ИШЕНИМДЕН ЖАРАЛГАН ИЙГИЛИК

  • 29.04.2022
  • 0

2021-2022-окуу жылында республикалык олимпиадада жеңүүчү болгон 52 баланын ичинен эки бала Чүй облустук мектеп-гимназияда билим алат. Географиядан 1-орунду багындырган Амантур Ажиматов жана биологиядан (базалык деңгээлде) экинчи орунду алган Байэль Төрөбеков быйыл 11-классты ийгиликтүү аяктап, келечек кесибин тандоодо чечүүчү роль ойногон олимпиадагы жеңиштерине кубанычтары чексиз болуп турган чактары.  

Олимпиада менин кыялымды орундатканга жол ачты

Биология боюнча экинчи орунду ээлеген Байэль Төрөбеков болочокто апасындай ак халатчан дарыгер болууну кыялданат. Ал учурда Чүй облустук мектеп-гимназиясында 11-классты аяктап жатат. Бул мектеп-гимназияда 5-класстан бери билим алып келаткан Байэль, биз менен маегинде алыскы Аксыдагы ата-энесин сагынып аябай кыйналганын, далай жолу үйүнө кетип калгысы келгенин жашырган жок.

ИШЕНИМДЕН ЖАРАЛГАН ИЙГИЛИК

— Мен биринчиден быйыл биология боюнча ийгиликке жетүүмө себепкер болгон эжейим Айымкан Качкымбаевага терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Менин жеңишиме ар бир мугалимдин, эң оболу мектеп директору Бүбүкан Жусупованын салымы чоң. Мектебим менен өзгөчө сыймыктанам. Менин апам дарыгер болгондуктан, апамдын жолун жолдогум келет. Мени тереңирээк билим алсын деп ушул мектеп гимназияга жиберген ата-энеме ырахмат айтам. Мен 6-класстан баштап эле биология сабагына кызыга баштагам. Эсимде, 6-класста окуп жүргөндө, биология боюнча декада болуп калды. Мугалимдин “Кайсы бактерия кургак учуктун колдоочусу болуп эсептелет?” деген суроосуна эч ким жооп таба албай жатканда, мен апамдын айтканын эстеп: “Бактериянын козгогучу Кох таякчасы” деп туура жообун тапкам. Ошондогу эжейимдин мени мактаганы аябай шыктандырып, биология сабагына кызыгуум арткан. Эми минтип биологиядан экинчи орунду алгандыгым үчүн Медициналык академияга жолдомо алып, дарыгер болуу кыялыма жол ачылды” – дейт Байэль.

География боюнча республикадан биринчиликти багындырган Амантур Ажиматов да быйыл 11-классты аяктап жатат. Ал мектеп-гимназиядагы “Глоб” деген ийримдин активдүү катышуучусу.

— Менин максатым – олимпиада таймашында биринчи орунду алуу болчу. Демек, максатыма жеттим десем болот. Бул жеңишим менин кийинки максаттарымды орундатканга жардам бермекчи. Мен болочокто программист болгум келет. Ушул мектеп-гимназиядан билим алып жатканыма аябай сыймыктанам. Себеби биз бул жерден бир гана предмет боюнча эмес, башка да ар түрдүү багыттардагы ийримдерге катышып, дүйнө таанымыбызды кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Айрыкча, тил, адабият боюнча да, тарбия боюнча да көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алабыз. Мисалы, мен Бүбүкан Сыдыковнанын “Жашоонун ажары сүйүүдө” деген китебин окугандан кийин кыргыздын байыртадан келаткан каада-салттары, үрп-адаттары кандай кызыктуу жана пайдалуу экендигин тереңирээк билдим. Андан тышкары ал китептен айлана-чөйрөнү, жаратылышты баалоо, ага сый-урмат менен мамиле жасоо, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо сыяктуу таалим-тарбияларды үйрөнүп, жан дүйнөңдү байытсаң болот, — дейт.

Жакшы окуган балдарга колдоо көрсөткөнгө даярбыз

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Динара Шеркулова жогоруда аталган мектеп-гимназия райондун атын чыгарып, намысын коргоп бергендигине кубанып жатышканын билдирди.

— Республика боюнча райондун атын чыгарып, намысын коргогон үчүн мектеп-лицейдин жетекчилигине ыраазычылыгыбызды билдирип, райондун акими Бактибек Анаркулов атайын сыйлык грамоталарын тапшырды. Бул да болсо балдардын мындан да жакшы окуп, ийгиликтерге жетишүүсүн демилгелейт деп ишенебиз. Билим сапатын жогорулатуу боюнча мектеп директорлоруна атайын тапшырма коюп жатабыз. Бул багытта мектеп мугалимдери, ата-энелери менен кызматташыбызды мындан да бекемдешибиз керек. Эгерде алдыңкы окуучуларга кошумча даярдануу керек болсо, курстарга баруусун каржылоо маселесин чечип берүүсү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылалы деп жатабыз. Эмдиги жылы райондук, облустук, республикалык деңгээлде балдарды даярдоо боюнча максаттуу иш-чараларды аткарабыз, — дейт.

Мугалимге кандай колдоо керек?

География сабагынын мугалими Гүлзат Түмөнбаева 2001-жылы кыргыз улуттук университетинин география факультетин аяктагандан кийин, алгачкы эмгек жолун ушул мектеп-лицейде иштеп баштаган. Амантур анын республикалык деңгээлге чыккан биринчи эле окуучусу эмес.

ИШЕНИМДЕН ЖАРАЛГАН ИЙГИЛИК

— Мугалим да, окуучу да дайыма окуп, билим куржунун толуктап турууга тийиш. Мында эмгектен башка, мектептин администрациясынын колдоосу да чоң роль ойнойт. Анан эң биринчи окуучу менен мугалимдин ортосунда шайкештик болуп, бири-бирин түшүнүшүү керек. Ал эми окуучу сабакты жакшы көрүшү керек. Менин даярдаган окуучуларым республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарга жетишип жатканына сыймыктанам. Былтыркы бүтүрүүчүм Бермет Шамшыбекова эки жыл катары менен облуста биринчи орунду ээлеген. Пандемияга байланыштуу республикалык тур болбой калгандыктан, ал облуста жеңишке жетишкен жеңүүчү катары ноутбук жана биринчи даражадагы диплом менен сыйланган.

Эң жаман жери — география боюнча ЖРТдан тандоодо география предмети кирбейт, ал гана тургай, эл аралык олимпиада да жок. Маалыматтарды изилдеп көрсөм, Жер жөнүндө илим деген олимпиада бар экен, бирок ал англис тилинде гана өтөт. Андыктан жеңиштер али алдыда деп ойлойм. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, олимпиадага даярдоодо мугалимге китеп, көрсөтмө куралдары жетишсиз. Мындай жетишпестиктер республика боюнча бардык мектептерде болсо керек, себеби география боюнча көбүнчө практикалык иштери жүргүзүлөт, ал үчүн сөзсүз топокарталар болушу шарт. Топокарталардагы эсептерди чыгаруу үчүн окуучулар математиканы да жакшы билүүгө тийиш. Бизге атайын аспаптардын топтому, метеостанция жайгашкан өзүнчө кабинет болсо аябай жакшы болмок. Балдар дүйнөнүн картасын, Кыргызстандын картасын жакшы билсе, өздөрү үчүн деле зыяны тийбейт, — дейт Гүлзат Түмөнбаева ийгилик сыры менен бөлүшүп.

Министрликтин сунушу менен олимпиадада алдыңкы орунга жетишкен окуучуларды даярдаган мугалимдерге айлык маянасына кошумча акчалай сыйлыктар кошулганы маалым. Эми олимпиада бийиктигин багындырган окуучулар мындан да көп болоорунда шек жок.

Бүтүрүүчүлөрдүн белеги

Чүй облустук мектеп-гимназиянын директору Бүбүкан Жусупова өзгөчө зээндүү балдарды окуткан жатак мектепке келген меймандар балдарга позитивдүү маанай гана тартуулабастан, келечекте кесип тандоого да шыктандырарын айтып, ыраазычылыгын билдирди.

ИШЕНИМДЕН ЖАРАЛГАН ИЙГИЛИК

— Балдарыбыз бизге келген меймандарга өздөрүнүн таланттарын тартуулашып гана тим болбостон, ар бир жолугушууга зор маани беришет. Мисалы, биздин бүтүрүүчүбүз, биздин сыймыгыбыз Эркин Рыскулбеков келген сайын баары журналист, алып баруучу болгусу келип шыктанып калат. Өткөндө “Акыркы сабак” деп аталган кыргыз сериалына катышкан Бактиярды көрүшүп, көбү актер болгусу келди. Дагы бир мейманыбыз — ырды көркөм окуу боюнча устат “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов, Кыргыз туусунун автору Жайчиев Бекбосун агайыбыз да балдарыбызга мыкты үлгү, — дейт.

Бул мектеп-гимназияны аяктап, мыкты жетишкендиктерге жетишкен Эркин Рыскулбеков сыяктуу окуучулары көп болгону менен, лицей олимпидадада буга чейин ушул жылдагыдай ийгиликтерди али багындыра элек эле.

Жеңүүчү балдарды куттуктаганы атайын белектерин алып келген гимназия мугалимдеринин, окуучуларынын сыймыгы Эркин Рыскулбеков эми балдарда артка жол жок экенин, алдыга карай гана жеңиштерге умтулуу керектигин айтты:

— Эмдиги жылы мындан да жогорку ийгиликтер, мындан да көп жеңиштер болсун. Жеңиш өзү келбейт, жеңиштин артында чоң эмгек жатат. Мени кубандырганы балдар биологияны жакшы окуп жатканы болду, демек, медицина тармагы жакшы өнүгөт. Дарыгерлер өлкөбүзгө абадай керек экенин пандемия тастыктап койду. Мен силерге дагы бир жакшы жаңылык менен келдим. Биздин класс жетекчибиз, химия сабагы боюнча тест китебинин автору Бүкөн Назаралиевнанын жаркын элесине арнап, ушул гимназиянын химия кабинетин жасалгалап берели деп чечтик, — деп, жагымдуу жаңылыгы менен кубантып, балдарга алып келген баалуу белектерин – китептерди тапшырды.

Бул күнү атайын келген меймандарга мектеп-лицейдин таланттуу балдары концерт тартуулашты. Алар кыргыздын комузунда кол ойнотушуп, мукам ырларды ырдап тим болбой, корей маданиятында кеңири тараган барабан кагышып, кыргыз бийлерди бийлешти.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер