КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА — РЕАЛДУУ РЕЖИМДЕГИ ОКУУ

  • 13.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 11-ноябрдан тартып эпидемиологиялык абал курч болуп жаткан Бишкек, Ош шаарларынан тышкары бардык аймактарда кырдаалга жараша 1-6 класстарда, 1-11-класстарда, айрым жерлерде 1, 5, 9, 11-класстарда окуу ишин офлайн режиминде жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алды.

Бул чечимге ылайык республиканын 1489 жалпы билим берүүчү орто мектебинде кадимки режимдеги окуу иши кайрадан жанданат.

Анын ичинде 411 мектеп 1-класстарга, 367 мектеп 1-6-класстарга, 475 мектеп 1-11-класстарга, 236 мектеп 1, 5, 9, 11-класстардын окуучулары үчүн бул күнү өз эшигин ачат.

КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА - РЕАЛДУУ РЕЖИМДЕГИ ОКУУ

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу мектептердин толук режимде иштөөсү боюнча чектөөлөр Нарын облусунан тышкары бардык аймактарда киргизилген. Мисалы, Жалал-Абад облусунда 245, Баткенде 60,  Ош облусунда 113, Ысык-Көлдө 31, Талас облусунда 36, Чүй облусунда 25 мектепте азырынча билим берүү иштери аралыктан жүргүзүлөт.

Министрлик эки жумадан кийин бул иштерге баа берилип, калган класстарды да ачууга уруксат берилерин билдирди. Бирок баары республикадагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша болорун айтып коюшубуз керек.

Коомчулук тарабынан бул чечим да бир кылка кабыл алынган жок. Ата-энелер арасында коркунучтуу илдеттен улам баласын мектепке жиберүүдөн баш тарткандар да жок эмес.

«Бүтүндөй Европа, Россия мектептерин карантинге кайрадан жаап жатса, бизде ачылганы чекилик» дешет өз балдарынын ден соолугунан кооптонгон ата-энелер

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги  буга чейин да окуучуларга кадимки шартта билим берүү маселесин ар кандай деңгээлдеги жыйындарда көтөрүп келген.

Быйылкы окуу жылда биринчи класстар 1-сентябрдан 2-октябрга чейин офлайн режиминде билим алышты, бирок министрлик өлкөдөгү саясий абалга жараша окууну токтотууга мажбур болгон.

Агартуучулар министрликтин жогорудагы буйругу орундуу болгонун айтышууда. Бир жагы өткөн окуу жылында апрель айынан мектептерде колго алынган онлайн окутуу учурда коомчулуктун кайчы пикирине туш болду. Экинчиден эгерде башында эл-журттун баары аралыктан билим берүү пандемия шартындагы бирден-бир туура кадам экенин белгилесе, бул күндөрү бул пикирди кармангандар күндөн-күнгө азайып баратат.

Бүгүнкү күндүн барометри болгон соцтармактарда онлайн окутуунун оң-солу кызуу талкууга алынды. Мындагы пикирлерди жалпы жонунан үч топко бөлүп кароого болот.

Биринчи топтогулар коронавируска  каршы азыркы аракеттерди натыйжасыз деп баалашып, чоң-чоң базарлардын, соода борборлорунун, коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштеп жатышы, ошондой эле азыркы таптагы адамдардын беткап тагынып жүрүүгө, санитардык талаптарды сактоого,  социалдык аралык талабын карманууга маани бербей жатышканы коркунучтуу илдеттин ар кандай курактагы адамдардын арасында, анын ичинде мектеп окуучуларынын арасында тездик менен тарашына жол ачат деп эсептешет.

КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА - РЕАЛДУУ РЕЖИМДЕГИ ОКУУ

Экинчи топтогулар окуучу балдар да ковид илдетине чалдыгышы мүмкүн экенин, ал эми өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасы аларды дарылоого даяр эместигин айтышат.

Үчүнчү адамдар азыркы онлайн окутууну майнапсыз деп санашып, мектептерде кадимки окуунун ачылышын колдошот.

Мектептеги демейдеги окууну колдоого алгандардын арасында эң кызыгы учурда аралыкта билим берген мугалимдер да учурайт.

Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкектеги орто мектептердин биринде кыргыз тили мугалими болуп иштеген мугалим ой бөлүшкөн. Ал белгилүү себептерден улам аты-жөнүн айткан эмес.

— Онлайн сабак өтүү көптөгөн кыйынчылыктарды алып келип, мугалимдерге мурдагыдан да эки эсе түйшүк жаратууда. Ал эми пайдалуу жагы жокко эсе экен. Каржылык жактан да бизге кыйын болууда, — дейт ал.

Ошол маегинде баш калаада эмгектенген мугалим маянасынын көп бөлүгү техникалык жабдыктарды сатып алууга кетерин айтат.

—  Менин айлыгым болжол менен 8000 сом. Азыр байланыш каражатына, уюлдук телефонго, интернетке жума сайын бирдик жүктөөгө бир топ чыгым болуп жатам. Кеңсе каражатынын баарын өзүбүздүн жаныбыздан сатып алабыз, — деп жооп берет мугалим.

Андан ары ал кесиптештеринин көбү кадимки режимде иштесек деп күтүп жатканын айтат.

— Баарыбыз эле кадимки режимде иштесек экен деп күтүп жатабыз. Мугалимдер баары бир мектепке келип, эртеден-кечке кадимкидей эле иштеп жатышат. Кагаз түрүндөгү отчёттор аз келгенсип, электрондук варианттагы отчёттор да башты катырууда. Көп мугалимдин үйүндө компьютер жок. Айтор, кыйналып кеттик. Ар бир жуманын аягында бере турган отчёт ичине көп нерсени камтыйт. Сабакка онлайн чыкпаган баланы эмне себептен чыккан жок деп териштирип, ошого чейин жазат экенбиз, — дейт ал.

Онлайн окутуунун жүрүшү жалгыз мугалимдерди гана эмес, окуучуларды да ойго салды. Башталгыч класстарда мугалимдин кадыр-баркы жогору болгон үчүнбү, жэ бир жагы ата-энелердин жапырт колдоого алганы оң таасир эттиби, айтор башталгыч мектепте онлайн окутуу жакшы жүрүп жатат.  Ал эми орто жана жогорку класстарда онлайн окутуунун деңгээли ушундай жогору деп айтуудан алыспыз.

Жер-жерлерде эмгектенген мугалимдер, мектеп директорлору ортоңку, жогорку класстардын окуучулары онлайн окууга мурдагыдай активдүү катышпай калганын белгилешет.

— Класстагы жыйырма беш баланын беш-алтоосу гана сабакка катышса катышат. Болбосо жок. Вотсаптан тапшырма берип коюп отурабыз. Башка арга жок, — дейт белгилүү себептерден атын атабаган элеттик  педагог.

Өткөн аптада Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча борбор калаадагы эки мектеп онлайн окутуунун жыйынтыгында эң начар көрсөткүчтү көрсөткөнүн белгиледи.

Элмира Иманалиеванын айтуусунда, мектептердин аралыктан окутуу аракеттерине баа берүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, ал иштин жүрүшү менен жеринде таанышкан.

Бул комиссиянын чечимине ылайык шаардагы 25 мектептин онлайн окутуу ишине «мыкты», 36 мектепке «жакшы», 18 мектепке «канааттандырарлык», 2 мектепке  (№39 жана №79 мектептер)  «начар» деген баа берилип, кемчиликтерди оңдоо мөөнөтү так көрсөтүлгөн.

Мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин берген маалыматына караганда Бишкекте окуучулардын 70 пайызы компьютер, 98 пайызы телефон, 100 пайызы телевизор менен камсыз болушуп, мугалимдер онлайн окутууда Zoom, Google Classroom, WhatsApp и Telegram платформалары кеңири колдонуп жатыптыр.

Бирок дагы эле ысмын атагысы келбеген шаар четиндеги мектептердин мугалимдери, айрыкча «Дордой», «Ак-Жар», «Ак-Ордо» жаңы конуштарында батирде жашаган окуучулардын жарымынан көбү ата-энесинин телефонун колдонгонун, телевизору жоктору да бар экенин айтышат.

Ал ортодо жаңы бийликтин өкүлү, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн  Twitter баракчасында колдонуучуларга «Мектепти ачуу керекпи?» деген суроо менен кайрылган. 10 сааттын ичинде сурамжылоого 1175 адам катышып, анын арасынан 35  пайызы «каршы», 65 пайызы «макул» деп жооп берген.

 

А. Алибеков, » Кут Билим’

 

Бөлүшүү

Комментарийлер