КѲРКѲМ ТЕКСТТИ КАНТИП ИЛИКТѲѲ КЕРЕК?

  • 02.04.2024
  • 0

 

КѲРКѲМ ТЕКСТТИ КАНТИП ИЛИКТѲѲ КЕРЕК?Көркөм текстти иликтөө маселеси орто мектепте болсун, жогорку окуу жайларында болсун, бүгүнкү күнү абдан актуалдуу маселелердин катарын түзөт. Анткени, тилекке каршы, көркөм текстти толук кандуу иликтөө боюнча Кыргызстанда, биздин “Көркөм текст: окутуу жана иликтөө маселелери” (Б., 2020-ж.) деген эмгекти эске албаганда, жетишерлик деӊгээлде илимий изилдөөлөр да жүргүзүлбөгөн жана практикалык иштелмелер да жазылбаган. Мына ушул сыяктуу кемчиликти толуктоо максатында кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалимдерине жардам катары кѳркѳм текстти иликтѳѳдѳ коюлуучу негизги талаптар жана көркөм деталдарга иликтөө жүргүзүү маселелери тууралуу ойлорубузду бөлүшөбүз.

 Кѳркѳм адабият – бул адам таануу. Азыркы учурда кѳркѳм адабиятты окутуунун негизи, ѳзѳгү ушул идеяга барып такалышы зарыл. Аталган бул идея кѳркѳм текстти ар тараптуу иликтѳѳ аркылуу ишке ашат. Ошондуктан орто мектепте болсун, жогорку окуу жайларында болсун, кѳркѳм текстке иликтѳѳ жүргүзүү маселесине олуттуу мамиле жасоо талап кылынат. Кѳркѳм текстке иликтѳѳ жүргүзүү мугалимден кѳп багыттуу, тереӊ билимдердин, дилгир, сезимтал жан дүйнѳнүн болушун талап кылат.  Кѳркѳм текстке иликтѳѳ жүргүзүү үчүн окуучулар ошол кѳркѳм чыгарманын ѳзүн толук окуп чыгуусу – негизги талап. Кѳркѳм текстке иликтѳѳ жүргүзүүдѳ окуучуга кѳркѳм адабий чыгарманы терең түшүндүрүү үчүн кѳркѳм адабият таануу илиминин негиздеринен кабар бере кетүү талабы коюлат. Анткени кѳркѳм адабият таануунун теориясы, принциптери, түшүнүк-категориялары тууралуу жѳнѳкѳйдѳн татаалды кѳздѳй окуучуларда маалымат болбосо, кѳркѳм текстти талаптагыдай иликтѳѳ мүмкүн эмес.

 Кѳркѳм текстке иликтѳѳ жүргүзүүдѳ чыгармадагы негизги каймана ойду (подтекстти) түшүнүп, өздөштүрүү үчүн мугалимде ырааттуу, логикалуу ой жүгүртүү, ийкемдүү, чыгармачыл ой жүгүртүү, зирек эстетикалык сезүү-туюм жана логикалуу сүйлөй билүү көндүмдөрүнүн болушу талап кылынат. Аталган касиеттерди окуучуга ар кандай жолдор, ыкмалар, каражаттар аркылуу үйрѳтүү мугалимдин алдында турган – чоӊ милдет. Кѳркѳм текстке иликтѳѳ жүргүзүүдѳ мугалим окуучуларга моралдык, эстетикалык таалим-тарбия берүү милдетин орундатуу талабы коюлат. Көркөм адабий материалдардагы моралдык, эстетикалык дөөлөттөрдүн негизинде ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо – кѳркѳм адабиятты окутуунун учурдагы негизги талаптарынын бири. Кѳркѳм чыгарманы иликтѳѳнүн негизги максаттарынын бири – кѳркѳм текст аркылуу окуучуларды жакшылыкка үгүттөө, аларды адамдык оң сапаттарга ынандыруу. Адам баласынын бир нерсеге ынанышы, ишениши жеңил-желпи кубулуш, көрүнүш эмес. Адамда кайсы бир нерсеге ынануу көп убакытта жеке тажрыйбанын, көп нерселерге иликтеп байкоо жүргүзүүнүн, кагылып-согулуунун негизинде гана жаралат. Кайсы бир маселеге окуучуну кызыктыруу ынандыруунун башатын түзѳт. Анткени кызыгууда ишенимдин негиздери болот, ишеним ынанымдын ѳзѳгүн түзүп турат.

Окуучуда адамкерчиликке, гумандуулукка негизделген моралдык ынанымды, оӊ (позитивдүү) дүйнө көз карашты түзүп, калыптандыруу кѳркѳм текстти иликтѳѳнүн дагы бир маанилүү багыты, талабы болуп саналат. Адамда жаш кезинен баштап эле ушул маселелердин пайдубалын түзүү абдан зарыл. Моралдык ынанымдын болушу – таалим-тарбия берүүнүн жыйынтыгы. Азыркы учурда төмөнкүдөй моралдык ынаным биздин коом үчүн терең мааниге ээ: 1. Мекенди көздүн карегиндей сактоо; 2. Ата-энени, урук-тууганды бийик баалоо; 3. Ѳз элинин каада-салтын сактоо, философиясын, тарыхын, маданиятын тереӊ өздөштүрүү; 4. Өзүнө болгон ишенимди жаратуу, өзүн-өзү баалоо, өзүн-өзү өстүрүү, өзүн өзү түзүү, демилгелүү, активдүү болуу, азыркы заман активдүү, эмгекчил адамдардын заманы экенин түшүнүү; 5. Башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгын, ой-пикирин, көз карашын урматтоо, өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыктан жогору койбоо; 6. Руху бийик, маданияттуу, илим-билимдүү, алдыӊкы адам болууга умтулуу; 7. Ийкемдүү, чыгармачыл ой жүгүртүүгө үйрөнүү ж.б.

 Кѳркѳм текстке иликтѳѳ жүргүзүүдѳ негизги талаптардын бири – окуучунун акыл казынасына таасир этип, анын акылын, чыгармачыл, кѳркѳм ой жүгүртүүсүн, турмуштук кѳркѳм элестѳѳлѳрүн, кабылдоосун ар тараптан өнүктүрүү. Кѳркѳм текстке иликтѳѳ жүргүзүүдѳ кѳркѳм-эстетикалык маалыматтар, кѳркѳм образдар, оригиналдуу, кайталангыс, кѳркѳм ойлор, концепциялар аркылуу окуучунун дүйнө таанымына, дүйнѳ кѳз карашына, турмуштук ишеним-ынанымдарына, умтулууларына таасир этип, аны адамзаттагы асыл нарк-насилдерге тарбиялоо, багыттоо талабы коюлат.

 Кѳркѳм текстке иликтѳѳ жүргүзүүдѳ кѳркѳм-поэтикалуу материалдардын негизинде окуучунун жүрөгүнө, сезим дүйнөсүнө таасир этип, анын ички маданиятын, адамдарга кайрымдуу, боорукер, камкор рух-дараметин жаратуу, калыптандыруу жана ѳнүктүрүү талабы коюлат. ж.б.

Албетте, көркөм чыгармага иликтөө жүргүзүүдө булардан башка да талаптар коюлушу мүмкүн. Ошондой болсо да, биздин оюбузча, аталган талаптар негизги талаптар болуп саналат.

Эми көркөм текстте негизги көркөм деталдарга иликтөө жүргүзүү маселелери тууралуу ойлорубузду бөлүшөбүз.

Көркөм текстте негизги кѳркѳм деталь катары эсептелген сѳздѳрдүн табиятын иликтеп үйрѳтүү кѳркѳм чыгарманын алдына коюлган, аткаруучу милдеттерин (миссиясын) таанып билүүнүн башатын түзѳт. Кѳркѳм чыгарманын адамдарга моралдык, эстетикалык таалим-тарбия берүү маселеси болсун, же адамдардын ой жүгүртүүсүн ѳнүктүрүү, жан дүйнѳсүн байытуу милдеттери (миссиясы) болсун, ал кѳркѳм чыгарманын каймана маанисин (подтексттин) толук кандуу түшүнүү маселесине тыгыз байланыштуу. Кѳркѳм чыгармадагы сѳз тѳркүнүн түшүнүүгѳ анда туюндурулган кѳркѳм деталдар кѳмѳкчү болмокчу. Мисалы, кѳркѳм деталдардын кѳп кырдуу, кѳп сырдуу маани туюндуруучу касиеттерин байкап билүү максатында кыргыз элинин мыкты акыны Омор Султановдун тѳмѳндѳгүдѳй ырына иликтөө жүргүзүп кѳрѳлү.

Сен болуп баардык жайдан караганым,

Шамалдай туш тарапка таралармын.

Ачылып ырбап кетээр кайра баштан,

Айыккан менин эски жараларым.

Ошондо өрттү көрсөң күйүп-жанган,

Суу көрсөң аңтарылып агып жаткан.

Жер көрсөң тереңдерден титиреген,

Куш көрсөң жалгыз учуп бара жаткан.

Күн көрсөң көз жаш төгүп ыйлап турган,

Түн көрсөң көөдөй кара ит улуган.

От көрсөң жалгыз күйгөн тоо башынан,

Жап-жалгыз кайык көрсөң толкун урган.

Эгер сен бала көрсөң улутунган,

Эң катуу ызаа көрсөң турмушуңдан.

Мас көрсөң ыйлап аткан, ырдап аткан,

Жаш көрсөң бир муңайым бара жаткан.

Анан да буюм көрсөң кыйрап сынган,

Бак көрсөң бороон уруп шагы сынган.

Ошонун баарын мен деп биле бергин,

Көзүңө көрүнгөндүн баары менмин,

Жалдырап сени тилсиз карап турган.

                        Омор Султанов (Cултанов О. Жан берели сүйүүгѳ: Ырлар жана роман. Б.: «Акыл» концерни, 1996. 22-б.)

            Мисалга келтирилген бул ыр акын Омор Султановдун сүйгѳн адамынан айрылуу сезимдерин чагылдырган «Сен жѳнүндѳ поэма» деп аталган ыр түрмѳктѳрүнѳн алынды. Ошондуктан жалпы темага байланыштуу ырдын ыргагы, кырааты муӊдуу. Мында адегенде эле ырдын ѳзгѳчѳ тыбыштык тутуму (фоноструктурасы), ыргак-мукамы (ритмо-мелодикасы), лирикалык каармандын кайгы-муӊун, ички ѳксүк арманын туюнткан ыргагы, интонациясы негизги кѳркѳм деталь катары көӊүлдү ѳзүнѳ бурат. Ырдын муӊдуу мукамы анын каймана мазмунунун бир бѳлүгү болуп саналат. Ушул тыбыштык, ыргак-мукамдык кыртыш ырда колдонулган сѳздѳр менен, ойлор менен бир шайкештикке (гармонияга) келтирилген. Бул жагдай «Сен болуп баардык жайдан караганым» деген ырдын биринчи сабында эле туюндурулган. Бул сапта туюндурулгандай кайсы бир адамды «баардык жайдан кароо», издѳѳ тегин эмес. Бул – арзуу темасына байланыштуу аргасыздан айрылуунун, ажырашуунун, амалы түгѳнүп, ошол чындыкка ишенип-ишенбегендиктин, ага келишип-келишпегендиктин, сезими ичинен алоолонгон ызаанын белгиси. «Арзып тапкан адамынан ажыроо, айрылуу», «жеке жашоодогу орду толгус жоготуу» сыяктуу маани ырдын биринчи сабында эле муӊкана муӊайым айтылган. Аталган маани ырдын кийинки саптарында ырааттуу ѳнүктүрүлгѳн.

Ырдын «Шамалдай туш тарапка таралармын» деген экинчи сабында акын «шамал» сѳзүнѳ бир нече кошумча маанилерди (коннотациялык маанилерди) чѳгѳрүп, жогорудагы «арзуу», «ажыроо» маанилерин дагы толуктап, күчѳтүп, кылдат колдонгон. Түз мааниде алганда, шамал – адамдардын эркине, каалосуна баш ийбеген, ээ жаа бербеген жаратылыштык кубулуш. Ушул ээ жаа бербеген кубулуш лирикалык каармандын бүлгүнгѳ учураган жан дүйнѳсүнѳ, буркан-шаркан түшүп жаткан ички сезимине ѳтмѳ мааниде салыштырылды. Ошондо конкреттүү ушул контекстте «шамал» деген сѳз «сүйгѳн адамынан түӊүлѳ албай эрксизден кайра-кайра эстей берүү», «сагынуу», «кусалануу» «аны тынымсыз ойлоо» сыяктуу кошумча поэтикалык маанилерге ээ болду. Эгерде жүрѳгүн сыгып, тынчтык бербеген сагынуу, кусалануу болбосо, лирикалык каарман «шамалдай туш тарапка таралып», эч кимди деле издебейт эле. Ошондуктан ырда колдонулган «шамал» – «аргасыздык», «ичте болгон тынымсыз сарсанаа», «жанга тынчтык бербеген, акылга баш ийбеген, албуут сезимдин ички дүйнѳдѳ баш аламандыкты жаратуусу». Ошондой эле «лирикалык каармандын мындан кийинки турмушунун, келечек багытынын белгисиздиги, максат, үмүттѳрүнүн кыйрашы, чагылып, чачырашы» сыяктуу кошумча (коннотациялык) маанилер да бул сѳзгѳ сыйдырылган. «Шамал» деген «боштукту», «эӊ жакын кѳргѳн, жан бирге адамынан ажырагандагы жан дүйнѳнүн аӊгыраган ээндигин» да кыйыр туюндурат. Мында лирикалык каармандын жашоо-тиричилигинде түзүлгѳн «муздактык, жан дүйнѳнү жабыркаткан жалгыздыктан, эӊгиреген ээндиктен жаралган жагымсыз абал, жүрѳктү зыркыраткан сарсанаа, тынчсыздануу» сыяктуу кошумча каймана маанилер да бар. Чындыгында эле, шамалдын табиятында «адамдардын эркине каалоосуна баш ийбегендик», «ээ жаа бербегендик», «бүлгүнгѳ учуратуучулук», «буркан-шаркан түшүүчүлүк», «эрксиздик», «тынымсыздык», «тынчтык бербѳѳчүлүк», «аргасыздык», «албууттук», «баш аламандыкты жаратуучулук», «багыттын туруксуздугу, белгисиздиги», «боштук», «аӊгыраган ээндик», «муздактык», «жабыркатуучулук», «жагымсыздык», «сарсанаага салуучулук», «тынчсызданууну жаратуучулук» сыяктуу касиет-белгилер болот. Акын шамалдагы дал ушул кыйратуучу маанилерди бул ырында билгичтик менен колдонуп, шамал сѳзүнѳ жаӊы поэтикалык маанилерди чѳгѳрө алган. Ошондуктан лирикалык каармандын арзыган адамынан ажырап, «шамалдай туш тарапка таралышы», анын жан дүйнѳ абалынын ѳтмѳ мааниде шамалга салыштырылышы жогоркудай маанилерди кыйыр туюндура алат.

            Ырдын үчүнчү, тѳртүнчү сабында лирикалык каармандын арзыганынан айрылуу азабы «ачылып, ырбап кеткен, эски жарага» салыштырылган. Мында «ырбап кеткен, эски жара» деген кѳркѳм деталь «азапка батуу», «зыркырап сыздоо», «жүрѳгү ооруу», «тынчсызданып кайгы тартуу», «кѳптѳн бери эле алапайын таппай санаркап жүрүү», «ички дүйнѳнүн жагымсыз абалы», «ой-сезимдин удургуп бүлүк түшүүсү» сыяктуу кошумча маанилерге ээ. Жагымсыз маанай жараткан «ырбап кеткен, эски жара» жабыркоону, ичтен тынып, ичтен муӊга батууну да кыйытып турат.

            Ырдын биринчи куплетиндеги «Шамалдай туш тарапка таралармын», «Ачылып ырбап кетээр…» деген келер чакта айтылган туюнтмаларга караганда, лирикалык каармандын бул кайгы-муӊу утурумдук, убактылуу кѳрүнүш эмес, ал сүйгѳнүн эстеп, куса болуп сагынмайын болочок жашоо-турмушун эч бир элестете албайт. Анын үстүнѳ «таралармын», «ырбап кетээр» деген арсар келер чактагы сѳздѳрдѳ туюндурулган кыймыл аракет бир эмес, бир нече ирет кайталанышы толук ыктымал. Ошондуктан бул сѳздѳрдүн манисинде «кайра кайткыс болуп, сезимге баш оту менен берилгендик», «тагдыр-жашоосу бѳлѳк болсо да, сүйгѳн адамын унута албай, ѳмүр бою азап чегүү», «түгѳнбѳгѳн кыялдарга батып, жок дүйнѳдѳ ѳзүн ѳзү алдап жашоо» сыяктуу маанилер да камтылган.

            Ырдын экинчи, үчүнчү, тѳртүнчү, бешинчи куплеттеринде лирикалык каарман сүйгѳнүн эстеп, муӊдап кеткенде, «ошондо» кандай абалдарда болору кѳркѳм баяндалган. Аталган куплеттерде колдонулган негизги деталдар ырдын биринчи куплетинде каймана туюндурулган арзуу арманын, айрылуу, ажырашуу азабын ар тараптан кѳркѳм сүрѳттѳп кѳрсѳтѳ алат.

Маселен, ырдын экинчи куплетинде сүйгѳн адамынан айрылуу «күйүп-жанган өрткө», «аңтарылып агып жаткан сууга», «тереңдерден титиреген жерге», «жалгыз учуп бара жаткан кушка» салыштырылат. Аталган кѳркѳм деталдардын ар биринде лирикалык каармандын муӊ-арманын туюндурган кѳп түрдүү кошумча маанилер бар. Мисалы, лирикалык каармандын муӊга баткан ички дүйнѳсүнѳ салыштыра караганда, ыр текстинде туюндурулган «күйүп-жанган өрт» – «эч нерседен кайра тартпаган албуут кырсыктын», «эбегейсиз чоӊ чыгашага кириптер болуунун», «кыйрап, бүлүнүп, бүлгүнгѳ учуроонун», «чекти, адатты билбеген кайгы-муӊдун», «баш аламандыктын» белгиси. Лирикалык каарман үчүн сүйгѳнүнѳн ажыроо – турмушунда башынан кечирген чоӊ кырсык, орду толгус, эбегейсиз чоӊ чыгым, чексиз кайгы-муӊ жана болмушунда жаралган түгɵнбɵгɵн баш аламандык. Ушул эле контекстте караганда, «аңтарылып агып жаткан суу» – «тынымсыз уланып, тоодон ылдый удургуп, эч нерсени кѳзүнѳ илбей, ээ жаа бербей, долуланып, аӊтарылып аккан суудай болгон сарсанаанын», «аргасыздык абалдын», «токтоп тура албаган үзгүлтүксүз кооптонуунун, коркунучтун» белгиси. Ошондуктан лирикалык каармандын бул жоготуусун анын мындан ары түгѳнбѳгѳн сарсанаада, жүрѳгү сыздап, аргасыз абалга кептелип, үзгүлтүксүз тынчсызданууда, азапта жашоосу катары да түшүнүүгѳ болот.

Ал эми ырдын экинчи куплетинин үчүнчү сабында колдонулган «тереңдерден титиреген жер» – адам баласы үчүн эң чоӊ жоготууларды, кайгы-муӊду, кыйроону алып келүүчү жаратылыш кырсыгы. Ушунча алаамат алып келген кѳрүнүштү сүйгѳнүнѳн айрылуунун кайгы-муӊуна салыштырганда бул жоготуу жѳн эле жоготуу эмес, алапайын таппай, ѳзүн ѳзү кошо жоготуу экенин, анын канчалык деӊгээлде оор экенин кыйыр сезүүгѳ болот.

Табиятта «жалгыз учуп бара жаткан куш» да бир кырсыктын, бүлүнүүнүн, армандын, айрылуунун белгисин билдирет. Бул салыштыруудан лирикалык каармандын максаттары кыйрап, багыты сынганын байкай алабыз.

Ырдын үчүнчү, тѳртүнчү, бешинчи куплеттеринде лирикалык каармандын арманга баткан ички дүйнѳсүнѳ салыштырылып колдонулган «көз жаш төгүп ыйлап турган күн», «көөдөй кара ит улуган түн», «тоо башынан жалгыз күйгөн от», «толкун урган жап-жалгыз кайык», «ыйлап атып улутунган бала», «турмуштагы эң катуу ызаа», «ыйлап аткан, ырдап аткан мас», «бир муңайым бара жаткан жаш», «кыйрап сынган буюм», «бороон уруп шагы сынган бак» деген кѳркѳм деталдар сүйгѳнүнѳн айрылуунун жогоруда белгиленген ызаасын, кайгы-муӊун кыйыр туюндурду жана бул салыштыруулар лирикалык каармандын ички дүйнѳсүндѳ кыйсыпыр түшүп бүлүнүүсүн, жапа чегип, капалануусун, шагы сынып, маанайы бузулуп, жүрѳгү сыздоосун, жазмышына ѳкүнүп, ачуулануусун, тагдырына нааразылыгын, эӊ аруу максаттары, асыл тилектери кыйрап, эс учун таппай, армандап туталануусун, турмушунда зор соккуга учурап, ичинен талкаланып, ичинен кыйроосун, жан дүйнѳсүндѳгү үмүтсүздүк, боштук абалын ар тараптан, тереӊ, кѳркѳм чагылдыра алды.

Ырдын жалпы мазмунунда махабаттын улуулугу, адамдын кайталангыс ыйыктыгы баяндалган. Адамды адам кылып турган – анын сезими. Адамдын улуулугу, асылдыгы анын сезиминен байкалат. Бул ырда адамды сыйлоонун, кадырлоонун, ардактоонун мыкты үлгүсү акын Омор Султанов тарабынан кѳркѳм-этетикалык негизде таасирдүү кѳрсѳтүлгѳн.

Жогоруда кѳрүнүп тургандай, кѳркѳм текстте образ түзүү максатында кѳркѳм деталдар кѳп кырдуу, кѳп сырдуу маани туюндуруучу касиеттерге ээ. Мындай кѳркѳм деталдар аркылуу туюндурулган кѳркѳм образдар, кѳркѳм ойлор адамдын жан дүйнөсүн ар тараптан өнүктүрө турган белгилерге ээ. Ошондуктан андай кѳркѳм ойлор, кѳз караштар окуучуларга эстетикалык да, моралдык да таалим-тарбия берүүгѳ мүмкүнчүлүгү кенен. Ал үчүн көркөм тексттерди ар тараптан иликтеп, окуучулардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, жан дүйнөсүнө бүлүк салуу иштерин аткаруу зарыл. Эгерде мугалим окуучуга тыкыр көз салып, анын окурмандык кызыгуусун, ой жүгүртүү деңгээлин, көркөм текстти сезип-туюу жѳндѳмүн жана окуучунун турмуштук тажрыйбасына окутулуп жаткан материалдардын дал келишин дайыма иликтеп, көзөмөлдөй алса, көркөм текстти иликтѳѳ окуучулардын ой жүгүртүүсүн ар багыттан өнүктүрѳ алат. Көркөм чыгарманы иликтѳѳдѳ мугалим окуучунун конкреттүү ой жүгүртүүсүнө жана текстти кѳркѳм кабыл алуусуна басым жасоосу жана ошого таянуусу зарыл. Бул иште кѳркѳм текстте туюндурулган кѳркѳм деталдар чоӊ кѳмѳкчү боло алат.

Т. МАРАЗЫКОВ, КР УИАнын кореспондент-мүчөсү,

филология илимдеринин доктору, профессор

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер