ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ — АЙКЫН МАКСАТТАРДА

  • 07.07.2021
  • 0

(Ош билим берүү институтунун чыгармачыл иш-аракеттери)

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДАДиректор — Турдубаева Гульмира Мамаевна  

Илим менен техниканын закымдар менен тең айлана өзгөрүшү бүгүнкү күндө мамлекетибиздин бардык тараптан өнүгүүсүнө өзүнүн ар тараптуу таасирин тийгизип жатканын эч ким танбайт. Ошол таасирлердин, өзгөрүүлөрдүн чордонунда билим берүү системасы турары анык. Ал эми мамлекетибиздин гүлдөп-өсүшү, өнүгүүсү, өлкөнүн  жаңычыл адистер менен камсыз болушу, деги эле өсүп кележаткан муундун таалим-тарбиясы, сынчыл жана креативдүүлүгү сыяктуу маселелер билим берүү тармагына чоң жоопкерчиликтерди жүктөйт.  Биздин Ош билим берүү институтунун кызматкерлери, Өлкөбүздүн өзгөрүп-өнүгүүгө карай мамлекеттер аралык  атаандаштыкка болгон туруктуулугуна жетишүүгө болгон  жана жаңычыл, сынчыл,креативдүү ой жүгүртө алган компетенттүү муунга болгон муктаждыгын жон терибиз менен сезүү аркылуу 2020-2021-окуу жылына карата, заманга шайкеш келген, ачык-айкын максаттарга багытталган иш план түзүү менен иш алып бардык. Себеби Ош билим берүү институту- облустагы, түштүк регионундагы, деги эле республикалык деңгээлдеги педагогикалык кызматкерлердин  кесиптик дасыктыгын көтөрүү багытындагы өзгөчө орду бар институт. Ушул сыяктуу жоопкерчиликтер, бизге мугалимдердин ар тараптуу кесиптик дасыктыгын көтөрүүдө, заманга шайкеш адистикти өнүктүрүүгө, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүнү жоопкерчиликтүү түрдө ар бир мугалимдин колго алуусуна жана санариптик технологияларды өсүп келе жаткан муундан артта калбай үйрөнүүсүнө багыт берүү милдеттерин коёт.    

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА Директордун окуу иштери боюнча орун басары – Бабакулова Асида Мамануровна

         Институттун план-графиги окуу жылына карата түзүлүп, 1 окуу жылында 130 курста 3120 мугалимдин өз билимин өркүндөтүүсү пландаштырылган. Быйылкы 2020-2021- окуу жылында институтубуз мугалимдердин кесиптик дасыктыгын жогорулатууда, өлкөбүздө жаралган COVID -19 илдетинин олуттуу кесепеттерине карабастан бир топ ийгиликтүү иштерди алып барды. Атап айтканда курстарды өткөрүү боюнча түзүлгөн иш планыбыз эч кандай тоскоолдуктарсыз аралыктан окутуу (онлайн) формасында башталды. План-графикке киргизилген ар бир курс өз учурунда уюшулуп, өткөрүлүп  жатты. Пландалган курсту сапаттуу жана натыйжалуу өткөрүү максатында 4 кафедра,17 кабинет башчы, 8 усулчу, илимдин кандидаттары, эмгек синирген мугалимдер,  алдыңкы  мектеп мугалимдери, алдыңкы тажрыйбалуу  балдар бакчаларынын  кызматкерлери лекцияларды, практикалык иштерди өткөрүп беришти. Лекцияларды өтүп жаткан лекторлордун көпчүлүгү улуттук тренерлер. Ал эми практикалык сабактар  облусубуздун  алдыңкы мектептеринде өткөрүлүп, үлгүлүү сабактар,иш кагаздарын жүргүзүү практика жүзүндө көрсөтүлдү. Онлайн курстары учурунда практикалык иштер курс угуучулардын реферат, курстук иштери жана практикалык мектеп мугалимдеринин тажрыйбалары слайддар түрүндө видео сабак түрүндө көрсөтүлүп жатты.

Башка жылдардан айрымаланып быйылкы окуу жылында биз педагогикалык кызматкерлердин адистик дасыктыгын жогорулатууда окутуунун онлайн, офлайн, модулдук-дистанттык, көчмө, тематикалык, атайын кесиптик жана долбоордук-кызматташтык формаларында курстарды уюштурууга жетише алдык. Курстарды уюштурууну мына ушундай форрмаларда өткөрүүнүн өзү эле биздин институттун кызматкерлеринин өз кесиптеринин алкагында талыкпай эмгектенип жаткандыгынын далил боло алат.

Быйылкы 2020-2021-окуу жылында институт:                                                                     

онлайн түрүндө өтүлгөн курстарда –    2200 пед.

— оффлайн формасында өтүлгөн курстарда  —    1052 пед.                              — модулдук-дистанттык курстарда  –    38  + 1052 = 1090педагог курстан өттү.

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

Сүрөттө: модулдук-дистанттык курс учуру.

Жалпысынан алганда план боюнча 3120 педагогикалык кызматкерлердин ордуна 3566 угуучу өз билимдерин өркүндөтүштү. Бул пайыздык көрсөткүч менен алганда 105%ды түзөт. Ал эми курстун башка түрлөрү боюнча:

көчмө курстарда —   128 педагог;                                                                                                                      тематикалык курста  —  48 педагог;

атайын кесиптик  курста —   15 педагог;

долбоордук – кызматташтык  курстарында – 85.  Баары 276 педагогдордун  кесиптик чеберчиликтерин жогорулатууга жетише алдык. Жалпысынан алганда 3566 педагогикалык кызматкерлер ОшБИ ден өз билимдерин өркүндөтүштү бул пайыздык көрсөткүч менен алганда 114%ды түзөт.  Ошондой эле быйылкы жылда биздин институт башка облустун окуу-методикалык кабинеттери менен да тыгыз педагогикалык кызматташтыкта болуу менен:                                                                                                                       Чүй облусунан — 16

Ысык-Көл облусунан   — 16

Баткен облусунан       — 216

Жалал-Абад облусунан   121 педагогикалык кызматкерлердин өз билимин өркүндөтүүсүнө кызмат көрсөтө алдык.

Райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу карстары боюнча                                                                                 2020-2021-окуу жылына карата пландарынын аткарылышынын маалыматы
райондорАлайАлай АраванАраван Кара-СууКара-СууКара-КулжаКара-КулжаНоокатНоокатӨзгөнӨзгөнЧоң-АлайЧоң-АлайӨзгөн шаарыӨзгөн шаарыОш шаарыОш шаары
1-агым.                                     14.0926.09.2020-ж21112622706120174031314111210104549
2-агым.                                     05.10-17.10.2020-ж3729333093773427605560401234854963
3-агым.                                     16.11-28.11.2020-ж372537309673313064604942821585758
4-агым.                                     30.11-12.12.2020-ж161116124841181728173738622431951
5-агым.                                     14.12-26.12.2020-ж201517174142202429172928711742730
6-агым.                               11.01-23.01.2021-ж.1618201552371417292532475163112145
7-агым.                               25.01-06.02.2021-ж.212114182246511621321828271351722
8-агым.                               08.02-20.02.2021-ж.1512211846411616322328217855228
9-агым.                               22.02-06.03.2021-ж.19111717483818173222261861322319
10-агым.                               09.03-20.03.2021-ж.1711171638391620282723199121183
11-агым.                               29.03-10.04.2021-ж.144211351451783223201440452930
12-агым.                               12.04-24.04.2021-ж.3321352788933121581344930111984533
13-агым.                               10.05-22.05.2021-ж.17151916575719163884252666443128
Райондордун жылдык пландары жана аткарылышы309204273251750690305246491550427392841407773404439
% көрсөткүчү 66 92 92 81 112 92 167 95 109
2020-2021-о.ж. ээлеген орду 7 5 5 6 3 5 1 4 2

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу иштерин пландоо

2020-2021-жылы үчүн курстун окуу-тематикалык планы жана план-графигин, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун эки жумалык планын, кафедра башчыларынын иш планын, 2021-жыл үчүн курстардын жумушчу программасын жана жумушчу планын,   2021-жыл үчүн кабинеттердин планын түзүү жана бекиттирүү иштери өз убагында жана сапаттуу иштелип, бекиттирилди.

Билим берүү системасындагы жаңылыктарга  карай курстун мобилдүүлүгүн арттыруу  учурдун кечиктирилгис жана актуалдуу талаптарынын бири болуп калды.  Талапка ылайык түрдүү багыттагы курстардын модулдарын  электрондук, дистанттык, тематикалык, атайын жана көчмө курс иштеп чыгып, Ноокат районунда “Чыгармачыл мугалимдердин” — 2, “Балдар бакчаларын окутуунун теориясы жана методикасы боюнча” — 2  көчмө курс, Кара-Суу районунда  “Медиасабаттуулук” боюнча  — 2, балдар бакчаларынын тарбиячыларынын медиасабаттуулугун көтөрүү боюнча — 1 көчмө курс,  ОГПИнин мугалимдерине “Медиасабаттуулук” боюнча — 1 курс өткөрдүк.  Жаңы лекторлорду жана лекцияларды даярдоодо, түзүлгөн лекциялардын сапатын жакшыртуу жана рецензиялоо боюнча “Билим берүүдөгү менеджмент” кафедрасынын башчысы  Г.Темиралиева, “Табигый-математикалык сабактарды окутуунун методикасы” кафедрасынын башчысы Б.Алиевалар алгылыктуу иштерди алып барышты.  Өнөктөш болуп мастер-класстарды өтүү боюнча Досмуратов Т., Ураимова Э., Ниязова Ж. жаңы көз караштарды чагылдырган мыкты лекция, тренингдерди алып барышты. Семинар, тренингтерди өтүүнүн модулдарын иштеп чыгуу боюнча Досмуратов, Ниязова, Бабакуловалар алгылыктуу иш алып барышканын айтпай коюуга болбойт.    Сүрөттө интерактивдүү усулдар менен өтүлгөн лекциялар. Мындай лекциялар угуучуларга өзгөчө таасир калтырат.

Райондук билим берүү  бөлүмдөрүнүн талапнаамаларына ылайык мугалимдердин кесиптик  чеберчилигин жогорулатуу, окуучуларды олимпиадага даярдоону үйрөтүү боюнча  Ноокат жана Кара-Суу райондорунда курстар өтүлдү, ал эми китепкана ишин жөнгө салуу боюнча талапнаамалар келип түшпөдү. Бирок бул маселе жеринде көйгөйлүү маселе катары калууда. Жаңы окуу жылында китепканачылар үчүн даярдалган окуу планын ишке ашыруу боюнча райондук окуу-усулдук кабинеттерине таасир берүүнү планга кийиребиз.

Курстун сапатын жакшыртуу жана практиканы ийгиликтүү ишке ашыруу максатында институтубузда курс мезгилинде “Алдыңкы педагогикалык табылга”, “Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу”, “Мыкты санарип мугалими” сынактары пландуу түрдө ишке ашырылууда. Облустун аймагындагы Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районунун алдыңкы мектептеринде курстун практикалык бөлүктөрү өткөрүлүүдө.

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

Сүрөттөрдө курс учурундагы “класстан тышкаркы сабакты өтүү” боюнча класс жетекчилердин сынагынын жүрүшүнөн көрүнүш.

Курс жетекчилеринин жана усулчулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу учурдун кечиктирилгис маселелеринин бири катары кароо менен кызматкерлерди түрдүү курстардан өткөрүүнү улантуудабыз. М: Раимбекова, Досмуратовдор эл аралык маанидеги курстардан өтүп сертификаттарга ээ болушса, кээ бир кызматкерлерибиз “Окуу керемет” долбоорунда окушуп, тренерлик сертификаттарга ээ болушту.

 

Райондук билим берүү бөлүмдөрү жана райондук окуу-методикалык кабинеттер менен кызматташуу  багытында  райондук    окуу-методикалык  кабинеттеринин кызматкерлерин мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсунун план-графиги менен тааныштыруу, райондук    окуу-методикалык  кабинеттеринин кызматкерлерин курс өткөрүүнүн жол-жобосу, курс угуучуларына түзүлгөн шарттар боюнча маалымат берүү окуу жылынын башында Өлкөбүздө түзүлгөн пандемия кырдаалында видеоконференция түрүндө ЗУУМ программасында өткөрүлдү. Райондук    окуу-методикалык  кабинеттеринин кызматкерлери мугалимдерди курстан өткөрүүнүн болжолдуу беш жылдык план графиги менен таанышуу, райондук    окуу-методикалык кабинеттеринин кызматкерлерин курска келүүчү мугалимдер менен курска чейин жана курстан кийин жүргүзгөн иштеринин мониторинг жана анализдери менен таанышуу өлкөдөгү пандемия шарты эске алынуу менен жазуу жүзүндө маалымат алуу жана отчеттук негизде жүргүзүлдү.  Райондук    окуу-методикалык кабинеттеринин кызматкерлерин менен көбүнчө шартка байланыштуу ватсап аркылуу иш алып барылды. Мугалимдерди курстан өткөрүү жана анын натыйжалуулугун арттыруу максатында методикалык колдонмо иштеп чыгуу боюнча иштер райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн Окуу-методикалык кабинеттеринин кызматкерлери тарабынан анализденип, сунуштарды берүүгө көрсөтмө берилген.   Пикирлер жыйналып алынып ушул жыл ичинде методикалык колдонмо иштелип чыгат.

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА Курста өтүлүүчү иш-чаралардын сапаты, курс угуучуларынын катышуусу да кафедра башчылары тарабынан көзөмөлгө алынды. Кафедра башчылардын, кабинет башчылардын өз ара лекцияларга катышуусу, окулуп жаткан лекчиялардын сапатын көзөмөлдөө онлайн окутуу шартында өтө ыңгайлуу болду. Курс мезгилиндеги  мектептерде өткөрүлүүчү практикалык иштердин өткөрүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү да онлайн түрүндө болду. Кабинет башчыларынын жылдык планынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү кафедра башчылары тарабынан түзмө түз баарлашуу жана текшерүү түрүндө ишке ашырылды. Директордун орун басары тарабынан айлык, квартвлдык, жылдык отчетторду алуу менен ишке ашырылды.                        

Массалык маалымат каражаттары менен иштөө

Өлкөбүзгө киргизилген өзгөчө кырдаалдар мезгилинен тарта институттун райондук БББү, райондук окуу-методикалык кабинеттери мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар менен иштөөдөгү негизги байланыш каражаты катары кызмат кылды. Андан сырткары массалык маалымат каражаттарына институттун, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар байма-бай  жарыяланып турду.  Курс учурунда өткөрүлгөн практикалык иштердин жүрүшү институттун сайтына жана фейсбук баракчаларына, Аки-пресске өз учурунда  жарыяланып турду.   

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА Директордун инновациялык процесстерди уюштуруу жана башкаруу боюнча орун басары – Абдылдаев Кенжебек Орозмаматович:                                                                                            

— 2021-жылы Ош билим берүү институту инновациялык процесстерди уюштуруу жана башкаруу багытында облусубуздагы мектеп мугалимдеринин иш-аракеттерин активдештирүү максатында январь секциялык иши, усулдук окуулар, облустук семинарлар, курс угуучулар арасында ИКТ мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Санарип мугалим” сынактары уюштурулду, “Жылдын мыкты мугалими-2021”, “Жылдын мыкты мектеби-2021”, “Жылдын мыкты балдар бакчасы-2021” сынактары өз деңгээлинде уюштурулуп өткөрүлдү.

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

«Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды ишке ашыруу боюнча иш пландарды  иштеп чыгып, иш чараларды аткаруу колго алынды. Облустун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин катышуусу менен  Мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата Ош билим берүү институту тарабынан  «Кыргыз тили биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун!» деген аталыштагы облустук семинар аралыктан өткөрүлдү.

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

Облустагы чыгармачыл жана жаш  мугалимдер, усулдук бирикме жетекчилери  менен иш алып баруу колго алынып, учурдагы кырдаалга байланыштуу аралыктан иш жүргүзүлүүдө. 2021-жылдын январынан баштап чыгармачыл мугалимдердин картотекасын түзүү менен алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын облус аймагында жайылтуу пландалууда. “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата жаңы типтеги мектептер менен иш жүргүзүү колго алынып, аларга инновациялык процесстерди жүргүзүү боюнча аралыктан консультациялар берилип жатат.

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

Инновациялык усулдарды өз иш аракетинде  пайдаланган мугалимдерге окутуунун жаңы технологиялары боюнча усулдук жардам берилип, учурда 92 мугалим менен аралыктан иш жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аралыктан окутуудагы онлайн куралдарды пайдалануунун методикалары боюнча семинарга Сеитбекова Нургуль катышып, 20 мугалимге онлайн куралдарын пайдалануунун технологияларын үйрөтүү үчүн сабактар уюштурулду. Ушул эле багытта облус аймагындагы райондордун билим берүү бөлүмдөрүнүн окуу усулдук кабинеттеринин усулчулары менен биргеликте аралыктан окутуунун онлайн куралдарын пайдалануунун методикасын мектеп мугалимдерине жеткирүү жана ишке ашуусун камсыздоо иштери жүргүзүлдү.

2021-жылы алдыңкы, тажырыйбалуу мугалимдердин иш аракеттерин облустук деңгээлде жайылтуу максатында атайын семинарлар уюштурулуп өткөрүлдү. Атап айтсакКара-Кулжа районундагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин чыгармачыл, насаатчы мугалими Ажиматова Гүльзаттын иш тажрыйбасын жайылтуу максатында “Балдардын чыгармачылыгын арттыруудагы менин ишмердүүлүгүм” аталышындагы облустук семинар инновация кабинетинин жетектөөсү менен аралыктан өткөрүлдү. Алай районундагы Токтогул атындагы орто мектебинин дене тарбия жана АЧД мугалими Жакшыбай уулу Алмаздын иш тажырыйбасын жайылтуу облустук деңгээлде жайылтуу максатында “Милдет, Намыс, Ата Мекен” аттуу семинар Ош билим берүү институтунун  директорунун орун басары Бөрүбаев Абдилажан тарабынан уюштурулуп, ага жалпы облус аймагындагы дене тарбия жана АЧД багытында иш аракет жүргүзгөн мугалимдер тартылды.

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

Кара-Суу районундагы Кызыл-Сарай орто мектебинин математика мугалими, “Жылдын мыкты мугалими-2020” сынагынын жеңүүчүсү Абдиева Нуриланын иш тажырыйбасын жайылтуу алкагында облус аймагындагы математика мугалимдери жана 2021-жылы “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышуучулары үчүн “Математика сабагын окутууда жаңы технологияларды пайдалануу” аттуу облустук семинар өткөрүлүп, мугалимдер арасында чоң тажырыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Химия мугалимдеринин кесиптик чеберчиликтерин көтөрүү максатында институтутун химия кабинетинин башчысы Бурнашева Равиля Өзгөн районундагы №5 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин химия мугалими Берюлина Ларисанын жана Бегматова Жамила Шарабидиновнанын  иш тажырыйбаларынын негизинде  “Всё знать, изведать, испытать” аталышындагы облустук деңгээлдеги семинарды өткөрдү.  Натыйжада облус аймагындагы химия мугалимдери тажырыйба алмашуу менен химийлык реакцияларды жүргүзүүнү, химиялык лабароториялардын жабдылышы боюнча пикир алмашуу болду.

22-апрель Эл аралык жер күнүнө карата Алай районундагы Кадырмамат уулу Абдразак атындагы орто мектеп-интернатынын география мугалими Абдиев Эрали өз  иш тажырыйбасынын негизинде “География сабагында окуучулардын билимин текшерүү жана баалоо ыкмалары” аталышындагы семинарды облустук деңгээлде өткөрүп, ага институтутун география кабинетинин башчысы Жоробаев Азамат менен жалпы облус аймагынан география мугалимдеринин катышуусу болду.

“Жылдын мыкты мектеби-2021” сынагынын инновациялык багыттагы мектептер арасында жеңүүчү деп табылган Ноокат  районундагы “Көк-Жар” инновациялык гимназия  билим берүү комплексинин иш тажырыйбасынын негизинде “Алдыңкы технологияларды сабактарда колдонуу” аталышындагы облустук семинар өткөрүлүп, ага облус аймагандагы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн усулдук каана башчылар, мектеп жетекчилеринин катышуусу жүрдү.

Элдик педагогика жана тарбия кабинетинин башчысы Азимбаева Жамбиля өз кабинетинин ишмердүүлүгүн артыруу максатында ийрим жетекчилеринин тажырыйба алмашуусун колдоо менен Кара-Суу райондук БЧБнун директору Туратова Бактыгүлдүн иш тажырыйбсын жайылтуу максатында “Улуулукту улаган улуу мурас жана кыргыз күүлөрү” аталышындагы облустук деңгээлдеги семинар уюштурулду.

 ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ - АЙКЫН МАКСАТТАРДА

Директордун координациялык иштер боюнча орун басары — Бөрүбаев   Абдылда Көкчөевич:                                                                                                            —  Ош билим берүү институту облуста билим берүү тармагын координациялоо милдетин да аткарат.

Ош облусунун бардык билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын “Билим  берүү  жөнүндөгү” мыйзамынын, мамлекеттик, өкмөттүк жана ведомстволук ар түрдүү  нормативдик-укуктук документтеринин ишке ашырылышын көзөмөлдөнүп,   аларга  багыт  берилип турулду.                      -2020-2021-окуу жылындагы билим берүү тармагындагы жаңыдан курулган имараттар боюнча маалыматтар, аннотациялар даярдалды.                                                            — жаңы окуу жылынын башталышындагы билим берүү мекемелериндеги проблемалуу жагдайлар аныкталып (М: авариялык абалдагы мектептерде кантип окууну баштоо керек, окуу-тарбия жараянын үзгүлтүккө учуратпоонун чаралары көрүлдү;

— тийиштүү маселелер боюнча жогорку органдардан  келген  иш  кагаздарынын  жана  тапшырмалардын  өз  убагында, так  аткарылышын  көзөмөлдөп, тиешелүү  маалыматтар даярдалды жана аларды министрликке, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирүү камсыз кылынды;                                                                                    — облустагы билим  берүү  мекемелеринин    окуу  жылы  ичиндеги аткарган иштерин көзөмөлдөп, алардын материалдык базасын чыңдоого  багытталган  иштеринин анализи чыгарылып, тийиштүү жерлерге өз убагында маалыматтар берилди;

— облустун билим берүү мекемелери боюнча 20 таблицадан турган маалымат базасын түзүлдү. Бул маалымат базасынын ар бир таблицасы билим берүү мекемелеринин негизги көрсөткүчтөрү болуп саналат; — район, шаарлардын билим берүү мекемелерин(мектептерди,бала бакчаларды, мектептен сырткаркы мекемелерди) адистер менен камсыз кылуу, алардын эсебин алуу, жетишпеген адистердин ордун толуктоо боюнча тиешелүү чараларды түзүлүп, алардын абалын көзөмөлдөнүп турулду;

— облустагы билим берүү мекемелерин кезектеги жана капиталдык оңдоодон өткөрүүнүн абалын көзөмөлдөө, жаңы курулуп жаткан курулуштар, кошумча курулуштардын абалы, капиталдык жана кезектеги оңдоого жумшалган каражаттар боюнча маалыматтарды алуу, аны жыйынтыктоо, жалпылоо, министрликке маалымат берүү маселесинде эч кандай кемчилдик жок. Министрликтин жана КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бул багыттагы талаптары толук аткарылды;

— облустун бардык билим берүү мекемелериндеги(мектеп, бала бакча, мектептен сырткаркы билим берүү мекемелери) жылытуу системаларынын абалы, кышкы сезонго карата даярдык, билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыз кылуунун абалын көзөмөлдөө үчүн атайын түзүлгөн штабдар менен тыгыз иш алып барылды;

— Окуучулардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты.

Азыркы күндө институтубуз планда көрсөтүлгөн иштерди ийгиликтүү аткарууга алуу менен бирге жаңы окуу жылынын иш-пландарынын бардык түрлөрүн түзүү билим берүү системасындагы өзгөрүүлөргө, өлкөдөгү кырдаалга жараша жана илим менен техниканын өнүгүүсүн эске алуу менен жаңычыл, сынчыл жана креативдүү идеялар эске алынып,  ийкемдүү жана сапаттуу деңгээлде иштелип чыгуусу каралууда. 

 А. Бабакулова, директордун окуу иштери боюнча орун басары  

Бөлүшүү

Комментарийлер