КӨПТӨН КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ

  • 11.03.2021
  • 0

Бөбөктөр 9-марттан тарта өздөрү сүйгөн бала бакчаларына бара баштады.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Самара Омуралиевадан алган маалымат боюнча, 9-марттан баштап реалдуу режимде 1 499 бала бакча иштеп баштады. Анын ичинен, 1097 мамлекеттик бала бакча, 402 жеке менчик бала бакча болуп эсептелет.

Маалыматка ылайык, учурда бала бакчаларда негизинен жогорку жана даярдоо тайпалары ачылды. Калган бала бакчаларды штабдын чечимине жараша, этап-этабы менен ачуу караштырылууда.

Балдардын коопсуздугун сактоодо ата-эненин жоопкерчилиги күч

Бишкек шаарындагы №184 бала бакчасы ак халатчандар түзгөн алгоритмге ылайыкталып, баардык талаптар сакталуу шартында иштеп баштады. Бала бакчанын башчысы Гүлжамал Токторбаева ата-энелер менен алдын-ала жолугушуулар өткөрүлгөнүн, анда ар биринин жоопкерчилиги аныкталгандыгын белгиледи.

— Биздин бала бакчадагы орун 115 балага ылайыкталган, азыр баардыгын кабыл ала албагандыгыбызга байланыштуу, биринчи кезекте колдоого муктаж жалгыз бой энелердин, бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин арыздарынын негизинде балдарды кабыл алдык. Аларды кабыл алууда баардык тиешелүү эрежелерди сактап жатабыз. Алсак, адегенде эле ата-энелерден балдарынын ден соолугу таза экендигин тастыктаган справкасын талап кылабыз, андан тышкары, балдардын дене табын текшеребиз, бул учурда ата-энелер бала бакчанын имаратына киргизилбейт, балдарды короодон өзүбүздүн кызматкерлер тосуп алышып, текшерип, кабыл алышат. Азыр бизде бир даярдоо тайпасы, бир орто тайпа жана бир ар түрдүү курактагы тайпа иштеп жатат. Балдар тайпаларда да топтошпой, тиешелүү эрежелерди сакташына биздин кызматкерлерибиз жардам беришүүдө. Ал эми санитардык каражаттар менен камсыз болуу жагынан да эч кандай көйгөй жок. Кичинекей бөбөктөрүбүз камкордукта, коопсуз шартта болуусуна ата-энелер менен биргеликте тыкыр көзөмөлдөп жатабыз, — дейт Гүлжамал Чапыевна.

Жогоруда айтылгандай, мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү милдеттерди так аткаруу аракеттерин көрүшүүдө. Бул бирок ата-энелердин жоопкерчилигин азайтат дегендик эмес, тескерисинче, алар балдарын бакчага жөнөтөөр алдында абалын кылдат текшерип, андан соң гана бакчага жиберүүгө тийиш, мындай сактык баардыгынын коопсуздугун камсыздайт.

КӨПТӨН КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ

Аймактарда абал кандай?

Министрлик жүргүзгөн мониторингге ылайык, аймактардагы мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалар да талаптагыдай шарттардын негизинде иштей баштады. Алсак, Ош шаарындагы 45 мамлекеттик, 35 жеке менчик бала бакчанын баары иштеп жатат.

Нарын облусу боюнча штабдын чечимине ылайык, 81 мамлекеттик, бир жеке менчик бала бакча балдарды кабыл ала баштады, калган бала бакчалар февралдын аягынан тартып иштеп келатат. Ат-Башы районунда болсо, 1-марттан тартып иштөө пландалган, учурда штабдын чечимине карап мониторинг жүргүзүлүүдө.

КӨПТӨН КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Арал айылы райондун борборунан кийинки эле эң көп эл жашаган айыл, ал борбордон 20 километр аралыкта жайгашкан. Андагы “Айзирек” бала бакчасынын башчысы Гүлбарчын Эстебесованын бул мекемени жетектегенине он жылга аяк басты. Биз аны менен байланышканыбызда, “Айзирек” бала бакчасы 1-марттан баштан иштеп баштаганын, негизинен дарыгерлер, мугалимдер сыяктуу балдарын үйдө калтырууга шарттары жок, муктаж адамдардын балдарын кабыл алышканын билдирди.

— Биздин “Айзирек” бала бакчасында учурда он кызматкер иштейт. Орто жана кенже тайпаларга балдар келип жатышат, балдарды алгоритмге шайкеш кабыл алуудабыз, чындыгында каалоочулар андан да көп. Айылыбыз райондогу калк жыш жайгашкан айыл болгондуктан, чындыгында бала бакчага муктаждар көп эле. Каалоочулардын баарын бир чети учур талабына ылайык кабыл албай жатсак, экинчиден, өзүбүздүн имаратыбыз жоктугунан да кабыл ала албайбыз. Анткени биздин бала бакчанын имараты кайра куруу жылдары башка максаттарга пайдаланууга берилип кеткендиктен, биз азыр айылдагы медициналык имаратта жайгашканбыз. Бул маселени чечүү өтүнүчү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына көптөн бери эле кайрылып келе жатабыз, андыктан алар биздеги кырдаалды жакшы билишет. Биздин айылда курулуп жаткан жаңы мектептин курулушу аяктаса, бошогон имаратка силерди жайгаштырабыз деп жатышат. Ал жак азыркыга салыштырмалуу кыйла ыңгайлуу болмок жана бала бакчага муктаждардын мүдөөсү да аткарылмак. Жаңы мектеп имараты жаңы окуу жылында ишке кирип калса, биздин көйгөйүбүз да чечилип калаар деп күтүп жатабыз, — дейт Гүлбарчын Эстебесова.

Гүлбарчын айымдын айтымында, айыл өкмөт башчысы бала бакча кызматкерлери медициналык талаптарды сактоо менен иштөөсүнө баардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берген. Алсак, балдардын дене табын аралыктан текшерүүчү тепловизор, беткап, колкап ж.б. тиешелүү баардык санитардык жабдуулар менен камсыздалышты.

 

Эне-атанын эң биринчи милдети эмне?

Алыскы Тогуз-Торо районундагы айтылуу Арал айылынын кичинекей тургуну Бердибеков Адахан жаш курагына жараша бала бакчанын босогосун жаңы аттады. Үч жашка жаңы караган Адахандын чоң энеси Айнуранын айтымында, ал бала бакчага баш бакканда эле жаңы досторду тапканына кубанганынан, атасын ээрчигенди деле эсинен чыгарып койгондой.

— Адахан биздин биринчи неберебиз болгондуктан, анын ар бир кадамы биз үчүн чоң жаңылык болууда. Андыктан анын бала бакчага барганы да биздин үй-бүлөдө зор талкууларды жаратып жатат. Албетте, баарыбыздын башыбыздан өткөн пандемия өтө этияттыкты талап кылып жатканын мойнубузга алуу менен, учурдагы кырдаалга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тийишпиз. Мен өзүм көп жылдык тажрыйбасы бар педагог катары айтаарым, бала үйдөгү адаттарын сыртта да жасайт, ошол эле учурда сырттан үйрөнүп келгендерин үйдө да көрсөтөт. Бул жагынан алганда кичинекейлерге жакшы адаттарды калыптандыруу оңой. Ал адаттар жөнөкөй эле: колду тез-тез кылдат жууп туруу, керек болгон учурда, дарыгерлерге токтоосуз кайрылып, алардын кеп-кеңештерин кыйшаюусуз аткаруу. Чындыгында ушул эрежелерди бир жыл аралыгында жадыбалдай деле жаттап калбадыкпы, өзүбүздүн жана балдарыбыздын саламаттыгы – өзүбүздүн колубузда  экенин эсибизден чыгарбайлы! – дейт Адахандын чоң энеси жалпы эле эне-аталарга кайрылып.

КӨПТӨН КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ

Коронавирустан коргонуу чаралары:

  1. Колду самындап жуугула же спирт камтылган антисептикалык каражаттарды колдонгула.
  2. Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозуңарды, мурдуңарды кагаз бет аарчы же чыканагыңар менен тоскула.
  3. Дем алуу жолдорунун курч вирустук оорусуна кабылган адамдар менен кучакташуудан, өбүшүүдөн жана кол алышуудан кармангыла.
  4. Курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, дем алуунун начарлашы) пайда болгон учурда айланадагыларга жуктурбаш үчүн бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынгыла.
  5. Бөлмөнү тез-тезден желдеткиле жана нымдуу чүпүрөк менен көбүрөөк тазалап тургула.
  6. Жаныбар тектүү азыктарды жакшылап бышыргандан кийин колдонгула.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”   

Бөлүшүү

Комментарийлер