КЕЛЕЧЕК БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА

  • 14.07.2022
  • 0

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Чүй облусунун 81 пилоттук мектептеринен тандалып алынган кыздар Жалпы республикалык тестирлөөгө бекер даярданып, жогорку балл алышты. Анда эмесе, алардын айрымдары менен тааныштыралы.

Илимге шыктандырган долбоор

Долбоордун негизги максаты – өспүрүм кыздарды илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана кантип тандап, кандай жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп-үйрөтүүнү көздөйт.

КЕЛЕЧЕК БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДАКара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапованын берген маалыматына таянсак, бул райондогу 132 мектептин ичинен төрт мектеп  “Илимдеги кыздар” долбоору менен тыгыз иштеп жатышат.

— “Илимдеги кыздар” долбоору —  келечектүү программа. Акыркы жылдары чындыгында табигый илимдерге, STEM багытындагы предметтерге көп көңүл бөлбөй келгенибиз. STEM программасы боюнча биздин райондогу пилоттук төрт мектептин 9-10-11-класстын бүтүрүүчүлөрү Ош мамлекеттик университетинин алдындагы  STEM программасы менен иштеген колледжине аптанын ишемби күндөрү барып, окуп турушат. Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча социалдык жактан колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарында көйгөй бар. Алар каражат төлөп, тестирлөөгө даярдана алышпайт. Бул жагынан алганда “Илимдеги кыздар” долбооруна кирген окуучулар ЖРТга эки жылдан бери акысыз даярданып жатышканы ата-энелерди кубандырбай койбойт. “Илимдеги кыздар” бир эле тестирлөөгө  даярдабайт, ал жерде кесипке багыт берүү, лидерликке даярдоо, кыздардын санитардык-гигиеналык абалына чоң маани берген масштабдуу проект,  — дейт Г.Машрапова.

Жалпы республикалык тестирлөөөгө бекер даярдоо

“Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкованын берген маалыматына таянсак,  Жалпы республикалык тестирлөө фонддун иштөө компоненттеринин бири.

— ЖРТга 2020/2021, 2021/2022-окуу жылдарга 400 кызды даярдап чыгып, жок дегенде 70% STEM багытындагы жогорку окуу жайларга өтүү керек. Былтыр 215 кызды окутсак, 204 кыз ЖОЖго тапшырды. 11и ар кандай себептер менен тапшырышкан жок. Ошол кыздардын 97% ЖОЖго өтүп, анын 72% STEM багытында кесиптерди тандап алышты. Алты кыз чет мамлекеттеги ЖОЖдорго өтүп кетишти. Быйыл дагы ЖРТга катышкан кыздардын алган баллдары 200дөн кемиген жок, — дейт координатор.

КЕЛЕЧЕК БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРДЫН КОЛУНДА

Новопокровкадагы №1 мектептин директору Чынара Мамбеталиеванын айтымында, тарбиялап жаткан мектеп окуучуларын  XXI кылым  талап кылган көндүмдөргө окутуу керек. Ал STEM предметтерине байланышкан.

— Биздин мектептен былтыр 15 кыз, быйыл 6 кыз ушул долбоорго кирди. Жалпысынан  21 кызыбыз менторлукка даярдалып жатат. Былтыркы окуу жылында “Илимдеги кыздар” долбооруна катышкандардын ичинен бир окуучу кыз ЖРТдан жогорку балл алып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин программалык инженерия факультетине  өтүп, окуп жатат. Быйылкы бүтүрүүчүлөр тууралуу маалыматты ЖОЖго өткөндөн кийин беребиз, — дейт мектеп жетекчиси.

Кыздар эмне дейт?

Алина Комкова, Бишкек шаарындагы №9 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү:

— Мен  “Илимдеги кыздар” долбоорунун катышуучусумун. Бул долбоордун алкагында SECOM эл аралык билим берүү борборунда январь айынан апрелге чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө бекер даярдандым. Борбордо негизги тестке өзгөчө басым жасашты. Математика предметинен мектепте жакшы түшүнбөй калган темаларды кайталап, бышыктап окудук. Орус тилинен берилген тексттеги окшоштуктарды абдан түшүндүрүштү. Ошондой эле STEM багытында бир кошумча предмет тандап алуу керек болчу. Андыктан мен биологияны тандап алгам, үч ай аралыгында ботаника, зоология, генетика, анатомия боюнча мектепте окуган маалыматтарды дагы кеңейтип, кайталап чыктык.

Теория менен практиканы айкалыштыргандан кийин ЖРТнын негизги тестинен 216 балл, биологиядан 102 балл алганга жетиштим. Мындан тышкары орус тили жана адабиятынан дагы кошумча тест тапшыргам. Бул тесттен 124 балл алдым. Албетте, мындай жетишкендиктерге SECOM эл аралык билим берүү борборунун эмгеги зор. Ырас, “Илимдеги кыздар” долбооруна катышпасам, мындай жыйынтык болмок  эмес. Орус тили жана адабият предметин жакшы көрөм жана мектепте эле бул сабактан жакшы окучумун. Андыктан Ж.Баласагын атындагы КУУнун филология факультетине өтсөмбү деп кыялданып жатам. Бирок “Илимдеги кыздар” долбоору менен И.Раззаков атындагы КТУга экскурсияга барып, ал жерде кандай факультеттер бар жана эмнеге окутушаарын билдик. Андыктан тамак-аш өнөр жайы факультетине дагы тапшырсамбы деген оюм бар.

Айжана Хамдамова, №47 мектептин бүтүрүүчүсү:

— ЖРТдан негизги тесттен 209 балл, математикадан 120 жана англис тилинен 150 балл алдым. Мындай жетишкендикке “Илимдеги кыздар” долбоору түрткү болду. SECOM эл аралык билим берүү борбору бизди окутаардан мурда ириде тестирлөө өткөргөн. Анда мен болгону 142 балл алгам. Борбордо үч ай бекер окугандан кийин гана ийгиликке жетиштим. Мен математика предметин аябай жакшы көрөм. Борбордо так ушул математиканы абдан жакшы түшүндүрүп беришти. Эң башкысы долбоордо мен мыкты адамдар менен таанышып, өзүм теңдүү курдаштарды таптым. Жеке өнүгүүгө долбоор көп мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Эки жума бою жазгы лагерде болдук. Ал жерден STEM багытын алдыга жылдыруу боюнча  бир топ иш-чаралар өттү. Ар бир сабакта илим дүйнөсүнө сүңгүп кирдик. Мектепте табигый илимдерди окуп, бирок аны реалдуу турмушта, жашоодо кантип пайдаланганды билбейт элек, азыр көзүбуз ачылды. Жашоодогу бардык нерсе физика, химия, биология экен. Лагерде практика жүзүндө баарын көрдүк. Ошондон кийин мен программдык инженерияны тандап алдым. Туура тандоо жасадым деп ойлойм. Буюрса, жогорку окуу жайга өткөндөн кийин STEM багыты боюнча мамлекетибизди алдыга жылдырам! Ошондой эле “Илимдеги кыздар” долбооруна жардам берип, жаш кыздардын өнүгүүсүнө салым кошсом деген изги оюм бар. Кыздарга кеңеш берет элем: кайсы гана учур болбосун бардык берилген мүмкүнчүлүктөрдү колдон кетирбеш керек. Ар кандай долбоорлорго катышуу зарыл, эгерде бекер болуп жатса. Көбүнчө кыздар ошол бекер окуудан качкандар дагы болду. Мындай учур, мүмкүнчүлүк бир эле жолу келет. Көп китеп окуп, дүйнөнү таануу зарыл!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер