Ийгиликтин жолу – изденүү
- 17.01.2025
- 0
Мезгил – зымырык куш, — деген чын белем, Баяман Жунушбекович Усмамбетовду мен таанып-билгениме билинбей эле 22 жылдын жүзү болуптур. Шыңга бойлуу, сулууча келген жаш жигит 2002-жылы андагы Бишкек гуманитардык университетинин (азыр Бишкек мамлекеттик университети) кыргыз филологиясы факультетинин мамлекеттик тил кафедрасына башчы болуп келген эле. Ошондо эле бул жигиттин илим-билим жолунда кыйла такшалып калганы байкалган.
Жүрүш-турушу оор басырыктуу бул мырзанын астына коюлган ишке, ошондой эле илим-билимге жасаган мамилеси факультеттин жетекчилигине тез эле жагып, аны көп узабай эле окуу иштери боюнча декандын орун басарлыгына которушкан эле. 2006-жылдан тарта алгач түрк филологиясы кафедрасынын башчысы, 2017-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип келатат.
Бул жылдар аралыгында ал окуу процессинин сапаттуу жүрүшүн, окуу иштеринин ийгиликтүү болуп турушун кафедра мүчөлөрүнөн талап кылуу менен бирге, эң негизгиси, жетектеген кафедранын эмгек жамаатынын ынтымактуу иштешине жагымдуу атмосфера түзүп, түрдүү кырдаалдарда кесиптештери менен тил табыша билген толеранттуулугун, маданияттуулугун көрсөтүп келет. Баяман Жунушбекович кафедра башчысы кызматын аркалоо менен катар, кесиптештери менен биргеликте студенттерге билим берүү деген негизги вазийпаны да аткарып, “Тил илимине киришүү”, “Жалпы тил илими”, “Кыргыз диалектологиясы”, “Кыргыз тилинин лексикологиясы” предметтери боюнча лекция, практикалык сабактарды өтүп, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн андан ары өркүндөтүп, көптөгөн филологдорду илим-билим уясынан учурууда.
Баяман Усмамбетов эмгек жолун 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил институтунун лексикология жана лексикография бөлүмүндө илимий кызматкер болуп эмгектенүү менен баштаган. Ал жамаатта иштеген он жыл аралыгында илимге эмгеги сиңген абройлуу бир катар илимпоздор менен жанаша жүрүп, алардын көптөгөн насааттарын угуп, илимдеги ийгиликтеринен, тажрыйбаларынан үлгү алганга жетишти. Башкасын айтпаганда эле Баяман Жунушбековичке илимде чыгаан илимпоз катары үлгү көрсөткөндөрдүн сап башында, өзү белгилегендей, биз да таасын билген жана терең сыйлаган кыргыз тил илимине зор салым кошуп кеткен филология илимдеринин доктору Аскар Турсунов болгон. Ошентип, “ийне менен кудук казган” ушундай инсандардын жанында жүргөн түпкүлүгүндө идиреги бар инсан анан кантип илимге сүңгүп кире албасын! Илимдин “азап-тозогун” башынан кечирген жаш окумуштуу, натыйжада, көп жылдык жигердүү жана үзүрлүү эмгегинин алгачкы үзүрүн көрө баштаган. Анткени ал “Кыргыз тилиндеги кол өнөрчүлүк терминдери” аттуу кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоого жетишет. Ушуну менен илимге чекит койбостон, аны дагы улантууну чечип, Баяман мырза 2017-жылы “Махмуд Кашгаринин “Дивану лугат ат-түрк” эмгегиндеги буюм-тайымга, курал жабдыктарга байланыштуу сөздөр жана алардын кыргыз тилине болгон катыштыгы” аталышындагы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргойт. Автордун бул эмгегинде иштин аталышы билдирип тургандай, Махмуд Кашгаринин “Диванындагы” турмуш-тиричиликте колдонулуучу буюм-тайымдардын, ошондой эле курал-жабдыктарды туюндурган сөздөрдүн азыркы кыргыз тилине канчалык деңгээлде катышы бар экенин аныктап чыгуу милдети коюлган. Ал милдетти тиешелүү илимий деңгээлде аткаруу үчүн автор салыштырылып жаткан тилдик материалдардын (сөздөрдүн) фоно-морфологиялык байыркы тибин, баштапкы тыбыштык турпаты менен семантикасын, чыгыш тегин ачып берүү аракетин кылган. Ошондой эле кылымдар алмашуу менен орто кылымдагы сөздөрдүн тыбыштык жана семантикалык жактан канчалык деңгээлде өзгөргөн абалдарын иликтеп чыгуу милдетин аркалаган. Ошентип, Баяман мырзанын диссертациялык эмгектери айгинелеп тургандай, негизги илимий багыты “Тарыхый лексикология” болгонуна күбө болобуз. Дагы тактап айтканда, ал байыркы жана орто түрк доорундагы лексикологиялык маселелерди, этнолингвистика маселесин тереңден иликтөөгө алган.
Азыркы тапта Баяман Усмамбетовдун калеминен бир монография, эки окуу куралы, эки сөздүк, элүүдөн ашык илимий макалалары жарык көргөн. Илимий макалалары Кыргызстандын ичиндеги гана илимий журналдарда жарыяланбастан, башка өлкөлөрдө да, тактап айтканда, Россиянын Тамбов, Пятигорск шаарларында, Австриянын Вена шаарында, Чех республикасынын Прага шаарында жарык көргөн. Баяман мырзанын мындай ийгиликтеринин сырлары бир чети өзүнүн талыкпаган аракети, заман менен тең жарышып мезгилдин демин сезе билиши, ошондой эле илимий жетекчиси болгон Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү илимий даражасына жеткен Бейшенбай Усубалиевден туура таалим-тарбия, илим-билим, көптөгөн тажрыйба алышы менен байланыштуу болсо керек. Анткени анын натыйжасында Баяман мырза агайынын жолун жолдоп азыркы учурда бир нече аспирантка илимий жетекчилик кылып, алардын илимий иштеринин илгерилешине жол көрсөтүп келет.
Ошондой эле Баяман Усмамбетов 2018-жылдан тарта азыркы учурга чейин КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын алдында тил жаатында төрт адистик боюнча корголуучу кандидаттык, докторлук диссертациялык кеңештин мүчөсү болуп да жооптуу иш аткарып келет.
Баяман мырзанын үзүрлүү эмгегинин натыйжасында анын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү, билим берүүдө сиңирген эмгеги бааланып “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси, «КР Билим, илим профсоюзунун отличниги» төш белгиси, КРнын Кыргыз тил коомунун “Ыйык тил” төш белгиси менен сыйланган. Ал эми жакын арада эле кыргыз тилчи илимпоздору үчүн сыймыктуу да, ыйык да болгон академик К.Карасаев атындагы медаль менен сыйланган.
Баяман Жунушбековичтин жогорку жетишкендиктерине аны ар тараптан колдогон өмүрлүк жары Жылдыздын, сөзсүз түрдө, ролу зор. Аны Баяман мырза өзү да ыраазы болуу менен белгилеген жайы бар. Тылы бекем, балдарынан көңүлү ток ушундай инсандын жубайы көп жылдан бери үйдүн түмөн түйшүгү менен катар, чарчадым дебестен, орто мектепте мугалимдик кесипти да ийгиликтүү аркалап келет. Ал эми экөөнүн ортосунан жаралган чүрпөлөрү бүгүнкү күндө четинен турмуштан өз ордуларын таап, ата-энени сүйүнткөн маалы. Антип айтканыбыздын себеби, балдар үйдөн жакшы тарбия гана албастан, ар бири четинен өз турмуш жолун таап, анан эң негизгиси, небере жытын жыттатып калган маалы.
Баяман мырзаны 60 жаш кутман курагы менен кызуу куттуктап, өмүрүнө береке, узак, мазмундуу жашоо каалоо менен бирге, чыгармачылыгында потенциалынын андан ары өсүп, ийгиликтер менен коштоло беришине тилектеш экендигибизди билдиребиз.
Айша КАРЫМШАКОВА, ф.и.к., БМУнун профессору
Комментарийлер