КООПСУЗ МЕКТЕП: ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДАН САКТАНУУ МААНИЛҮҮ

  • 25.02.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде республика боюнча 2004 мектеп 1-11-класска чейин салттуу режимде окуй башташты. Ошол эле кезде балдар пневмония оорусуна чалдыгып жатканы тууралуу вице-премьер министр А.Новиков ыкчам кеңешме өткөрүп, тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Ошондой эле Бишкек шаарындагы эки мектептен коронавирус жуктуруп алган окуучулар менен мугалимдер аныкталып,  окуу жай карантинге жабылды.

КООПСУЗ МЕКТЕП: ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДАН САКТАНУУ МААНИЛҮҮ

Коомчулукту кооптондурган Кавасаки синдрому

Жакында эле Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков балдардын пневмония оорусуна чалдыгуусуна байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү.

Артем Новиков белгилегендей, балдардын пневмония, курч респиратордук вирустук инфекция жана Кавасаки синдрому менен оорусуна байланыштуу түзүлүп жаткан кырдаал коомчулукта кооптонууну пайда кылууда.

Өкмөттүн пресс кызматынын билдирүүсүнө таянсак, А.Новиков тийиштүү органдардын 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлгө алуу боюнча иш-чаралар планы жоктугун сынга алды.

  • 14 жашка чейинки балдардын бирдиктүү маалыматтык медициналык базасын түзүү жана курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын күнүмдүк эсебин жүргүзүү зарыл. Баардык билим берүү мекемелери, менчик формасынан көзкарандысыз түрдө ар бир бала боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип туруусу керек. Учурда мектепке чейинки мекемелер жана мектептер чектелген форматта иш алып барууда. COVID-19 пандемиясынын учурунда салттуу окуу процессинин балдардын ден соолугуна тийгизген таасирин талдоосуз, мекемелердин ишин толук кандуу жандандыруу тууралуу айта албайбыз, — деп белгиледи Артем Новиков.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө Бишкек шаарынын мектепке чейинки мекемелеринде жана мектептеринде оффлайн режимде окуп жаткан балдарды тийиштүү симптомдор байкалган учурда коронавирус инфекциясына ПЧР-анализ жүргүзүү менен медициналык кароодон өткөрүүсү зарыл. Мындан тышкары, курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмония менен ооругандарды күнүмдүк эсепке алуу менен, 14 жашка чейинки балдарды медициналык көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерде балдарды сасык тумоого каршы вакцина менен ыктыярдуу түрдө вакцинациялоо жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар берилди. Мында өзгөчө калк арасында коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана COVID-19 жана пневмониянын симптомдору байкалган учурда медициналык кызматкерлерге өз учурунда кайрылуу маселеси боюнча маалыматтык ишти жүргүзүүгө көңүл буруу керек экени айтылды.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана мектептерде профилактикалык кароолор тутумдуу негизде жүргүзүлүшү керек. Натыйжада, келээрки жумадан тарта аталган практика ар бир билим берүү мекемесинде медициналык персоналдын кезметин уюштуруу менен ишке киргизилиши тийиш.

Ар бир мектепке атайын дарыгер менен медайым бекитилген

КООПСУЗ МЕКТЕП: ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДАН САКТАНУУ МААНИЛҮҮ

Окуу процессин уюштурууну жана балдарды өнүктүрүүнү жакшыртуу максатында жарандардын көп сандаган кайрылууларына байланыштуу өкмөт чечкиндүү кадамга барды.  Аймактарда жана шаарларда мектептердин жана балдар бакчаларынын ишин жандандыруу башталды. Мектеп окуучулары чоң жоопкерчиликти түшүнүп, беткап кийүү, колду тез-тезден жууп туруу жана социалдык обочолонуу сыяктуу бекитилген санитардык эрежелерди аткарышы керек. Ал эми мекемелердин администрациясы жана тармактык мамлекеттик органдар аталган талаптардын аткарылышын камсыздашат. Мындан тышкары, балдардын иммунитетин чыңдоо, анын ичинде дене тарбия менен машыгуу, спорт жана тамактануу маселесине да өзгөчө көңүл буруу керек экенин жетекчилер айтышууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин  Мектепте, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаеванын айтуусунда, учурда республикадагы жеке менчик мектептер 1-11-класска чейин реалдуу окутууга эбак эле өткөн.

  • Республика боюнча оффлайн окутууга алты мектепке уруксат берилген жок. Санэпидстанциянын чечими менен Чүй облусундагы беш мектепке жана

Бишкек шаарындагы бир мектепке окутканга уруксат берилген эмес. Учурда баскыч менен өткөн мектептер — 109. Республика боюнча 2004 мектеп 1-11-класска чейин толук кандуу окуп жатышат. Мектептер экинчи чейректен баштап баскыч  менен реалдуу режимге өтө башташкан. Эгерде мектептерди массалык түрдө ачып киргизе берсек, дарыгерлердин айтуусу боюнча  балдар милдеттүү түрдө ооруйт экен. Бир эле сасык тумоо, коронавирус эмес, башка жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар бар,  — дейт башкы адис.

1-сентябрдан тарта 1-класс эле окуп жатышкан. Андан кийин аз сандуу мектептерди окутууга уруксат берилген. Уруксат берилгени менен ар бир мектептин жетекчисине санитардык-гигиеналык нормаларды так аткарууну күчөтүү боюнча катуу тапшырмалар берилип жатат.

  • Мектепке ким кирсе дагы адамдын дене табы текшерилет. Аны мектеп ичиндеги дежур мугалим милдеттүү түрдө текшерет. Коронавирус менен ооругандарды аралыкка чыгарышат. Андан тышкары класска киргенде мугалим дагы, окуучу дагы беткапчан отурушу керек. Танапис учурунда класстарды желдеткенден сырткары, окуучулар аралыкты сактап, мурункудай кучакташып, өбүшүп учурашышпайт. Мугалимдер алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көзөмөлдөп турушат. Жайкы мезгилде мектептерге ысык-муздак суулар киргизилген. Дааратканага баргандан кийин же тамактангандан кийин окуучу милдеттүү түрдө колун самын менен жуушу керек. Ар бир адам санитардык-гигиенаны сактаса эле ооруну жеңсе болот дешет дарыгерлер. Бала кир болуп жүрсө инфекция биринен бирине жугат. Башка жугуштуу оорулар дагы күчөп кетиши ыктымал. Андыктан алдын ала иштер аябай күчөтүлгөн нукта өтүп жатат. Маселен, Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиянын жетекчилиги ата-энелердин колдоосу менен мектепке дезинфекциялоочу тоннель алып, ошол аркылуу киришет. Тоннелге кирер замат бир жагынан буу чачса, экинчи жагынан кварц күйүп, башыңан бутуңа чейин дезинфекциялайт. Ошол эле жерде кирген адамдын дене табын текшерчү дистанттык, электрондук термометр жайгаштырылган. Андан кийин бутка бахилла кийген соң гана мектептин ичине кирүүгө болот. Баса, тоннелдин ичинде жана чыккан жерде бутту дезинфекциялаган чакан поликтер салынган. Мектеп коридорлору, класстары дагы кварц лампалары аркылуу дезинфекцияланат, — дейт Г.Абдылдаева.

Борбор калаадагы эки мектеп карантинге жабылды

Учурда массалык түрдө балдардын ооруганы катталган жок. Бирок Бишкек шаарындагы эки мектептен коронавирус менен ооругандар катталып, мектептер карантинге жабылды. Эми 14 күндөн кийин эки мектепте окуган баардык мугалимдердин, балдардын ден соолуктары текшерилет.

  • Эгерде балдар менен мугалимдердин ПЧР анализи таза чыкса, андан бул мектептерди этап-этап менен окутууга уруксат берилет. Мугалимдер, мектепте иштеген кызматкерлердин баары сентябрь айында эле медициналык кароодон өтөт. Кан тапшырышат. Ошол анализден эле коронавирус менен ооруган, оорубаганы чыгып калат экен. Эгер тесттен оору бар деп чыкса, мектептен чететтилет. Айыккандан кийин гана мугалимдерге сабак бергенге, окуучуларга окуганга уруксат берилет. Өкмөттүн №244 токтомуна өзгөртүү киргизүү жүрүп жатат. Саламаттык сактоо органдары менен бирдикте жаңы план алгоритм иштеп чыгып жатабыз. Мисалы, эгерде баладан оору чыгып калса, анда мектеп эмес, окуучу окуган класс гана жабылат. Кайра классты ачууда ПЧР анализи талап кылынат. Азыркы иштелип чыккан алгоритм боюнча ПЧРдын негизинде ооруса да,  оорубаса да  эмдөөдөн өтүшү керек, —  дейт башкы адис.

Азыркы жаңы алгоритм боюнча баланын дене табы жогору болсо, билим берүү тармагы поликлиникага маалымат берет. Алар өз кезегинде окуучунун үй-бүлөсүндө коронавирус менен ооругандар барбы, жокпу деп текшерүүгө алышат. Коронавирустан сырткары саламаттык сактоо органдары милдеттүү түрдө окуучулардын ден соолуктарын карап, текшерип турушат. Учурунда кургак учукка, гепатитке ж.б. жугуштуу ооруларга карата иш-чаралар өткөрүлүп турат.

  • Кээ бир учурда динчил адамдар балдарын эмдөөгө беришпейт. Бирок эмдөөсү жок, тиешелүү маалымкат болбосо балдар мектепке да, бала бакчага да алынбайт. Бир эле бала ар кандай оору менен 30-40 балага жугузуп коюушу ыктымал, — дейт Г.Абдылдаева.

Дезинфекциялоо каражаттары жетиштүү

Дезинфекциялоочу жабдыктар менен ар бир мектепти жергиликтүү бийлик камсыздайт. Маалыматка караганда, мектептер бир жылга жетиштүү дезинфекциялоочу суюктук (раствор), поликтер менен толук камсыздалганын республикалык штабда өткөн жыйында ар бир региондун жетекчилери билдиришкен.

  • Мисалы, былтыр 16-марттан бери балдар окушкан эмес. Ошондуктан окуучулардын тамак-ашына бөлүнгөн каражат үнөмдөлгөн. Ошол каражаттын эсебинен самын, дезинфекциялоочу суюктуктар менен камсыз болушкан. Ошондой эле айрым жерлерде таза суу жок болгондугуна байланыштуу, суулар менен да камсыз болушту, — дейт министрликтин башкы адиси.

Коронавирустан кантип коргонууга болот?

  1. Колду самындап жуугула же спирт камтылган антисептикалык каражаттарды колдонгула.
  2. Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозуңарды, мурдуңарды кагаз бет аарчы же чыканагыңар менен тоскула.
  3. Дем алуу жолдорунун курч вирустук оорусуна кабылган адамдар менен кучакташуудан, өбүшүүдөн жана кол алышуудан кармангыла.
  4. Курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, дем алуунун начарлашы) пайда болгон учурда айланадагыларга жуктурбаш үчүн бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынгыла.
  5. Бөлмөнү тез-тезден желдеткиле жана нымдуу чүпүрөк менен көбүрөөк тазалап тургула.
  6. Жаныбар тектүү азыктарды жакшылап бышыргандан кийин колдонгула.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер