КАНАТ САДЫКОВ: “КУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК ЧОҢ ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРАТ”

  • 19.05.2022
  • 0

Май айынын башында Америкага тажрыйба топтоо максатында иш сапарга барган делегация менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков дагы барып келди. КУУ өзгөчө статус ала турган беш окуу жайдын катарында. Университеттин жетекчиси иш сапарда алган тажрыйбалар, келечекте университетте жасала турган иштер жана бул багытта билим берүү тармагында жасалып жаткан реформалар тууралуу биз менен ой бөлүштү.  

КАНАТ САДЫКОВ: “КУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК ЧОҢ ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРАТ”

  • Канат Жалилович, сөздү алгач азыркы билим берүү тармагында болуп жаткан реформалардан баштасак. Себеби сиздердин АКШга болгон иш сапарыңыздардын тамыры ушул реформалар эмеспи.
  • Негизи биз реформа десе эле башталган иш аягына качан чыгат, жыйынтыгын качан берет, качан бүтөт деген суроолорду берип көнүп алганбыз. Бир нерсени кыскартып, же көбөйтүп, же бири-бирине кошуп, же жоюп салуу менимче, реформа деп эсептелбейт. Реформа чындап айтканда, биринчи иретте концепциядан, көз караштан башталат. Ал көз караш сөзсүз түрдө бир системаны толук бир бүтүн, бири-бирине байланышкан, этап-этаптан турган, узак мөөнөттүү катмарларды камтыган, бири-бирине байланышкан татаал система экенин түшүнгөндө гана реформа жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болот. Азыр Алмазбек Бейшеналиевдин Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп кайрадан келиши менен билим берүү тармагында дал ушундай бир бүтүндүктөн турган концепциянын негизинде реформа башталды. Ачык айтышыбыз керек, Алмазбек Бейшеналиев алгач жетекчи болуп келгенде концептуалдуу көз карашын жарыялап, жакшы жаңы иштерди баштап жатып, башка жумушка өтүп кеткенде бул концепциянын толук ишке ашышы күмөн болуп калган. Буюрса, кайра кайтып келип, ошондо баштаган жакшы иштерин улантып жатат.

Апрель айында өлкө Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жалпы социалдык тармакта эмгек акынын жогорулашын ушул бирдиктүү концепциянын башаты деп эсептесек болот. Мурда мындай бирдиктүү концепция жок болгондуктан, эмгек акыларды жарым-жартылай көтөрүү менен эле чектелип калчу. Ал дагы бардык тармакта бирдей болбой, мектеп мугалимдериники жогоруласа ЖОЖдордун окутуучулары, техникалык кызматчылар калып калчу. Мындай эмгек акыларды бирдиктүү жана чоң суммада көбөйтүү эгемендүүлүктү алгандан бери болгон эмес. Жалпы агартуучулар менен биргеликте биз дагы, университеттин эмгек жамааты, техникалык, тейлөөчү кызматчыларга чейин кубанып турган мезгилибиз.

  • Сиз айткандай, Алмазбек Бейшеналиев жетекчилик кызматка келээри менен жогорку окуу жайларында чоң өзгөрүүлөр болорун айтып, жол картасын түзүп, жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди эле. Сиз жетектеген окуу жайда кандай иштер аткарыла турган болду?
  • Алмазбек Бейшеналиев башында жетекчи болуп келип, жогорку окуу жайларга замандын талабына жооп бербей калган структуралык бөлүмдөрдү, кафедраларды, билим берүү программаларын жаап, ордуна эмгек рыногунун муктаждыгына жооп берген жаңы багыттагы модернизацияланган билим берүү программаларын ачкыла, илим-билим-бизнес жана өндүрүш айкалышы керек, ал үчүн студенттик стартап мамлекеттик программасы ишке кирет, университеттердин алдында бизнес-инкубаторлор, биргелешип иштеген борборлор, технопарктар ачылуусу керек деп жаңы сунуштар, жаңы идеялар менен чыгып баштаганда чынын айтыш керек, биз илим, билим, өндүрүш жана бизнестин байланышы канчалык болоорун теориялык жактан түшүнсөк дагы, практикалык түрдө кандай механизмдер менен ишке аша турганын толук билбей жатканбыз. Биздин абалды түшүнгөн министр өзгөчө статус бериле турган беш окуу жайдын жана аймактардагы беш окуу жайдын ректорун майрам күндөрү Америкага алып барып, ал жакта ушул багытта жасалып жаткан иштер менен тааныштырып келди.

Бирөөлөр  муну ишке ашыруу үчүн бизде өзүнчө бизнес чөйрө болушу керек, бизнесмендер тарабынан университеттердин муктаждыгын колдогон фонддор түзүлүшү керек деп айтышы мүмкүн. Себеби бардык маселе каражатка барып такалат эмеспи. Бул идеяларды ишке ашыруунун биринчи этабына зарыл болгон каражаттар Эл аралык банктын долбоорлору аркылуу каржылана турган болду. Учурда ар бир окуу жай өзүнүн  багытын тандап алып, иштер башталды. Биздин университеттин багыты экологияга байланыштуу, суу ресурстарын туура пайдалануу жаатында. Нарын жана анын уландысы болгон Сыр дарыясын изилдөө, суу тартыштыгынын себебебин, анын канча жылга чейин созулушу мүмкүн экендигин аныктоо, суунун пайда болушуна, сакталышына, көбөйүшүнө таасир этүүчү факторлорду изилдөө иштерин жасайбыз деп чоң долбоор баштап жатабыз. Анын негизинде буюрса, жаңы адистиктерди ачуу пландалууда. Көрсө, бизде мөңгүлөрдү изилдөөчү адистер такыр даярдалбайт экен. Болбосо Кыргызстанда кандай гана мөңгүлөр бар. Аларды изилдөөлөр 70-80-жылдарда эле токтоп калыптыр. Ошондуктан биз, сууларды, мөңгүлөрдү изилдөөчү долбоорду сунуштап жатабыз. Ал үчүн химия жана химиялык технологиялар, биотехнологиялар, география жана экология факультеттеринин базасындагы болгон лабораторияларыбыздын азыркы акыбалын карап чыгып, дагы эмнелер жетишпей жатканын, студенттердин долбоорлорун колдоо үчүн дагы кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарыл экендигин аныктап чыктык. Бул долбоордун артыкчылыгы — азыркы биздин гидроэнергетикага байланыштуу алдыдагы 20 жылга прогноз түзүү. 20 жылдын ичинде суулар  дагы азайса,  мөңгүлөр ээрисе эмне болот, жыл сайын азая берсе кандай маселе жаралат, азыркы абалы чөйрөгө кандай таасирин тийгизип жатат, суунун азайышы адамзаттан сырткары кайсы жаныбарларга кандай таасир этип жатканын, ошол эле учурда суунун тартыштыгынан кандай өсүмдүктөр өзгөрүп, жоголуп жатканын, суунун жээгинде өскөн бак-дарактардын азайышы сууга кандай таасирин тийгизип жатканын, сууну топтой турган, кармай турган кандай өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды тигиш керектигин изилдейт, аныктайт, коомго сунуштайт.

Мындай изилдөөлөр биздин кошуна мамлекеттерде мурда эле активдүү башталган. Мисалы, биздин өнөктөшүбүз Өзбек мамлекеттик университетинде атайын изилдөөгө каражат тартылып, Сыр дарыянын жээгиндеги экологиянын, суу ичиндеги жана жээгиндеги жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн абалын изилдөө боюнча бир чоң долбоорду ишке ашырышты.  Нарын дарыясы жана Кыргызстандын суулары, анын башында турган биздин мөңгүлөр Сыр дарыянын башаты болгондуктан алар бизге кайрылып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыралык дешкен. Аны ишке ашыруу үчүн буга чейин эле Дүйнөлүк банкка кайрылганбыз. Бул жаатта иштеп жаткан илимпоздордун көбү биздин химия, биология факультеттериндеги изилдөө борборлорунда топтолгондуктан негизги хап  биздин окуу жайда болсун дегенбиз. Ага макул болушкан. Башка ушул жаатта иштеп жаткан Агрардык университети менен  Нарын мамлекеттик университетин өнөктөш кылып алсак болот. Анткени бул Нарын дарыясын изилдей турган чоң долбоор болуп жатат.

  • Бул идеяны ишке ашыруу үчүн Америкадан көргөндөрдүн эмнесин, кантип, кандайча колдонсо болот экен?
  • Американын Силикон өрөөнүндө жайгашкан жаңы компьютердик технология боюнча иштеген алдыңкы мекемелер идеяларды Стэнфорд университетинен алышат экен. Стэнфорд университети болсо идеясы бар, креативдүү студенттерине, илимпоздоруна түрткү берип, сунуштарын колдоп, атайын фонд түзүп, идеяны ишке ашырууга кеткен каражаттарды кайтарымсыз берип, 2000 билдирүү болсо ошонун баарын изилдеп туруп, анан башка бизнес өнөктөштөргө сунуштайт экен. Бизнес өнөктөштөр студенттердин презентациясын көргөндөн кийин сунуш-пикирлерин айтып, жактырганын колдоп, акырындап ишке ашыра баштайт. Ага студенттин эч кандай каражаты кетпейт. Идея ишке ашырылып баштап, каражат түшө баштаганда гана кичине төлөмдөрдү төгө башташат экен. Компаниялар идеяларды ишке ашырууда өздөрүнө керектүү лабораторияларды колдоп, жардам берет экен.

Андан тышкары ошол идеялардын башында турган бизнестеги чоң компаниялар, Америкалык эмес башка дагы Тойота, Хонда сыяктуу техника чыгара турган же болбосо компьютердик программаларды ишке ашыра турган Google, Apple сыяктуу чоң компаниялар Стэнфорд университетинин эң негизги демөөрчүсү болуп эсептелет экен. Университеттин бюджети өздөрүнүн тапкан каражатынан сырткары туруктуу түрдө түшкөн жылдык фонддордун көлөмү менен кошкондо жети млрд доллардан жогору экен. Бул биздин республиканын бюджетинен да чоң. Ошол компаниялардан түшкөн каражатты кайра илимпоздорго, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө жумшашат. Ошол университетте эле 47 Нобель сыйлыгынын лауреаты сабак берет экен. Алардын өздөрүнүн лабораториясы бар, ошол жакта окуу жайдын тийиштүү кафедраларында иштеп жаткан окутуучулар жана студенттер 1-курстан баштап майда-чүдө жумушуна аралашып, теориялык алган билимин практика менен толуктап, курстук, дипломдук иштерин ошол жактан жазып, чоң-чоң илимий долбоордун ишине катышып, бир топ тажрыйба топтой алышат  экен. Бизге дагы ушундай бирдиктүү система керек.

Аларды көргөндөн кийин  окуу процесси менен илимдин, бизнестин, өндүрүштүн  байланыш механизми бизге да түшүнүктүү болуп калды. Алар муну түзүш үчүн жалгыз эле бир университеттин жасаган аракети жетиштүү эмес дейт. Ал үчүн экосистеманын болушу зарыл экен. Экосистеманы биз экологиянын негизги функционалдык бирдиги  деп түшүнөбүз да. Көрсө, бизнестин да өзүнүн экосистемасы, билим берүү менен бизнести байланыштыруу үчүн да экосистема болушу керек экен.

Андан кийинки баскычта бизнести колдоочу акселераторлор иштейт экен. Ошол акселератор менен иштешкен атайын мекемелер менен да тааныштык. Реалдуу түрдө университеттин каражатынан эмес, бизнестен түшкөн каражаттан ишке ашырган акселератору бар. Ар бир бизнес туруктуу болуш үчүн кадр керек, ал кадрлардын билими дагы өркүндөтүлүп турушу зарыл эмеспи. Акселератордун астында ушуну ишке ашыра турган борборлор көп экен. Эгерде тил билбесе, тилди үйрөтө турган, компьютердик программаларды өнүктүрөм десе, аны үйрөтө турган анча кымбат эмес курстарды уюштуруп коюшуптур. Мындай идеяны ишке ашыруу үчүн канчалык кенен имарат керек болот болду экен деп жүрсөм, анчейин деле чоң имараттын кереги жок экен. Салыштырмалуу айтсак, Бишкектеги Таатан соода борборундай эле имараттын ичинде бир топ иштер жүргүзүлүп жатыптыр.

  • Сиз жогоруда долбоордун алкагында сууну топтой турган кандай өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды тигиш керектиги изилденет дедиңиз. Бул идея Билим берүү министринин демилгеси менен ишке ашып жаткан “Бир окуучудан бир дарак” акциясына да пайдалуу болчудай. Себеби окумуштуулар сууну топтой турган бак-дарактар кайсылар экенин изилдеп беришсе, ошолорду гана тиксек жакшы болчудай.
  • Ооба, бизде азыр токойлор азайып кетти. Анын азайышы сууларга дагы таасирин тийгизүүдө. Азыр алардын абалы кандай экенин, алардын ордуна кайра кандай бак-дарактарды тиксек болот, алар сууну көбөйтүүгө жардам береби деген изилдөөлөрдүн зарылдыгы турат. Мисалы Өзбекстанда атайын суунун жээгиндеги дарактарды өстүрүү үчүн өкмөт тарабынан чоң каражат бөлүнүп, ал иш Президентинин көзөмөлү менен жүзөгө ашырылып жатат. Биздин Президент Садыр Жапаровдун жана билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин демилгеси менен бизде дагы жакшы иштер жасалып жатат. Эми биз ошол бактардын ичинен кайсынысын дарыянын, суунун жээгине отургузуу керектигин аныктап беришибиз керек.

Маектешкен, Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер