ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕГЕН АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫ  

  • 22.05.2024
  • 0

«Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды.  Ага катышкан 2211 окуучунун ичинен 149у гана бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болушту.

ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕГЕН АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫ  

«Алтын тамга»: жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борборунун директору Б.Шамшидинованын айтуусунда, окуудагы жалпы жетишкендиктердин стандартташтырылган тесттери билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн жыйынтыгын баалоо үчүн иштелип чыккан.
— Предметтик тесттер окуу жетишкендиктеринин мамлекеттик стандартка ылайык келүүсүн аныктоого багытталган. Тесттер кесипкөй тест түзүүчүлөр тарабынан иштелип чыгып, тапшырмалар сыноодон, ал эми жыйынтыгы атайын талдоодон өткөрүлгөн. Натыйжада, мындай курал абдан ишенимдүү болуп саналат, — дейт жетекчиси.
2023-2024-окуу жылындагы «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына  2278 талапкер катталса, анын ичинен 2211 окуучу катышкан. Республика боюнча орто жалпы билими тууралуу артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 гана талапкер тастыктады.
Региондор боюнча карап көрсөк, алдыда адаттагыдай эле Бишкек шаары 375 окуучу катышып, анын 68и (19%) кызыл аттестат алганга укук алышты. Андан соң эле Чүй облусу келатат, 191 окуучу катышып, анын ичинен 20  (10,5%) бүтүрүүчү мыкты экенин тастыкташты. Үчүнчү орунда Ош облусу 527 окуучу катышып, 17и  (4%) артыкчылык аттестатка татыктуу болушса, Жалал-Абаддан 332, Баткенден 221 окуучу катышып, эки облустан тең тогуз (3%; 4%) бүтүрүүчү мыкты экенин далилдешти. Бул жолу Талас облусу баарыбызды сүйүнттү, анткени 81 бүтүрүүчү катышып, сегизи (10%) артыкчылык аттестатты тастыктай алышты. Кийинки Ош шаарынан 153 (4%), Ысык-Көлдөн 193 (4%) жана Нарындан 138 (5%) бүтүрүүчүлөр жыйынтыктоочу аттестацияга катышып, болгону алтыдан гана окуучу артыкчылык аттестат алууга укук алышты.  Ошентип, республика  боюнча сынакка  2211 бүтүрүүчү катышып, талапкерлердин 7% гана артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктады.
—        Артыкчылык аттестатына талапкерлерде мектептин  педагогикалык кеңештин рекомендациясынын болушу бүтүрүүчүлөрдүн предметтер боюнча даярдыгынын жогорку деңгээлин дайыма эле тастыктай бербейт. Бул жагдай окуучулардын эки жылдын ичиндеги алган эң жакшы бааларынын сапатына күмөн ой жаратат жана мектеп бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыгына жана педагогикалык кеңештин чечиминин объективдүүлүгүнө ички көзөмөл жүргүзүүнү талап кылат. Бул кырдаалдан чыгуунун конструктивдүү жолун табуу керек: мектеп администрациясы окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун объективдүүлүгү боюнча педагогдор менен ишти уюштурууга көңүл буруп, ал эми региондук билим берүү органдары кырдаалды өз көзөмөлүнө алышы зарыл, — дейт Бактыгүл Шамшидинова.
«Алтын тамга» жыйынтыктоо мамлекеттик аттестациянын негизги максаттары — артыкчылыгы менен орто жалпы билими жөнүндө документти алууга талапкердин билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоону жүргүзүү; «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышына көзөмөл кылуу жана мектептик билим берүүнү жана мамлекеттик билим берүү  стандартын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну көздөйт.
— Педагогикалык кеңештин сунушу жана мектептин буйругунун негизинде X жана XI класстарда бардык окуу дисциплиналары боюнча жалпы орто билим берүүнүн окуу программаларын чейректик, жарым жылдык жана жылдык бааларын «5» тен кем эмес (эң жакшы) баага өздөштүрүп, ийгиликтүү аяктаган окуучулар “Алтын тамга” жыйынтыктоо мамлекеттик аттестациясына катышууга жиберилет. Министрликтин техникалык тапшырмасына ылайык, Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору «Алтын тамга» сынагына катышуучу бардык талапкерлер үчүн бирдиктүү шарттарды түзүүнү камсыздады. Өткөрүлгөн тесттин талашсыз артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат: алынган баалоонун калыстыгы, окуучуларга көзөмөл жүргүзүү мезгилиндеги “теңчилик”, тестте окуу материалдарынын олуттуу көлөмү камтылганы, тест тапшыруучулар үчүн бирдей шарттардын өткөрүү учурунда да, натыйжаларды иштеп чыгуу жана маалыматтарды чечмелөө этабында да түзүлгөнү, — деди жетекчи.
Артыкчылык аттестатын алуу мектепте маанилүү стимул бойдон калууда. Анткени, мыкты болууга умтулуу балалык кезде түптөлөт жана бойго жеткен кезде ийгиликке жетүүгө жардам бере турган амбицияны калыптандырат.
Ош облусунан Ноокат билимканасы алдыда

Ош облусунан 17 бүтүрүүчү «Алтын тамга» артыкчылыктуу аттестатына ээ болсо, анын ичинен сегизи  Ноокат районунан.

«Алтын тамга» өзгөчөлөнгөн артыкчылыктуу аттестатына болгон тандоого Ноокат районунун аймагындагы бүтүрүүчүлөрдөн 102 окуучу катталып, анын  ичинен 98 бүтүрүүчү катышкан. Жыйынтыгында Ноокат билимканасы жатак-лицейинин сегиз бүтүрүүчүсү «Алтын тамга» өзгөчөлөнгөн аттестатына ээ болду.

Нарын

Сынакка Нарын облусу боюнча жалпы 145 окуучу катышса, анын ичинен алтоо аттестациядан ийгиликтүү өттү. Акыркы жылдары Нарын облусун алдыга сүйрөп келаткан атбашылык  окуучулар десем жаңылышпайм. Бул жолу дагы алты окуучунун төртөө Ат-Башы районунун мыктылары. Бир бүтүрүүчү  Кочкор районунан болсо, дагы бири Жумгал районуна таандык.

Мыктылар ким? Алар:  Галип Муканбетов —  Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин окуучусу,  Айсулуу Курманбекова  — Ат-Башы районундагы А.Капаров атындагы орто мектебинин окуучусу, ошондой эле Айназик Жумабекова ушул эле райондун К.Керималиев атындагы орто мектебинен жана Салима Кеңешбекова К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин окуучусу. Ал эми Айзада Майрамбекова — Жумгал районундагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү, ошондой эле  Кочкор районунан Акмарал Исламова Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу.

Белгилүү болгондой, 14-майда жалпы республика боюнча «Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы тест түрүндө математика, Кыргызстан тарыхы, эне тил жана адабият, химия сабактары боюнча тапшырылды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер