ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЕТЕКЧИ

  • 14.09.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин директору Саламат Молдосанов сыйланды.

Механизатордон жетекчиге чейин

Молдосанов Саламат Үсөнбаевич 1957-жылы 7-февралда Түп районундагы Шаты айылында туулган. 1974-жылы Шаты айылындагы орто мектепти аяктаган соң, ошол эле жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздо механизатор болуп эмгектенет. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун педагогикалык факультетине тапшырып, аны 1979-жылы ийгиликтүү аяктаган.

С.Молдосанов 1979-1981-жылдары Түп районундагы азыркы Бирлик айылындагы сегиз жылдык мектепте дене тарбия мугалими болуп эмгектенген.

1980-жылы Москва шаарында боло турган олимпиадага карата Бүткүл союздук мектептин спорт аянтчаларынын кароо-сынагына катышып, айыл жериндеги мектептер арасында 1- орунду алган. Ал ошол кездеги “Физкультура в школе” аттуу журналга жарыяланган эле.

1981-жылы Саламат агай Чолпон-Ата шаарындагы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы заводунда комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеди. Кийин 1982-83жылдары Советтик Армиянын катарында милдеттүү аскер кызматын өтөгөн.

1983-жылдан 1988-жылга чейин Каракол педагогикалык окуу жайында дене тарбия окутуучусу, 1988-жылдан 2001-жылга чейин аталган окуу жайда дене тарбия усулдук бирикмесинин жетекчиси болгон.

2005-жылдан кароосуз жетим калган балдар үчүн кайрымдуулук мектебин жубайы Молдогазиева Алмагүл экөө ачып, 200дөн ашык балдар-кыздарга таалим-тарбия, социалдык жактан жардам жана билим берип келет.

Директорлук кызматтагы алгылыктуу иштери

Саламат агай 2010-жылы И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжине директорлук кызматка дайындалган. Ошол учурдан тартып окуу жайдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана бекемдөө, сапаттуу билим берүү максатында талапка жооп бергидей алгылыктуу иштерге болгон күч-аракетин, эмгегин жумшап келе жатат.

2012-жылы Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фонду тарабынын колдоосунда II окуу имаратында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, анын базасында колледждин студенттери үчүн 60 орундуу жатакана ачылды. Бул иш-чараларга 2 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. Ушул эле жылы I окуу имаратынын чатыры Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бөлүнгөн 1 млн. сомдун эсебинен жаңы жабылды. Министрликтин эсебинен 12 компьютер комплектиси жана компьютердик проектор алынып, компьютер классы ачылды.

— 2013-жылы колледждин материалдык базасын оңдоп-түзөө стратегиясы улантылып, бөлүнгөн 1 млн. 200 миң сомго колледждин I окуу имаратын оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлдү. Жана ушул эле жылы колледждин 80 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде өткөрө алдык. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 450 миң сом бөлүнүп, биринчи жана экинчи кабаттагы окуу бөлмөлөрүндө капиталдык ремонттоо иши жүргүзүлдү.  Акыркы беш  жыл ичинде колледждин жамаатына үч проект менен иш алып барууга өбөлгө түзүп берди: биринчиси – “Окутуунун активдүү формалары” боюнча 2011-2014-жылдары республикалык деңгээлде өткөрүлгөн мастер-класстарга колледждин 10 мугалими жана  студенттери катышып, сертификат ала алышты; экинчи проект — “Компьютерные технологии и жизненные навыки” деп аталып, Жети-Өгүз районунун 10 жана Тоң районунун 15 мектебинин мугалимдеринин жана окуучуларынын компьютердик сабатсыздыгын жоюу жана жашоонун жаңы ыкмалары менен тааныштыруу иштери 2013-2014-жылдары жүргүзүлдү. Азыркы учурда Кыргызстандагы германиялык техникалык борбору (GIZ) менен тыгыз кызматташууга шарт түзүп бере алды. Аталган уюмдун 1 млн. 350 миң сом өлчөмүндөгү каржылоосунун жардамы менен колледждин китепканасы толугу менен реконструкцияланды, ошондой эле өтө муктаж болгон 583 нускадагы окуу китептерин белекке алдык, — дейт С.Молдосанов.

Мындан тышкары 2015-жылы студенттер үчүн 10 тигүүчү машина жана жыгач, темир ширетүүчү станоктор менен жабдылган эки технология кабинети ачылган. Колледжде жана жатаканада сантехникалык  жана гигиеналык бөлмөлөр замандын талабына ылайыкташтырылып жаңыртылганын айтып кетүү абзел. Учурда колледжде төрт компьютердик класс бар жана алардын баардыгы интернет түйүнүнө кошулуп, студенттер жана мугалимдер окуу процессинде кеңири пайдаланууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Колледжде студенттерге сапаттуу билим берүү талабын катуу коюп, мугалимдерге жаңы ыкмаларды колдонууга жана өз билимдерин өркүндөтүүгө шарттарды жетекчилик түзүп берүүдө. Мисалы, 2014-жылы GIZ эл аралык долбоорунан 40 жаңы ноутбук жана үч проектор алынса, 2015-жылы окуу жайдын атайын эсебинен эки интерактивдүү доска алынган. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият  жылына арнап тарых музейи, жыйындар залы, эне-бала бөлмөсү баардык шарттары менен жасалып ачылганын айтып кетпесек болбойт. Бүгүнкү күндө студенттерге сапаттуу билим алганга толук шарт түзүлгөн.

Туулган жердин топурагы алтын

С.Молдосанов кичи мекени Шаты айылындагы баардык иш-чараларга да активдүү катышып келүүдө.  2011-жылы Шаты айылында салынган мечиттин уруксат кагаздарын, документтерин толугу менен даярдатып берген. 2019-жылы ал айылынын Д.Молдогазиев атындагы орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары үчүн  интерактивдүү  такта, проектор, ноутбук жана фотоаппарат белек кылды.

Азыркы COVID-2019 кырдаалына байланыштуу окуулар аралыктан өткөрүлүп жаткандыктан, колледждин төрт программисти менен биргеликте 25 ноутбук алып барып Шаты айылынын 25 мугалимин аралыктан окутуу, видеоконференцияларды өткөрүү боюнча билимдерин өркүндөтүүгө жана Түп райондорунун башка айылдарында да мугалимдерди компьютердик сабаттуулугун өркүндөтүү боюнча алгылыктуу иштерди жасап берди.

Сыйлык жалкы – сыймык жалпы

С.Молдосанов 1991-жылы «Кыргыз Республикасынын элге  билим берүүсүнүн отличниги», 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги», “Кыргыз Республикасынын билим берүү эмгекчилеринин Профсоюздук кыймылынын отличниги” төш белгилери, шаардык  кеңештин жана Каракол шаардык  мэринин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ал 2004-жылы жана 2006-жылы Ысык-Көл облустук администрациясынын Ардак грамоталары, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, 2009-жылы «Каракол шаардык кеңештин  2009-жылдагы Мыкты депутаты» наамы, 2013-жылы Каракол педагогикалык колледжи Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын «Ысык-Көл облусунун мыкты колледжи» жана «2014-жылы облустагы мыкты жетекчи» номинациясына татыктуу болуп,  Ардак Тактага сүрөтү берилген. Ошол эле жылы Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын «Колледждин мыкты жетекчиси» номинациясын жеңип алып, Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле ал 2014-жылы «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон. 2015-2016-жылы Ысык-Көл облусунун “Жылдын мыкты жетекчиси”, ал эми ал жетектеген окуу жай 2016-жылы Каракол шаарындагы “Мыкты колледж” аталып, Ардак тактага илинди.

Мындан сырткары 2016-жылы Ысык-Көл облусунун   И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжи республикалык “Мугалим”  илимий-педагогикалык журналынын сынагынын негизинде республикадагы колледждердин арасынан “Мыкты аймактык  колледж” номинациясынын жеңүүчүсү болду. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан жарыяланган Адам укуктарынын бир айлыгына жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) Ардак грамотасына, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндө активдүү катышкандыгы жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн Ардак грамотасына, ал эми  2019-жылы Түп районунун Ардактуу атуулу наамдарына ээ болду.

С.Молдосанов 2007-2011-жылдары Каракол шаардык Кеңешинин депутаты болгон.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер