КОММУНИКАЦИЯ ЖАНА МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫНА ҮЙРӨТҮҮ – БҮГҮНКҮ КҮНДҮН ТАЛАБЫ

  • 21.12.2021
  • 0

2021-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарындагы №98 кесиптик лицейде «Жаўыланган дүйнөдө коммуникация жана маалымат технология жаатындагы кыска мөөнөттүү билим берүүнүн перспективалары» — деген темада конференция болуп өттү.

Коммуникация жана маалымат технология жаатындагы кыска мөөнөттүү билим берүүнү өнүктүрүү жана социалдык өнөктөштөр менен биргелешип окуу-тарбия иштерин бекемдөө максатында тегерек столдун катышуучулары ойлорун айтты.

КОММУНИКАЦИЯ ЖАНА МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫНА ҮЙРӨТҮҮ – БҮГҮНКҮ КҮНДҮН ТАЛАБЫ

Өкмөт жетекчилери, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, социалдык өнөктөштөр, базалык ишканалардын, коммуникация жана маалымат технология жаатындагы мекемелер жана уюмдардын жетекчилери, кесиптик окуу жайлардын директорлору, бүтүрүүчүлөр №98 кесиптик лицейдин директору Н.Иманкулованын конференцияны ачуу менен окуу жайынын 55 жылдык юбилейи ичиндеги аткарган иштери тууралуу баяндамасын угушту.

1966-жылы ТУ №1 базасында ТУ №18 болуп уюштурулуп, 1984-жылы №98 орто кесиптик-техникалык окуу жайы, 1998-жылы №98 байланыш кесиптик лицейи, 2009-жылы №98 кесиптик лицейи, 2017-жылы коммуникация жана маалымат технология лицейи статусуна ээ болгон.

КОММУНИКАЦИЯ ЖАНА МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯСЫНА ҮЙРӨТҮҮ – БҮГҮНКҮ КҮНДҮН ТАЛАБЫ

Адистер пикир айтат

А. Дя, ОсОО “Мегалайн” эксплуатациялоо директору:

– Өндүрүштүк практикага теориялык жактан билимди тереңбилген окуучулар келишет. Ал окутуучу жана устаттардын талыкпаган эмгеги. Өндүрүштүн технологиясы ай сайын жаўыланууда. Бүтүрүүчү катары окуу жайыбыздын командасынын бир ордунда турбай заманбап кесиптерди окутууга багыт алганына күбө болуудамын.

И.Шаршенова, Өкмөттүн электрондук инфраструктураны өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:

– Биз кубанычтабыз, ушундай алдыўкы иш тажрыйбаны үйрөтүүчү борбордун ачылышына. Заманбап жабдууларды үйрөнүп чыккан кадрлар региондордон бери инновацияны камтып келе жаткан өндүрүшкө өтө керек. Маалымат технологиясы бүгүнкү күндүн актуалдуу темасы. Себеби, биз окуу жайларында гана эмес калктын тейлөөнү колдонуп жаткан катмарына да ыкчам үйрөтүүбүз керек. Ар бир тармакка цифралык –маалымат технологиясынын адистери абдан зарыл болуп турат. Биз жардам берүүгө жана өнүктүрүүгө дайым даярбыз.

А.Баканов,
IT инфраструктурасын өнүктүрүүнүн жана маалымат коопсуздугунун аткаруучу директору:

– №98 кесиптик лицейди санариптик тейлөөнү үйрөтүүчү алдыўкы окуу жайына айландыруу болуп эсептелет. Социалдык өнөктөштөр, өкмөт жана коомчулук менен байланышып, ар бир кеўешмеде кемчиликтерибизди сурап, оўдоп жатабыз. Кагаз жүзүндө эмес, реалдуу иш менен заманбап кесипке даярдоону өркүндөтүү жеке эле лицейдин милдети болбостон, баарыбыздын милдетибиз экендигин түшүнүү менен ушундай ийгиликтер жаратылып жатат.

А.Иманкулов,

“Инновацияны өнүктүрүү” коомдук уюмунун жетекчиси:

– Акыркы беш жылдан бери кесиптик окуу жайларында инновациялык технологияны жайылтуу ишке ашырылууда. Республика боюнча 10 окуу жайы тандалып алынып, даярдалып, заманбап кесиптерге окутууга сырткы донорлор менен шарттар түзүлүп маалымат технологиясынын желесин түзүүгө жетиштик. №98 кесиптик лицейи алдыўкы тажрыйбаны жайылтуучу борборго айланды жана региондордогу окуу жайларынын окутуучу жана устаттарын үйрөтүү менен методикалык жардамдарды берип келишет.

С.Джаманкулова,
№10 кесиптик лицейдин директору:

– Өлкө эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары кесиптик окуу жайлары мамлекет жетекчилери тарабынан каралбай калды. Көптөгөн ишканалар, завод-фабрикалар токтоду. Окуу жайлардын базалык ишканалары, мындайча айтканда, кесиптерге заказ кылгандар түп-тамыры менен жоюлду. Эмгек рыногуна жараша аракет кылуу окуу жайдын жетекчилерине жүктөлдү. Ар бирибиздин жеке аракетибиз, коллективдин ишмердүүлүгү менен заманбап технологияга ориентир алып, кесиптерге окутуу өзгөртүлүп жатты. Биз социалдык партнёрлор менен тыгыз байланыштабыз. Биздин Москва шаарында иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз сайт ачып алышкан жана ар дайым маалыматтарын окуп, байланышып турабыз.

Өткөн кылымдын 70-жылдары бургулоочу, радист, аба ырайын көзөмөлдөөчү, геолог-изилдөөчү, шахтерлорду даярдашса, 80-жылдары байланышчы жана радисттер окутулган. Бул жылдары Кыргыз почтасы, Телеком жана байланыш мекемелеринин жумушчу кадрларды даярдоодо, жаштардын кесиптик такшалууларына зор салымдары бар. Окуу жайдан 15000 окуучу кесипке ээ болушкан. Алардын арасында Т.Үчкемпиров – Телекомдун мурунку башкы директору, А.Дя – Мегалайн компаниясынын жетекчиси, В.Огурцова — Кыргыз почтасы ишканасынын башкы директору, Д.Москаленко – ОсОО “Saima Телеком” бөлүмүнүн башчысы, ишкер – А.Пересыпкин
бар.

№98 коммуникация жана маалымат технология лицейи эл аралык деўгээлде эки этапта аккредитациядан өтүп жатат. 1-программалык аккредитациядан 2021-жылды август айында ийгиликтүү өтүшкөн. Учурда 2-институциялык аккредитациянын жеке анализ берүүсүнө даярдыктар көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө лицейде 353 окуучу бюджеттик, 55 окуучу контракттык негизде билим алышууда. 187 угуучу кыска мөөнөттүү курстарында видеобайкоо жана сигнализация орнотуу, универсал чач тарач, компьютер ремонттоочу, веб-дизайнер, визажист кесиптерин үйрөнүп жатышат.

2021-2022-окуу жылынын башынан бери ар бир тайпанын өндүрүштүк окуусу иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен келишимдер түзүлүп дуалдык окутуу менен үйрөтүлүп жатат. Педагогикалык кеўеште лицейдин алдына койгон максаты талкууланып, окуучулардын тарбиялык иштери ден соолукту чыўдоо борборлору, ИИМ балдар менен иштөө бөлүмдөрү менен макулдашылган графикте өткөрүлүүдө.

Лицейдин жаўылануусуна жана алдыга умтулуусуна кесипкөй команданын топтолушу чоңтаасир берет. Кесиптик лицейдин өнүгүүсүнө салымын кошкон Д.Утешев, М.Коваленко, Б. Калашников жана башка жетекчилерди атап кетүүгө болот. 90-жылдары И.Зиминдин жетекчилиги алдында кыска мөөнөттүү курстарды эмгек рыногунун талабына жараша ачуу менен лицей алгачкы каражат табууга киришкен. Байланыш, почта кызматы, телефонист кесиптерине үйрөтүүнү баштаган окуу жайдын коллективи 2000-жылы сулуулук индустриясын, улам жаўыланган заманбап кесиптерге “Интернет технология кызматкери”, “Web-программист”, “Компьютердик дизайнер”, «Веб-дизайнер”, IT, цифровизацияга багыт алышты. Кыска мөөнөттүү курстарды даярдоодо ОсОО “CRM”, “Nabma soft”, “Maddevs”, “CSS soft”, ОсОО “Акнет”, “Rizer Tehnollegy”, “Интермедия”, “Мегалайн” өнөктөштөрүн атабай кетүүгө болбойт. ЕС, АБР, ООН, GIZ, Mersiko эл аралык уюмдары менен кызматташып келишет.

“Келечек алдыда – ачкычы бизде” деген ураан менен №98 кесиптик окуу жайынын жалпы жамааты бүткүл дүйнө жүзү электрондук коммерция аркылуу өнүгүү жолуна түшкөнүн алдын алып, бул багытта көп жетишкендиктерге жетүүгө умтулушууда. Кыргызстан – туристтик өлкө. Туризмди өнүктүрүү үчүн “Туристтерди тейлөөчү операторлор” жана “Жол көрсөтүүнү уюштуруучу” жаўы кесиптерин киризүү менен окуу жайдын коллективи маалымат технологиясынын перспективдүүлүгү окуу жайдын өнүгүүсүнө алып келээрине ишенишет.

Тейлөө кызматынын талабына ылайык “Кол-борбор оператору”, “Парикмахер”, “Визажист”, “Маникюр-педикюр”, “Компьютер оўдоочу устат”, “Кол телефонун оўдоочу устат”, “1С эсепчи-бухгалтер”, “Офис менеджери” кесиптерине даярдоо ийгиликтүү ишке ашырылды.

Конференциянын аягында катышуучулар тарабынан окуу жайдын 55 жылдыгын куттуктаган белектер берилди. Окуу жайдын директору
Н.Иманкулова социалдык партнерлорго, бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталарды, ыраазычылык каттарды берип, окуучуларды кесипке үйрөтүүдө жана тарбиялоодо бирдиктүү иш-аракеттерине рахматын айтты.

Эгемберди УСУПОВ, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер