КАРАКӨЛДҮН ЖЫЛДЫЗ МАҢДАЙ УЗДАРЫ

  • 21.10.2021
  • 0

Белгилүү обончу, ырчы Асанкалый Керимбаевдин 80-жылдары хит болгон “Каракөлдүн кыздары — жылдыз маңдай” деген ыры сиздин эсиңизде дале бар чыгаар. Каракөлдүн ошондой даңазалуу кыздарынын ичинен биз бул жолу Каракөлдүн жаркын маанай уздары жөнүндө сөз учугун баштап турабыз.

Түштүккө сапарга чыкканда, Каракөлгө атайын токтобосоң, адатта шыр эле өтүп кетесиң. Тоолордон толкуп ташып агып келип, тунуп калган булактай мөлтүрөгөн, үңүлгөн сайын, аралаган сайын өзүнүн түпкүрдөгү сырларын ачкан, тамшандырып таң калтырган бу эки тоонун ортосундагы жашыл шаарды жаштардын шаары десе да жарашат, күрпүлдөп аккан сууларды ооздуктап, ГЭСтерди куруп Ильич шамын жандырган энергетиктердин шаары десе да жарашат. Ушундай кооз керемет жерди жердеген айымдардын чыгармачылыгына чыгармачылык шык кошуп, дараметин арттырып даңкын чыгарган анын таза абасы, тунук суусу анан, тоолордой бийик жана бекем ширелишкен ынтымагы экендигине ынандык. Айрыкча, шаардын билим берүү тармагын тейлеген Каракөл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиеванын айымдардан куралган ынтымактуу командасынын аткарып жаткан иштерине баам салгандар “Бали” деп алакан чаба тургандай деңгээлде экендигин көрдүк. Чыгармачылык сапарыбыз түшкөн Каракөл шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Балдардын чыгармачыл үйүнө келип токтогонубузда, жомоктогу каармандардын кийимдерин кийип бизди тосуп чыккан балдарды, борбордун кызматкерлерин көрүп, бизде да дароо майрамдык маанай пайда боло түштү.

Сынактарда сыналган ийрим катышуучулары

Каракөл шаарындагы Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүндө дайыма жумуш кайнап, келип-кеткендердин аягы суюлбайт. Андан да, шаарда кайсы бир майрам же кандайдыр бир иш-чара болсо, чыгармачыл жамаат түрүлө барып, шаңга бөлөп жибермейи бар, ошол үчүн чыгармачылыктын уюгу —  борбору аталса керек. Анын жетекчиси Гүлжан Бердимуратованын жигердүү аракеттери өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Балдар чыгармачылык үйүн өзүнүн экинчи үйүбүз деп эсептешкен “Токуу” ийриминин жетекчиси Т.Чокоева, “Чебер колдор” ийриминин жетекчиси Т.Мусуралиева, “Жаратылыш жана фантазия” ийриминин жетекчиси Э.Бечелова, “Дизайнер стилист” ийриминин жетекчиси Н.Ормонкулова, “Step by step” ийриминин жетекчиси Р.Р.Жусупбекова, “Улуттук бий” ийриминин жетекчиси А.Култаева ж.б. эмгектери эч убакта көз жаздымда калбайт.

КАРАКӨЛДҮН ЖЫЛДЫЗ МАҢДАЙ УЗДАРЫ

Жаштардын, айрыкча, кыздардын арасында популярдуу болгон ийримдердин бири “Чебер колдор” ийримин жетектеген Тамара Мүсүралиева ушул жерде иштегенине 13 жыл болду. Тамара айым кол өнөрчүлүккө кызыккан балдарга көбүнчө улуттук каада-салттардын белгилери камтылган кийимдерди, айрыкча, баш кийимдерди жасаганды үйрөтүүгө басым жасайт. Анын баарын саймаларды түшүргөндө, шуруларды бастырганда, түрдүү оюуларды чийгенде эске алууга аракеттенет.

— “Чебер колдор” ийримине катышкан өспүрүмдөргө өз колдору менен жасаган буюмдардын кандай максаттарды камтыганын, ар бир оюу эмнени түшүндүрөөрүн үйрөткөнгө аракеттенем. Балдар боекторду, түстөрдү айрып билиши үчүн ар түрдүү боекторду көбүрөөк камтыганды жакшы көрөм. Ушундай эле эрежени жүндөн жасалып, элеси түшүрүлгөн сүрөттөрдү жаратууда да пайдаланабыз. Андан сырткары, куракчылык менен да алектенебиз. Мында да түшүрүлүп жаткан оюулардын кандай түстө болушу керектиги, кайсы өңгө кайсынысы шайкеш келээри, канткенде көркүн ачса болоорун кылдат иликтеп, балдар менен кеңешип аткарабыз, — дейт Тамара Мүсүралиева.

Сөз менен да, иш менен да үлгү болгондор

Биз жогоруда белгилегендей, кайсы даталуу күн болбосун, БЧҮнүн чыгармачыл балдары сөзсүз катышат жана катышып гана тим болбостон, байгелүү орундарга ээ болуп келишет. Каракөл шаарындагы Ч.Айтматов атындагы балдардын чыгармачыл үйүнүн жетекчиси, Каракөл шаардык кеңешинин депутаты Гүлжан Бердимуратова бизге чыгармачыл жамааты аткарган иштери, жетишкен ийгиликтери жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:

— Биздин таланттуу балдар жараткан ийгиликтер өтө арбын. Ар бир даталуу күндөр, ар бир майрам биздин балдардын катышуусуз өтпөйт десем, аша чапкандык болбос. Кандай ийгилик болбосун, ага жамаатың менен бирге аткарган иштериңдин аркасында жетишээриң анык. Андан да биринчи жогорку жактагы жетекчиликтин да жигердүү аракеттери, колдооосу көп нерседен кабар берет. Мен мында Каракөл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Бопоновна Мырзалиеванын көсөмдүгүн, көрөгөчтүгүн баса белгилегим келет. Акыры келип баарыбыз бир командага биригип, бир максатты көздөп, бир багытты беттеп дегендей, ынтымактуу эмгектенип келатабыз. “Атын атаса, куту сүйүнөт” демекчи, менин жардамчым, оң колум Рахат Жусупбекова майрамдарга ылайыктап сценарийлерди, жомокторду жазып берет, анан аны баарылап ишке ашырабыз. Иш-чараларыбызды Анархан эже, Жамиля эже, Калипа эже сыяктуу Умай энелерибиздин ак батасы менен баштайбыз, бул көптөн бери калыптанып келаткан ыйык эреже сыяктуу болуп калды. Кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын кийинки муунга үйрөтүп жеткирүүдө ушундай иш-чаралардын байма-бай өткөрүлүп турганы эң сонун болооруна ынандым. Мисалга алсак, “Кыз узатуу” деген театрлаштырылган сабактарды өткөндө, көбүнчө биздин чебер-уздардын колунан жаралган баш кийимдерди пайдаланышат. Кыздардын жаш курагына жараша баш кийим кийгизишкенин окуучуларга айтып эле тим болбой, көргөзүп да беришет. Ушул жерде көрүп турган адеми буюмдардын баары биздин уз-чеберлердин колунан жаралган, алардын ар биринин тарых-таржымалы бар. Кыргыздын ар бир буюмун аздектеп, ыйык тутуп, муундар арасындагы байланышты улай турган, бекемдей турган биз – агартуучулар экенибизди унутпашыбыз керек, — дейт Гүлжан Бердимуратова.

КАРАКӨЛДҮН ЖЫЛДЫЗ МАҢДАЙ УЗДАРЫ

Заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун атын алып жүргөн чыгармачыл үйдүн дилгир кызматкерлери заман талабына шайкеш темаларды, айрыкча жаш жеткинчектер кызыккан темаларды чагылдырган семинарларды байма-бай өткөрүп келишет. Айрыкча, 3-мартта “Робототехника” ийриминин   жаш адистери Калпакбаев Дастан менен  Калпакбаев  Мирландын роботтордун кыймылынын кодун программалоону үйрөтүүгө арнап уюштурган “Новый мир” деген темадагы шаардык семинары көрүүчүлөрдүн назарын өзүнө буруп, өзгөчө кызыгууну жаратты. Информатик жаш адис бир туугандар Дастан жана Мирлан Калпакбаевдер  шаардагы тиричилик таштандыларын кайра иштетүү үчүн көрүлгөн иш-аракеттерди роботтоштурууну долбоорлоп көрсөтүшкөнү учурда өтө актуалдуу экени талашсыз.

КАРАКӨЛДҮН ЖЫЛДЫЗ МАҢДАЙ УЗДАРЫ

Ал эми 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүндө “Токуу” ийриминин жетекчиси, ардагер Токтокан Чокоеванын  “Тагдыр күзгүсү” китебинин бер ачаарын белгилешти. Китеп майрамына Каракөл шаарынын вице-мэри Г.Сатарова баш болгон меймандар, автордун жакшы санаалаштары жана жалпы эле адабият күйөрмандары келишип, Балдар чыгармачылык үйүнүн өнөрлүү балдары даярдаган үч сааттык адабий-музыкалык кечеге күбө болушту.  Андан кийин 5-майда “Келечек” бий ийриминин жетекчиси А.Култаеванын бий ансамблинин 10 жылдыгына арналган отчеттук концерти болду. Концерт жогорку деңгээлде аншлаг менен өтүп, келген коноктор залга батпай, тикесинен туруп көрүштү.

Мына ушундай ар күнү ар түрдүү темаларды камтыган иш-чаралардын чордонунда кызыктуу турмуш кечиришкен каракөлдүктөрдүн өздөрү да, аткарган иштери да башкаларга үлгү экендигин өз көзүбүз менен көрүп, кубанып, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап, кайттык.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер