ЖАШТЫК ЖИГЕР, КУРЧ АКЫЛ ДИРЕКТОР

  • 28.07.2022
  • 0

Бүгүнкү жөнөкөй мугалим эртең элге кызмат кылган президент болушу мүмкүн экендигинен шек санабаган жаш жетекчилердин бири, Каракол шаарындагы А.Чехов атындагы №6 мектептин директору Жоомарт Карыбаев 20 жашында мектептин директорунун орун басары болгон. Диктор, фотограф жана дене тарбия мугалими болуп эмгек жолун баштаган Жоомарт мырза эң негизгиси, билекти түрүнүп эл үчүн иштеш керек деген принципти карманып, элет жеринде көпчүлүккө үлгү болорлук ийгиликтерди жаратууда.

Жоомарт Карыбаев Каракол шаарындагы педагогикалык колледжди аяктаган соң, алгачкы эмгек жолун ошол эле шаардагы №11 гимназия мектебинде башталгыч класстын мугалими, дене тарбия сабагынын мугалими болуп баштаган. Жогорку билимди ЫМУнун орус тили жана адабияты факультетинде алган Жоомарт Карыбаев бат эле мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары кызматына көтөрүлүп, мектептеги 63 класс жетекчи менен иштешүүдөн өзүнө мол тажрыйба топтогонго жетишти десек болот. Ал мыкты мугалим, мыкты уюштургуч катары тез эле көзгө урунду. Жаш мугалимдин, айрыкча, эркек мугалимдин элет жеринде кармалып иштеп калышы сейрек көрүнүш экени талашсыз.

ЖАШТЫК ЖИГЕР, КУРЧ АКЫЛ ДИРЕКТОР

2019-жылы Каракол шаарындагы А.Чехов атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин директору болуп шайланганда ал 27 жашта эле.

— Менин иштегениме үч жыл гана болду. Ушул кыска убакыт аралыгында анчалык деле көрүнүктүү ийгиликтерди жарата элекпиз. Ошол эле учурда мыкты мугалимдерибиздин аракеттерин белгилей кетпесем болбос. 2020-2021-окуу жылында “Алтын тамга” алган окуучуларыбыз бар. Тарых сабагынан Марина Осмонова жана химия сабагынан Марина Кизилева деген тажрыйбалуу мугалимдерибиз даярдаган окуучулар байгелүү орундарга илинбесе да, жыл сайын республикалык олимпиадаларга чейин жетип жатышат. Ийгилик изденгенде жаралат эмеспи, андыктан ийгиликтерибиз али алдыда деп ишенем.

Менин өнүктүрүү программамдын эң чоң багыттарынын бири – ар бир класска, ар бир мугалимдин алдына интернет байланышын түзүп берүү болчу. Бул иш жакшы жолго коюлуп келатат. Билим берүү жана илим министрлиги 1200 мектепти интернет байланыш менен камсыздоо программасынын алкагында чоң жардам берди. Андан тышкары, министрлик интернеттин ылдамдыгын көбөйтүп, каржылоо жагын өзүнө алды. Ар бир класска интерактивдүү доска, интернети менен компьютер туташтырууну жыл сайын бирден-экиден кошуп келатабыз. Каракол шаарында 10 мектебинде беш гимназия, беш орто мектеп бар болсо, орто мектептердин ичинен эң алдыңкы сапта турган мектептердин бири экенибизге сыймыктанабыз. Жогоруда белгилегендей, биздин окуучулардын ар кандай кароо сынактарда, олимпиадаларда гимназия мектептери менен тең тайлашканга дарамети жетет, — дейт ишенимдүү.

Жаш жетекчи окуучуларды “Алтын тамгага” жана ЖРТга даярдоо үчүн акча төлөнүүчү атайын ийримдерди ачып жатышканын айтып, алдыдагы пландары менен да бөлүштү. Жаңы окуу жылында Каракол шаарындагы жаш мугалимдер союзунун ишин жандандырып, мугалимдердин педагогикалык компетенциясын, IT компетенциясын жогорулатуу, аларга усулдук жардамдарды берүү багытында иш алып барышмакчы.

 

 

ЖАШТЫК ЖИГЕР, КУРЧ АКЫЛ ДИРЕКТОР

 

Жоомарт Карыбаев министрликтин директорлорду сынак аркылуу тандоо механизми боюнча да өзүнүн оюн ортого салды.

— Билим берүү системасындагы биз күткөн чоң жаңылык – мектеп директорлорду сынак аркылуу тандоо, алардын электен өтүүсү. Биз мына ушундай чоң реформа болушун көптөн күткөнбүз. Аз-аздан болсо да жылыш болуп жатканы кубандырат, ийгилик изденүүдөн жаралат эмеспи. Азыркы учурда баардыгыбызга чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жетекчинин компетенттүүлүк деңгээлин текшерүүчү кез келди. Бул узак убакыт бир орунда иштеген кээ бир кесиптештерибиз үчүн ыңгайсыз, жагымсыз нерсе болушу мүмкүн. Анткени ал команда топтоп, көп эмгек сиңирди, тажрыйба топтоду дегендей. Биз улуу эже-агаларыбыздын тажрыйбасын, билимин, эмгегин баалашыбыз керек деп ойлойм. Менимче, жетекчинин ийгиликтүү ишине эмгек жамаатынын да ролу чоң. Мени жапа тырмак колдогон, бир максаттын айланасында бириккен бирдиктүү жамаатым бар. Менин жамаатымда өз ишин билген мыкты адистер иштейт, андыктан өзүмө команда топтоп, кадрдык өзгөрүүлөргө алып келген жокмун. Идеяларымды ишке ашырганга алардын тажрыйбасын, билимин колдонуп, бирдиктүү иштеп келатабыз.

Ийгилик сыры эмнеде десеңиз, ал – ичибиздеги жанган оттон, ишенимден жаралган нерсе деп ойлойм. Ага кошумча патриоттуулук сезим керек, ал эми мугалимдер өзү патриот келишет. Болгону мугалимдерге жакшы колдоо керек. Личностту коом калыптандырат деп коюшат эмеспи. Мага ошол коомдон алган тажрыйбам чоң жардамчы болду, андан тышкары, ата-эне, бир туугандардын колдоосу да өтө маанилүү. Жетекчинин эмгеги жаш муундарды окутуп-тарбиялоого кошкон салымы аркылуу бааланууга тийиш деп эсептейм, – дейт жигердүү жетекчи Жоомарт Карыбаев.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер