, мектепке келе жаткан 27 бала кырсыкка учураган.

НАРЫНДАГЫ НААДАНДЫК ЖАНА АЙБАНДЫК

 

— Манас айылындагы Ат-Башы мектеп-лицейинде окуган окуучулары мектеп автобусунда экинчи сменага келе жатканда күтүүсүздөн кырсыкка учурап, 27 бала жабыркады. Баары 1-4-класстын окуучулары болчу. Анын ичинен төртөө оор абалда болгон.  Сейитбеков Билал реанимацияга түшкөн, бүгүн операция болот. Буга чейин Абылкасымов Алихан колу, бутунан операция болду. Н.Жыргалбеков, Н.Акылбеков, Р.Акылбеков, Абзал Кызытау мээси чайкалган. Бул балдар ушул күнгө чейин дарыланып, кечээ эле өз үйлөрүнө чыгып кетишти. Калган балдардын абалы туруктуу   болгону менен алардын дагы мээси чайкалган. Айыл өкмөт автобустун айдоочусу менен келишим түзгөн. Ал эми мектеп тарабынан айдоочунун милдеттери гана каралган, — дейт мектеп жетекчиси Рахат Соорбекова.

Токой айылынын тургуну Мирлан Жыргалбековдун айтымында, анын уулу экинчи класста окуйт. Кырсыктын кесепетинен баланын жаагы сынып, башында айнектин сыныктары бар экени аныкталган.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен жол коопсуздугунун көзөмөлүн камсыз кылуу башкармалыгы ыктыярчылар менен бирге жол жээгинде туруп,  мектеп окуучуларын жана айдоочуларды жол эрежесинин тартибин сактоого чакырып келет.

Жол коопсуздугун көзөмөлгө алган кызматкерлер окуучуларга ар дайым жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабактарды өтүп турат. Эң эле коркунучтуусу, айдоочулар жол эрежесин сактабай, тилекке каршы, кырсыктан жаш балдардын өмүрү кыйылган учурлар жок эмес.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер