КҮНҮМДҮК САБАКТАР – КЕСИПКӨЙЛҮК ҮЛГҮСҮ

  • 05.02.2021
  • 0

Мектептерде адатта күн мурунтан даярдалган ачык сабактар көбүрөөк учурайт.Бул ирет андай болбоду. Чүй районуна караштуу Садовое айылындагы Иса Үкүев атындагы орто мектепте болгонумда, эки мугалимдин сабагына күтүүсүз жерден катышып калдым.

КҮНҮМДҮК САБАКТАР – КЕСИПКӨЙЛҮК ҮЛГҮСҮ

 

Кеп башынан эле, ошол эки айкөл мугалимге сабакка катышууга уруксат бергени үчүн ыраазычылыгымды билдирип койсом дейм, анткени буга чейинки мен байкоо салган сабактардын баары – тажрыйба алмашуу семинарындагы, «Жыл мугалиминдеги», фронталдык текшерүүдөгү же декада учурундагы күн мурунтан даярдалган сабактар экен!

Жакында эле бүтүрүүчүсү ЖРТда алдыңкы орунду ээлеген менчик мектепке барганымда да, сабактарга катыша албай келгем. «Мугалимден алдын-ала уруксат алыш керек!» деген окуу бөлүмүнүн башчысы. Максатым бүтүрүүчү бул ийгиликке кантип жетти экен, балким, мугалимдер сабакта өзгөчө усулдарды колдонушабы, ошону көрүү болчу. Тилекке каршы, жетишилген ийгиликтердин баарын окуу бөлүмүнүн башчысынын баянына таянып жаздым.

Мындай кылганда, албетте, мугалим менен окуучунун билим жолундагы бирдиктүү эмгеги көңүл сыртында калат. Сабактагы жандуу талкуу, күтүүсүз суроолорго берилген орундуу жооптор, бири-бирин сүрөө, жардам берүү, окуу милдеттерин биргелешип чечүү дегендер көрүнбөйт.

Мунун баары 45 мүнөттүк күнүмдүк сабакта экенин унутпасак.

Сабаксыз мугалимди мактап да, даңктап да болбойт! Сабак – билим берүүчүнүн паспорту! Мыкты, алдыңкы, издемчил, эмгекчил, чыгармачыл мугалимди дароо сабагынан байкайсың.

Бирок учурдагы пандемиядан улам айрым жерлерде киргизилген карантин эрежелерин эске албаганда да, бизде каалаган мектепке келип, каалаган мугалимдин сабагына кирүү, байкоо жүргүзүү жеңил-желпи маселелерден эмес. Мугалим каршы болбогону менен, мектеп директору же окуу бөлүмүнүн башчысы өз мектебинин имиджин ойлоп, даярдыксыз сабакка киргизбей коюшу мүмкүн. Буга даяр
болгонуңуз оң!

Албетте, демократиялык коомдо мугалимдин да адамдык укуктары бар деңизчи, бирок мектеп коомдун билим берүү талабын аткарып жаткан соң, өз кесибин сыйлаган, окуткан предметин мыкты билген, инновациялык табылгаларды күнүмдүк сабагында колдоно билген мугалимдин сабагы ким болбосун, качан болбосун ачык болушу абзел.

Кандай мугалимдер күтүүсүз коноктордон чочулашат?

Баарынан мурун окуткан предметинен билими тайкы, өз кесибине, окутуу ишине ат үстүнөн мамиле кылган, изденип иштебеген, жалкоо, предметин билсе да, сабакка даярдыгы жок келген мугалимдер күтүүсүз коноктордон коркушат.

Бир жолу ушундай мугалимди жалаң чет элдиктер иштеген менчик мектептен кезиктирдим. «Англис тилинде аябай бат сүйлөгөн үчүн муну өз жайына коём» деди окуу бөлүмүнүн башчысы америкалык жаш жигит менен тааныштырып жатып. Мугалимдин турган турпаты өз сабагында конокторду жактырбаганын айтып турду.

Сабагына катышкан соң, ашкере бат сүйлөгөнү ар кандай ашыкча көйгөйдөн кутулуунун амалы экенин түшүндүм.

Америка коому, Америка мугалими таптакыр башка экенин билесиздер! Алар жаңылыкка, кесиптештер менен ой бөлүшүүгө ар убак ачык!

Мындай өзгөчөлүктү он жыл илгери Түндүк Каролина штатынын мамлекеттик, чартердик жана менчик мектептеринде болгонумда байкагам.

Илимий педагогикада мектепке, мугалимдин күнүмдүк кылган жумушуна кандай карашат? Орустун улуу педагогу Константин Дмитриевич Ушинский XIX кылымдын орто ченинде Европанын беш алдыңкы өлкөсүндөгү мектеп, бала бакчаларды кыдырып чыккандан кийин, ал жактагы тажрыйбага таянып, Орусияда билим берүү системасын демократиялаштыруу зарыл деген жыйынтыкка келген. Ушинский Германия менен Италиянын мектептеринде сабактарга ким болбосун кирип, байкоо жүргүзүп, окуу-тарбия иштери менен тааныша аларын, мектептин коомго ачыктыгын өз байкоолорунда таасын жазган.

Азыркы Орусияда Ушинскийдин мектепти демократиялаштыруу идеялары канчалык ишке ашып жатканын билбейт экем, бирок муну кыргыз мектебинде жапырт колго алууга мезгил жетти деп ойлойм.

Эми кеп нугун жогоруда учкай айтылып өткөн эки мугалимдин күнүмдүк сабагына бурайын. Биринчи сабакты 1-«б» классында мектепте иштегенине үч жыл болгон жаш педагог Майрамкүл Сарманбетова өттү. Адеп сабагынан уюшулган бул сабак мага зор таасир калтырды. Анткени жаш балдардын чоң адамдарды түйшөлткөн жакшылык менен жамандык, жалкоолук менен эмгекчилдик сапаттарды кластер усулун колдонуп, оңго-солго оңой бөлүп саларын күткөн эмесмин. Андан ары алар бабалардан калган сөздөрдү китептен окушуп, дептерине көчүрүп жазганга жетишти.

Мугалими да ар бирине дем, багыт, жардам берип жатты.

«Чыканакты партага коюп, түз олтурабыз!», «Тамгаларды элементи менен жазабыз!» деп айтканды унуткан жок.

Бул эскертүүлөр жогорку класстарда маанилүү болбогону менен, жаңыдан окуй баштаган биринчи класстагы окуучулар үчүн абдан зарыл экенин жакшы билебиз.

Экинчи сабак 5-класстын Дүйнө тарыхына арналып, тажрыйбалуу педагог Касымалиева Венеранын жетегинде балдар-кыздар таш дооруна саякат жасашты.

Сабактын илимий деңгээли жогору болгонун баса белгилейин. Балдар топто, жупта иштөө менен темага байланышкан бир топ терминдерди жеңил чечмелеп, Андронов жана Чуст маданиятына таандык археологиялык буюмдарды өз-өзүнчө бөлүп кароого үйрөнүштү. Жаңы теманы бышыктоодо да окуучулар топторгө бөлүнүп, бири-бирине эки-үч варианттуу кыска тесттик суроолорду даярдашты.

Жалпысынан эки сабакта тең алдыңкы усулдар байма-бай колдонулуп, калыптандыруучу баалоонун элементтери кенен пайдаланылды.

Балким класста интерактивдүү доска болсо, сабактын таасири мындан да күчтүү болмок, бирок ошого карабай, азырынча өкүнүчтөн алыс болуп, кантсе да атайын даярдалган сабакка караганда чындыкка жакын күнүмдүк сабак кыйла жогору экенин белгилеп, бүгүнкү сөзгө чекит коё туралы.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер