“ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ” КЕСИПКӨЙЛҮКТӨН БАШТАЛАТ

  • 11.03.2021
  • 0

2020-жылдын 15-сентябрынан 2021-жылдын 1-февралына чейин Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарын өнүктүрүү программаларынын “Ийгиликке карай жол” аттуу республикалык сынагы болуп өттү.

Сынак Кыргызстандагы балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү системасынын уникалдуулугун сактоо жана жакшыртуу, балага тарбия, билим берүүдө жана инсанды чыгармачыл өнүктүрүүдө мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын жана мугалимдеринин макамын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

“ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ” КЕСИПКӨЙЛҮКТӨН БАШТАЛАТ

Сынактын артыкчылыгы – мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын директорлору, орун басарлары, усулчулары, уюмдун кесиптик кошуунунун башчысы, бөлүм башчылары кирген командалар арасында өткөрүлдү.

Сынакты ишке ашырууда балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында жаңы багыттар, теориялар жана практикалар аныкталып, өздөштүрүүгө багыт алынды. Балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган башкаруу ишмердиктин ийгиликтүү тажрыйбаларын, инновациялык иштелмелерди жана технологияларды жайылтуу бүгүнкү күндүн талабы экендиги баарыбызга белгилүү. Андыктан билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу боюнча жетекчилердин, усулчулардын тажрыйбасын көрүп, аларды системалуу түргө келтирүү керек экендигине ынандык.

Кошумча билим жана тарбия берүүнүн инновациялык ыкмаларын, каражаттарын жана технологияларын аныктоо жана колдоо – бул тармактын андан ары өнүгүүсүнө себеп болмокчу. Окуу тарбия ишин жаңы деңгээлге коюу үчүн мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын усулчуларынын жана усулдук кызматынын чыгармачыл дараметин өнүктүрүү жана кызыктыруу, программалык-усулдук камсыздоонун сапатын жогорулатуу, ишти илимий-усулдук камсыздоонун ачык ресурстук базасын түзүү, тажрыйба алмашуу жана түрдүү категориядагы окуучулардын суроо талабын камсыз кылуу үчүн педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жана компетенцияларынын деңгээлин жогорулатууга шарт түзүү керек. Мына ушундай көптөгөн багыттарды камтуу, ишке ашыруу жана өнүктүрүү үчүн бул сынак бүгүнкү күндүн талабы болду.

“ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ” КЕСИПКӨЙЛҮКТӨН БАШТАЛАТ

Сынактын уюштуруучусу Билим берүү жана илим министрлиги, ал эми уюштуруу, техникалык ишти камсыздоо, сынактын сайтын түзүү, өтүнмөлөрдү, сынактык материалдарды кабыл алуу, аларды сынактын эксперттик комиссиясынын кароосуна даярдоо, сынактын сайтын колдоо, сырттан өтүүчү эки турду өткөрүүнү уюштуруу «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна жүктөлгөн. Албетте, ар бир иштин ийгилиги өнөктөшсүз болбойт эмеспи, андыктан сынактын өнөктөштөрү КР Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, Кыргыз билим берүү академиясы болду.

Сынактын биринчи турунун сынактык материалдарын экспертизалоо үчүн Уюштуруу тобу тарабынан курамына балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү маселелери боюнча адистер, илимий коом, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген эксперттик комиссия түзүлгөн. Алардын ичинде Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси, педагогика илимдеринин доктору, профессор
А.Мамытов, Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты А.Токтомаметов, “Балажан” РЭТОУБдун директору, КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, педагогика илимдеринин кандидаты Д.Мусина, ЮНЕСКОнун «Сергек жашоо» программалары боюнча эксперти, КР Билим берүүсүнүн мыктысы В.Горкина, кошумча билим берүүнүн эл аралык сынактарынын эксперти, КР Билим берүүсүнүн мыктысы З.Молдалиева, «Балажан» РЭТОУБдун усулчулары, ЖОЖдордун аспиранттары иш алып барышты.

“ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ” КЕСИПКӨЙЛҮКТӨН БАШТАЛАТ

Сынакка балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын директору, директордун орун басары, усулчулар же усул кызматынын кызматкерлери (аналитикалык кызматы, бөлүм башчылары) кирген команда менен катышышты.

Сынакка катышуу үчүн 2020-жылдын 10-сентябрынан 1-октябрына чейин сынактын сайтында электрондук каттоодон өтүшүп, экспертизадан өтүү үчүн төмөнкү сынактык материалдарды жайгаштыра алышты: кесиптик позициясы – өз ишинин, жетектеген уюмунун ишмердигинин чакырыктарын, максаттарын жана приоритеттерин, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү системасынын милдеттерин көрүүсү; дээрлик акыркы үч-беш жылдын ичинде ийгиликтүү окуяны чагылдырган кесиптик иште жетишкендиктери, ийгилиги (көйгөйдү чечүү, долбоорду ишке ашыруу ж.б.). Андан тышкары билим берүү уюмун мамлекеттик-коомдук мүнөздөгү башкарууну камсыздаган (мамлекеттик жана муниципалдык бийликтин органдары, өз алдынча башкаруу органдары (уюмдун билим берүү кеңеши, камкордук кеңеши, башкаруу кеңеши ж.б.) тарабынан, жалпыга маалымдоо каражаты, көрсөтүлгөн тартипте түзүлгөн коомдук уюмдар тарабынан колдоо көрсөтүү каттары. Ошондой эле, эң негизгиси – билим берүү уюмунун паспорту, ишке ашыруу этаптары жазылган уюмду өнүктүрүү программасы. Уюмдун билим берүү программаларынын тизмеси (негизги багыттар боюнча); мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмунун ишмердиги жөнүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында басылыштарынын топтому; программаны ишке ашыруунун ийгиликтерин тастыктоочу сайттардагы активдүү шилтемелер дагы тиркелген.

“ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ ЖОЛ” КЕСИПКӨЙЛҮКТӨН БАШТАЛАТ

Сынактык иштер өтө кылдаттыкта төмөнкү критерийлер менен бааланды: мурда ишке ашырылган программаларга салыштырмалуу актуалдуулугу, жаңылыгы жана артыкчылыгы, максаттын коюлушунун тактыгы, программанын максаттарынын жана милдеттеринин күтүлгөн жыйынтыктарга дал келиши, программада керектөөчүлөрдүн жана социалдык буйрутмалардын керектөөлөрүнүн, суроо-талаптарынын, күтүүлөрүнүн эске алуунун жетишердиги, өнүгүү программасынын мазмунунун иштелип чыгышы, ресурстардын калыптанышы (уюштуруучулук, каржы-экономикалык, материалдык-техникалык), программада этномаданияттын эске алыныш өзгөчөлүгү, программаны ишке ашыруунун ченегичтеринин иштелип чыгышы, алардын ичинде балдардын жана ата-энелердин канааттанышы, өнүгүү программасын башкаруу ыкмаларынын иштелип чыгышы, программаны ишке ашыруу үчүн ведомство аралык байланыштардын кенендиги жана негиздүүлүгү, ЖМКда, интернет ресурстарда программаны ишке ашыруу боюнча ишти чагылдыруунун кенендиги.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, талаптарды аткарууда ар бир уюм мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алган бири-бирине окшобогон, кайталангыс жаңы идеяларды койгондугунда. Дагы бир артыкчылыгы – уюмдардын жетекчилеринин бир командада иштөөсү алардын өз ара мамилесинин, ишке болгон көз караштарынын бекемдөөсүнө алып келет деп ойлойбуз.

Төрт айдан ашык убакытты ээлеген бул сынактын жыйынтыгын сынактын экинчи туруна өткөн программаларды көпчүлүктүн алдында онлайн-жактоо болду. Республика боюнча сынакка жалпы 62 программа катышса, алардын ичинен республикалык турга экспертизадан 25 программа өткөн. Онлайн-жактоого баардыгы 18 программа өтүп, эксперттерден түзүлгөн калыстар тобунун алдында программаларын ZOOM боюнча онлайн жактай алышты.

Алар: программанын жыйынтыктуулугу, реалдуулугу, инновациялуулугу, өзүнүн жеке жана кесиптик маданиятын көрсөтүү жөндөмү, педагогикалык ынандыруучулугу, өз оюн билдире алуусу, программаны так, кыска түшүндүрө алуусу, материалдын компьютердик сапаты боюнча баа алышты.

Жыйынтыгында, эксперттерден турган калыстар тобу, сынактын баардык турларынан татыктуу өткөн катышуучуларга бир добуштан төмөнкү орундарды ыйгарышты:

1-орун – Талас облусунун Талас шаардык “Баластан” балдар билим берүү борбору, Баткен облусунун Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борбору, Чүй облусунун Токмок шаардык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук балдар билим берүү борбору;

2-орун – Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык “Ариет” балдар чыгармачылык борбору, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык балдардын экология, край таануу, туризм жана техникалык чыгармачылык борбору, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук балдар чыгармачылык борбору, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык балдар билим берүү борбору, Ош шаардык “Келечек” балдар чыгармачылык борбору, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык балдар билим берүү борбору;

3-орун – Нарын облустук балдар билим берүү борбору, Жалал-Абад облустук балдар чыгармачылык үйү, Нарын облусунун Ат-Башы райондук балдар билим берүү борбору.

Атайын сыйлык: Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйү, Ысык-Көл облустук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борбору.

Сынак балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүү тармагынын ишин жакшыртуу ыкмасынын жаңы формасы катары өлкөбүздө биринчи жолу өткөрүлдү. Ошого карабастан, республикадагы аймактардын баардык уюмдары зор ынтызарлык, демилге менен өтө активдүү катышты. Биз өз кезегинде аталган тармактын жетекчи педагогдорунун өз кесиптик квалификацияларын, кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууга умтулуусу күчтүү экендигине дагы бир жолу ынандык десек жаңылышпайбыз.

Замира Молдалиева, “Балажан” РЭТОУБдун директорунун орун басары, кошумча билим берүүнүн эл аралык сынактарынын эксперти, Билим берүүнүн мыктысы

Гулнар Абыкеева,

Ак-Суу райондук Балдарга билим берүү борборунун директору, Билим берүүнүн мыктысы:

– Өтүлгөн сынакта ар бирибиз «Ийгиликке карай жол» өнүгүү программа жактадык. Бул программаны жазууда көп окуп, көп ойлондук: азыркы муунду тарбиялоодо эмнеге басым жасап, эмнелерди кошумча берсек деген терең ойлорго токтолдук. Жыйынтыгында, тарбиялануучуларга билим берүүнүн жаңы натыйжаларына жетишүүгө багытталган, компетенттүүлүккө жана тутумдук иш-аракеттерге негизделген жаңы муундун билим берүү программаларын иштеп чыгуу, балдардын кесипкөй өзүн-өзү аныктоосу жана чыгармачыл эмгеги үчүн зарыл шарттарды камсыз кылган программаларды ылайыктап иштеп чыктык.

Негизинен, бул сынак кызыгууну пайда кылып, ишибизге стратегиялык көз карашта болуу менен жаңы муунду татыктуу тарбиялоого дем берди.

Гүлбара өмүралиева,

Ат-Башы райондук К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун окуу бөлүмүнүн башчысы:

– «Ийгиликке карай жол» аттуу сынакты уюштуруп, жер-жерлердеги мектептен тышкаркы билим берүү борборлорундагы көйгөйлөрдү чечүү жолдоруна багыт бергениңиздер үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем!

Бул сынак мага эмнеси менен жакты?

  1. Мектептен сырткаркы билим берүү борборлорунда окуу-тарбия ишинин ишмердүүлүгүн жогорулатууга түрткү берди.
  2. Республикадагы баардык борборлордун иш тажрыйбасын бири-бирине жайылтууга мүмкүнчүлүк түздү.
  3. Сабак берүүнүн сапатын жогорулатуу милдеттерин ачык-айкын коюп, бул багытта иш алып барып, терең анализ жүргүзүүнүн жолдорун чечүүгө зор салым кошту.
  4. Өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү терең анализдеп, кадрдык иш тажрыйбаны жакшыртууга жол көрсөттү.

Махабат Бейшеева,

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Балдар билим берүү борборунун директору:

Сынакка катышып жатып көп пайдалуу натыйжаларды, тажрыйбаларды алдык. Программаны түзүүдө педагогикалык жамааттын, окуучулардын, ата-энелердин сунуштарын, суроо-талаптарын эске алуунун зарылдыгына дагы бир жолу көзүм жетти.

Программа түзүп жатып окуу-тарбия ишин баалоо, анализдөө, мониторинг жүргүзүү, инновациялык педагогикалык технологияларды колдонуу солгундап жаткандыгын байкадым. Алдыдагы жылдарда кыйынчылыктар менен түзүп алган программабыз койгон максаттарыбызды ишке ашырууда, ийгиликке жетүүдө чоң өбөлгө түзүп берерине ишенем.

Ушундай сынактар тез-тезден болуп турса, директорлордун, завучтардын өз билимин өркүндөтүп, компетенттүү болуусуна, башкаруу системасын жакшыртуусуна чоң көмөк болмокчу. Уюштуруучуларга ар бир программаны дыкат окуп, анализдеп, туура баалап, жыйынтык чыгарганыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз!

З.Жаныбекова,

Жалал-Абад облустук балдар чыгармачылык үйүнүн окуу бөлүмүнүн башчысы:

– Мындай сынак биринчи жолу болгондуктан, изденүүнүн негизинде өзүмө бир топ пайдалуу нерселерди алдым. Жаңы усулдарды, инновациялык ыкмаларды, башкаруунун технологияларын, технологиялык каражаттарды, программанын жалпы талаптарын ж.б. үйрөндүм. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу, квалификациясын жогорулатууну жолго коюу менен компетенттүүлүгүн жогорулатуу өтө зарыл экендигине ынанып, программаны ишке ашырууда бирдиктүү иш-аракеттер керектигин түшүндүм.

Муса Шокоев,

Кара-Кулжа районундагы К.Калдарова атындагы балдар-өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун директору:

– Борбордо бир катар иштерибизди кайрадан карап чыгууга туура келди. Анткени балдарга кошумча билим берүүдө айрым багыттарыбызда кемчиликтер жана жетишсиздиктер бар экендигине ынандым жана бир топ иштерибизге жаңыча мамиле кылуу зарылдыгына көзүм жетти.

Биз өз ишибизди анализдегенди, мугалимдерге кесипкөйлүк талапты туура коюуну, программаны туура иштеп чыгууну үйрөндүк. Мындан сырткары өзүбүздүн ишибиздин негизги приоритеттүү стратегиялык багыттарын жакынкы бир нече жылга аныктап алдык. Башка региондордогу жана коңшулаш кошумча билим берүү уюмдары менен өз ара тажрыйба алмашуу боюнча бир катар практикалык иш-чараларды өткөрүүгө жетише алдык. Баардык уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз.

С.Ташбаева,

директор ДОЦ г.Каракол Иссык-Кульской области:

– Составление программы развития было для нас совершенно новое. В процессе разработки мы поняли, что программа развития нашего центра для нас является руководством к действию. При работе с данной программой появляется новая статистика качества обучения, уровня преподавателей, социального партнерства. Программа развития нашего центра позволит нам по новому подойти к своей педагогической деятельности.

Чынара Төлөнбаева,

заместитель директора Ошского городского центра детского творчества “Келечек”: 

Этот, профессиональный конкурс программы развития «Путь к успеху» организованный МОиН КР и РУМЦЭВ «Балажан» в моей практике был впервые.

Я хочу отметить, что данный конкурс внес очень большие коррективы не только в работу нашего центра, но и в самообразование и развитие нас самих: директоров , завучей и методистов.

В процессе создания программы развития, мы стали более глубже вникать в суть дела, проблемы, задачи над которыми мы работаем. Конкурс просто раскрыл нам глаза, мы были в глубоком поиске навыков, идей, мыслей, которые хотели внедрить в систему нашей работы.

Думаю, что мы стали лучше понимать систему нашей работы и будем отныне стараться вести ее грамотно и правильно, глубже работать над тем, чтобы раскрывать творческий потенциал ребенка. Хочу выразить огромную благодарность Министерству Образования КР а также РУМЦЭВ «Балажан» за организацию такого прекрасного конкурса, очень нужного в системе внешкольного дополнительного образования «Путь к успеху».

Карлыгач Молдалиева,

Талас шаардык “Баластан” балдарга билим берүү борборунун мүдүрүнүн орун басары:

– Мындай форматтагы онлайн-сынакка биринчи жолу катышып жатам. Бүткүл дүйнө жүзүндө ушундай оор мезгилде Сиздер сынакты өткөрүүнүн абдан кызыктуу түрүн таптыңыздар. Өнүгүү программаны жазууда мен өзүм үчүн жаңы идеяларды, жаңы билимди, жаңы ыкмаларды жана кошумча ресурстарды топтой алдым. Кантсе да, бул биздин кесиптик өнүгүү жолундагы дагы бир кадам жана менин алдымда дагы жаңы горизонттор ачылды. Онлайн сынакка катышууда мен уникалдуу тажрыйба алмашуу жана алдыңкы тажрыйбам менен бөлүшүү, өзүмдү сырттан карап туруу, компетенттүү калыстар тобунун пикирин угуу мүмкүнчүлүгүн алдым жана булар менин келечектеги ишиме жардам берерине терең ишенем. Онлайн сынактын оң натыйжасы укмуштуудай болду. Мен ушунчалык күч-кубатымдын көтөрүлгөнүн сездим! Менин канаттарым жайылды. Чечилгис кырдаалдар жок экендигин түшүндүм. Баары мүмкүн! Онлайн сынактын уюштуруучуларына ден соолук, чыгармачылык дем, жаңы идеяларды каалаймын! Келечектеги ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Татьяна Полосина,

 директор ЦДЮТ города Токмок Чуйской области:

Администрация Центра Детского Юношеского творчества — клуба ЮНЕСКО в Кыргызстане города Токмок выражает особую благодарность организаторам конкурса «Путь к успеху». Данный конкурс позволил нам провести глубокий анализ работы центра за несколько лет, выявить противоречия и найти пути реализации. Участие в конкурсе программы развития дает большие возможности, а именно: увидеть новые приемы работы, современные формы и методы проведения образовательной деятельности, усовершенствовать работу в учебно-воспитательном процессе, наметить новые цели и задачи по развитию центра на период реализации программы.

Нуржамал Базаркулова, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүнүн завучу:

– Бул сынак мага жана менин иш-тажрыйбама абдан пайдалуу болду. Замандын талабына жараша болгон маалыматтарды электрондук Google дискке сактоо жана аны ишмердүүлүгүмө колдонууга мүмкүнчүлүк алдым.

Бул программаны түзүү менен мекеменин үч жылдык иш-чара жана ийгиликтердин баардыгын анализдеп, биз өзүбүзгө абдан жакшы документтерди топтодук. Ал эми ушул “Өнүктүрүү программасын” түзүү менен биргеликте бизде кандай кемчиликтер болгонун өзүбүзгө анализдеп, мындан аркы жумушубузда кетирген кемчиликтер боюнча кандай ыкмаларды, программаларды, методикаларды колдонсок болот, кандай кылып иш алып баруу керек деген нерселердин баардыгын билип алдык. Ушул программаны уюштурган “Балажан” борборуна ыраазычылыгыбызды айтабыз. Мындан ары дагы ушундай конкурстар болуп турса деген ойдобуз жана буга окшогон конкурстар мугалимдердин мүмкүнчүлүгүн жана алардын кылган иштеринин ачык айкындуулугуна, ошондой эле кагаздын азайтуусуна чоң өбөлгө болуп жол ачып берет деген ишеничтебиз.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер