ИШЕНИМ СЫЙМЫК АЛЫП КЕЛЕТ…

  • 04.03.2022
  • 0

Чүй районундагы Чүй жатак-мектебинин  директору Назгүл Мусаеваны мында билим алган тагдыры татаал балдардын баары  «Биздин эжей!» деп кадырлашат. Албетте, мындай зор сый-урмат билген адамга бир күндө жарала койгон жок …

Окуучу кезинен мугалим болгусу келчү

Ар бир доордун өз идеалы болот эмеспи.  Назгүл мектепте окуган тушта алдыңкы окуучулардын баары мугалимдик кесипти тандачу.

— Мурунку убактарда жакшы окуган окуучулардын көбү келечекте мугалим болом дечү. Биз ошондой кыял менен чоңойдук, — деп эскерет окуучулук күндөрүн Назгүл Мукашевна.

Алдыңкы окуучу мектепти алыскы Ак-Талаадан аяктап келип, Бишкек гуманитардык университетинин түркология факультетине тапшырат. Бул жерден атактуу аалымдар Сулайман Кайыповдон, Кадыралы Коңкобаевден сабак алат. Билимдин, илимдин баркын, адам турмушундагы маанисин түшүнөт. 1999-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап, өзү көксөгөн мугалимдик кесибинде иштей баштайт.

— Өз кесибинин чыныгы устаттары Жылдыз Сарыгулова, Нуркалый Абдесов агай-эжейлер менен аралашып иштеп калдым. Алардан көп нерсени үйрөндүм. Эң башкысы, мугалим өз окуучусу үчүн саяпкер болушу керектигин түшүндүм, — дейт устат мугалимдердин татыктуу шакирти.

Ошентип, жогорудагы устат мугалимдерден таалим алган Назгүл Мусаева Бишкек шаарындагы №52 орто мектебинде он жыл катары менен бардык класстарга мамлекеттик тилден сабак берди. Жүр-нары сабак өтпөй, тынымсыз изденүү үстүндө болду. Кесиптик сынактарга да катышты.

— Мектепте иштеп жүрүп «Мыкты жаш мугалим» сынагына катышып калдым. Ошондогу өткөн «Анарбайдын көпүрөсү» аттуу сабагым азыр да эсимде. Көпүрөнүн макетин опокшош кылып жасадым. Балдар туура жооп берсе, жол чырактын жашыл, туура эмес жооп берсе кызыл чырагы күйүп, сабакка өзүнчө атмосфера түзүп турду, — дейт издемчил педагог.

Бул сынакка катышуу менен жаш педагог  мугалим катары такшалды, өзүнө болгон ишеними курчуду. Эл алдында чыгып сүйлөгөндү үйрөндү.

Министрликтеги он жыл

Ушинтип дагы эле иштей бермекпи, ким билсин, бирок эбепке-себеп демекчи, Назгүл Мусаеваны жакшы билген эжеси Билим берүү министрлигинде бош орунга сынак болуп жатканын айтып калат. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында «Билим берүүдөгү менеджмент» адистигин окуп-үйрөнгөнү да азыркы чечимине дем берди.

—  Биринчи жылы бир балл жетпей калды. Кийинкисинде мектептер башкармалыгына адистикке тапшырып, комиссиядан өтүп кеттим. Иванников, Тыналиева, Кендирбаевалардан өрнөк алып, мамлекеттик кызматта 2008-жылдан 2019-жылга чейин үзүрлүү иштедим, — дейт Назгүл Мукашевна.

Министрликтин борбордук аппаратында он жылдан ашуун эмгек өтөп, Назгүл Мусаева мамлекеттик кызматтын сырларын терең өздөштүрдү.  Адамдар, жетекчилер менен иштегенди үйрөндү, толгон-токой иш-чараларды уюштурууга катышып, өзүндөгү лидерлик сапаттарды өнүктүрдү. Бирок мектептеги окуучуларга өткөн кызыктуу сабактарын, адам тарбиялоодо максатташ болгон кесиптештерин унуткан жок.

— Министрликте он жылдан ашуун иштеген соң кайрадан окуучулар менен иштегим келип калды. Чынын айтсам, мектебимди, окуучуларды сагындым. Чүйдөгү  жатак-мектепти жетектөөнү сунуш кылганда, дароо макул болдум. Бир жагы өзүмдү сынап көргүм келди, — дейт ал.

Жаңы муундагы жаратман жетекчи

ИШЕНИМ СЫЙМЫК АЛЫП КЕЛЕТ...

Ошентип 1956-жылы курулгандан бери бир жолу да капиталдык ремонт болбогон Чүй жатак-мектебине директор болуп дайындалат.

— Жатак-мектептин чатырынан тамчы акчу. Кышында жылуулук он градустан ашпайт. Эң башкысы, мугалимдердин, тарбиячылардын, окуучулардын эртеңки келечекке ишеними өчөр-өчпөс экен. Бишкектен Асылбек Жооданбеков, Кыял Акматов, Бийик Рыскулов сыяктуу мыкты мотиваторлорду чакырдым. Максат коюу боюнча сабак өтүштү,  — дейт жатак-мектептин директору.

Пандемия убагында мугалимдерди ээрчитип алып, чоң-чоң курулуш базарларына, дүкөндөрүнө жардам сурап барды. Бир машина толтура беришти. Ошону менен мектепти бир аз болсо да сырдап алышат. Акырындап жамааттын, окуучулардын ишенимине ээ боло баштады.

Өзгөрүүлөргө умтулган жамаатка кол сунуп жардам берем дегендер четинен табылды. Жатак-мектептин эскилиги жеткен мончосундагы кейиштүү абалды интернеттен көргөн  Американын Чикаго шаарында унаа айдаган кыргызстандык жигиттер жапжаңы эки кабаттуу ден соолукту чыңдоочу комплекстин курулушуна 6 миллион сом чогултуп беришет.  Көп өтпөй «Royal kg» курулуш компаниясы мектеп короосуна ар бири 25 миң сомдук селкинчек отургучтарды орнотсо, балдар аянтчасына Марат аттуу таанымал актёр жигит демөөрчү болду.

Мамлекет да карап турбай 2020-жылы жатак-мектептин жылытуу системасын жаңыртууга үч  миллион сом бөлүп берет. Натыйжада негизги корпустун жана жатакананын жылуулук системасы толук алмаштырылды.

«Нурдуу кайрымдуу кыздар» коомдук фонду тигүү цехине 1,5  миллион сомго колдоо көрсөтсө, дагы бир кайрымдуу эжелердин жардамы менен кондитер цехи жарым миллион сомго ремонт болду.

Асаналиев Нургалы жетектеген Эл аралык илим  жана бизнес университети 6 миллион сомго жыйырма күндүн ичинде 1 миң чарчы метр жердин чатырын жаңылап берди. Ушул эле университет 18 батирлүү үйдүн курулушун колго алды. Анын капсуласын коюуга Садыр Жапаров өзү катышып, футбол мелдешинен утуп алган бир миллион сомдук байгесин жатак-мектепке жардам иретинде тартуу кылды.

— Өзгөчө өлкө президентинин ата-энесиз балдар билим алган жатак-мектепке келиши бизди шыктандырды. Эртеңки күнгө коркпой карап калдык. Бизде жаңы ойлор жаралды, —  дейт жатак-мектептин жетекчиси.

Мурун көп жылдар бою жатак-мектепте балдар-кыздар тогузунчу класска дейре окучу.  Өспүрүмдөр кесип тандоодо, турмуш куруп кетүүдө кыйла чайналчу. Назгүл Мукашевна министрликке кайрылып, он бир жылдык билим берүүнү киргизди. Муну менен чектелип калбастан бүтүрүүчүлөр жок дегенде тигүүчү, кондитер, жыгач уста, чач тарач, тырмак дизайнери кесибин өздөштүрүп чыгуусу үчүн аракет кылууда.

Балдар кыргыз, орус жана англис тилдерин эркин сүйлөсө деген изги тилеги да ишке ашканы турат. Улуу Британия элчисинин жубайы жумасына эки ирет келип, мугалимдерге, окуучуларга өз-өзүнчө англис тилинен сабак берүүдө.  Кикбоксинг, шахмат, сүрөт, бий ийримдери ачылды. Ырчы балдар үчүн ийгиликтүү адамдар клубу атайын студияны керектүү жабдыктар менен жабдып беришти. Студиянын ремонтуна жана конференц залга Америкада иштеген уулу акча бөлдү.

Ал эми Бишкектеги беш жылдыздуу «Новотел» конок үйү улан-кыздарга жаңылыкка умтулуп жашоодо өзүнчө бир аянтча болуп калды. Бул жердеги турмуштук сабактар ата-эне мээримине  муктаж балдарга аба менен суудай зарыл экени айтпаса да түшүнүктүү.

Жетекчи катары мугалимдердин, тарбиячылардын кесиптик билимин жогорулатууну да унуткан жок.

— Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институтунун адистери биздин шартты туура түшүнүп, бизге келип окуу курстарын өтүп жүрүшөт. Бул жагы бизге да ыңгайлуу,  — дейт Назгүл Мукашевна.

Тарбияда балага ишенбесең кыйын

ИШЕНИМ СЫЙМЫК АЛЫП КЕЛЕТ...

Жеке өзүнүн алты баласы бар Назгүл Мукашевна ата-эне мээриминен ажыраган балдар-кыздарга директор гана эмес, энесинин ордуна эне болуп калды. Мен муну курулай мактоо үчүн жазып жаткан жокмун. Мектеп ичинде болсун, сыртында болсун жаш балдардын баары директорду көргөндө апасын көргөндөй чуркап, мойнуна асылып, бекем кучактап учурашат.

ИШЕНИМ СЫЙМЫК АЛЫП КЕЛЕТ...

Назгүл Мукашевна да күн нурундай мээрим чачып, жадырап тосуп алат. Ар биринин башынан сылап, ал-абалын сурагандан тажабайт. Бул албетте жетекчи үчүн эң жакшы сапат. Педагог катары ар бир баланын келечегине бекем ишенет.

— Бир күнү милиция келип тогузунчу класстагы окуучумду алып кетти. Көрсө, төрт жолу уурулук кылган экен. Артынан барып, ал жердегилерге бул баланын эң бир оор тагдырын түшүндүрдүм. Жабырлануучуларга да айттым. Анан баланы коё беришти. Азыр бул өспүрүм алдыңкы катарда билим алып жатат, — дейт жаңы муундагы жаратман жетекчи.

А.АЛИБЕКОВ, «КутБилим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Бөлүшүү

Комментарийлер