КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР КАЧАН КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨЙТ?

  • 30.07.2021
  • 0

Бишкек – Кыргызстандын борбору болсо, көрнөк-жарнактар шаарыбыздын жүзү. Тилекке каршы, алар ушул күнгө чейин мамлекеттик тилде жазылбай келет.

Мунун себеби бирөө гана! Анткени өлкөбүздө жарнак менен көрнөктүн тилин так аныктаган мыйзам жок. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-декабрындагы № 155, 2009-жылдын 17-июлундагы №228 «Жарнак жөнүндө» мыйзамында жарнак-көрнөктөр мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн деп түз айтылган эмес, тескерисинче өлкө ичинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоо иштери расмий тилдерде (Кыргызстанда расмий тил — бир гана орус тили), ал эми жарыя берүүлөр жарнама берүүчүнүн өз тилинде же өзү каалаган тилде жүргүзсө болору белгиленген.

Жарнак-көрнөккө карата мындай чаржайыт мамиле мамлекеттик тил катары кабыл алынган эне тилибиздин заман талабына ылайык тамыр жайып колдонулушуна бөгөт болууда.

Биздегидей баш аламандык Борбор Азиядагы кошуна мамлекеттердин биринде да жок. Өзбекстан союз кезинен эле көрнөк-жарнакты өз тилине которуп алган. Түркияда түрк тилинен башка тилге орун жок. Ал эми бизде болсо, англис тилиндегиси да, орус тилиндегиси да, башка тилдегиси да бар.

Бишкектеги мейманканалардын басымдуу бөлүгү – англис, орус тилинде экенине таң калбаңыз.

Айрымдарын атай кетели: «Дамас», «Амбассодор», «Жаннат Ридженси», «Smart Hotel Bishkek», «Хаятт Ридженси Бишкек», «Art Hotel», «Orion Hotel Bishkek», «Горы Азии», «Гарден», «Ramada by Wyndham Centre», «Футуро», «Apple Hostel Bishkek», «City Hotel Bishkek», «Southside Bed and Breakfast», «Оазис Резиденс», «Солютель», «Discovery Hotel», «Sara Boutique Hotel», «Madison Ave Hotel Bishkek», гостиница «Шератон», отель «Golden Dragon», «Navat Hotel», «Компас» Хостел, «Plaza Hotel Bishkek», «Bridges Hotel Bishkek», дагы ондогон мейманканалар.

Ресторан, кафелер, чайханалар да бул жагынан кем калышпайт. «Золотой дракон», «The Most», «Altyn Palase», банкетный зал «Consul», «Циклон», «Дубровский», «Миндаль», «Тюбетейка», «Mongol», «Conference Cafe Bishkek», «Пристань», «Одиннадцатый» кафе-ресторандарынын, «Sultan», «Урюк», «Resto», «Barhat», «Navat» чайханалары, «Центр Плова», «Ас казан» лагман борборлорунун аталыштары өзүңүз көргөндөй мамлекеттик тилде эмес!

«Broadway», антикинотеатр «Room Cinema», «Кинотеатр на двоих», «Синематика BishkekPark» – булар жаңы кинотеатрлардын «заманбап» аталыштары.

Билим берүү борборлорунун, менчик мектептердин көпчүлүгүнүн аталышы да мамлекеттик тилде эмес. Алардын аталышын чогуу окуп көрөлү: «Эклектика», образовательный центр «5+», «Одаренный ребенок», «Прогресс», центр допольнительного образования «Знания-Успех», образовательный центр «Флиппер», «Asyl bala», «Профессор Хорст», детский образовательный центр «Ариэл -Лиор», «Instudy», образовательный центр «КРСУ», центр допольнительного образования «Знания-Успех», «Evolution», «Академия роста», «Авакус», «Language academy», «Rainbow», «Happy Kids», «Cambridge United World International School», «Oxford International School», «Звёздочка», «Bishkek International School», «QSI International School of Bishkek», «Наима», «Абитуриент», «Рефал», «Bilimkana» «Chinese School», «Нур Аиша», «Приоритет», частная начальная школа «Абитуриент плюс», частная начальная школа «Одаренный ребенок», образовательный комплекс «Анвита», учебно-образовательный комплекс «Эрудит», частная школа для девочек «Сальсабиль», образовательный комплек-гимназия «Эврика», авторская школа комлекс, образовательный центр «Лицеист ЮНИ», школа-лицей интеллектуального развития, начальная школа «Академия знаний Про», международная сеть образовательных учреждений «Точка роста».

Учурда жарнама-жарыя жаатындагы белгилүү «Лалафо» электрондук платформасы да бүтүндөй расмий тилде.

Шаардын ичи эмес, тышында да жарнама боюнча абал жакшы эмес экенин белгилей кетейин. Алыс барбай, борбор шаарыбыздын батыш тарабында орун алган «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарын алып көрөлү. Жалаң кыргыздар жашаган бул аймакта да көрнөк-жарнактарда эне тилине орун жок.

Бул бир эсе таң калычтуу болсо, бир эсе өкүнүчтүү көрүнүш! Бөтөн улуттун бир өкүлү жашабаган конушта кыргыз тилиндегисин издесең да таппайсың.

– Биздин конуштардын аты кандай уккулуктуу! Ак-Өргө, Ак-Ордо! Арча- Бешик! Кыргыз жыттанат! Бирок көрнөк-жарнактын баары башка тилде! Ушуга аябай ичибиз ачышат. «Балдар эне тилин билбейт!» дейбиз. Көзүн ачканда эле бөтөн тилдеги жазууну көрсө, кантип өз тилин билсин, — дейт жарандык активист Асан мырза.

Жаш активисттин сөзү калетсиз чындык экенине мен өзүм да күбө болдум.

Эки конуштагы кошумча билим берүү мекемелеринин аталышы «Познавайка», «Мего ментальная арифметика», «Ананайка», «Подготовка к школе», «Я росту», «Английский язык по авторской программе» делип, дээрлик баары орус тилинде.

Коомдук тамактануу жайларынын аталышы да мамлекеттик тилде эмес. «Шаурма с доставкой», «Бар шашлычная», «Мой бургер», Уйгурский центр лагман, «Фаст фуд халал», «Каракольское аш-лянфу», «Хрустящие крылишки», «Азербайджанский шашлык», «Пивопей», «Спорт бар» делип расмий тилде жазылган.

Жашылча-мөмө саткан дүкөнү – «Овощи и фрукты» деп аталат.

Конушта «Глобус», «Фрунзе» гипермаркеттери, «Удачная покупка» кийим-кече дүкөнү бар.

Ал эми жол четинде кадам сайын учураган жарнамалардын баары – расмий тилде! Чогуу окуп чыксак:

«Натяжные потолки», «Цемент доставка, Отсев, Шебень, Глина в мешках», «Реализуем бетон всех марок с доставкой», «Брусчатка», «Еврозабор», «Утепление домов», «Продаю дом», «Продаю участок», «Пластиковые окна», «Парикмахерская, вечерние прически, укладка волос, покраска волос, макияж, маникюр, шеллак, педикюр, наращивание ресниц, коррекция бровей», «Сдаю в аренду строй инструменты, опалубки, стойки, леса, бетономешалка», «Наятяжные потолки любой сложности без посредников», «Сеем газон», «Товар из Европы и Штатов, все по 350 сом», «Требуются швеи пятинитки», «Реставрация одежды всех видов», автомойка «Шампунь», мойка двигателя, стирка ковров, химчистка, полировка…

Жарнамалардын арасында  кыргызчасы да бар экен. Кубанайын десем, ал да: «Квартира берилет. 3 болмолуу 5000 с Ул. Садыков, 220» деп  ката жазылыптыр.

Ушинтип биз, кыргыздар, өз тилибизди көз көрүнө кордоп жатыппыз! Аны баарыбыз көрүп-билип жүрөбүз. Бирок аракет жок!

Көпчүлүк адамдар мындайда дароо эле «Очойгон акчалар бөлүнүп жатпайбы! Тил комиссиясы эмне кылып отурат! Карабайбы!» деп киришет.

Мындай мамиле таптакыр туура эмес. Ар бир атуулдун жүрөгүндө ошол «Тил комиссиясы» болууга тийиш!

Ансыз болбойт!

Дагы бир сунушум. Маселенин мыйзамдык жагын да кайра карап чыгышыбыз керек. Антпесек болбойт! Коом туура багытта өнүгүшү үчүн туура мыйзамдар, туура эрежелер зарыл.

Кыргызстанда, анын жүрөгү Бишкекте, көбү мамлекеттик тилде болууга тийиш.

Бул Мыктыбек Арстанбек айткандай, негизги маселе!

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер