КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫН БИРИНЧИ ФОРУМУ

  • 09.03.2021
  • 0

Республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын китепканачыларынын Биринчи форуму үстүбүздөгү жылдын март айынын экинчи жарымында өтөт. Форумга 200гө жакын делегаттын келиши күтүлүүдө.

Программага ылайык он кызыктуу жана заманбап темадагы лекция, окуу маданиятын өркүндөтүүгө арналган сабактан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу боюнча практикумдар өтүлөт. Демек, руханий байлыктын ордосу болгон китепканаларда модернизация, санариптештирүү зарыл процесс экендиги калетсиз.

Тарыхтан көз ирмем

Бүгүнкү күндөгү китепканалардын ички-сырткы көрүнүшү, иштеген структурасы дагы алыскы союз мезгилиндеги талаптардын үлгүсүнөн кабар берет. Китепкана биз үчүн текши тизилген китептердин текчелерин гана элестетет.

Ал эми тарыхта алгачкы китепкана байыркы Чыгышта пайда болуп, болжолу менен б.з.ч 2500-жылды белгилейт. Чоподон даярдалган тактайчалардын жыйындысы шумерлердин Ниппур шаарындагы храмдан табылган. Ал эми Египеттин жанындагы Фив көрүстөндөрүнүн биринен (б.з.ч. 18-17-к) папирустардын жыйындысы сакталган кутуча, андагы жазуулардагы тарыхый окуяларды баяндап бергендиги айтылып келет.

Кыргызстанда Улуттук китепкана – башкы китепкана, ал 1934-жылы Кыргыз АССР ЭКСтин чечими менен китепкана катары ачылып, 1938-жылы республикалык китепкана болуп кайра түзүлгөн. Мектептердин курулушу менен, окуу куралдарын сактоо жана окуучуларга жеткирүү максатында ар бир мектепке китепканалар ачылып баштаган.

Делегат китепканачылар

Албетте, мектеп түйшүгүн мугалимдер менен бирге тартып келген китепкана кызматкерлеринин жумушу көзгө көрүнбөгөн түмөн иш. Кээ бир мектептин стеллаждарынын эскилиги жетип, дубал тиреп араңтурат, төрт партаны коюп алып алакандай жерди “окуу залы” деп, түрдүү иш-чараларды өткөргөнгө аракет кылган көптөгөн китепканачылар окуучуларды китеп сыйлаганга, туура окуганга, ата-эне менен бирге окуганга шыктандыргандан талбай келишет.

– Биздин китепкана мектептин эңчоңкабинетинде жайгашкан. Окуу куралдар жыл сайын толукталып келет, адабий китептердин аздыгынан аксап келебиз. Жогорку класстын окуучулары олимпиадага, тесттерге, ЖТРга даярданганда сураган материалдарын таба албай калган учурлар болуп келди. Азыр интернет болуп бир аз жеўилирээк, бирок өзүбүздө компью-тердин жогу кедерги болот. Антсе да, көргөзмө, түрдүү иш-чара өткөргөндөн талбайбыз, — дейт Сатыбалдиева Гүлзада, Нарын шаарынын №4 мектебинин китепканачысы.

– Форумга делегат болгонума кубанычтамын, көп нерсе үйрөнгүм келет. Учурда МЕРСИКОнун “Окуу эстафетасын” өткөзүп, фондубузга көркөм адабият толуктап алдык, бирок өкүнүчтүүсү көп китептер биздин балдардын суроо-талабына туура келбей калат жана окуу залыбыз менен китеп сактоочу жерибиз бир болуп иш-чараларды өткөзүүгө оўтойсуз. Буюрса, санариптүү китепкана болуп өзгөрүшүнө өз үлүшүмдү кошуп жакшы иш баштагым келет, — деди Назгүл Жуматаева, Токтогул районунун №18 К.Чокоева атындагы мектептин китепкана башчысы.

– Форумга барарымды укканда абдан кубандым, анткени иш үстүндөгү көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун таппай келген элем. Эңнегизгиси электрондук китепканага катталуу жөнүндө маалыматты кантип аларымды биле албай жаткам. Бул форумдан үмүтүм абдан чоў, көп жаўылануулардын алдында турабыз деп ишенем, — дейт Айзада Орунбаева, Тогуз-Торо районундагы, №45 кесиптик лицейдин китепканачысы.

Олуттуу окуя жөнүндө ой

Төлөгөн Аматов,
Форумду өткөрүү комитетинин төрайымынын орун басары, “Жаңы китеп” ишканасынын башчысы:

“Аталган форумду – Кыргызстандагы мектеп китепканачыларынын арасында биринчи жолу боло турган чоңокуя десе болот. Өлкөбүздүн көп мектебин, анын ичинде китепканасын кыдырып чыгып бул тармактын каралбай, заман талабынан артта калып баратканын байкадым. Китепканачылардын көйгөйүн чогуу отуруп, заманбап кылып, электрондук отчеттуулукту түзүп, санариптештирүүгө өткөрүүгө кадам ташташыбыз керек. Китепканачыларыбыз мотиватор, педагог болушу зарыл”.

Айнура АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер