КЕСИПКӨЙ БОЛУУ ОӉОЙБУ
- 01.12.2020
- 0
(Кабарчынын коомго таасири жөнүндө ой толгоо
«Ар бир кесип ардактуу» демекчи, кабарчылык да абдан барктуу кесип тура. Бул кесип кылдат жоопкерчиликти талап кылуусу жагынан башка кесиптерден бир топ маанилүүрөөк орунда го дейм. Андыктан кабарчылык урматталышы керек. Бирок кабарчы деп кимди айтабыз? Бул макалабызда өзгөчө саясий кабарларды таратууда кабарчынын орду тууралуу кеп кылабыз.
Америкалык жазуучу, журналист, кансыз согуш терминин биринчилерден болуп тааныткан жана психологиялык маанидеги стереотип терминин биринчи жолу колдонгон илимпоз Вальтер Липпманн кабарды «жашырылган чындыктарды жарыкка чыгарган, окуяларды бири-бирине байланыштырган жана окуялардын арасындагы чындыкты ачыкка чыгарган так маалымат» деп аныктаган.
Бул аныктамага караганда, биздин өлкөдө сый-урматка арзыгыдай канча кабарчы бар? Өзгөчө соңку саясий кырдаалда маалым болгондой, биздин журналистика түшүнүгүбүз аша чаап мактоодон же каралап олтуруп кара жерге киргизип ийгенден көтөрүлбөй калды окшойт. Баса, кабарга так ушундай аныктама бергендер да болуптур. Алсак, белгилүү социолог, криминологдор Джок Янг жана Стэнли Коэндин ою боюнча кабар – бул кабарчылар оюнан чыгарган маалымат… Тилекке каршы, бул жердеги экинчи аныктамага ылайыктуу кабарлар басымдуу болуп кеткен өңдөнөт.
Кесипкөй болуу оңой эмес
Анкарада иштеп жүргөн бир кыргыз жигит менен жолугуп калдым. Университетте окуйм дейт.
— Кайсыл факультетте окуйсуӊ?
— Мен психологмун.
Өзү окуу жылынын ортосунда сабагын таштап коюп, бааларды сатып алууну ойлоп ыраакта жүрөт. Бирок аттан түшсө да ээрден түшкүсү жок, «психологмун» дейт. Менин суроомо: «Психология факультетинин студентимин же ошол бөлүмдө окуйм», — деп жооп берсе да ашыкча болмок.
Суроонун так жообу: «Психология бөлүмүндө студент катары катталып турам».
Көрсө, билим баркталбаган жерде кесиптин деле куну кетет тура. Эптеп-септеп тийиштүү бөлүмгө каттала калуу – кесип ээси болуу үчүн алгачкы эле кадам. Университеттен өз күчү менен окуп бүткөндө кесиптин ээси болуу мүмкүнбү? Менимче, жок.
Азыркы кезде билим берүү тармагы материалдык кызыкчылыктардан (акчадан) толук эркин боло албай калгандыгы, билим берүү, үйрөтүү, агартуу сыяктуу улуу озуйпаларга жетиштүү маани берилбей жаткандыгы жашыруун эмес. Андыктан кесип ээси болуу тийиштүү билимди алган соң, ошол билимин «пендеге жакшылык кылуу» деген бийик максатта жасалган аракеттен, эмгектен көз каранды болот деп эсептейм.
Ошентип, кабарчы деген ким? Журналистика бөлүмүнөн диплом алгандарбы? Кандайдыр бир маалымат агенттигине жумушка киргендерби? Кабарчылык этикасынан бейкапар, бирок жүз миңдеген окурман-көрөрман-угарманды эптеп алаксытып тургандарбы? Же кесиптик билиминин жанында, адеп эрежелерин сактаган, жүрөгүндө «Эң башкысы – элге кызмат» деген жалыны барларбы?
Эл менен бийликтин ымаласында кабардын орду
Кабар бардык учурларда адеп нугунан чыкпашы керек. Өзгөчө саясий маңыздагы кабарлар өтө кылдаттык менен жарыяланууга тийиш. Глобалдашуу доорунда журналистикага да экономиканын таасири күчөп баратканы маалым. Дал ошол себептүү соңку жылдарда кабарчынын маалымат берүүдө бейтараптыкка канчалык бек тура алышы талкууланып жатат.
Албетте, бул өтө чоң, глобалдуу маселе. Балким, дүйнөлүк тажрыйбада, саясий маңызда, кабарчынын бейтараптык талабын бекем аткарышына кепилдик болбой жаткандыр… Маалыматта субъективдүүлүктүн орун алышы мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айлангандыр. Бирок маалыматтын субъективдүүлүгү эки тараптуу ажырымдын, диалогдун көлөмү менен түз пропорциялаш экенин дароо эле тактай кетиш керек. Жөнөкөй тил менен айтканда, кабар канчалык бир тараптуу жазыла турган болсо, ал кабарды
жактагандан менен аны жактабагандардын ортосундагы ажырым ошончолук чоңоёт.
Калыстык бизде барбы?
Биздин өлкөдө бейтараптык принцибине канчалык маани берилет? Такыр маани берилбейт десек, аша чапкандык болор. Бирок жетиштүү эмес.
Мунун эң чоң далили – карапайым элдин бийлик туурасында калыптанган көз карашы. «Президент эмне кылып олтурат өзү?», «Жүз жыйырмаңар биригип бир ишти бүтүрдүңөрбү?», «Жалаң жегичтер чогулуп алган», «Элди такыр ойлошпойт», – деп карапайым элдин ичинен бийликке карата айткан дооматтарын соцтармактардан угуп-окуп жүрөбүз да… Аныгында, бул пикирлерди жазган кишилердин басымдуу бөлүгү бийликтин кандай иштеп жатканын билген кишилер эмес. Алардын ой-пикири дээрлик толугу менен оппозициячыл ЖМКдагы маалыматтардын таасири астында калыптанган десек болот.
Эң жаман жери, калың катмардан бийликке карата ушул сыяктуу негизсиз, реалдуулуктан узак пикирлердин айтылышы бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды чоңойткондугу. Калыӊ калк «бийлик дайыма жалган айтат» деп ойлосо, бийлик тараптагылар «эл баары бир түшүнбөйт, түшүнүгү жетпейт, негизсиз нерселерди айта берет» деп, сынчыл пикирлерди укпай коюшу мүмкүн. Эл менен бийликтин мамилесин ЖМК калыптандырат десек аша чапкандык болбойт.
Өзгөчө шайлоо алдында бийликтин арзымат журналисттери тарабынан оппозициячыл тараптын бир да оң кадамын жазбаганы, сын-пикирин туура кабыл албай жаткандыгы абалдын канчалык начарлап кеткендигинин ачык далили. Ошондой эле, оппозициячыл тараптын да, аз болсо да, бийликтин туура кадамдарын баалабай, толугу менен капкара кылып көрсөткөнү да кылмыш деп саналууга тийиш. Анткени ушулардын натыйжасы эки тарап болуп элдин кырылышканына себеп болгондон башка эч нерсеге жарабай калып жатат.
Так ушундай эле маңыздагы натыйжалар, партиялар аралык үгүт иштеринде да байкалып жатат. Бири-бири тууралуу жазып, чиймелегенин карап туруп: «Ой тообо! Абийирдүү эч ким калбаптыр да мекенибизде», – деп келечектен үмүт үзгүң келип кеткен менен, өзү тууралуу жазганда
«Сокур болуп калган окшойм. Ушундай алтын уул-кыздарды кантип көрбөй калган экенмин», – деп үмүт артып кеткиң келет.
Кыскасы, бир тараптын жактаганда экинчи тараптын да артыкчылыгы менен кошо кемчилиги айтылбаган жерде чыныгы журналистика болбойт. Кабарчылар калыстыкка умтулбаса, эл менен аткаминердин ортосундагы ажырым азайбайт деп ойлойм.
Медианын ээлери маалыматтын бейтараптыгына чоӊ кедерги тийгизери эл аралык деӊгээлде көптөн бери талкууланып келет. Бир тарапка ашыкча жан тартып, маалыматты бир беткей берген адат башка өлкөлөрдө да бар. Терс көрүнүштөрдү ашыкча уу-дуу кылган жосун жамандыктын жайылышына түрткү берип жаткан жокпу?.. Журналистиканын күчү жети миллион элдин ортосуна жетимишке бөлүп, кайым айтыштырып койгонго жетип калса, али тарткылыгыбыз алдыда экен…
Элмурат Кочкор уулу. Түркия.
Комментарийлер