КАЛЫС ПИКИР САПАТКА – ӨБӨЛГӨ
- 10.02.2023
- 0
(Кыргызстанда «peer review» (жамааттык рецензиялоо) кийирүү аркылуу илимий басылмалардын сапатын жакшыртуу жолдору жөнүндө)
Бул макалада Кыргызстанда peer review (жамааттык рецензиялоо) аркылуу эксперттик баалоону кийирүү аркылуу илимий басылмалардын сапатын мындан ары жакшыртуу жөнүндө сөз болот. Авторлордун бири 2008-2010-жылдары Канадада жана АКШда илимий басылмалардын сапатын кантип камсыз кылып, кайсы механизмдерди колдонуп жатканын изилдеген. Илимий журналдардын редакторлору жана рецензент болгон окумуштуулар менен жолугуп, маектешкен. Ошондой эле Кыргызстандын илимий журналдары жарыяланган макалалардын сапатын кантип камсыздап жатышат деп изилдөө жүргүзүп, маалымат топтогон.
Кыргызстанда көптөгөн изилдөөчүлөр өздөрүнүн илимий өндүрүмдүүлүгүн сандык жактан өлчөөгө, баалоого көнүп калышкан, мисалы, илимий журналдарга көп макаласы жарыяланганы маанилүү деп эсептелип келген. Бирок макала кандай журналда жарыяланганы, актуалдуулугу, мааниси жана илимий мүнөзү жарыяланганга чейин ким тарабынан каралып же текшерилгени менен бааланышы керек.
Илимий-изилдөө ишинин маанилүү бөлүгү болуп изилдөө иштеринин натыйжаларын басылмаларда жарыялоо саналат. Жалпысынан илимий журналдардагы жарыялар (публикациялар) кесиптик жана карьералык өсүш үчүн зарыл, бирок муну интеллектуалдык алмашуунун формасы же жалпы кызыкчылык туудурган маселелер боюнча билим топтоонун жолу деп эсептеген окумуштуулар азыраак [1]. Илимпоздор илимий журналдарга макалаларын негизинен илимдин кандидаты же доктору илимий даражасын коргоо үчүн эле жарыялашат [3].
Азыркы учурда илимпоздор макалаларын чет өлкөлөрдөгү абройлуу, рецензиялануучу илимий журналдарда кеңири жарыялай баштаганы окумуштуулардын кадыр-баркын көтөрүп, жалпы эле өлкөнүн илимий рейтиңгин көтөрө баштады. Окумуштуулар илимий макалаларын Scopus, Web of Science системаларынын бирине кирген рецензиялануучу илимий журналдарга чыгарууда. Макалалардын сапатын жогорулатуу, эл аралык талаптарга ылайык даярдоо менен бирге окумуштуулардын Хирш индексин жогорулатуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мына ошол чет өлкөлүк абройлуу илимий журналдарда peer review (жамааттык рецензия) колдонулат.
Peer review (жамааттык рецензия) – бул илимий коомчулуктун мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган сапат стандарттарынын аткарылышын камсыз кылуучу механизм болуп саналат. Демек ал макалалардын сапатын камсыз кылуунун маанилүү механизми.
Эмне үчүн ал жамааттык рецензия деп аталат? Бул процессте макала берилер замат редакторлор журналдын талаптарына ылайыктуулугун, дал келүүсүн текшерип, андан кийин материалды темасына жараша эксперт катары таанылган эки же үч рецензентти аныкташат. Рецензия көбүнчө » анонимдүү/купуя» (blind), же «эки тараптан анонимдүү/ купуя» (double blind) түрдө жүргүзүлөт. Демек, кол жазманы текшерип жаткан адис макаланы жазган адамдын ким экенин билбейт, жана кол жазманы тапшырган адам өзүнүн эмгегин кимдер окуп, текшерип жатканын биле албайт, себеби макала рецензенттерге авторун же авторду аныктай турган бардык маалыматтар көрсөтпөстөн жөнөтүлөт [6]. Бул макаланы чынчыл текшериши үчүн жасалат. Рецензенттер тигил же бул автор алардын сын пикири менен баасына кандай мамиле кылары жөнүндө ойлонбой текшерет. Макала журнал тарабынан кабыл алынбаса, редколлегия авторго же авторлорго чечимди анонимдүү түрдө эксперттер чыгарганын ишенимдүү билдире алат.
Ошентип, анонимдүү жана жамааттык рецензия жарыялоонун меритократиялык критерийлерин камсыз кылат, башкача айтканда, көп жылдык тажрыйбасы бар, буга чейин көп сандаган жарыяланган макалалары бар таанылган илимпоз менен жаңы илимпозго бирдей мамиле жасалат. Кимдин макаласы жакшы жазылган болсо, ошонун эмгеги жарык көрөт. Бул процесс илимий журналга басылып чыккан макалалардын сапатын камсыз кылуу үчүн абдан пайдалуу.
Чет өлкөлөрдө рецензиянын олуттуулугу журналдын рейтиңгинен көз каранды. Эң көрүнүктүү журналдарга макала чыгышы кыйын, алар көптөгөн макалалардын арасынан мыктыларын тандап алышат.
Илимий макала эң квалификациялуу рецензенттер тарабынан текшерилет, алар макаланын темасы боюнча негизги эксперттер болушу керек. Ошол эле учурда макалалардын жогорку сапатын камсыз кылууга жардам берет. Тиешелүү тажрыйбасы бар болсо, жаш окумуштуулар да тартылышы мүмкүн.
Редакторлордун эң оор түйшүгү – күчтүү рецензенттерди таап, аныктоо жана алардын макулдугун алуу. Бирок алардын дайыма эле бош убактысы болбошу мүмкүн, андыктан редакторлор аракет кылышы керек. Рецензия жасап бериңиз деп чакырылган илимпозго адатта акы төлөнбөйт. Анда эмне үчүн алар макул болушат? Мунун эки себеби бар: 1) алар илимий коомчулук тарабынан колдоого алынган сапат стандарттарын сактоо зарыл деп ишенишет; 2) кол жазма кеңири аудиторияга жеткенге чейин окуп, жаңы изилдөө менен таанышып көрүүнү каалашат.
Азыркы учурда Кыргызстандагы көпчүлүк илимий журналдарда жарык көргөн эмгектердин көбү сапатсыз. Анткени алымын төлөгөн окумуштуулар жана көбүнчө журналдын редакторлору же редакциялык кеңештин мүчөлөрү менен жеке байланышы барлар өз иштерин оңой эле жарыялай алышат.
Кээ бир окуу жайлардын журналдарында, сайттарында жарыяланган макалалар көбүнчө кыска жана жалпыланган мааниде жазылгандай. Бул макалалар университеттин жетекчилерине университеттин профессордук-окутуучулар курамы тарабынан жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштери жөнүндө отчет берүү үчүн кызмат кылат, алар көп учурда мындай изилдөөлөрдүн маңызына тереңдеп киришпейт. Ошентип, көп учурда илимий алмашуу жана билимдерди топтоо максатына жете албай калышат [3,4].
Илимий макаланы жарыялоодо дагы бир көйгөй – авторлордун же авторлоштордун саны. Көбүнчө магистрант, аспирант же докторант биринчи автор катары илимий жетекчисин же консультанты “формалдуу түрдө” киргизип, бирок чындыгында иштин көптүгүнө байланыштуу алар макала менен таанышпаган да учурлар болот. Ошондой эле, тилекке каршы, плагиат боюнча тийиштүү текшеришпейт. Азыр плагиаттын табияты жана кесепеттери тууралуу көбүрөөк аналитикалык талкуулар керек.
Жогоруда айтылгандай, купуя же анонимдүү рецензия (blind peer review) Кыргызстандын көпчүлүк илимий журналдарында жок [4,5]. Ырас, кээ бир эл аралык университеттер рецензияланган журналдарды түзүүгө аракет кылып жатышат.
Көпчүлүк журналдар ар түрдүү, кээде ал тургай кыйыр түрдө айтылган темага же журналдын аталышына байланыштуу темалар боюнча материалдарды кабыл алышат. Адатта эч кандай меритократиялык кароо процесси жана мазмунду карап чыгуу процесси (макаланын форматы жана түзүлүшү боюнча бир аз сереп жасалган болсо да) жана изилдөө иштеринин сапатын жакшыртуу үчүн рецензиялоо процесси жок. Демек, журналдардын редакциялык кеңештери бар болсо да, авторлор адатта өз иштери боюнча жазуу жүзүндө пикир алышпайт, адатта сунуш кылынган макалага комментарий беришпейт. Редакциянын мүчөлөрү макалаларды, сапатка болгон жеке пикирлерине таянып карап чыгышат. Макала жазууда жана анын сапатын рецензенттер аркылуу текшерүү критерийлери даярдалып, авторлорго тааныштырылса абдан пайдалуу болмок.
Албетте, жамааттык жабык рецензия бардык көйгөйлөрдү чечет дегенден алыспыз. Бирок ал өлкөдөгү илимий ишмердикти жүргүзүү жана илимий жаряылоо процессин бир топ жакшыртат, кыргыз илимпоздорунун изилдөө жөндөмүн жана басылмалардын сапатын жогорулатат. Илимпоздор изилдөөнүн усулунун сапаты жана тереңдиги, актуалдуулугу жана илимий жаңылыгы боюнча мыкты комментарийлерди алганда, изилдөөчүлүк жөндөмүн бир топ жакшырта алышат.
Изилдөөнүн мазмунуна жана методологиясына талаптарды күчөтсөк, жергиликтүү журналдардын сапаты жакшырса, алар Web of Science, Scopus маалымат базасына киргизилиши мүмкүн.
Акыркысы бул изилдөөлөрдүн илимий мүнөздөгү деңгээлине байланыштуу: абстракттуу мүнөзгө ээ болбогон, бирок изилдөөнүн натыйжаларын чагылдырган материалдарга артыкчылык берүү керек. Демек, илимий артыкчылыктарды өзгөртүү зарыл: сапатсыз илимден практикалык, жандуу изилдөөгө жана чындыкты түшүнүүгө зарыл.
Колдонулган булактар:
- Шаматов Д., Исенова Ф. Публикация статьей в журналах с импакт фактором PhD студентов Казахстана: современное состояние, проблемы перспективы развития //Молодой ученый, 2016.-С.66-70.
- Brigel, Y. 1996. Notes on the Study of Central Asia. In Papers on Inner Asia, ed. Brigel Y. No. 28: 1-56. Bloomington, Indiana: Indiana University Press.
- Kuhn, T. S. 1962. The Structure of Scientific Revolutions. Chicago: University of Chicago Press.
- Ниёзов С. 2001. Понимание преподавания в постсоветском, сельском и горном Таджикистане: тематические исследования жизни и работы учителей. Неопубликованные докторские диссертации. Университет Торонто.
- Ниёзов С. и С. Бахри. 2006. Проблемы образования в Таджикистане: необходимость решения, основанного на исследованиях. В образовательных изменениях и реконструкции в обществах с переходной экономикой: международные перспективы, под ред. Эрнест Дж. И Д. Треагуст, 211-232. Роттердам: Sense Publishers BV.
- Ривз, м. 2003. Рынки, «миссии» и языки реформирования высшего образования в Кыргызстане. Документ, представленный на 4-й ежегодной конференции CESS. Кембридж, Массачусетс, США. 4 октября 2003 г.7. Шац, Д. 2004. Рецензирование: критическое расследование. Ланхэм, Мэриленд: Rowman & Littlefield Publishers, Inc.
- Simon Marginson and Marijk van der Wende. To rank or to be ranked” The impact of global rankings in higher education. Journal of Studies in International Education. Fall/Winter 2007. Vol.11 no.3-4 306-329. doi: 10.1177/1028315307303544
- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Президиумунун 2014-жылдын 3-июлундагы № 74 токтому «Диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктарын жарыялоо үчүн рецензияланган мезгилдүү илимий макалалардын тизмесин түзүүнүн эрежелери жөнүндө жобо», Бишкек-2017ж.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 “Окумуштуулук даражасын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобосу” токтому, Бишкек-2017ж.
(Макаланын орус тилиндеги текстин биздин гезиттин сайтынан окусаӊыздар болот)
Дүйшөн Шаматов, PhD философия доктору, Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору (Казахстан Республикасы, Нур-Султан шаары)
Мурат Абдиев, М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору (Кыргыз Республикасы, Ош шаары)
Комментарийлер