ИНТЕРНАТЫМ — ӨЗ ҮЙҮМ

  • 14.10.2021
  • 0

Талас шаарындагы мурунку Гагарин атындагы мектеп-интернатын 1978-жылы бүтүргөн “Б” класстын окуучулары чогулуп, мектепке музей ачуу жана баардык тарбиялануучуларды чогултуп, эскерүү иш-чарасын өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгышты.

Совет доорунда бул интернатта 1-класстан 8-класска чейин Талас облусундагы чабандардын балдары жана жетим балдар окуган. Тилекке каршы, кийин жоюлуп, ордуна №6 шаардык мектеп ачылган. Жатаканалары сатылып, алма багы жеке адамдарга өтүп кеткен. Бир корпусуна таластык меценаттын жардамы менен бала бакча ачылып, учурда кичинекей бөбөктөр тарбияланууда.

  • Тилекке каршы, ушул интернат жоюлуп кетиптир. Минтип окуу корпусун эле мектеп катары сактап калышыптыр. Алма багын болсо азыркы мектеп жетекчилиги талашып-тартышып жатып жакында эле кайра өзүнө алыптыр. Биз үчүн бул жер өтө ыйык болчу. Себеби бизге окшогон канчалаган балдардын балалык кези ушул жерде өттү. Бир туугандардан да артык болчубуз. 24 саат бою чогуу жүрдүк, жатсак-турсак да бирге болдук. Мен интернатка 7-класста келгениме, эки эле жыл билим алганыма карабай айылдагы классташтарыма караганда интернаттагыларга көбүрөөк жакынмын, ошолорду сагынам, ошолорду жакшы көрөм — дейт Асылбек Найзабеков.

ИНТЕРНАТЫМ - ӨЗ ҮЙҮМ

Бул интернатты 1978-жылы 34 окуучу аяктаган. Жолугушууга алардын тең жарымы келип, куттуу билим уясына болгон сагынычын таратып, классташтары менен чер жазышып гана тарап кетпестен, интернатта тарбияланган баардык окуучулардын башын бириктирүү, музей ачуу демилгесин көтөрүштү.

  • 2016-жылы интернаттан билим алган 300дөй окуучу, мугалим, тарбиячы чогулуп, куттуу билим уябыздын 60 жылдыгын өткөрүшүптүр. Тилекке каршы, ага ортодон биздин муундун бүтүрүүчүлөрү бул кабарды укпай, кошулбай калыптырбыз. Ошондуктан кайрадан баарыбыз биригип, интернаттын жоюлуп кеткенине карабай, анын тарыхын толуктап, жаңы барактарын ачсакпы деген изги тилек менен демилге көтөрүп жатабыз. 70-80 жашка чыкканда небере-чөбөрөлөрүбүздү ээрчитип келип, мына биз ушул мектептен окуганбыз дегидей болсо жакшы да, — дейт Мелисбек Сулайманов.

Бул интернатта окуган окуучулардын ичинен бир топ коомдук, мамлекеттик ишкерлер, мугалимдер чыккан.

 

ИНТЕРНАТЫМ - ӨЗ ҮЙҮМ

КЫРК ЖЫЛДЫК КУСАЛЫК

Мектепти аяктагандан бери 40 жылдан ашуун убакыттын кандай өтүп кеткенин байкабай калыптырбыз, бала кездеги бири-бирибизден кол үзүшпөйбүз, үй-бүлөбүз менен катышабыз, балдарыбызды дос кылабыз деген аруу тилектер баланын кыялы экенин билбептирбиз,  көрсө, ар бирибизди ар кандай тагдыр күтүп турган экен деген классташтар жолугушууда интернаттагы бирге  өткөргөн күндөрүн эстеп, балалык кездерине бир барып келишти.

Интернатта окуп жүргөндө жеген  ботколорду ушул күнгө чейин сагынам деген Асылбек Найзабеков интернатка кантип кирип, кимдер менен окуп, классташтары менен кандай кызыктуу күндөрдү өткөргөнүн төмөндөгүчө айтып берди:

  • Негизи интернат десе эле коомдо жалаң кароосуз калган же жетим балдар окуйт деген түшүнүк калыптанып калган. Менин атам дагы ушундай тескери пикирде жүрүп, мени араң 7-класска келгенде кое берди. Өзүм чабандын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 4-5-класста окуп жүргөндө эмнегедир ушул интернаттан билим алууну каалап баштадым. Анткени биздин айылдын көп балдары ушул жакта окушчу. Жетинчи класска көчкөн жайда эч нерсе менен ишим жок жайлоодо жүрсөк, кошуна чабан баласын интернатка алып барам деп калыптыр. Мындайды уга албай жүргөн жаным мен дагы барам деп чыктым. Атамды болсо эптеп кошунам көндүрдү. Ошентип, биз 31-августта араң Таласка окууга  жөнөдүк.

Жайлоодон Талас шаарына чейин жөө келдик. Эртеси 1-сентябрда окууга барсак, сабак башталып калыптыр. Бизди кабыл алгандан кийин чечинүүчү жайга алып барып, болгон кийимибизди чечип алып,  өздөрүнүн кийимин кийгизишти. Көйнөгүн кийсем эле топчулары жок экен. Көрсө, улам кийинкилерге мурункулардыкын кийгизе берет экен. Бирок сапаттуу болгондуктанбы, кийимдер сынынан кетпептир. Класс жетекчибиз Райымберди Нурматов деген агай экен, ошол киши класстан Айнаш деген кызды чакырып, топчубузду тез эле кадатып берди. Мени таң калтырганы ошол 7-класстын окуучусу көйнөктүн топчусун бир мүнөткө жеткирбей кадап койгону болду. Ал чабандын кызы болгондуктан 1-класстан бери интернатта окуйт экен. Көрсө, интернат, балдарды баарына үйрөтүп, турмушка бышырат тура. Мээримдүүлүккө, боорукерликке, тарбиялап, ынтымагын бекемдейт экен.  Биздин ынтымагыбыз укмуш болчу. Тим эле бир туугандардай чоңойдук.

Ошол күнү кечинде тамакка алып барышты. Буудай акшагынан жасалган боткону ошондо биринчи жолу көрдүм. Андай тамакты өмүрү оозума алып көрбөгөн жаным ал күнү нан менен эле чай ичип, ачка жаттым. Эртеси күрүч боткосун берди. Ал болсо  абдан даамдуу экен. Ушул күнгө чейин ошол интернаттын күрүч боткосун эңсейм.  Ашканада иштегендер жалаң орустар эле, өтө мээримдүү эжекелер болчу.

Көрсө, интернат деген өзү өтө жакшы нерсе экен. Үйдө, ата-энеңдин жанында болсоң деле өзүң менен өзүң болосуң. Ата-энеңдин, өзгөчө чабандардын тиричиликтен колу бошобой, балдарына көңүл бурганга убактысы деле болбойт. Интернатта болсо андай эмес. Баарыбыз бир туугандай болуп 24 саат бою чогуу жүрөбүз. Ал кезде тартип, талап абдан күчтүү болчу. Эртең менен эрте туруп, жуунуп-тазаланып, дене көнүгүүсүн жасап, тамактанып анан сабакка барчубуз. Түшкү тамактан кийин бир-эки саат ойнотуп, кайра саат төрттө сабакка даярданчубуз. 2-3 саат сабак даярдагандан кийин, бир аз ойнотуп анан кечки тамакка барып, андан кийин класс жетекчибиз баарыбызды жаткызып, биз уктагандан кийин анан үйүнө кетчү.

Эртең мененки тамак менен түшкү тамактын ортосунда шамшум кылганга  бирден булочка, экиден печенье же бирден алма берилчү. Аны класстагы Айдар деген күлүк балабыз бар болчу, ошол барып алып келип таратып берээр эле. Бирок тарата келгенде эле акыркыларына жетпей калчу.  Көрсө, жолдон балдар алып койчу экен. Орустардан жалаң жетим балдар окучу. Ошолор бир аз тентегирээк эле. Айдар барып келгенче жабыла терезеден карап турчубуз. Айдардын чараны көтөрүп алып ошол орус балдардан качып келе жатканына  далай күбө болдук. Тим эле артынан кууп алышчу.

Бир жолу Айдар класска эч нерсеси жок келди. Көрсө, ошол балдар эшиктен жаңы чыккан Айдардын башына чаканы кийгизе коюп, ал чараны жерге коюп, чаканы башынан алганча чарадагы  таттуулардын баарын талап кетишиптир. Ошентип, бир күнү татуусу жок калганбыз. Ошондон кийин агайыбыз жанына балдарды кошуп жиберип калган.

 

МУГАЛИМИМ – АКЫЛ КЕНЧИМ

Тээ жетимишинчи жылдардагы окуучулар бүгүнкү чоң ата, чоң апалар  кырк жылдан ашуун убакыт өтсө дагы окуткан мугалимдерин, тарбиячыларын унуткан жок.

  • “Атын атаса, куту сүйүнөт” демекчи, физика, математика, геометрия сабактарынан берген Эсенов Кубат, Дүйшөнбиева Жумагүл, тарыхтан берген Бегалиева Шайыр, дене тарбиядан берген Жетибаев Аман, чет тилинен берген Омурбекова Жамийла,  химиядан берген Тууганбаева Роза сыяктуу алдыңкы мугалимдер алигиче ар бирибиздин эсибизде. Класс жетекчибиз Нурматов Райымберди агайды Өзгөчө бөлүп айтсак болот. Агай биздин атабыз да, апабыз да болду. Бизди кечинде жаткырып,  уктатып коюп кетип, эртең менен эрте келип бизди ойготчу. Дене көнүгүүлөрүн жасатып, өзү да биз менен кошо жасап, анан барып кыздарды тургузуп, аларды да дене көнүгүүсүн жасатып анан тамакка алып кетчү. Азыр ошондой педагогдор аз. Кыргыз тили жана адабиятынан берген  Арзыкулов Сүйүнаалы деген агайыбызды да эч ким унутпаса керек. Согуштун ардагери болчу. Бизди, өзгөчө эркек балдарды, көп нерсеге үйрөттү. Китепке болгон кызыгуубузду ошол агайыбыз ойгото алды десек болот.  Орус тилинен Карабецкая Изида деген эжейибиз берчү.  Интернатты бүткөн балдардын баардыгыбыз орус тилден жакшы окудук. Жат жазууну баардыгыбыз дээрлик катасы жок жазчубуз. Муну ошол Изида Абдуловнанын эмгеги деп билебиз. Кубат Эсенов демилгелүү, шайыр, шар жүргөн жаш мугалим эле. Кээде биз менен кошо ойноп да кетчү, — деп эскеришет маараке ээлери.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер