КҮЧҮКТҮН ОКУЯСЫНАН УЛАМ ЖАРАЛГАН ОЙЛОР

  • 21.02.2023
  • 0

Эмне үчүн мектепке күчүгүн алып келген баланын окуясы Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй коомдук резонанс жаратты? Ушуга ачык-айкын жоопторду издеп көрөлү…

КҮЧҮКТҮН ОКУЯСЫНАН УЛАМ ЖАРАЛГАН ОЙЛОР

​Эң башынан айтып коёюн, өз пикирин билдирген элдин баары мектепке жаныбарларды ​ алып келүүгө болбостугун жакшы билишет. Анда алар эмнеге мынча кыжаалат болушту? Бул окуяда​ баарынан мурун коом тарабынан балдарды окутуу, тарбиялоо милдетин алган, ушуга атайын даярдыктан өткөн мугалимдердин кичинекей баланын жоругуна чыдамсыздык менен мамиле кылганы элди бушайманга салды. Иш жүзүндө баладан жашы улуу, турмуштук тажрыйбасы мол тарбиячылар сабырдуу болушу керек эле. Тилекке каршы, класс жетекчиси да, кыйын кырдаалдарда калган балдарга жардам берүүгө чакырылган соцпедагог да мындай сабырдуулукту көрсөтө алышпады. Акырын түшүндүрүп сөз менен айтуунун ордуна үнүн көтөрүп сүйлөштү.

Баланын табиятын жакшы билген, кесипкөй педагог бул кырдаалды класстагы балдардын ынтымагын, жаныбарлар менен достугун чыңдоого багыттаган таалим сабак өтүп, ушул күчүктүн мектепке кантип келип калганы тууралуу кыска баян жазып, сүрөтүн үйдөн тартып келүүгө тапшырма бермек. Анан албетте, жаныбарларды үйдө кармоо, аларды камкордукка алуу тууралуу да балдарга эскерте кетмек.

Үч күн мурун Венгриядан кесиптик билимин өркүндөтүп келген адис  чет жерден алган таасирлерин айтып олтурду.
— Кафеде болсун, окуу жайда болсун, көчөдө болсун алардын ушунчалык акырын сүйлөшкөнү, бири-бирине аяр мамиле жасаганы, маданияттуулугу бизди таң калтырды. Эмне үчүн биз анте албайбыз? Бала бакчадан, мектептен баштап кыйкырып сүйлөйбүз, — деди ал күчүктүн окуясын эске салып.

Педагогикадан маалым болгондой баланы мектептеги өтүлгөн сабактар, тарбиялык сааттар, ар кандай иш-чаралар гана эмес, жашоонун ар бир ирмеми, тийип турган күн, бажырайып ачылган не бир кооз гүл, капыстан жолуккан адам, азыркыдай таасирдүү окуя да тарбиялайт.
Василий Александрович Сухомлинский бир китебинде мындай бир педагогикалык кырдаалды мисал келтирет. Мектептеги сабактар кызуу жүрүп жатканда айылдын жашоочулары табытты көрүстөнгө алып  баратышкан болот. “Мындайда сабак өтүүгө караганда ошол маркум тууралуу окуучуларга таасирдүү баян куруп берген маанилүү” деп жазат улуу педагог.

Демек, билим берүү таасын тарбиясыз мүмкүн эмес экен. Тарбия иши  көңүл сыртында калган үчүн​ соцтармактарда жазылган комменттердин дээрлик баарында окурмандар «Бала менен күчүгү эжейлеринен акылдуу экен» деп жазып жатышат.

Кээде биз, адамдар, сабырдуулукту жаныбарлардан үйрөнсөк болчудай…

“Күчүгүн карачы, тим эле «мына мени киного тарткыла!» дегенсип, тыбырчылабай, илинген пакеттен башын чыгарып, бир жагы баланын кыйын кырдаалда калганын түшүнүп турат. Сабырдуулугуна таң калдым» — деди  кесиптешим видеону көрүп бүткөн соң.

Журналист катары мен да өз оюмду айтпай кетпесем болбойт.
Кадамжайдагы мектепке күчүгүн алып келген баланын жоругу мага окуучулук жана студенттик кезимде күбө болгон эки окуяны эске салды. Союз доорунда окуп калгандар жакшы билет, ал убакта онунчу класстын окуучулары ушунчалык оор басырыктуу, салабаттуу болушчу. Алардын бири-бирине жасаган мамилесин көрүп суктанчубуз. Бир күнү мугалимдер бардык класстарды тизип, бир чектен чыккан иш болгондой, директор менен завучтун ортосунда чуркап жүрүштү. Анан бүтүрүүчү класстардан бир кыз менен бир уланды ортого чыгарып, эки мугалим алмак-салмак алардын сүйүү каттарын үн чыгарып окуп беришти…Арадан канча жыл өтсө да, ак бантикчен кыздын башын жерге салып, ыйлап турганы эсимден кетпейт.

Кийин студент учурумда ушундай эле окуяга күбө болгом. Доцент агайыбыз үй-бүлөсун таштап башка бирөөгө үйлөнүп алганда, жумуштан айдашып, партиянын катарынан чыгарышкан. Чоң жыйында агай: «Партиясыз эле оокат кылам, бирок ак сүйүүмдөн баш тартпайм!» дегенин укканбыз.

Бул эки баянда  тең авторитардык-буйрукчул коомдо адамдагы эң ыйык сезим сүйүүгө чабуул жасалып отурат. Авторитаризм адамдын өз ою, пикири, каалоосу, тандоосу, эркиндиги менен эсептешпейт тура! Баарын өзү каалагандай, өзү ойлоп тапкан эрежелер аркылуу чечет экен. ​ Мектеп – коомдун ажырагыс бөлүгү катары ошол авторитардык мамилелерди өзүнө бекем сиңирип алды. Азыр да ошондон арылбай келүүдө. Башкаруунун авторитардык стилинде орусча «стрелочник виноват» дегендей, кандай окуя болбосун, акыр аягында эң төмөнкү тепкичте турган адам күнөөлүү болуп табылат.

Мектепте — бул катардагы мугалим. Баланын эжейи балким боорукердир. Бирок ал мектеп администрациясынан чочулады. Окуу бөлүмүнүн башчысы же директору күчүктү көрүп калса, сөзсүз мугалимди тилдешмек. Жыпар Акунованын совет доорундагы мектеп турмушу тууралуу бир сонун аңгемеси бар. Чыгармада жогорку класстын эки кызы район борборуна документке сүрөткө түшүп келүү үчүн класс жетекчи эжейинен жооп сурашып, кайра кайтканда, мектеп директоруна кармалып калышат. Кыздар эжейинен жооп сурашканын айтышат.​ Класс жетекчиси директордон коркуп: «Мен жооп берген эмесмин!» деп кутулуп кетет. «Эжейибиз жаш эле, сулуу болчу, сабакты да жакшы өтчү, арадан канча жыл өттү, бирок ошондогу каратып туруп жалган айтканын кечире албай койдук» делет чыгармада.

Билим уясында адамдардын мамилесин кантип гумандаштырса  болот? Муну ириде мугалимден баштоого тийишпиз.
Балдарга билим берген ак жүрөк мугалимдин кадыр-баркын жогорулатпай туруп, мектептеги мамилелерди гумандуу нукка сала албайбыз. Айрым мектептерде жетекчилер мугалимдин сабагына эч бир уруксатсыз кирип барып, ар кандай маселелер менен убакытты алганы, «Окуучуларыңдын калганы кайда?», «Эмне үчүн мектеп формасын кийишкен эмес?» деп мугалимге окуучулардын көзүнчө эскертүү айтканы мугалимге да, өзүнө да сый алып келбейт. Туура нуктагы тарбия үчүн окуучулардын бири калбай «Мектептеги агай-эжейлердин баары бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылышат экен. Мен дагы башкаларга ошондой мамиледе кылышым керек» деген ойдо болушу абдан маанилүү.
Эгерде кайсыл бир мектепте мугалимдер буйрукчул мамилелери үчүн мектеп админстрациясына, ал эми окуучулар адилетсиз мамилеси үчүн мугалимдерге нааразы болсо, буга сөзсүз мектеп директору күнөөлүү!

Мектеп директору — кесипкөйлүгү, жетекчилик, адамгерчилик бийик сапаттары аркылуу жалпы мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин сый-урматына татыган номур биринчи мугалим, башкы тарбиячы.​ Ал өзү ошол гуманизм идеясына каныккан болушу керек.

Мен Бектур Исаковдун, Орозали Сейдилкановдун, Гапыр Мадаминовдун мугалимге же окуучуга үнүн көтөрүп сүйлөгөнүн эч качан уккан эмесмин. Элестете да албайм. Алардын болгон куралы — сөз! Таалим-тарбиядагы эң бир баалуу, кылымдар тереңинен келе жаткан көөнөрбөс сөздү алар кайдан алды дээрсиз? Ошол эле элдин акыл-насаатынан, улуу «Манас» эпосунан, анан Коменский, Дистервег, Песталоцци, Ушинский, Макаренко, Сухомлинский баш болгон улуу педагогдордун китептеринен окуп билишти.

Биздин эң чоң көйгөйүбүз – китепти аз окуйбуз.
Бир жолу бизди балдар үйүнө чакырып калды. Ошондо мен эмнеден улам экенин билбейм, тарбиячыларга ​ «Кимиңер Макаренконун «Педагогикалык поэмасын» окугансыздар?» деген суроо узаткам. Эч кимиси окубаптыр. Ата-эне мээримине муктаж өспүрүмдөр менен түздөн-түз тарбия ишин жүргүзгөн тарбиячылардын бири да мындан жүз эсе кыйын заманда тагдыры татаал өспүрүмдөрдү тарбиялап адам катарына кошкон улуу педагогдун акыл-насаатын окубай калышканына аябай өкүнгөм.

Мектепке күчүгүн алып келген баланын окуясы азыркы мектепте канчалык реформа жүргүзбөйлү, мугалимдер менен окуучулардын өз ара мамилелери гуманизмден, демократиялык баалуулуктардан ​ алыс экенин ачыктап койду.

— Күчүктү мектепке алып келбеш керек деген  бул чоңдор ойлоп тапкан эреже!
Биз балага ата-энеңе мээримдүү бол, бир туугандарыңа карамдуу бол, ыймандуу бол деп тарбиялайбыз. Ушулардын өзөгүндө мээрим жатат! Бардык диндерде ошондой айтылат. Баланын жүрөгү ошончо чоң болуп,​ анан күчүккө боору ооруп, мектепке көтөрүп келди да! Күчүккө жасаган мээримдүү мамилеси аркылуу баланын жүрөгүндө боорукерлик сезими гүл ачып жатат. Өлтүрбөгүлө ал гүлдү, суранам! — дейт белгилүү блогер Илим Карыпбеков.

“Мектеби​ баламдын шагын сындырды! Сезимдерин өлтүрдү! Бабажан Айтматов атындагы орто мектебинин эжекелерине капа болдум”, — дейт жалгыз бой эне.

Мектеп үчүн ата-эне ишениминен чыгып калуудан өткөн жогорку жаза жок деп ойлойм…

​А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер