ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

  • 18.03.2022
  • 0

Түп районундагы К.Карачев атындагы орто мектебинде  «Окуу керемет!» (USAID) долбоору тарабынан уюштурулган «Иштерман жамааттын ийгилик баяны» темасында  өткөн зоналдык семинардын жүрүшүндɵ  окуучулардын колунан жасалган чыгармачылык иштердин, кичинекей китепчелердин, сүрɵттɵрдүн кɵргɵзмɵсү, долбоордун модулдарындагы стратегияларды пайдалануу менен алты кɵргɵзмɵлүү сабак, окуучулар, ата-энелер менен иш алып баруу ɵзгɵчɵлүгүн кɵрсɵткɵн мастер-класс, окуучулар тарабынан даярдалган изилдɵɵ долбоорлору, электрондук китептердин пайдаланылышы,  ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармаларынан инсценировкалар кɵрсɵтүлдү. Семинарга Ысык-Кɵл районунан 13 мугалим, Жети-Ѳгүз районунан 6 мугалим, Ак-Суу районунан 5 мугалим ɵз ыктыяры менен келишсе, максаттуу мектептерден жалпы 53 мугалим, 22 ата-эне катышты. 

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

К.Карачев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде жалпы 630 окуучу окуйт, 36 мугалим эмгектенет. Башталгыч класста 218 окуучу 8 мугалим бар.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

—  Семинарда  2-3-4-класстарда «Интерактивдүү окуу», «Yн чыгарып окуу», «Окурмандардын пикирлеринин тизмеси», «Сабакта балдар адабиятын пайдалануу» стратегияларын колдонуу менен төрт мугалим  чыгармачыл  сабактарды кɵрсɵтүшсө, долбордун жаңы ыкмаларын 5-6-класстарда жайылтууда  «Окуйм, угам, түшүнɵм», «Божомолдоо жана окуганга чейин, окуу учурунда, окугандан кийин» стратегияларын колдонуу менен мугалимдер өткөн кɵргɵзмɵлүү сабактар семинардын катышуучуларын кайдигер калтырган жок. Биздин мектепте улуттук тренер жана башталгыч класстын мугалими Т.Мырзабаевдин чыгармачылык идеясы менен, жана Ы.Алмабекова, Y.Узакова, У.Керейкулова, Н.Бексултанова, А.Муканбетова, Совет кызы Мээрим, М.Туркебаева жана китепканачы Ж.Бакалчиеванын иш тажрыйбаларын чагылдырган жогорку деңгээлдеги ишмердүүлүктɵр семинарда кɵрсɵтүлдү. Долбоордун максаттуу багыттарындагы ɵзгɵчɵлүк окуучулардын логикалык, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн, жаратмандыгын, кызыгуусун, окуу, жазуу, кызматташтык кɵндүмдɵрүн ɵнүктүрүүчү түрдүү ыкмалар жана иштелмелер берилген. Сабак учурунда, класстан тышкаркы иш- чараларды уюштурууда, жайкы лагерлерди ɵткɵрүүгɵ карата иштелип чыккан долбоордун усулдук колдонмолору биздин практикабызда баа жеткис табылга болууда. Бул колдонмолор натыйжалуу кɵрсɵткүчтɵрдү берүүдɵ. Окуучулардын сабак, китеп окууга, чыгармачылык иштерди аткарууга кызыгуусу, ата-энелердин активдүү катышуусу артылууда, — дейт мектептин директору Элиза Жылкыбаева.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

Долбоордун тренингдер боюнча регионалдык адиси Н.Шарапованын берген маалыматына таянсак, семинардын жүрүшүндɵ 4-класстын окуучусу Ж.Жапарова «Сүттɵн алынган тамак-аштар», 2-класстын окуучусу А.Амантуров «Кар жилик жɵнүндɵ уламыш», «Этти устукандоо маданияты», 4-класстын окуучусу А.Болотбеков «Ала кийиздин жасалуу тарыхы», Н. Жеңишова «Нан дасторконго кантип келет?» деген темаларда изилдɵɵ долбоорлорунун бет ачарын тартуулашты.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

-Ал эми класстан тышкаркы иштерди алып баруу боюнча адис Б.Тɵрɵгелдиева долбоор тарабынан иштелип чыккан усулдук методикалык колдонмолор менен тааныштырды. Ысык-Кɵл облусунун регионалдык координатору Т.Жанадилов электрондук китептерди колдонуу, ата-энелер чогулушун ɵткɵрүү сценарийлери менен жалпы семинардын катышуучуларына презентация жасады, — дейт Н.Шарапова.

Пикирлер:

Зарима СУПАТАЕВА, ата-энелер комитетинин мүчɵсү:

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

-Мектептин ишмердүүлүгү абдан жакшы жолго коюлган. Ата-энелер балдарга кызыктуу китептерди, электрондук китептерди окуп берип, балдар менен чыгарманы талкуулоо, ой жүгүртүүгɵ багытталган суроолорду берүү, балдардын чыгармачылыгын, ɵз алдынчалуулугун ɵнүктүрүү багытында бала менен иш алып барууну үйрɵндүк. «Yй-бүлɵлүк окуу», «Окурмандар клубу», «Китеп куржуну», «Математикалык турнир», «Окуу марафону», «Окуу викторинасы» сыяктуу кызыктуу иш-чараларга катышып турабыз. «Окуу керемет!» долбоору менен балдарга китеп окууга кызыктырууга  багытталган максатын мугалимдер, ата-энелер менен биргеликте болгон аракетибизди жумшап, жигердүү иштерди аткарып жатабыз. Билим башаты башталгыч класс демекчи, окуучулардын билим фундаментин калыптандырууда мугалимдердин эмгеги зор. Бул долбоордун алкагында алып барган иштердин натыйжасында бала менен бош убактыбызда электрондук китептерди окуп, балдардын кругозорун ɵстүрүүдɵ, окуп түшүнүүсүн ɵнүктүрүүгɵ карата түрдүү ыкмаларды колдонуу менен китептерди окуп жатабыз. Менин уулум текстке карата анализ жүргүзүп, окуган чыгармаларды талдоого, анын негизинде чыгарма жаратууга абдан кызыгууда. Баламдын фантазиясы ɵнүгүп, китеп окууга кызыгуусу артылды.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

 

Таалайбек Мырзабаев, башталгыч класстар усулдук бирикмесинин жетекчиси, улуттук тренер:

-Окуу кɵндүмдɵрүн ɵнүктүрүүгɵ багытталган «Башталгыч мектепте дифференциациялап окутуу жана предмет менен тилди интеграциялап окутуу» мазмунундагы беш модулду терең ɵздɵштүрдүк. Долбоордун артыкчылыгы MOODLE платформасы менен онлайн курстан окуп, санарип мугалим болуп да чыга келдик. Мен улуттук тренер катары районубуздун башталгыч класстарынын мугалимдерине онлайн видеоконференцияларды ɵткɵрүп, долбоордун программасын, стратегияларын окуттум. Биздин мектептин мугалимдери видеоконференциядан алган билимдери менен ресурстук материалдарды колдонуп мыкты билимге ээ болушту. Долбоор тарабынан камсыз кылынган усулдук колдонмолорду терең ɵздɵштүрүп, жыйырмадан ашык стратегияны практикада ийгиликтүү пайдаланууга жетиштик. «Балдар адабиятын интеграциялап сабакта пайдалануу, «Күн сайын жазуу», «Чыгармачыл жазуу» сыяктуу модулдардын стратегиялары биздин методикабыздагы баа жеткис табылга болду. Окуучулар предметти ɵздɵштүрүү менен катар китептеги чыгарма менен таанышып, предмет менен байланыштырып, текстке анализ жүргүзүүгɵ, окуп түшүнүүгɵ жетишти. «Балдар адабиятын предмет менен интеграциялап окутууда» мен окутуп жаткан 1-класстын окуучулары тексттен түйүндүү маалыматтарды алууга, окуганын түшүнүү менен сɵз байлыгы кеңейди, суроолорго толук жоопту түзүүнү үйрɵнүштү, текст менен иллюстрациянын ортосундагы байланышты аныкташты. Окуп түшүнүү балдардын келечегине пайдалуу ыкма болду. Жалпы республикалык тестирлɵɵ, дүйнɵлүк стандарттагы тестирлɵɵнүн талаптарына жооп бере ала турган кɵндүмдɵргɵ ээ болушууда. Ошондой эле окуу кɵндүмдɵрү менен катар балдардын жазуу кɵндүмдɵрү да калыптанып жатат. Бул кɵндүмдɵргɵ ээ болуш үчүн башталгыч класстан окутуунун методикасын жаңыртуу керек экендигин түшүндүк жана ошол стратегияларды практикабызда кызыгуу менен пайдаланып жатабыз. «Бири-бирин баалоо», «Окуган чыгармага пикир жазуу», «Макта, сура, оңдо» стратегияларын окуучуларым абдан кызыгуу, жактыруу менен кабыл алгандыгын, алардын ар бир жасаган иш-аракетинен ɵсүп-ɵнүгүүнү байкадым. Предмет менен тилди интеграциялоо CLIL методикасында стратегиялар менен окуучулар жɵнɵкɵй эле сүрɵт, кассалык чек, иллюстрация, афиша, жарнамалардан текст түзɵ билүүгɵ, кɵркɵмдɵп сүйлɵөгɵ үйрɵнүштү. Биз мурда кɵз алдыбызга кɵрүнгɵн, маани бербеген, кɵрнɵк-жарнак, белги, сүрɵт болобу ушул сыяктуу жабык маалыматтардан кеңири маалымат түзүүгɵ, ойлонууга, аны жазууга, сүйлɵп берүүгɵ үйрɵнүштү.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

Коомчулук мектепке абдан жакшы тартылды. Ата-энелер менен иш алып баруу мыкты жолго коюлду. «Окуу куржуну» эстафетасы айыл ичин аралап, үйдɵн-үйгɵ барды. Ата-энелер үйдɵгү китептерин да кошумчалап куржунга салып белекке беришти. Ошондой эле окуучулардын окуу кɵндүмдɵрүн ɵнүктүрүү максатында долбоор тарабынан сунушталган окурман күндɵлүгүн уюштурдук. Мурда окуган чыгармаларын дептерге жазып келсе, окурман күндɵлүгү форматында стандартташтырдык. Окуучулар окуган чыгармасын  окуп баштаган жана  аяктаган күнүн белгилеп, таасир калтырган окуяларын, чыгармага карата анализ, пикирлерин жазып, күндɵлүктɵрүн  чыгармачылык менен толтуруп жатышат.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

Долбоордун стратегияларын жогорку класстардын окутуу методикасына  жайылтуу максатында мектептин жалпы жамаатына окутуу семинарын уюштуруп, бардык стратегиялар менен тааныштырдык. Жогорку класстардын мугалимдери кызыгуу менен кабыл алып, практикасында пайдаланышууда. Мугалимдер облустук семинарларда практикалык иштерин, ачык сабактарды кɵрсɵтүп, тажрыйбасы менен бөлүшүп жатышат. Аталган семинарда 5-класста адабият сабагында мектептин директору Э.Жылкыбаева, 6-класста орус адабияты сабагында А. Турукбаева долбоордун стратегияларын демонстрациялаган сабактарды кɵрсɵтүштү.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

Долбоордун алкагында берилген программалар менен методикалык тажрыйбаларга ээ болуп, педагогикалык чеберчилигимди арттыруудамын. Жɵнɵкɵй мектептин мугалиминен улуттук тренер статусуна ээ болуп, тажрыйбалуу адис катары таанылдым. USAID  «Окуу керемет!» долбоорунун «Ийгилик баяны» рубрикасынын ийгиликтүү каарманы катары атайын видеосюжетке тартылып, республикага таанылдым. Бул менин долбоордун максаттуу багытындагы ишмердүүлүгүмɵн, алган билимим, тажрыйбаман улам жетишкен ийгилигим деп билем.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

Yмүт УЗАКОВА, башталгыч класстын мугалими. Республикалык «Биринчи мугалим» кароосынагынын жеңүүчүсү, долбоордун «Түз эфир» рубрикасынын каарманы:

-Биздин мектептин мугалимдери, китепканачысы долбоордун «Түз эфир» рубрикаларында Фейсбук, Инстаграмм баракчаларында активдүү катышып турабыз. Республикалык деңгээлде түз эфир аркылуу ɵзүмдүн практикам, тажрыйбам, ийгиликтерим менен бɵлүшүп, чыгармачыл мугалим катары иштеп келе жатам. Модулдарды иштеп чыккан авторлорго, эксперттерге ɵзүбүздүн суроолорубузду берип, кызуу талкууга катышып, маалыматтарды алып турабыз.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

USAID долбоору менен 2016-жылдан бери иш алып барып келебиз. Буга чейин ата-энелерди, коомчулукту мектепке тартуу абдан кыйын эле. Долбоор тарабынан иштелип чыккан усулдук колдонмолордун, окутуу тренингдерден алган билимдерибиздин натыйжасында ата-энелер менен иш алып барууну үйрɵндүк, аларды мектепке тартуунун жаңы жолун таптык. Учурда ата-энелер мектептин ишмердүүлүгүнɵ активдүү катышып, биздин демɵɵрчүбүз, колдоочубуз, мектеп жашоосунун каармандары болуп калышты. Окуган чыгармалардын негизинде чакан китептерди жасоо, сүрɵт, пластилин менен иштɵɵ, кɵргɵзмɵлɵрдү уюштуруу,  окуу, математикалык турнир, эстафеталарды ата-энелер менен бирге уюштуруп, ийгиликтүү тажрыйбаларга ээ болдук. Учурда ата-энелер менен чогулуштарды ɵтүүдɵ  долбоор тарабынан иштелип чыккан сценарийлерди пайдаланып,  баланы китеп окууга   кызыктыруучу ыкмаларды  үйрɵтүп жатабыз.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

Долбоор тарабынан берилген классификацияланган, түрдүү жанрдагы  китептер менен китепканабыз толукталды. Электрондук китептерди кандай колдонуу керек экендигин багыттаган атайын сценарий да иштелип чыгууда. Бул сценарийлерди практикабызда колдонуудабыз. Биздин мектептин мугалимдери да ɵзүнүн иштеп чыккан сценарийлерин сунуштап жатышат,  долбоордун кызматкерлери тарабынан кабыл алынып,  республикалык жыйнакка киргизүү каралууда.

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

ИШТЕРМАН ЖАМААТТЫН ИЙГИЛИК БАЯНЫ

Мен ɵзүмдүн сабагымда  «Сократтын семинары», «Адабий ийримдер», «Окурмандардын пикирлеринин тизмеси» стратегияларын  ийгиликтүү пайдаланып жатам. Окуучулар бул стратегиянын негизинде оюн кенен айтууга, ɵзүн сабакта кенен алып жүрүүгɵ, ой жүгүртүүсүн тартынбай айтып берүүгɵ, чыгармачылык, жигердүүлүк менен иштɵɵгɵ жетишти. Сабакта бир дагы бала кɵз жаздымда калбастан, бардыгы активдүү тартылат, бардыгына роль берилет. Сабактан ырахат алып чыгышат. Окуучулардын ой жүгүртүүсү ɵнүгүп жатат. Долбоордун бардык программалары мага абдан жакты. Мугалимдик тажрыйбамда методикалык капчыгым кеңейип, алдыңкы табылгаларды алдым. Жаңы ыкмаларды колдонуу менен сабак ɵткɵндɵ окуучуларымдын жандуу, кубанычтуу жүздɵрүн кɵрүү мен үчүн чоң жетишкендик болуп жатат деп эсептейм.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер