КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

  • 11.12.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 24-декабрда кезектеги ректордук шайлоо болот. Учурда даярдык иштери жүрүүдө. Бул окуу жайды акыркы он жылдан бери тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов жетектеп келет.

КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

XXI кылымдын башкы жылдарында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын өсүп-өнүгүү жана анын негизинде билим берүү менен илимий изилдөө иштеринин сапатын жакшыртууда бир топ проблемалар жаралып, мындай абалдан чыгуу үчүн кошумча аракеттерди көрүү зарылчылыгы келип чыкканы белгилүү. Ушундан улам принципиалдуу жана олуттуу маселе жогорку окуу жайларынын баардык иштерин жакшы деңгээлде уюштуруп, мыктылап алып кете турган негизги фактору болгон ЖОЖдук экономиканын эффективдүү өнүгүү багытын аныктап, ошол жол менен кетүү болгон.

КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

Бул мааниде ЖОЖдук экономикага залалын тийгизе турган фактор болгон өнүгүүнүн экстенсивдик жолдорунан интенсивдүү өнүгүү жолуна өтүү, ЖОЖдук экономиканын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу жана инновациялык багытка өтүү абдан маанилүү болгон. Себеби, биринчиден, ушул жылдары Кыргызстандын жогорку окуу жайлары үчүн экстенсивдүү өнүгүү булактары дээрлик дараметин жоготуп, экинчи жактан ички жана сырткы атаандаштык — ЖОЖдор менен өнүгүү ресурстары үчүн атаандаштык курчуй баштаган. Мисалы, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны 2010-жылга чейин орто эсеп менен 80 миңдин тегерегинде болсо, кийин өксүп отуруп, 2020-жылы 59 миңге чейин азайып кеткен. Кыргызстандын ЖОЖдоруна өткөндөрдүн саны дагы азаюу менен 2008-жылы 29 миң 122 студент болсо, 2018-жылы 18 миң 940 жана 2020-жылы 23 миң 099 студент болду. Ошол эле учурда Кыргызстандагы ЖОЖдордун саны XXI кылымдын башында 40-50 болсо, жылдан жылга арбып, 2020-жылы 68ге жетти. Кыргызстандын билим берүү рыногуна АУЦА, Кыргыз-Түрк “Манас”, УЦА, КРСУ сыяктуу өтө күчтүү чет өлкөлүк жана мыкты каржыланган кыргызстандык жеке менчик университеттер келип киришти.

КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

Дагы бир оорчулук, ушул жылдары кыргызстандык абитуриенттерди Россия, Кытай, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн ЖОЖдору абдан активдүүлүк менен, көбүнчө бюджеттик орундарга азгырып, алып кете башташкан.

Мындай шартта студенттер гана эмес жогорку квалификациядагы окутуучулар үчүн дагы конкуренция күчөп, мыкты адистер ошол ЖОЖдорго оой башташты. Ушундан улам ЖОЖ банкрот болбошу, ал эле эмес атаандаштыкка туруштук берип, мамлекет алдындагы милдетин мыктылап аткаруу үчүн окутуучулардын сапаттуу курамын, студенттердин билимдүү бөлүгүн кармап калуу, билим берүү программаларынын жогорку сапатын сунуштоо, социалдык маанайдагы натыйжалуу иштерди жүргүзүү жана бекем материалдык-техникалык базаны камсыз кылуу керек болду.

КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларындай эле бул маселе И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдына дагы курч коюлуп, абалдан чыгуу үчүн бир топ аракеттер жасалды.

Учурунда университетте билим алган студенттердин саны 15 миңге жетип турса, кийинки жылдары тогуз миңге чейин азайып, акыркы жылдары гана кайрадан көтөрүлүп, 10523 болду. Демек, ушуга жараша университеттин негизги киреше булагы болгон студенттерден окуу акысынан түшкөн каражаттардын атайын эсебинин көлөмү дагы азайышы керек эле. Мындай перспектива университетти жакшылыкка алып келмек эмес.

КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

 

Мындай шартта университеттин жетекчилигинин интенсивдик факторлорго басым жасап, атайын эсептин киреше булактарын жана чыгаша статьяларын диверсификациялоого багыт алды.

Эң оболу, университеттин өлкөдөгү аброюна, окутуучу-профессорлордун мыкты жана сапаттуу курамына таянып, өлкөдөгү демографиялык абалды жана Кыргызстандын билим берүү рыногундагы конъюнктураны эске алуу менен, окуу акыларын оптималдаштыруу маселеси ишке ашырылды.

Негизинен 2010-жылдан баштап окуу акылары көбөйтүлдү. Албетте, акыркы жылдары Кыргызстандын билим берүү рыногундагы курч атаандаштыктын шартында мындай тобокелдикке баруу оңой болгон жок. Себеби студенттер демпингдик окуу төлөмдөрү менен кабыл алып жаткан башка ЖОЖдорго кетип калышы мүмкүн болчу. Айрымдары кетип дагы калышты. Бирок университеттин жетекчилиги мындай кадамга барууда мыкты жана кесипкөй окутуучу-профессорлордун беделине, окуу жайдын коомчулуктагы статусуна жана анын бекем материалдык-техникалык базасына таянды.

Жетекчилик, экинчиден, магистратура, аспирантура жана докторантуранын илимий, билим берүүчүлүк гана эмес экономикалык-эффективдүүлүк потенциалын дагы көтөрүүгө барды. Мурда маани берилбей келе жаткан мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялоо менен декан, кафедра башчылары, илимдин докторлору жана профессорлоруна контракттык негизде белгиленген сандагы магистрант, аспирант жана докторант алып келүү үчүн персоналдуу түрдөгү тапшырыктар берилип, көпчүлүгү бул багытта жакшы иштешти. Натыйжада, университет контракттык негизде кабыл алынган магистранттардын жана аспиранттардын саны жана акы төлөмдөрүнүн көлөмү боюнча Кыргызстандын ЖОЖдорунун алдыңкы катарына көтөрүлдү.

Үчүнчүдөн, киреше булактарын диверсификациялоо жана оптималдаштыруунун негизинде университетке ички жана сырткы инвестицияларды тартуунун көлөмү 2010-жылдан 2019-жылга чейин 2 млн. сомдон 10 млн. сомго өстү.

КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

Төртүнчүдөн, университет үчүн окуу жайдын мурда анча маани берилбей келе жаткан киреше булактарынын бири болгон кошумча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн “Башка кирешелер” (“прочие доходы”) статьясын активдүү мобилизациялоо дагы жакшы жөрөлгө болду. Тилекке каршы, мурдакы бийликтердин жогорку окуу жайлардын өз алдынча финансы-экономикалык ишмердүүлүгүнө карата болгон тоскоолдуктары болбогондо, кирешенин бул булагы университетке мындан дагы арбын каражат алып келмек. Университеттин атайын эсебинен бул киреше булагы боюнча чогулткан каражаты 2010-жылдан 2019-жылга чейин 10 млн. 200 миң сомдон 25 млн. 100 миң сомго жетти.

КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

Албетте, университеттин финансы-экономикалык ишмердүүлүгүн жакшыртууда жогорудагы жана башка иш-аракеттер менен кошо окуу жайдын башка тиешелүү кызматтарынын иш алып баруусун дагы кескин өзгөртүүгө туура келди. Эң негизгиси, бул чөйрөдөгү иш алып баруу жана жоопкерчилик зоналары так бөлүштүрүлүп, иштер тыкыр аткарылып турду. Тиешелүү проректордон баштап, декан, кафедра башчыларына чейин финансылык тартип жана финансылык жоопкерчилик маселеси катуу коюлган. Натыйжада университеттин ар бир институт, факультети ар бир окуу жылына окуу акысын бекитип, киреше жана чыгаша сметаларын түзүп, өздөрү эмгек акы фондун (ФЗП), өнүгүүгө каралган каражатын, иш сапары менен стажировкага каралган төлөмдөрүн белгилеп, бекитип ректоратка ошону аткарып берүүгө тапшырууга өттү. Ошол эле учурда алар сметанын киреше бөлүгүн аткарууну өз моюндарына алышты.

Натыйжада ар бир институт, факультет өз алдынча финансы-экономикалык саясат жүргүзүп, өзүнчө субсчет менен иштешти. Ушуга жараша ар бир институт, факультеттин түзгөн ар бир жылдык сметасындагы киреше көлөмү, чыгаша статьялар ар башкача болду. Буга байланыштуу университеттеги ар бир мугалим, ар бир кафедра жана ар бир институт, факультет бөлүштүрүлгөн сметасына, андагы тапкан кирешесине, каралган чыгаша статьяларына, аткарган жумушуна, жүргүзгөн илимий изилдөөлөрүнө, аралашкан коомдук иштерине жараша ар кандай өлчөмдөгү эмгек акыларын, акчалай сыйлыктарды алып келишти.

Бул маселелерди ишке ашыруу оңойго турбаса дагы жыйынтыгы жакшы болуп, бир жагынан директор, декандардын каржы саясатын жүргүзүүдөгү сабаттуулугу, тартиби жана жоопкерчилиги жогоруласа, экинчи жагынан ар бир окутуучуну, кафедра, факультетти дифференциалдашкан негизде каржылоо жамааттын мыкты иштешине, эмгегинин бааланышын жөнгө салуудагы өтө чоң стимулдаштыруучу фактор болду.

Айтор, жогоруда белгилеп кеткен жана башка иш-аракеттердин натыйжасында университеттин каржы-экономикалык абалы оңолуп, рентабелдүүлүк коэффициенти жогорулады. Мунун негизинде акы төлөп окуган студенттердин саны кыйла азайганына карабастан, университеттин атайын эсеп боюнча кирешеси 2010-жылы 158,9 млн. сомду түзсө, 2020-жылы 407,7 млн. сомго чейин өсүп жетти. Эң негизгиси, келечекте бул көрсөткүчтү мындан дагы арбытуу үчүн зарыл болгон жакшы шарттар менен өбөлгөлөр түзүлүп, чоң мүмкүнчүлүктөр белгиленип калды.

КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

Университеттин каржы-экономикалык абалынын өнүгүүсү түздөн-түз окуу жайындагы окуу, тарбия жана илимий иштеринин жакшыруусуна, социалдык маселелердин жакшы чечилишине таасирин тийгизди. Эң оболу университеттин сапаттуу профессордук-окутуучулук курамын сактап калуу максатында алардын эмгек акысын жыл сайын көбөйтүп келдик. Эгер 2009-2010-окуу жылында алардын орточо эмгек акысы 5099 сомду түзсө, 2020-2021-окуу жылында 22395 сомго жетти.

КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

Мындан сырткары, илимдин кандидаттарына үч миң сом кошумча акы төлөнсө, илимдин докторлоруна алты миң сом төлөнүүдө. Бул жылга чейин кандидаттык диссертациясын коргогондорго стимул катары 30 миң сом, докторлук ишин коргогондорго 50 миң сом төлөнүп келсе, азыркы учурда кандидаттыгын коргогондорго 50 миң сом, докторлугун коргогонго 70 миң сом бир жолку стимулдаштыруу стипендиясы берилет.

Ушундай иш-аракеттердин арты менен университеттин профессордук-окутуучулук курамынын сапаты жогорулап, 2010-2011-окуу жылына караганда болжол менен эки эсе өстү.

КМУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА

Университеттин профессордук-окутуучулук жамаатынын квалификациясын, тажрыйбасын жана илимий потенциалын өнүктүрүү үчүн чет өлкөлөргө чыгышына атайын эсептен 2012-жылы 152, 4 миң сом бөлүнсө, 2019-жылы 2 млн. 158, 9 миң сом жумшалган.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер