КММА: МАКСАТЫБЫЗ – АЗИЯДАГЫ АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙ БОЛУУ

  • 29.12.2021
  • 0

Өтүп бара жаткан Уй жылы Кыргыз медициналык академиясына көптөгөн ийгиликтерди алып келди. Ириде эл аралык институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, мамлекет алдындагы өзгөчө кызматы үчүн «ДАҢК» ордени менен сыйланды. Бир катар курулуш иштерин бүткөрүп, материалдык-техникалык базасын чыңдоого жетишти.

КУРУЛУШТАР

Акыркы жылдарда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүп келет. Соңку бир жыл ичинде эле өз каражатынын эсебинен 500 орунга эсептелген жыйын өтүүчү жаңы өргөө, ар бири 25 орундук эки чакан жыйналыш бөлмөсүн куруп, колдонууга берди. Бул жаңы имараттарда студенттер үчүн атайын гримдөөчү жана кийим алмаштыруучу жай уюштурулган, семинарлар жана тегерек столдор үчүн аудиториялар, видеолорду көрүү жана онлайн конференцияларга катышуу үчүн сенсордук экрандар, ыңгайлуу отургучтар, телефондор жана гаджеттер үчүн стенддери бар столдор коюлган.

КММА: МАКСАТЫБЫЗ – АЗИЯДАГЫ АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙ БОЛУУ

Бул имаратта университеттин тарых музейи да уюштурулуп, анда КММАнын тарыхына байланыштуу сейрек кездешүүчү документтер, экспонаттар топтолгон. Жыйындар залынын кире беришинде КММАнын тарыхын чагылдырган скульптуралык эстеликтер орнотулган.

Студенттик бий жана чыгармачылык коллективдер үчүн жаңы костюмдар тигилди. Ошону менен бирге, волейбол, футбол, крикет, баскетбол үчүн спорт аянтчалары, трибуналары менен жайкы сцена ишке берилип, башкы корпустун аллеясында бүтүрүүчүлөрдүн стенди курулду.

Башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада пандемия маалында каза болгон медицина кызматкерлерине арналган эстелик курулуп, Тыныстанов көчөсү тарабынан кире бериши заманбап жасалгаланды.

КММА: МАКСАТЫБЫЗ – АЗИЯДАГЫ АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙ БОЛУУ

КАПИТАЛДЫК РЕМОНТТОР

Бардык окуу корпустарда, кабинеттерде, залдарда капиталдык оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлүп, жаңы компьютерлер, кеңсе техникалар алынып, эмеректери жаңыртылды. Окуу бөлмөлөрү интернетке туташкан заманбап интерактивдүү панелдер менен жабдылып, лабораториялык кабинеттер оңдолуп, жаңы микроскоптор жана окутуучулар үчүн демонстрациялык микроскоптор алынды.

Дистанттык окуу борбору да капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап жабдуулар коюлуп, онлайн окутуунун бардык түрлөрү билим берүү платформаларында жүргүзүлүүдө. Эмеректерди алмаштыруу менен жыйындар залы капиталдык оңдоодон өтүп, сахнага чоң LED экран жана котормочулар үчүн кабинасы орнотулду.

КММА: МАКСАТЫБЫЗ – АЗИЯДАГЫ АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙ БОЛУУ

ЖАҢЫРГАН ЖАТАКАНАЛАР

Студенттердин бардык жатаканалары да капиталдык ремонттон өтүп, болгону бир жылдын ичинде эскилиги жеткен имараттар студенттер үчүн жайлуу жайга айланды. Жатаканалардагы бардык коммуникациялар алмаштырылып, жаңы терезе, эшик, заманбап сантехникалар орнотулуп, чатыры, полдору жаңыртылды, эмеректери да алмаштырылып, ашканаларга заманбап газ плиталары коюлуп, 12 кабаттуу жатаканада лифт орнотулду. Жатакана жашоочулары үчүн жууна турган жана кир жууй турган жай түзүлдү. Жаңыланган жатаканада өрткө каршы сигнал берүүчү жабдык жана видеокөзөмөл орнотулуп, студенттер үчүн коопсуз шарттар түзүлдү.

СТУДЕНТТЕРГЕ ТҮЗҮЛГӨН ШАРТ

2019-жылы чет элдик студенттерге берилген жаңы кампуска практикалык билим берүүнү камсыздоо жана илимий-клиникалык изилдөөлөрдү өнүктүрүү үчүн он эки миллион сомго медициналык жабдуулар алынды. Азыркы күндө Билимди тестирлөө жана клиникалык ыктарды өнүктүрүү борбору үчүн жаңы окуу корпусун жана көп функционалдуу спорттук аянтчасын, Баткен облусунда жергиликтүү студенттер үчүн клиникалык базасын куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул борборго анатомиялык үстөлдөрдү жана башка медициналык жабдууларды сатып алуу пландалууда.

КММА: МАКСАТЫБЫЗ – АЗИЯДАГЫ АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙ БОЛУУ

Академия окутуучулар менен билим алуучулардын өз алдынча иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар менен камсыздап берди. Заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануунун ыктары менен билимдерин өстүрүү максатында окутуучулар үчүн “Компьютердик сабаттуулуктун негиздери” жана “Медико-биологиялык маалыматты статистикалык иштетүү” аттуу кошумча окутуу программалары (адистикти жогорулатуу курсу) киргизилди. Бул курсту студенттер физика, математика, информатика жана компьютердик технологиялар кафедрасында өтүшөт.

Бул жылы окуу жай 2021-2030-жылдардагы өнүгүү стратегиясын иштеп чыгып, “КММАнын билим берүү сапатынын кепилдигинин саясаты” сыяктуу орчундуу документтерди кабыл алууга да үлгүрдү. Бул стратегиядагы эң башкы максат КММА фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн, бийик тоолуу медицинанын, биотехнологиялардын, фармациянын жана окутуунун инновациялык технологияларын кеңири кийирүүнүн эсебинен негизги эл аралык рейтингдер боюнча Азиядагы алдыңкы медициналык ЖОЖдордун катарынан бекем орун алуу болуп саналат.

Мындай максатка жетүүгө КММАнын профессордук-окутуучулук курамынын, кызматкерлеринин, билим алуучуларынын толук мүмкүнчүлүгү бар. Анан калса, азыр ЖОЖ медицина илимдеринин доктору, профессор Индира Кудайбергенованын билгичтик менен жүргүзгөн жетекчилигинин астында улам жаңы, заманбап, келечектүү идеяларды иш жүзүнө ашырып жатат. Айтмакчы, бул жылы Индира Орозобаевна эмгек жамааттын колдоосу менен экинчи мөөнөткө ректор болуп шайланды.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер