КИМ ОКУСА “КУТ БИЛИМ”, АЛ КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ!

  • 25.08.2022
  • 0

Бир жылдары башкы редакторубуз Кубат Чекиров ушинтип агартуу журтчулугун гезит окууга, жаңылыктан кабардар болуп турууга чакырды эле. Учурда бул ураан, бул чакырык абдан актуалдуу болуп турат. Анткени, биз азыр кыргыз мектебинин бүгүнкүсүн түптөгөн, келечегин аныктаган тарыхый доордо жашап жатабыз. Өлкөбүздө мектеп реформасы жүрүүдө. Каалайбызбы, каалабайбызбы кыргыз мектеби, директору, мугалими, мугалим колдонгон усул-ыкмалар, окуучулардын билим алуу каалоолору, кызыгуулары, алардын колундагы окуу каражаттары, ата-энелердин, коомчулуктун мектепке болгон мамилелери жаңыланууга тийиш. Ансыз билим берүүдө алга жылуу, өнүп-өсүү болбойт! Муну Финляндия, Эстония, Сингапур сыяктуу өлкөлөрдүн билим жаатындагы зор ийгиликтери эбак ачыктады. Эми биз, кеч болсо да ошол жаңылануу жолуна түшүп жатабыз.

Жакында эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда салтка айланган август педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Ошол маанилүү жыйында Акылбек Жапаров өлкөбүз дүйнөдөгү билим берүүсү өнүккөн 50 мамлекеттин катарына кирүүгө багыт алганын, мындан ары өлкөбүздө билим сапатына мугалим өзү жооптуу экенин  жарыя кылды. Бул албетте зор милдет! Зор жоопкерчилик! Демек, реформанын ийгилиги көп жагынан мугалимге көз каранды!

Мугалим кандай усул-ыкмалар менен куралданат, билими, түшүнүгү, кесипкөйлүгү канчалык, мунун баары келип өзү окуткан окуучуларынын ийгиликтеринен көрүнөт. Мугалимдин эмгегине баа берүүчү мезгил алдыда. Кыргызстан 2025-жылы 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн билим сапатын текшерүүгө алган эл аралык PISA сынагына катышууга белсенүүдө. Анын жыйынтыгы көп жагынан мугалимдин аракетине байланыштуу болору түшүнүктүү.   Азыр мектепте мугалим үчүн бардык жагымдуу шарттар түзүлүп жатат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, апрель айында агай-эжейлердин айлык маянасы дээрлик үч эсеге көбөйдү. Эмгек өргүүлөрүнө каралган акчасын кечикпей алып, чөнтөгү балпайган кээ бир мугалимдер Ысык-Көлдү бери кой, чет мамлекеттерге чейин барып, эс алып келишти. Чыгармачылык менен изденип иштеген алдыңкы мугалимдердин бир даары мектеп директорлорун тандоо боюнча жалпы улуттук сынакка катышып, өз күчүн сынап көрүүдө. Ийгиликке жеткени да бар. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биз, кутбилимчилер, директорлорду конкурстук негизде тандоо сынагында жылдызы жанган талапкерлердин баарын зор жеңиши менен кутуктайбыз! Мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо – бул азыркы мектеп реформасынын эң бир маанилүү багыты болуп саналат. Дагы бир олуттуу маселе тууралуу айта кетели. Август конференциясында билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев эгемендүүлүктүн 30 жылында билим берүүнүн контенти (контенти) иштелип чыкпаганына токтолуп, мазмундук өзгөрүү азыркы мектеп реформасынын өзөгү экенин айтып өттү. Ушуга улай бизде Мамлекеттик билим берүү стандарты жаңыланды. Мамлекеттик стандарттын негизинде предметтик стандарттар, окуу программалары иштелип чыгып, жаңы окуу китептери жазылууда.  Билим берүү тармагынын жетекчиси мугалимдерге багыт көрсөткөн конференцияда мындан ары тил, адабият, тарых, география предметтеринен тышкары окуу китептерин тандоодо ким кайсыл автордун китеби менен окуткусу келсе, уруксат берилерин, мисалы так илимдерди  беш жүз жылдык тарыхы бар Оксфорд китептери менен окутууга болорун б.а. вариативдүү окутуу киргизилерин белгиледи. Конференцияда тарбия ишиндеги көйгөйлөр да козголду. Узак жылдар тарбия ишине таасын маани берилбей келгени ачык айтылып, класс жетекчинин түмөн түйшүктүү эмгеги 400 сомго бааланып келгени да айтылды. Мектептеги мугалим-окуучу айдыңында учурап калчу терс мамилелер көбүнесе  салттуу таасир этүү ыкмаларынан деп билебиз. Анткени ааламдашуу доорундагы окуучулар мындан беш-он жыл мурунку окуучулар эмес. Алар бизден жаңы мамилени, жаңы талапты, жаңы, негиздүү, реалдуу милдеттерди күтүүдө. Окуучу күткөн мугалим кандай болууга тийиш? Буга да ынанымдуу жоопту кечээ болуп өткөн август конференциясы бере алды. Конференцияда мугалим-тарбиячыларга билим берүүнүн экосистемасы сунушталды. Демек, ар бир мугалим тарбия ишине чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, билим алып, бул ишке даярдык көрүп, өз ишинде ата-энелер мектебинин табылгаларынан байма-бай пайдаланып, аны өркүндөтүп, дүйнөлүк педагогиканын алтын казынасынан баалуу сабактарды издеп таап, аны чыгармачылык менен колдонууга тийиш.

Дагы бир жаңылык. Эмки 2023-2024-окуу жылынан баштап өлкөбүз 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Буюрса, бүтүрүүчүлөр мектептен жөн гана билим алып чыкпастан, бир-эки коомго зарыл кесипти өздөштүрүп чыгышат. Бул албетте, чоң жаңылык!  Электрондук билим берүү өркүндөп, санариптештирүү аракеттери арымдуу болуп, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, бир-эки айлап ооруканада жатып дарыланып жаткандар, ошондой эле ички, тышкы миграциядан улам ата-энелери менен чогуу убактылуу жер которушкан окуучулар үчүн электрондук мектептер ачылмакчы. Билим берүү жана илим министрлигинин инновациялык чечимдеринин арасында аймактарда жан башына каржылоону жайылтуу, ошондой эле мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууда ваучер ыкмасына өтүү арактеттери бар.  Эсиңиздерде болсо керек, бул эки демилге убагында  ЮСАИДдин “PEAKS“ жана “Сапаттуу билим” долбоорунун алкагында апробациядан өтүп, жакшы жыйынтыктарды берген болчу. Инновация деген унутулган же эстен чыккан мурунку жаңылык экени ушундан байкалат.

Эмнеси болсо да, багытыбыз түз болсун!

Август конференциясына утурлай “Кут Билим” гезитинин үч санына методикалык сунуштар жарыяланды. Билим берүү адистери ар бир предмет боюнча сунуштарды даярдап беришти. Быйылкы методикалык сунуштарда Президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык тарбия ишине өзгөчө басым жасалып, бул багыттагы кеп-кеңештер азыркы  методикалык сунуштарда өзүнүн татыктуу ордун тапты. Мындан сырткары, Диндердин өнүгүү тарыхына, функционалдык сабаттуулукка да арбын орун берилди. Билим берүүдөгү мындай өзгөрүүлөргө кызыккан, жаңыланууга дит койгон мугалим ушул жаңылыктардын баарын биздин гезиттин жогорудагы үч санынан таап окуса болот. Жер-жерлерге жетиштүү санда жетпей калбасын деп, биз типографияга кошумча буйрутма бердик. Алар да өз окурмандарынын колуна тийди. Эгерде  методикалык сунуштар сиздерге жетпей жатса,  райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар, аларда кошумча гезиттер болушу ыктымал.

Урматтуу мугалимдер, биздин активдүү окурмандарыбыз! Сиздер күн сайын эмес, саат, мүнөт сайын өзгөрүп турган ааламдашуу доорундагы жаңылыктын ордун, баасын жакшы билесиздер деп ойлойбуз, анткени ушул күндөрү улуу педагог К.Д.Ушинскийдин “Мугалим окуп турса гана мугалим” дегени өзгөчө мааниге ээ болду. Мектебибиз, окуучуларыбыз, дегеле коом өзгөрүүдө!

Ушундай убакта биз, мугалимдер, билим, маданият очогунун ээлери, өзгөрүүгө милдеттүүбүз!

Ал үчүн өзүбүздүн сүйүктүү гезитибизге жазылалы!

Мурдагыдай бир мектепке бир даана гезитке эмес, союз мезгилиндей ар бирибиз жазылалы!

“Мен “Кут Билимге” жазылдым!” дейли!

Ушундай көңүл кушун көтөргөн жагымдуу кабарларды ар бириңиздерден күтөбүз!

 

Сиздерди терең урматтап, кутбилимчилер

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер