КАНТКЕНДЕ КИТЕПКӨЙ ӨЛКӨ БОЛОБУЗ?

  • 11.05.2022
  • 0

“Китеп окубаган өлкөбүз” деп өзүбүздү өзүбүз сындап, жек көрүп, жерий берерибизди көп байкайм. Бирок эң маанилүү суроо берилбей келет: А эмнеге китеп окубаган элбиз? Бул суроого мен педагог катары төмөндөгүдөй жооп берер элем.

Китепкөй эмес өлкө экенбиз. Себеби бизде китеп окуу жолдору үйрөтүлбөйт, окутулбайт. Биздин билим берүү тутумунда китеп окуу деген сабак жок.

«Китеп окуу» деген да сабак болчу беле деп таңкалгандырсыз.

Ушул жерден бир тактоо киргизип коёлу. Китеп окуу дегенде тамгаларды бириктирип сөздү, сөздөрдү бириктирип сүйлөмдү, сүйлөмдөрдү бириктирип текстти окуган техникалык окууну үйрөтүү эмес, жогорку деңгээлдеги китеп окуу маданиятын түшүнүшүбүз керек.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн орто билим берүү тутумунда китеп окуу сабагы бар. Мисалы, өзүм иштеген америкалык куррикулум менен иш алып барган мектепте 1-класстан тарта балдар китеп тандоо, китепке кам көрүү, максаттуу китеп окуу, китеп окуу стратегиялары, окуп түшүнүү стратегиялары, маңыздуу жана максаттуу китеп окууга керектүү когнитивдик (таанып билүүчүлүк) жөндөмдөр, түрдүү жанрдагы китептерди окуу, ар бир жанрга тийиштүү окуу стратегиялары деген нерселерди үйрөнүшөт. Теориялык жактан эле үйрөнүп тим болушпай, күнүнө класста 40 мүнөттөн китеп окуп машыгышат. Ар бир класстын өзүнүн китепканасы болот.

Эңкызыгы, болочок мугалимдер өздөрү университеттик деңгээлде «Китеп окуу», «Окуу илими» деген курстарды алат. Окууну окутууну, аны билим берүүнүн ар бир баскычында баалоону үйрөнүп чыгышат. Окуунун маанисин тереңтүшүнүп, китеп окууга дилгир болушу керек. Анткени китеп окубаган, окууну сүйбөгөн мугалим балдарды кантип китепке кызыктыра алмак эле?

Дубайдагы Америка университетинде билим берүү боюнча магистратурада окуп жатканда алган сабактарымдын эңунутулгусу, эңпайдалуусу, эңкызыктуусу, инсандык да, кесипкөйлүк жактан да өнүктүргөн окуу илими (Reading Science) деген сабак болгон. Азыр ошол курстун үзүрүн мугалимдик кесибимде эле эмес, жеке күнүмдүк жашоомдо көрөм.

Айтайын дегеним, китепкөй, окумал өлкө болгубуз келсе, «окубас элбиз» деп кейип, аң-сезимдерге терc таасир тийгизе турган сөздөрдү айтпай, бул маселеге болгон көз карашты өзгөртүүбүз керек.

Азыркы абалыбыз жазда үрөн сеппей туруп, күз келгенде такыр талаанын жанына келип алып «быйыл буудай чыкпай койду, эгин болбой койду» деген дыйкандын акыбалына окшош. Биз эңалгач китеп окуу маданиятынын үрөнүн себишибиз керек. Башкача айтканда, мектепте китеп окууну үйрөтө баштообуз зарыл. Ага жараша мугалимдерди даярдоо саясаты жана программалары иштелип чыгышы керек. Эгер бул жаңылык биздин билим берүүгө кире турган болсо, китепкөйлүк маданияты калыптанып, коомдук сабаттуулукка түздөн-түз тиешеси бар бир топ маселелер чечилет. Мисалы, мамлекеттик болобу, жеке болобу басма иши жанданат. Жазуучулук өнөр баалана баштайт. Китепкөй муундар тарбияланат. Анан акырындап китепкөй, окyмал, чыныгы мааниде билимдүү жарандардын өнүккөн өлкөсүнө айланабыз.

Дүйнөнүн алдыңкы окумал өлкөлөрү бир заматта эле, “сыйкыр” менен окумал болуп калышкан эмес. Ал өлкөлөрдө деле адамдар китепкөй болуп төрөлүшпөйт. Алар ырааттуу жана максаттуу түрдө китеп окууну окушат, үйрөнүшөт. Мектепте күн сайын мугалимдин багыттоосу менен китеп окууга машыгышат. Жыйынтыгында, жогорку китеп окуу маданияты жаралат, өнүгөт жана калыптанат.

Мындай китеп окуу маданиятына жетишүү биздин да колдон келет!

Нурайым ЫСМАЙЫЛ кызы,
Дубайдагы Америка университетинин билим берүү боюнча магистр бүтүрүүчүсү

Рухий өсүү чөйрөсүн түзөлү

Нурайым Ысмайыл кызы өзүнүн бул чакан блогун фейсбуктагы барагына илгенде, ага бир катар замандаштар пикир жазышты. Ошолордон келтирели.

Гулсара Мадаминова:

– Эңмаанилүү маселени козгодуңуз. Гапыр Мадаминов агайдын «Акыл эмгегинин маданияты» китебин окудуңуз беле? Бизге ушул сабак 3-эксперименталдык гимназияда 1-класстан окутулчу. Анда китепти окуп-түшүнүү, китеп текстин анализдөө, тез окуп түшүнүү ж.б. жалаңбилим алууну үйрөткөн (ҮЙРӨНҮҮНҮ ҮЙРӨТКӨН) темалар өтүлчү. 25 жылдык эксперименттин натыйжасы катары ал сабактарды алган гимназия бүтүрүүчүлөрү окуу жайларда да ийгиликтүү окуп, өмүр бою өз алдынча билим алууга кызыккан адамдар болуп чыгышты. Бүгүнкү күндө ал жыйынтыкты көргөн, маанилүүлүгүнө акылы жеткен мугалимдер, студенттер башка аймактарда да бул сабакты мектепке киргизүү үчүн өздөрү үйрөнүп жатат.

 

Рахат Жолдошалиева:

– Туура ой! Колубуздан келет жана бизде мындай практика кечээки эле тарыхыбызда жалпы адатка айланбаса дагы болгон. Батыштын тарыхында китеп окуу өзү социалдык статуска жана социалдык класстык катмарга дагы байланыштуу деп айтылат. Кийин бул практика жайылып, бардык катмарга сиңе баштаган. Бирок дагы деле айырмачылык бар.

Китеп окууну үйрөтүү боюнча көп стратегиялык усулдардын ичинен сабаттуу чөйрө (literate environment) түзүү жөнүндө айта кетели. Анын негизги көрсөткүчтөрүнө эне тилдеги балдар адабияты, жаштар адабияты, түрдүү темадагы китептер, басмаканалардын көптүгү, элдин китепти сатып алууга дарамети жана башкалар кирет. Мисалы, Гамбургда бала төрөлгөндө эле педиатр биринчи айларда белекке китеп толгон сумка берет дейт. Өкмөттүн атайын программасында каралган. Баланын рухий дүйнөсү өмүр бою китеп менен толукталып, өнүгө берет.

Канадада ар бир микрорайондо коомдук чакан китепканасы бар. Ал жакта үй-бүлөлүк окуу программалары иштейт. Ар бурчунда кичинекей балдар ата-энеси менен олтуруп окуганын көрөсүң. Китепти үйгө ала кетип окуса да болот. Метродо баратып китеп окугандар көп кездешет. Демек, китепкөйлүк өзүнчө маданиятка айланган.

Америкада окуу шыгын, көндүмүн өнүктүрүү үчүн мектептен тышкаркы мекемелер, китепканалар көп иштерди жүргүзөт. Китеп клубдары абдан көп. Кийим-кечесин жууганы келген аярлуу катмардагылар үчүн китептерди бекер эле коюп, окуу бурчтарын түзүп жатышат.

Көп өлкөлөрдө түрмөдө дагы китепканалар ачылып, китеп окуу атайын долбоор катары киргизилген.

Акыркы мезгилде кагаз китептен электрондук же санариптик китеп окууга өткөн заманда адамда кандай нейро-когнитивдик өзгөрүүлөр болуп жатканы изилденип жатат.

Кичинемде жайкы каникулда, кышкы каникулда китепканадан китеп алдырып, окуп келгиле деп тапшырма берип турушчу. Тилекке каршы, мектепте китепти окуп талкуулаганды эч кимиси үйрөткөн эмес. Бирок үйдө китепти талашып окучу элек, баа үчүн эмес, жөн гана кызыгып, өз алдыбызча окуп, ырахат алчубуз. Чоңатама көркөм чыгармаларды кыраатын келтирип окуп берип, өзүбүздү тим эле шер ойлоп калчу элек.

Ал эми чет тилдер факультетинде окуп жүргөндө бизде аналитикалык окуу деген сабак бар болчу. Азыр ойлосом, ошол сабакты абдан кызыктуу кылышса болмок экен.

Китеп клубдарын көбөйтүү керек. Практика жүзүндө көп кызыктуу долбоорлорду ишке ашырса болот. Биздин үй-бүлөлүк үйрөнүү деген программа ушул теманы көтөрүп турат. Бизге окшогон көп өлкөлөрдө эңнегизги тоскоолдуктарга китеп жетишсиздиги, эне тилдеги китептердин аздыгы, кымбаттыгы жана басмаканалардын аздыгы кирет.

Китепкөйлүк маданиятын өнүктүрүү үчүн өкмөттүк деңгээлде программаларды түзүп, бардык тармактарда жайылтуу керек. Билим берүү жана илим министрлиги үй-бүлөлүк окуу программасын колго алышы зарыл. Дүйнөдөгү эңкөп китеп окуган калкы бар Финляндия бул багытта мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууда. Баарыбыз өз алдынча дагы, туугандардын арасында дагы китеп окуу боюнча чакан клубдарды уюштурсак болот.

 

Орозали Сайдилканов:

– Рахат, абдан орчундуу сөздү айттың! Биздин автордук мектепте «Китеп сүйүүчүлөр» клубунун «Китеп окуй билүү» секциясында 1-4, 5-8-класстарда эки топто китепканачы окутат эле. 9-11-класстарда окуй жана түшүнүү боюнча жогорку окуу жайга даярдоо курсунун кыргыз тили мугалими жетектейт. 1-4-класста так, туура, тез, түшүнүп окуганга, 5-8-класста окуганын түшүнүп, оюн ырааттуу айтканга, тексттеги негизги ойду бөлүп алганга, көркөм окуганга, окуганы боюнча эссе жазууга ж.б. үйрөтчү. Абдан жакшы натыйжа берген.

Күн сайын китеп окуйлу

Китеп окуу акылды курчутат, адамды чечендикке тарбиялайт, сөз байлыгын өстүрөт, акылмандыкка жетелейт. Китеп окуп жатканда, мээ маалыматты анализдейт, каармандардын иш-аракетине баа берет, кырдаалды аныктайт.

Үн чыгарып окуу менен интонацияны туура койгонго, туура сүйлөгөнгө үйрөнөт.

Китеп окуу процесси биздин көңүлүбүздү бир жерге топтогонго үйрөтөт. Пайдасыз маалыматтарга алаксып, жан дүйнөгө руханий азык алууга жардам берет. Анткени китепти көп окуган адамдар билим алууга ынтызарлыгы күчөп, кандай гана ишти баштабасын, аны сапаттуу жана аягына чейин аткара турган чыдамдуулук менен эрктүүлүк сапаттарын калыптандырышат.

Үй-бүлөдө балдар менен биргеликте китеп окууну салтка айландыруу өз натыйжасын бербей койбойт. Андыктан бул жаатта ата-энелер да балдар үчүн үлгү болууга тийиш. Айрыкча балдарга уктаар алдында китеп окуп берүү же кызыктуу жомокторду, окуяларды айтып берүү алардын жан дүйнөсүнүн, фантазиясынын бай болуп чоңоюшуна, чыгармачыл ой жүгүртүүсүнүн өсүшүнө түрткү берет.

Китепти көп окуу адамдын аң-сезимин гана өстүрбөстөн, адам, жаратылыш менен мамиле түзүүнүн да сырларын үйрөтөт. Өзүнө болгон ишеними артып, кандай гана чөйрө же тема болбосун аңгемелешүүгө катыша алат.

Бирок китепти тандай билүү да маанилүү. Ал кайсы гана тилде жазылбасын, эңбашкысы, адамдын жан дүйнөсүнө ырахат тартуулап, инсан катары калыптанышына түрткү бериши зарыл. Ааламга, адамга, айлана-чөйрөгө болгон мамилени жакшы жагына өзгөрткөн курал болууга тийиш. Ошондо гана китеп биздин адам болуп жетилишибизге түрткү берген эңнегизги байлыгыбыз катары кызмат өтөй алат.

Мына ушул максатта “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде күн сайын сабак башталар алды менен “Китеп окуу” мүнөттөрү уюштурулуп, балдар өздөрүнө жаккан, бири-бирине сунуштаган ар түрдүү жанрдагы китептерди тандап окушат. Кээде баары бирдей китепти, кээде алмашып же таптакыр ар башка китептерди тандап окушат. Акырында окуган чыгармаларын айтып берип, маалымат алмашышат же чогуу талкуулап, өз ойлорун ортого салышат.

Эңнегизгиси, балдардын өз алдынча ой жүгүртүүсү, кеп маданияты калыптанып, өз ойлорун, көз караштарын ортого салганга үйрөнүшөт. Бул болсо, окуучулардын интеллектуалдык гана эмес, руханий жактан да азык алуусуна, жашоодо көптөгөн ийгиликтерге жетүүсүнө түрткү бермекчи.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер