«КИШИ», «АДАМ», «ИНСАН»
- 19.02.2021
- 0
Миңди билген – билик
Э.Мамбетакунов
Ж. Баласагын ат. КУУнун профессору
Биздин күндөлүк турмушта “киши”, “адам” жана “инсан” деген үч термин колдонулат. Аларга “Кыргыз тилинин сөздүгүндө” төмөнкүдөй аныктама берилген. Киши – 1) ойлоо, сүйлөөжөндөмдүүлүгү бар, акыл-эстүү жан, адам; 2) аң-сезимдүүлүгү, жөндөмдүүлүгү, кишилик сапаты бар адам. Мында киши менен адам бирдей эле маанини бергендей сезилет. Бул аныктамалардын логикасына таянсак киши – бул адам. Ал эми “адам” термини бул сөздүктө мындай чечмелениптир: Адам – 1) акылы, ойлоо, сүйлөөжөндөмдүүлүгү бар, өндүрүш куралдарын жасап, эмгек процессин пайдалана билген жан, киши; 2) жогорку моралдык жана интеллектуалдык касиеттерди өзүнөтоптогон, жакшы сапаттары бар киши; 3) бой тарткан, акыл-эси, билими бар, колунан иш келген киши. Мында деле адам – киши. Бирок бул жерде киши менен адамдын айрым касиеттери бири-биринен айырмаланары көрүнүп турат. Киши ойлоо, сүйлөө, эмгектенүү жөндөмү бар тирүү жан болсо, адам жогорку моралдык жана интеллектуалдык жөндөмү бар тирүү жан. Бул жөнүндөулуу окумуштуу Абдулхай Алдашев өзүнүн бир маегинде “адам болом деп аракеттенип жүрүп, киши боюнча калып калган тура” деген оюн айткан. Муну да эске алып коюуга туура келет. Демек, кишинин баары эле адам эмес.
Жогоруда белгиленгендей, “киши” менен “адам” түшүнүктөрүнүн сөздүктөгү аныктамалары логиканын эрежесине туура келбейт. Анткени, бул жерде киши түшүнүгү адам түшүнүгү аркылуу, ал эми адам түшүнүгү киши аркылуу аныкталып калган. Бул логикада белгисизди белгисиз аркылуу аныктоо деп аталат.
Дагы бир белгилей турган нерсе – жогорку аныктамаларда киши да, адам да “жан” деп берилген. Ал эми “жан” түшүнүгү өтөэле көп маанини берет. Ошол эле китепте “жан” түшүнүгү “тың”, тирүүлүктүн белгиси, материалдуу дененин биологиялык, физиологиялык, психологиялык активдеги ишмердиги, киши, адам ж.б. деп берилген. Бул жерде дагы аталган түшүнүктөрдүн бири-бири менен болгон карым-катнашын тактоо, алардын белгилерин бири-бирине шайкеш келтирүү зарылдыгы жатат.
Эми талдоону талап кылган дагы бир түшүнүк – бул “инсан” түшүнүгү. Сөздүктөинсан термини жеке адам (личность) деп гана көрсөтүлгөн. Мында инсан түшүнүгүнүн мазмуну ачылган эмес.
Орус тилинде жогорку үч түшүнүк эки гана термин менен белгиленет: “человек”, “личность”. Ал эми биз колдонуп жүргөн “адам” түшүнүгү “человек с большой буквой” деп айтылат. Орусча сөздүктөрдө“Человек – субъект исторического процесса, развития материальной и духовной культуры на Земле, биосоциальное существо, генетически связанное с другими формами жизни, выделившееся из них благодаря способности производить орудия труда, обладающее членораздельной речью, мышлением и сознанием. Личность – человеческий индивид в аспекте его социальных качеств – взгляды, способности, потребности, интересы, моральные убеждения. Личность – это динамичная, относительно устойчивая целостная система интеллектуальных, социально-культурных и морально-волевых качеств человека, выраженных в индивидуальных особенностях его создания и деятельности”. Айтылгандардын негизинде киши, адам, инсан түшүнүктөрүнүн мазмунун терең ачуу, алардын жалпы жана бирин экинчисинен айырмалоочу маңыздуу белгилерин аныктоо милдети турат. Бул маселе жалпысынан философия илимине таандык болгону менен, педагогика илимине да толук тиешелүү. Анткени педагогика адам таануу, адамдын калыптанышы менен өнүгүшүнөтаасир берүүлөрдүн закон ченемдери жөнүндөгү илим.
Бул айтылгандардын негизинде жогорку үч түшүнүктүн жумушчу маанисин тактап алалы. Киши – ойлоо, сүйлөөжана кайсы бир ишти аткаруу жөндөмү бар тирүү жан. Адам – моралдык жана интеллектуалдык жакшы сапаттары бар киши. Инсан – аң-сезими менен аракетинде оң маанидеги жекече өзгөчөлүгү бар адам. Демек, бул үч түшүнүктүн иерархиясын «киши–адам–инсан» деп азырынча кабыл алып туралы.
Педагогика илиминде жакынкы убактарга чейин окуучулардын жетишкендиктери негизинен билим, билгичтик, көндүм деген түшүнүктөр менен бааланып келген. Булар окуучулардын адамдык сапаттарынын негизги көрсөткүчтөрү болуп калган. Бирок окуучулардын ар тараптан гармониялуу өнүгүүсү эстен чыгарылган эмес. Ошол эле учурда ал сапаттардын байланыштары так аныкталбастан, айрымдары өз-өзүнчөкалыптандырылып, бирдиктүү толук системаны түзөалган эмес. Чынында эле билим берүүгөөзгөчөкөңүл бурулуп, ал билимдердин адамдын жалпы инсандык сапаттарын калыптандырууга жана өнүктүрүүгөтийгизген оң таасири көмүскөдөкалып калгандай сезилет. Мына ушунун натыйжасында таалим-тарбия процессине компетенттүү мамиле жасоо идеясы пайда болгон. Албетте, компетенттүү инсан компетенттүү коомдо, айрым компетенттүү адистердин максаттуу иш аракеттеринин таасиринде пайда болуп, калыптанат жана өнүгөт.
Эми компетенттүү инсан деген ким? Компетенттүүлүк деген эмне? Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында “компетенттүүлүк – кандайдыр бир кырдаалда (окуу, инсандык, кесипкөйлүк ишинде) билимдин, ыктын жана жөндөмдүүлүктүн ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга адамдын интеграцияланган жөндөмү” деп аныкталган. Демек, окуучунун компетенттүүлүгү алган илимий илимдерин, жашоо-турмуштан үйрөнгөндөрүн өзүнүн жана жалпы коомчулуктун талабын канагаттандырууга натыйжалуу колдоно билүүсү болуп эсептелет. Мында илимий билим менен турмуштук көндүмдөргөбирдей маани, баа-барк берилиши керек. Бирин өйдө, экинчисин ылдый деп бөлүүгөболбойт. Анткени билим менен тажрыйба бири-бирин толуктап турат. Билим тажрыйбага алып келсе, эмпирикалык тажрыйба билүүгөалып келет. Билимсиз окуучу компетенттүү боло албайт. Ал компетенттүүлүк күндөлүк турмуштагы маселелерди чече билүү тажрыйбасы менен сыналат.
Компетенттүүлүк, таалим-тарбияга компетенттүү мамиле жасоо, компетенцияны калыптандыруу терминдери педагогикалык лексикага толугу менен кирди. Аны ар бирибиз колдонуп жүрөбүз, өзүбүздүн эле термин сыяктанып калды. Бирок ошол терминдин түпкү мазмуну биздин аң-сезимибизге, жан-дүйнөбүзгөкирип, кан-жаныбызга сиңдиби? Менимче жок. Окуучулар эмес, мугалимдер деле компетенттүүлүктүн маңызын, түрлөрүн даана элестетип, каалаганындай калчай алышпайт. Ал эми ата-энелер болсо, ал терминдин маңызынан алда канча эле алыс турушат. Демек, компетенттүүлүк терминин маани-маңызына жараша кыргызчалатуу зарылдыгы келип чыгат.
Бул маселени талдоодо мен Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастанынын Т.Козубеков которгон варианты боюнча 1993-жылы жарык көргөн китептин “Кут белгиси билик” деген баш сөзүнөкайрылдым. Аны кыргыз элинин улуу жазуучусу Т.Сыдыкбеков жазган. Ал киши сөзүн “Бирди билген – тирик, миңди билген – билик” деп баштайт. Мына ушул жерде эле байкаган жанга “тирик” менен “биликтин”, “киши” менен “адамдын”, “адам” менен “инсандын” айырмасы көрүнүп турат. Чынында эле жакшы кишини кишичиликтүү, жакшы адамды адамкерчиликтүү, жакшы инсанды билги деп айтышат. Сөздү көп созбой эле компетенттүүлүктү “билгилик”, ал эми компетенттүү инсанды – билги адам деп атоону сунуш кылам.
Билгиликтүү адамдын кандай касиеттери болушу керек, же билгинин кандай түрлөрү бар? Мен билгинин төмөнкү түрлөрүн белгиледим.
- Эл билги – өзүнүн элинин түпкү тегин, маңызын, тарыхын билген, өз элин урматтаган, ага ишеним арткан адам.
- Жер билги – өзүнүн туулган жеринин, ата-мекенинин табиятын билген, Кыргызстандын жалпы элине берген пайдасын, сулуулугун, көркөмдүгүн жан-дүйнөсү менен сезип, кабыл алган, түшүнгөн, өз жеринин табияты менен таттуу мамиледе болгон жана анын экологиялык тазалыгын сактоого кам көргөн адам.
- Сыр билги – башкалардын жан дүйнөсүнөсүңгүп кирген, алардын кулк-мүнөзүн, ички сырларын, инсандык парасаттарын түшүнгөн, оң же терс көрүнүштөр болсо ачык айткан, аларды сыйлаган жана ишеним көрсөткөн адам.
- Сөз билги – сөздүн улуулугун билген, ага маани берген, сөзгөконок берген, сөзгөтурган, жан дүйнөсүндө“сөзүм өлгүчө, өзүм өлөйүн” деген сезимдин ар дайым болгон адам.
- Жөн билги – социалдык чөйрөнүн (кишилер, адамдар, инсандар) катышуучуларынын арасындагы мамилелерди билген, түшүнгөн, аткарган адам.
- Иш билги – адистикке, кесипке тиешелүү болгон теориялык жана практикалык билимдерге, билгичтиктерге, көндүмдөргөээ болгон, атайын билгилик жана жоопкерчиликтүү адам.
- Кол билги – өзүнө, үй-турмушуна, кесиптик ишмердикке керектүү болгон айрым нерселерди өз колу менен жасай билген адам.
- Сын билги – өзү жана башкалар жасаган иштердин, болгон окуялардын оң же терс жактарын сынай билген адам.
- Баа билги – өзүнүн жана башкалардын жасаган аракеттерин, болуп өткөн ар кандай окуялардын натыйжасын калыс баалай билген адам.
Мына бул көрсөтүлгөн билгилердин мааниси өтөтатаал жана өтөкарама-каршылыктуу. Булар бири-бири менен тыкыз байланышта, бири экинчиси аркылуу аныкталат, бири экинчисин толуктап турат. Ошондуктан бул билгилерди заманбап кыргыз жаранынын инсандык сапаттары катары кароого болот деп ойлоймун.
Эми ушундай инсанды кантип тарбиялоо керек деген өтөолуттуу педагогикалык суроо келип чыгат. Бул проблеманы чечүү үчүн менин оюмча Министрликтин деңгээлинде “Кыргызстанда билгиликтүү инсанды калыптандыруунун илимий-практикалык негиздери” деген долбоорду даярдоо жана аткаруу милдеттери коюлууга
тийиш.
- Долбоорду ишке ашыруу максатында иш билги адистерден турган жумушчу топ түзүү, алардын ишин эффективдүү уюштуруунун финансылык маселелерин чечүү.
- Долбоорлонгон инсандын билгилик сапаттарынын ар биринин мазмунун ачуу. Ар кандай деңгээлде талкуулоо жана бекитүү.
- Билгиликтүү инсандык сапаттарды калыптандыруунун психолого-педагогикалык теориясын иштеп чыгуу.
- Жаңы психолого-педагогикалык теориянын негизинде, анын айрым таалим-тарбиялык жоболорун ишке ашыруунун технологияларын түзүү.
- Билим берүүнүн жана тарбиялоонун жаңы түзүлгөн технологияларын сыныктан өткөрүү жана практикага киргизүү.
Комментарийлер