ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРГЕН КЫЗМАТТАШТЫК

  • 08.12.2020
  • 0

Ысык-Көл облустук билим берүү институту эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келатат. Жыйынтыгында бир топ ийгиликтерге жетишти.

Ысык-Көл облусу боюнча USAIDдин тренери Нургүл Шарапованын берген маалыматына таянсак, USAIDдин каржылоосу жана БУУнун Балдар Фондусунун (UNICEF) техникалык колдоосу менен ишке ашырылган «Бирге окуган сонун» (Баалоо системасын жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү) долбоорунун алкагында, атайын окутуу муктаждыгы бар балдар үчүн класстан тышкаркы адабий окуу сабактарынан адабий окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында 56 видеосабактар тартылып, долбоордун пилоттук мектептеринин окуучуларына жайкы каникул учурунда көрсөтүлгөн. Ошондой эле дистанттык окутуу мезгилинде мугалимдерге окуучулар менен кайтарым байланыш жүргүзүү формалары тууралуу усулдук нускамалар иштелип чыгып, педагогдорго жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле долбоордун алкагында иштелип чыккан материалдарды колдонуу менен инклюзивдик билим берүү программасына 72 сааттык атайын курс киргизилди.

ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРГЕН КЫЗМАТТАШТЫК

– Учурдан пайдаланып, белгилеп кетейин Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директорлук кызматына Максат
Курманалиев дайындалды. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн “Санарип мугалип” республикалык кароо-сынактын облустук туру ийгиликтүү уюштурулуп, жыйынтыгында республикалык турда Ысык-Көл районунун Тамчы жалпы орто билим берүү мектебинин математика сабагынын мугалими Эшимканов Нурдан 1-орунга татыктуу болду. Учурда Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда белгиленген график боюнча педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курстары дистанттык форматта жүргүзүлүүдө, — дейт
Н.Шарапова.

USAID «Окуу керемет» долбоорунун алкагында башталгыч класстардын педагогдорун, китепканачыларды, мектеп администрациясын дистанттык форматта окутуу иштерине даярдык көрүү, педагогдордун МКТ колдонуу компетенттүүлүгүн жогорулатуу, усулдук жардам көрсөтүү багытындагы жалпы маалымат берүүчү Google classroom сервисинде атайын курс аркылуу педагогдордун интернет технологияларын пайдалануу компетенттүүлүгүн жогорулатуу иштерин уюштуруудагы кызматташтык иштери жүргүзүлүүдө. Педагогдор ZOOM, Google classroom, Google meet, Google form, MOODLE платформаларын колдонуу боюнча усулдук жардам менен камсыз болуп жатат.

– Ысык-Көл облустук билим берүү институту тарабынан пандемия шартында дистанттык билим берүү процессин ишке ашыруунун план-программасы, нускамасы, видеосабактарды тартуу нускамалары иштелип чыгып, өз убагында мектептерге жеткирилген. Облустук билим берүү институтунун демилгеси менен Ысык-Көл медиаборбору менен биргеликте 38 телесабактар тартылып, жергиликтүү телеберүүдө көрсөтүлгөн. Институттун методисттери тарабынан ZOOM, Google meet платформасы аркылуу видеожолугушуулар, вебинарлар өткөрүлүүдө. Педагогдорго онлайн усулдук жардамдар көрсөтүлүп жатат. Дистанттык окутуу мезгилинде бардык багыттагы иш-чаралар онлайн режиминде жүргүзүлүүдө, — дейт Н.Шарапова.

Учурда ОББИ беш багытта иш алып барат. Алар: Педагогикалык иш-чараларды уюштуруу; усулдук жардам берүү; алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу; методикалык басма сөз иштери жана квалификацияны жогорулатуучу курстарды алып баруу.

ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРГЕН КЫЗМАТТАШТЫК

Баса, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда 26 кызматкер эмгектенет. Жети улуттук тренер, 17 кызматкер билим берүүнүн мыктысы наамына ээ. Облустук билим берүү институтнун кызматкерлери АКШ, Германия, Франция, Россия, Казакстан өлкөлөрүндө кесиптик квалификацияларын жогорулатып келишкен. Институттан жылына 800гө жакын облустун билим берүү тармагынын кызматкерлери кесиптик квалификациясын жогорулатып турушат.

Облустук билим берүү координациясы тарабынан мугалимдер, мектептер, бала бакчалар жана окуучулар арасында республикалык деӊгээлдеги кароо-сынактарда алдыӊкы орундарды ээлеп, жогорку жетишкендиктерди көрсөтүп келет. Атап айтканда, “Жыл мугалими”, “Мыкты айылдык мектеп”, “Мыкты шаардык мектеп”, “Мыкты бала бакча” кароо-сынактарда, окуучулардын предметтик олимпиадаларында жана «XXI кылымдын интеллектуалдары» аттуу республикалык кароо-сынактарда баш байгени ээлеп келишүүдө.

Ысык-Көл облустук билим берүү институту бир катар эл аралык билим берүү программаларындагы долбоорлор менен кызматташтык жүргүзүп келет.

Республикада киргизилип жаткан жаӊы ыкмалардын дээрлик бардыгы Ысык-Көл облусунда апробацияланып, андан соӊ башка облустарга жайылтылып келет. UNICEF, USAID GIZ, АБР сыяктуу эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтык иштерин жүргүзүп, инновациялык программадагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келатканы да маалым.

Билим берүү системасын реформалоо багытында бардык долбоорлорго Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун методисттери тартылып, инновациялык программалар квалификацияны жогорулатуу курстары аркылуу ишке ашырылат.

Облустук билим берүү институтунда беш илимий усулдук лаборатория: мектеп менеджменти жана педагогика, табигый-математикалык, гуманитардык, инновация жана маалымат технологиялар, башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү лабораториялары иш алып барышат.

Ысык-Көл облустук билим берүү институту тарабынан ата-энелер менен иш алып баруунун жаўы формасын, белгилүү педагог, филология илимдеринин кандидаты
Г.Мадаминовдун “Энелер мектеби” идеясын жайылтуу максатында 2018-2019-жылы “Ата-энелер” университетинин жобосу, программасы түзүлүп, облустун бардык мектептерине киргизилди. Инновациялык программаларды ишке ашырууда мектеп менен кызматташтык, баланын келечеги, ден соолугуна кам көрүү багытында окуу-семинарларды уюштуруу боюнча нускамалар берилип, облустагы бардык мектептерде алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат.

Айтмакчы, Ысык-Көл облустук билим берүү институту облустук билим берүү башкармалыгынын базасында 1973-жылдан 2005-жылга чейин мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту катары иш жүргүзгөн. 2005-жылдан тарта Ысык-Көл облустук билим берүү институту статусун алган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлигинин 2008-жылдын 12-ноябрындагы буйругу менен облустук билим берүү уюмдарына координациялык иш жүргүзүү милдети киргизилген.

Гүлнара Алыбаева,
«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер