ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

  • 14.10.2021
  • 0

Аламүдүн районундагы Байгелди орто мектебинин башталгыч классынын орус тили жана адабияты мугалими Салтанат Сыдыкованын билим берүү тармагында иштегенине 48 жылдын жүзү болду. Ушул жылдар ичинде ал кайсы мектепте болбосун чыгармачылык изденүү менен элеттик балдарга орус тилин жана адабиятын окутуп келүүдө.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

Эмгек жолу

Салтанат Сыдыкова Суусамыр мектебин 1973-жылы аяктаган. Ошол эле жылы В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунун филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүнө өткөн. Окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан кийин Суусамыр өрөөнүндөгү Май мектебинде, андан кийин Кожомкул айылындагы Мырзакматов мектебинде 3,5 жыл эмгектенди. 1985-жылы турмуш шартка байланыштуу  Бишкек шаарына көчүп келген. Ошол жылдан бери  кыргыз элинин тунгуч генералы Султанаалы Самсалиев атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келатат.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

— Биз Султанаалы атабыз менен абдан сыймыктанабыз. Ошол атанын элесине арналган ачык сабактарды, тирүү кезинде 70 жылдык юбилейине арналган семинарды өткөнбүз. Биздин мектеп атагы чыккан мектептердин бири. Мектептин директору Аваскан Мамытов деген болгон экен. Азыркыга чейин  кесиптештер айтып калышат Польшадан, Япониядан ж.б. мамлекеттерден кандай делегация келсе, биздин мектепке келишчү деп, — дейт элеттик мугалим.

“Баарынан кыйын адам болуу”

Салтанат Сыдыкова Ч.Т.Айтматовдун “Баарынан кыйын адам болуу” деген сөзүн дайыма сабактарында колдонот. Окуучуларына да улуу, алп жазуучунун чыгармаларын талдатып, орус тилинде так жана таза сүйлөгөндү катуу талап кылат. Ошондуктан кайсы гана текшерүү барбасын Салтанат эжейдин өткөн сабагына канааттанып, алкыш айтып кетишет. Ачык сабакка катышкан Аламүдүн районунун орус тилчи мугалимдери дагы бир ооздон Салтанат Садыкованы кезегинде “КР Эмгек сиңирген мугалими” наамына көрсөтүшкөн экен.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

— Чыңгыз Айтматовдун арбагы дайыма мени колдоп келет. Себеби анын 60, 65, 70, 75, 80, 85 жылдыктарын семинар кылып өтүп жүрдүм. Ансыз деле анын чыгармаларын мектепте өтөсүң, бирок мен райондук, облустук деңгээлде өтөөр элем. Ошол кездеги билим берүү министринин орун басары Гүлжигит Сооронкулов дайыма сабагыма катышчу. Ар бир иш-чарама сөзсүз Билим берүү академиясынын кызматкерлерин, министрликтин адистерин чакырып жүрдүм. Менин жолумду улаган окуучуларым бар. Көчөкова Назгүл, анын байкеси Нурбек, Дүйшеева орус филологиясын бүтүрүштү, — дейт Салтанат Сыдыкова.

“Орус тилчи сабаттуу болушу керек”

“Окутуу кыргыз тилиндеги мектепте орус тилди окутууда орус тилчи мугалим  эң сабаттуу болуш керек экенин,  эшиктен кирип келе жатканда илинип турган жарнамадан каталарды текшерип турушуңар керек” деп институттун окутуучулары айткандарын Салтанат эжейдин эсинде кыттай куюлуп калган.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

— Сабак учурунда кыргыз тилинде сүйлөбөгөнгө аракет кылам. Сөздүк иштерде гана сүйлөп, тушүндүрбөсөм, калган учурда кыргыз тилинде сүйлөбөйм. Өзүм окуткан окуучулар менен мактанып кетсем болот. А.Пушкиндин 200 жылдыгында райондук деңгээлде өткөн иш-чарада окуучуларым 1-орунду алып, республикага барып “Сказка о мертвой царевне”, “Сказка о золотой рыбке” койдук. Биздин Арчалы мектебинин окуучулары абдан сабаттуу. Эми ардактуу эс алууга чыгайын деп жатам, жаштарга жол бошотуп. Окуучуларым менин айткан нерсемди так жана туура аткаргандыгы үчүн ушул даражага жеттим. Бир жолу Гүлжигит Умарович айтып калды: “Роза Исаковна айыл жергесинде орус тили жана адабияты кандай деңгээлде өтөт болду экен? Мен өз көзүм менен көргүм келет” деди деп. Ошондо мен Ч.Айтматовдун сегиз чыгармасынан сценка кылып, “Лицом к лицу”, “Первый учитель”, “Джамиля” ж.б. декорациясы менен чакан спектаклдерди көрсөтүп, ачык сабак өттүм, — дейт мугалим.

Ооба,  Г.Сооронкулов  ошол сабактан кийин “Очищение Айтматовым” деген макаласын “Кут Билимге” берген эле. Салтанат эжейдин сабагына катышкан экс-Президент Роза Отунбаева сабактын аягында сөз алганда: “Мен окуучулардын сүйлөгөнүнөн бир дагы ката тапкан жокмун, баары таптаза сүйлөшөт экен” деп жогору баа бергенин, ар бир сценка коюлуп жатканда Роза Исаковнанын көзүнөн жаш акканын мугалим эстеп, Ч.Айтматовдун “Ысык-Көлүм” деген чыгармасын дагы окуучулары мыкты  ырдашканын айтып отурду.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

— Ошол сабакка чейин эле мени “Билим берүүгө эмгеги сиңген” наамга мугалимдер көрсөтүшкөн. Шартка ылайыктуу берилбей келаткан. Ачык сабактан кийин мага КР Президентинин Ардак грамотасы берилди. Андан кийин деле токтобой иштей бердим. Т.Турсунбаева, С.Чокморов, Л.Н.Толстойдун “Зеркало русской души”, С.Есенин тууралуу сабактарды сахна-сабак кылып өттүм. Ошонун баардыгы кийин “КР эмгек сиңирген мугалими” наамына документтерди даярдаганда 30 чукул көрсөтмөлүү видеого тартылган иш-чараларым, ачык сабактарым флешкада сакталган, ошол бойдон документтер менен кошо тапшырылган. Жогорку деңгээлде өткөн сабактарымдын артынан 2019-жылы “КР Эмгек сиңирген мугалими” наамын алдым, — дейт С.Сыдыкова.

Эмгек жерде калган жок

Ары татаал, ары түйшүктүү  кесиптин ээси Салтанат Сыдыкованын эмгеги жерде калган жок. Ал 2008-жылы КР Президентинин Ардак грамотасын алган. Ал “Жылдын мыкты мугалими — 1996” сынагынын жеңүүчүсү. Окуучулары облустук олимпиадада алдыңкы орунга чыккан үчүн облустук администрациясынын Ардак грамотасына татыктуу болгон. 2002-жылы “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

— Баары оңой көрүнгөнү менен адамдын эмгеги бааланат экен. “Мугалим – мөмөлүү дарак” деп бекеринен айтылбаса керек. Азыркыга чейин окуучуларым байланышып турушат, көчөдөн көрүшсө да чуркап келип, “Ий эже, бизди Сиз кандай окуттуңуз эле” деп калышат. Мектепте 36 жыл иштедим. Жалпы стажым 48 жыл. Балдарды кызыктырып, окутуш керек. Сабакты жөн эле супсак өтө бербей, спектакль сыяктуу өткөндө балдар кызыгат. Ачык сабактар меники жалаң спектакль аркылуу өткөрүлчү. Райондогу орус тилчилер мени “режиссер эжебиз” деп коюшчу. Окуучуларды актер кылганды жакшы көрөм. Мен сыйлыкка деле кызыккан эмесмин, бирок менин сабагыма катышкандар, окуучуларымдын эмгегин баалаган адамдар сыйлык алганга түрткү берди. Сыйлык алгандан кийин ого бетер кызыгуу пайда болду. Ар бир сабагымда Билим берүү академиясынын адистери келип отурушчу, алар менен аябай тыгыз иштештик. Менин сабактарымдын иштелмелерин жайылтабыз деп алып кетишчү. Мен эмне үчүн орус тилчи болуп калдым? Мектепте окуп жүргөндө Зейнеп эжейибиз сабакты укмуш өтчү. Өзү депутат да эле. Сабактын темасын  жазганда эле артисттей болчу. “Жеңиш жөнүндө” сабак өткөндө ыйлап жиберчү, — дейт жаш кезин эскерип мугалим эжей.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

 

Азыр Салтанат эжей башталгыч класстарда сабак берет экен. Ар бир окуучунун сабаттууу сүйлөгөнүнө, аны өнүктүрүүгө мурдагыдай эле өзгөчө басым жасайт. Анын сабагына катышкан адамдар окуучулардын баскан турганына, жүрүм-турумуна, кийингендерине, башка балдардан өзгөчөлөнүп турганына аябай ыраазы болушат экен. Анткени орус тилчи мугалим ошондой талап коюп, өзү дагы аларга үлгү болгонго аракет кылганын жашырган жок.

Тилди окутуу бала бакчадан башталыш керек

Биздин каарманыбыз жаш кезинде диктор болууну самаган экен.  Институтта окуп жүргөнүндө, көркөм окуу боюнча  В.Ровенский деген эң мыкты окутуучу сабак бериптир. Кийин ошол окутуучунун сунушу менен ал  дикторлукка өткөн экен. Бирок турмуш шартына байланыштуу иштей албай калганын өкүнүү менен айтты.

Учурда Салтанат Сыдыкова Байгелди мектебинде башталгыч класстарга сабак берип, ошону менен катар эле айылдагы “Ак Шоола” бала бакчасында да эмгектенип жаткан учуру.  Ал бала бакчадагы  5, 6 жаштагы балдарга орус тилин таза сүйлөгөнгө үйрөтүп,  окутуу орус тилиндеги мектептерге даярдай баштаптыр.

Жароокер жар, мээримдүү эне

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМДИН ИЙГИЛИГИ

С.Сыдыкова үй-бүлөдө дагы тартипти катуу талап кылат. Анын өмүрлүк жолдошу  Жуматаев Мырзаалы, учурунда учукка каршы санаторийде иштеген. Ал адабиятчы, журналист. Бир нече китептин автору. Улуу кызы Ж.Баласагын атындагы КУУда орус тилинен сабак берет. Ал жождун “Эмгек сиңирген окутуучу” деген наамын алган.  Апасынын кеп-кеңешин угуп турат. Салтанат эжей топтогон тажрыйбасын кызы менен бөлүшүп,  акыл-насаатын айтып турат. Экинчи кызы журналистика факультетин аяктаган. Он жылдан бери Коргоо министрлигинде кызматкер болуп иштейт. Уулу Бишкек мэриясынын алдындагы Унааларды тейлөө башкармалыгында экономист болуп эмгектенет. Төрт неберенин бактылуу таенеси.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер